Өзөк

Эл биримдиги жана курултай
Эмил Каниметов,
философия илимдеринин кандидаты

Байыртадан бери элдин биримдиги адилеттүүлүккө, чындыкка жана көпчүлүктүн "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" ынтымактуулугуна байланыштуу болуп келген.

Элдик жыйын, чогулуш же азыркы курултай дегенибиз эмне? Аны адилеттик менен кабыл алынган, коомдук мааниси бар чечимди көпчүлүк тарабынан бекитүүгө мүмкүндүк берүүчү каражат же жол-жосун деп түшүнсөк болот. Мындай жол-жосунду жасап же курултайды уюштуруп койсо эле өзүнөн-өзү адилеттик орноп кетпейт. Бирок эл биригип туура чечим кабыл алса, анда ал ынтымакка алып келип, келечегин берет.
Чогулуп бир пикирге келүү салты, журттун келечегине таасирин тийгизе турган чечимди жалпы эл биригип кабыл алган учурлар кыргыз маданиятында кеңири белгилүү.

Мисалы, "Манаста" жалпы эл чогулганы:
"Төгөрөктүн баарынан
Түрө келдиң калайык.
Айлананын баарынан
Арбын келди калайык…"

Кеңешкени, сунушу:
"Өлүп калсак кокустан бир чуңкурга тололук,
Тирүү болсок баарыбыз
Бир дөбөдө бололук.
Калкка кабар салалык,
Кайраты бар бирөөнү
Кан көтөрүп алалык".

Кабыл кылган чечими:
"Калктын баары күңгүрөп,
Кайраттанып дүңгүрөп,
"Көпчүлүк ою, - тынды, - деп,
Көтөрөлүк канды" - деп,
Казак, кыргыз чогулуп,
Калмак, маңгул жабылып,
Ак кийизге Манасты
Олтургузуп алганы.
Журт көтөрүп калганы
Алиги турган жыйынды
Жети айлантып барганы.
Ороздунун көк туусун
Эми Жакып оболотуп аштады" .., - деп сүрөттөлөт.
Бул Саякбай Каралаевден жазылып алынган "Манастын" классикалык вариантындагы саптар. Көпчүлүктүн көкүрөгүндө турган ой айтылып, чечим кабыл алынды, акка жол берилди. Адамдардын аты аталды. Орозду - Жакыптын атасы. Манастын чоң атасы. Муундан муунга өтүп келген сөз.
Азыр деле ошол катаал кездердегидей абал. Канчалык чүмбөттөлүп будамайланган көрүнүшкө айланганы менен, көпчүлүктүн алдына өз эсебин ачып турат. Элдин көкүрөгүндө турган ой ачык айтылып, анын адилеттик, эркиндик деген сезими ордуна келип, баш айлантма оюндарга чек коюлуп, туура чечим кабыл алынып, иш оңуна жылыш керек. Илгертеден бери элдин башы биригип өткөргөн жыйын, курултай, чогулуштардын себеби да, мааниси да ушул болгон.
Эл чогулган жерде, элдин эң алдыңкы адамдары бириккен кезде чындык айтылып, актыкка жол берилиши, элдин келечегин берер чечим кабыл алынышы керек. Бул, салтка айланган көрүнүш. Аны кеңеш, жыйын, курултай же парламент деп да атоого болот.
Спикер же төрага, верховный совет, парламент же жогорку кеңеш деп өзгөртө салгандан түптүү маселе чечиле калбайт. Жалпы эл кабыл алган туура чечим гана мыйзам күчүнө ээ болушу керек. Мыйзам түрүнө өткөн калктык мындай өз ара макулдашууларды, чечимдерди ар бир жарандын же атуулдун сакташы шарт. Элдин назары менен сезиминен аттап өтпөй, ал кабыл алган чечимге, бекитилген мыйзамга ар бир адамдын баш ийиши - мамлекетти сактоонун жана өнүктүрүүнүн бирден бир жолу.
Бул жөнүндө көптөгөн пикирлер айтылган, мисалдар келтирилген. 1917-20-жылдары совет мамлекетинин сакталып тураарына большевиктер өздөрү да так ишенишкен эмес. Бирок совет мамлекети кубаттуу өлкөгө айланды. Анын чоң себеби катары мыйзамды, тартипти мамлекеттик деңгээлде катуу сактагандыктын натыйжасы деп эсептешет. Ошол алаамат оту жанган 20-жылдары Новосибирскиде кызыл чекисттердин отряды элди карактап жүргөн банданы тайгадан кармап келип шаардын ортосундагы аянтта атып салышкан. Ага удаа советтик борбордон келген комиссия чекисттерди камакка алып, соттоп, жетекчилерине ошол аянтта өлүм жазасына өкүм чыгарылган. Себеп: териштирип, сот аркылуу күнөө коюп чечим чыгарбай, өзүмбилемдик менен атуу жазасын колдонушкан. Бандиттерге баары бир өлүм жазасы колдонулмак. Мындай чечимге жергиликтүү эл макул эле. Бирок, мыйзам жана тартип баарынан бийик. Себеби алар мамлекетти куруунун чыныгы ачкычы.
Ушул эле себеп менен И.Сталин азаптуу согуш жылдарында өз баласын немец аскерлеринин туткунунан генералга алмаштырып бошотуудан баш тарткан. "Мен дагы мыйзамга баш ийем, генералды солдатка алмаштырууга болбойт, менин баламдын тагдыры көпчүлүк советтик адамдардан артык эмес". Сталиндин бул кадамын азыркыга чейин айтып жүрүшөт. Себеби, андай иш мамлекетти сактап, элди бириктирүүнүн чыныгы жолу. Туура келеби, келбейби, өзүнүн баласын бийликтин бийик тепкичине көтөрүп, падыша кылам, миллионер болду, азамат деп туруш, болгону мамлекетти ыдыратууну, элдин назарына суу себүүнү билдирет.
Илгертен эле "Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок" деп бекер айтылган эмес. Бул жерде тууган десе, уруулаш, кандаш же баласы деп түшүнүшөт. Андай эмес, ушул макалада тууганга тартуу деген түшүнүк - бул сезимге, көңүлгө карап бийлик кылууну билдирет. Макалдын мааниси - мыйзам президентке да, миллионерге да, карапайым дыйкан-чарбакерге да, көчөдөгү бомжго да бирдей болуу керек. Эгер андай болбосо бийликтен ыйман кетет, мамлекет бузулат дегенди түшүндүрөт.
Азыр муну баары эле түшүнүшөт. Дүйнөдө дүркүрөп өсүп жаткан мамлекеттердин ириси Кытайдын азыркы бийлик элитасы аны сатып алууга аракет кылган сырткы күчтөргө, дөө-шааларга кылган ишараты жакында эле кытайлар тарткан "Баатыр" ("Герой") аттуу кино-тасмасында чагылдырылган деп эсептешет кээ бир Батыш иликтөөчүлөрү. Фильмдин соңу Кытай мамлекетин бириктирген императорду өлтүрөм деп адам өтпөс баардык тоскоолдуктардан өтүп, аны менен бет келишип маңдайына кылыч такап турган баатыр жигит менен ошол кытай падышасынын ортосундагы сөз менен аяктайт. Алардын сөзүнүн кыскача мааниси:
"Мен сизди түшүндүм, - дейт кытай императору, - сиз мыйзамды бузуп өз жакындарыңыздын өлүмү үчүн менден өч алууга келдиңиз. Жакындарыңыз үчүн өкүнөм. Бирок менин жасаган ишимдин чоң себеби болгон. Мен өлүмгө даярмын".
"А мен ошол себепти азыр гана түшүндүм. Ошондуктан сизди эми өлтүрө албайм. Анткени сиздин максатыңыз бирөө гана экен. Ал мамлекетти бириктирүү, элдин кызыкчылыгын сактоо турбайбы. Сиз ошол үчүн менин туугандарым менен кармашкан экенсиз. Мен акка моюн сундум".
Алар бирин-бири түшүнүшүп, чыныгы туугандык сезими жанып турат. Баатырды баардык аскерлерге кол башчы кылсам деген ой келет. Бирок, баатыр мыйзамды бузду. Падыша өзүнүн көңүл-сезимине карап мыйзамды бузганга жол берсе, анда мамлекет бузулат. Элдин ниети бузулат. Ошондуктан жыйынтыгы: баатыр атууга өкүм кылынды. Аны көмүү аземине падыша көзүнө жаш алып, аскерлерди баштап узатып чыкты.
Мындай нерселерди түшүнбөстүк - бийликте турган адамдардын абдан караңгылыгынан же элге болгон душмандыгынан, аз дүйнөгө көпчүлүктүн кызыкчылыгын алмаштырганынан кабар берет. Кыргыз элинде буга окшогон маселелер байыртадан чечилген. Эл биримдигинин абдан чоң салты болгон. Эл-журту үчүн жанын сайып күрөшкөн адамдарын, чыныгы жол баштаган уул-кыздарын калайык-калк эч качан унуткан эмес. Жазуусун жоготсо, кылымдан кылымга оозеки түрүндө уламыш кылып айтып келишкен. Элди эл кылган сапат ушул.
Элди эл кылган анын актыгы, бүт ааламга жана жалпы адамзатка жакшылык менен караган бийик мамилесинде туюлган улуу касиети, аруу сезими, адилеттүүлүк жана акыйкаттык үчүн умтулган аракети. Бул - табигый мыйзам. Миллиардаган доллар, эбегейсиз армиялар эмес.
Мамлекеттин ички турмушун уюштурууда курултайга окшогон эл пикири угулуучу уюштуруу формаларын терс көрүнүш катары да, жакшы өбөлгө катары да пайдаланса болот. Кеп, ошол элди миңдеген жылдар бою эл кылып келген улуу касиеттерди азыркы замандын шартына карай жаңы муундардын жан дүйнөсүнө, жүрөгүнө жете тургандай кылып жаңылантууда.
Кыргыз маданиятында аруулук менен актыктан жаралган улуу жана бийик касиет бар. Аны заманга жараша жаңылантам, мамлекет курам деген адам ошондой бийик сапаттарды өздөштүрүп, сиңирип, улуу адамдык даражасына умтулуусу керек. Биринчи иретте өзү үлгү болушу зарыл. Азыркы аткаминерлер, президенттер, миллионерлер - заманды ары-бери буруп турган күчтөрдүн колундагы куурчактар.
Элдин чыныгы биримдиги, анын уюткусу "курултай" сыяктуу уюмдашуунун сырткы формасында эмес, анын өзгөчө касиетинде, дүйнөгө, жаратылышка, адамдарга жана адамзатка болгон мамилелердин, карым-катнаштардын системасында. Ошондой касиетти алып жүрүүчүлөр барбы, болгонбу? Элди эл кылып турган идеалдуу, үлгү катары караманаар адамдык тип барбы? Кыргыз мына ушундай, алардын эркеги мындай, аялы мындай болушу керек деп айтууга мүмкүнбү? Мүмкүн.
Андай АДАМДАР бар.
Бизге "силер кандай элсиңер, чыныгы кыргыз кандай?" десе, жооп бирөө гана.
Чыныгы идеалдуу кыргыз - МАНАСтай, кыргыздын аял заты КАНЫКЕЙдей болушу керек. Алар биздин элдин чыныгы жүзү, эң асыл сапаттарды, аруу касиеттерди өзүнө камтыган, арбагы кылымдарды чапчып турган өз элинин эң улуу адамдары.
Элдин назарынан, дилинен аттап өтпөй азыркы заманда актык жана адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жаткан кыргыздын таланттуу жана намыстуу уул-кыздары - булар - Чыңгыз Айтматовдой адамдардын жолун уланткан азыркы замандын алдыңкы адамдары.