Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Руханий казынадагы таланттар

Таттыбүбү жана Динара
Ракыя ЖУСУПОВА,
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы
Калайык калк кадырлаган адам гана элдик деген ыйык атка татыктуу боло алат эмеспи. Эл жаккан нерсесин чын дилинен кабыл алат, жакпай калса танып салат. Элдик адамдарды эл өзү жүрөгүнүн түпкүрүнө сактап, анын атын муундан-муунга өткөрүүнү эң ыйык парзы катары санайт. Кыргыздын эки кызы Таттыбүбү менен Динарага элдик деген атты эл өзү эле ыйгарып койгон.
Динара Асанова коомчулугубуздагы жүрөк сыздаткан олуттуу маселелерди чагылдырып тарткан "Тоңкулдактын башы оорубайт", "Аялым кетип калды", "Таштанды", "Кырсык", "Боз балдар", "Назигим, сүйүктүүм, кымбатым, жалгызым" сыяктуу көркөм тасмалары аркылуу, ал эми Таттыбүбү болсо кинорежиссер Мелис Убукеевдин "Ак Мөөр" фильминде Ак Мөөрдүн, кинорежиссер Төлөмүш Океевдин "Отко таазим" фильминде Уркуянын, "Кызыл алма" фильминде Бейтааныш кыздын, кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Сүйүү жаңырыгы" фильминде Асянын ролдорун аткарып, кыргыз элинин аздектеп сүйгөн адамдарына айланышкан.
Эки талант жөнүндө адабият, көркөм өнөр ишмерлери тарабынан тасмалар, ырлар, китептер жаралды. Маркум Жолон Мамытов "Ажал менен Сулуулук", Сүйөркул Тургунбаев "Таттуу кызы бир элдин", Эрнис Турсунов "Жаштык жана махабат", драматург Жеңишкүл Өзүбекова "Таттыбүбү" деген ырларын актрисага багыштаса, кино кызматкерлери Гулбара Төлөмүшова, Болот Алимбаев, Канат Сартов "Таттыбүбү" деген даректүү тасманы элге тартуулашкан. Айтылуу "Ашар" кыймылынын мүчөлөрү өздөрүнүн Ак Өргөө шаарчасынын бир чоң көчөсүнүн атын Таттыбүбү деп атап алышкан. Өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы орто мектептин атын жердештери Таттыбүбү эженин атына ыйгарышкан.
Ал эми Динаранын атын кыргыз кино ишмерлери Кыргызфильм" киностудиясына баруучу көчөгө ыйгарышкан. Динара тууралуу англиялык Би-Би-Си телекомпаниясы, ошондой эле "Ленфильм" киностудиясы тарабынан даректүү тасмалар да жаралды. "Динара" аттуу тасманы "Ленфильмдин" кинорежиссеру В. Титов тарткан. Кинорежиссердун энесинин айтуусуна караганда, англиялык киноишмерлер Динаранын көзү тирүүсүндө эле тартып жүрүшкөндүгү белгилүү болду. Ленинграддык журналист, кинорежиссердун көпчүлүк фильмдеринин редактору Гукасян Фрижетта "Динара" аттуу чоң көлөмдөгү китеп жазып чыгарып, китеп дүкөнүнүн текчелеринен бат эле таланып кетти. Ал эми кыргыз акыны Барчынбек Бугубаевдин Динаранын эстелигине арналган "Каркыралар" деген ыры окурман калкына тартууланган. Доорубуздун эң алдыңкы адамдары да кыргыздын бул эки кызы тууралуу нечен бийик ой-пикирлерин айтышты.
Биз кыргыздын ушул эки таланттуу кызы жөнүндө доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдон сураганыбызда, төмөндөгү пикирин айткан эле: " Бир элдин театры ошол элдин тарыхына байланыштуу болот. Кайсы гана элде болбосун театр өз заманына, өз дооруна жараша жаралат. Театр өзүнүн заманасына туура келип пайда болгондо өзүнө эң көрүнүктүү таланттарды чогултат. Театрды театр кылып көрктөндүрүп турган жылдыздарынан ажырап калчу болсо, кайсы гана театр болбосун отко суу сепкендей өчүп калышы ыктымал. Мына Батыш Европадагы театрларды алып көрөлү. Ал жакта бир убакта дүркүрөп гүлдөп, өсүп-өнүгүп, андагы жалпы көрүүчү калкты магниттей өздөрүнө арбап тартып турган сахна жылдыздары бул дүйнөдөн көзү өткөн соң, театрлардын ындыны өчүп жоюлуп кетти.
Кыргыз драма театры мен эс тарткандан эле бар. Биздин театрдын да өз мезгилине жараша мыкты жылдыздары чыккан. Мисалы, Муратбек Рыскуловду алалы. Муратбек Рыскулов тубаса укмуштуудай актер болгон. Ал кыргыз сахнасында не бир сонун улуттук жана башка классик жазуучулардын чыгармаларындагы ар кандай психологиялык мүнөздөгү образдарды жаратып, кыргыз калкын тамшантып суктанткан. Мына ушундай жаркын таланттардын бири, кыргыз киносу менен театрынын накта жылдызы - Таттыбүбү Турсунбаева. Ал кино менен театрдын кошулушкан заманында кыргыз киносу менен театрына көрк берип, улуттук өзгөчөлүгүн терең көрсөтүүгө себепкер болгон. Таттыбүбү жаркын талант эле. Анын катышуусунда улуттук киноискусствобузда бир жагынан кубаттуу, бир жагынан назик фильмдер түзүлдү. Кыргыз элинин киноискусствосун дүйнөлүк аренага көтөрүп чыгышкан чыныгы элдик жигиттерибиз, кинорежиссерлор Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев тарткан фильмдердеги Таттыбүбү жараткан образдар ар бир адамды өзүнө тартып, суктандырбай койбойт. Айрыкча, Төлөмүш Океевдин, Кыргыз Эл жазуучусу Насирдин Байтемировдун "Тарых эстелиги" деген чыгармасынын негизинде тарткан "Отко таазим" фильминдеги Уркуянын образы укмуш чыккан. Фильмдеги Уркуянын ак жоолук салынып, боз жоргонун үстүндө өрүкзарды аралап кетип бара жатканы улуттук образдын жетип турган чеги.
Ар бир элдин өзүнүн руханий казынасы болот. Ал казынага кайсы гана эл болбосун өзүнүн эң асыл берметтерин сактайт. Биздин руханий казынадагы ошондой түбөлүккө сакталып калган асыл заттардын бири Таттыбүбү. Адамзат жашоосундагы күндөлүк турмуш-тиричилигибизде кээ бир улуу нерселер кичирейтилип, ойду-келди тебеленип-тепселип калат тура. Ал эми жарыбас кичинекей нерселер олуттуу болуп, улуу нерседей болуп көрүнөт. Бирок, кандайдыр бир убакыт-мезгил жеткенде баягы көзгө көрүнбөгөн нерселер калыбына келип, акырындык менен анын улуулугу көрүнө баштайт. Таттыбүбү так мына ушундай болду. Анын улуулугун, кайталангыс талант экендигин убагында эч кимибиз барктап-баалай албадык. Таттыбүбүнүн көзү өткөн соң, анын улуулугу улуттук театр жана киноискусствобуздун чыныгы табылгыс байлыгы экендиги даана ачылып көрүнө баштады.
Биздин дагы бир эл сыймыктана турган кызыбыз, - белгилүү кинорежиссер Динара Асанова. Башка чөйрөдө, бөтөн элде жуурулушуп кетип иштөө өтө оор жана кыйын иш. Улуту кыргыз экендигине карабай нечен-нечен генийлер тегеренип турган Ленинградда Динара өзүнүн ким экендигин далилдеди, ошол элди өз акылы менен талантына таазим эттирип, таң калтырды. Бир гана ленинграддыктарды эмес, тарткан фильмдери аркылуу учурунда бүт совет элин, ал турмак чет өлкөлүк көрүүчүлөрдү суктандырды. Анын фильмдери биздин замананын эң кыйчалышкан солгундоо мезгилдердин биринде жаралды. Динаранын фильмдери адам рухунун эң кыйналып турган чагына туура келди. Коомчулуктагы өкүм сүрүп турган кемчиликтерди сындап, фильмдери аркылуу тикесинен тик туруп, тайманбай айтып чыкты. Динаранын фильмдери турмушунан кыйналгандарга туура жол көрсөтүп, багыт берип турат.
Таттыбүбү да, Динара да заманыбыздын эң алдыңкы адамдары жана улутубуздун сыймыктары катары тарыхыбызда түбөлүккө сакталып кала бере турган инсандар".
Улуу жазуучунун сөздөрүнө кошумча комментарийдин да кереги жок сыяктуу. Ал эми кыргыз киноискусствосунун асмандагы кош жылдызындай жанган эки эжебизди эскерип кетүү биздей сиңдилердин парзы деп эсептейм.





кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
"Актык" суусундугунан
айыккандардын пикири
2-бет
Комуз күүлөрү нотада
3-бет
Улуу дастан касиети
4-бет
Философско-религиозная система кочевников:
Тенгрианство

5-бет
Эл биримдиги жана курултай
Эмил Каниметов,
философия илимдеринин кандидаты

6-бет
Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Кыргызга деген кырк сөз

7-бет
Таттыбүбү жана Динара
Ракыя ЖУСУПОВА,
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы

8-бет
Жаз-майрам, аял-майрам…
Айымдарга

9-бет
Саймадагы түпкү башат
10-бет
"12 жашымда "Кудайга жалынып "ыйлачумун"
11-бет
"Бул бала "Карамолдо экен"
12-бет
Возможность или неизбежность
14-бет
Дартына даба тапкандар
15-бет
Багы?ды ачсын балкитеп!
16-бет
Көөдөндө










??.??