Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Кыргыз өнөрү

Саймадагы түпкү башат
Байыртадан бери келаткан кыргыздын кымбат өнөрлөрүнүн бири - бул саймачылык. Саймачылыкты энеден кызы улантып, ал кийин өзүнүн кызына өткөрүп, ал дагы өз кызына өткөрүп келген. Мына ошол адепки өнөрдү улантуу аземи, биздин ушул саймалардын ээси Тураргүл ТУРГАНАЛИЕВАДА калып олтурат.

Тураргүлдүн апасы айтылуу уз, акын Жеңилдик Аралбаева кезинде келишкен саймаларды сайып, бир канча жолу көркөм-өнөрчүлөрдүн кароо-конкурсуна катышып, нечендеген баалуу сыйлыктардын ээси болгон. Жеңилдик эже качан барсаң түр жиптери сапталган ийнеси колунан түшпөй кыялданып олтурганын көрчүмүн. Ал ошондо өзүнүн апасы Күйкө, анын апасы Кенжеден келаткан өнөр экенин элестүү кылып, ырахаттана кеп кылып берчү.
Тураргүлдүн апасы Жеңилдик Аралбай кызынын балалык курагы согуш учуруна туш келгендиктен, ал өз апасы Күйкөнүн кылган ишин текке карап олтурчу эмес экен. Күйкө апа ошондо айылдагы башка аялзаты сыяктуу эле, фронттогу жоокерлерге жылуу кийим-кечек, тор көйнөк, мээлей токуп, ал тургай чоң-чоң тондорду да бычып-тигип жөнөтүп турган. "Кээде кийимдерди эртерээк бүтүрүп жөнөтүш үчүн уктабай таң атырганыбызчы. Байкуш апамдын мээнеткичтигин ойлоп, азыр аяп кетем,-деген тейде ойлуу олтуруп калаар эле, Жеңилдик эже. Анан бир кезде: "Азыр эмне, жыргал заман да, баарын дүкөндөн сатып алсаңар болот, баары белен, бирок ушул өнөрдүн баасына эч нерсе тең келбейт. Анткени энеден кызга өткөн кымбат өнөр. Мына мен таэнемдин энесинен бери келаткан өнөрдү улантып олтурам" дечү.
Ошондо ушул Тураргүл да а кишинин жанында эпейип олтуруп алып, апасынын саймасынын түрүнө өз оюн айтып кошумчалап да жибергенин көргөнүм бар эле.
Тураргүл Турганалиева шаардан орусча билим алып, кесиби боюнча экономист болсо дагы, ушул дүйнө улам-улам өзүнө тартып туруп алды. Баары бир энеден келаткан өнөр экономисттик кесибинен өйдө тураарын баамдады. Анткени, канчалык сайма дүйнөсүнө арбалган сайын, ошончолук арууланып, ички дүйнөсү не бир көз көрбөгөн кенендиктерге жол ачып баратканын баамдап жүрдү. Кээде экономисттик ишинен чарчап келгенде, саймаларын көргөндө чарчаганы басылып, көңүлү ачылып кетчү. Ушундан улам, ал ишин таштап, биротоло саймага олтурду. Бүгүнкү күндө мына ошол таенелерден тартылып келатып өз энесинен алган таалим менен Тураргүл өз арыгын чаап, өзүнө таандык саймасы менен алек. Өзүнө таандык дегенибиз, мурдагы туш кийиздер, текчелер, күзгү кап дегендер ошол кездин ой-дүйнөсүнө, салтына таандык болуп, көлөмү да, көрүнүшү да башкача өлчөмдө болучу. А бүгүнкү Тураргүлдүн сайма буюмдарынын дээрлик баардыгы бүгүнкү ой-дүйнөнү камтып, мазмуну да, формасы да өзгөргөн. А бирок саймалардын тереңдиги тээ түпкү башаттын улуулугун көзгө тартат... Анткени сайманын жолу кыргыз кыздарына энелерден келатканынын дагы бир негизи ушул. Бүгүнкү замандын кишилери формадан мурда, мазмундуу философияны издейт. Ал философиянын мазмуну дал ушул саймаларда камтылган.
Алар кандай саймалар?... Алар - жаңыча көз карашты камтыган кадимки кыргыздын сайма туш кийиздери, анан дагы улуу дүйнөнү улап турган текче сайма, күзгү кап сайма, белдемчилер жана аялдардын асынма кол баштыгы. Биринен бири өтүп, акылыңды айран калтырган, карасаң көздү талдырган саймалар. Баамдаган адамга саймаларда сыр бардай, өзүнчө эле бир керемет. Биздин энелер сайманы көбүнчө илме шибеге менен сайып келген болсо, Тураргүл анын баарын ийне менен эле "илме кайып", "илме дос", "басма", "көптүрмө" сайма түрүндө шөкөттөп келет.
Тураргүлдүн сиздер көрүп турган эмгектеринен башка толуп жаткан көркөм көчөттөр менен манаттай дүйнө сунган сайма буюмдары ар кандай көргөзмөлөрдө коюлуп жүрөт. Көпчүлүктүн көңүлүн ээлеген ушул эмгектеринин аркасы менен ал өткөн жылы Кыргыз республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болду. Бир уулдун энеси. Мезгил аны дагы көркөм дүйнөнүн табылгасын ачтыраарында шек жок.
Гүлжамила ШАКИРОВА





"Жер-Эне"
Көрүнүшү манаттай болуп миң түрлөнгөн, асманында ак булуту калкыган керемет дүйнөнү, Жердин өзүнө окшогон мээрими менен булутту жаңсап, Эненин көрүнүшү турат. Алаканына алпейимдик салып, ааламга сулуулук сунат. Ошон үчүн "Жер-Эне" саймада да сансыз дүйнө курат.


"Өмүр насиби"
Бул сайманы карасаңыз - кадимки эле кымыз куюлган көөкөр идиш. Ага өмүр насиби куюлат. Демек, ал сайма өнөрүндө санжыргаланып жатканы - кыргыздын суусундугунун урпактарга чейин уланып кетээрин айгинелейт.


"Өмүр дарагы"
Саймачынын мында аян дүйнөгө арбалганы көрүнүп турат. Анткени ал көп саймаларын чийип олтурбай эле, кез келген жерден кереметин келтирип, өзөгүн тамырлатып жүрүп олтурат. Анан бир кезде саймага өзүнөн өзү ат пайда болот. Мына ошол атты коет. Ошентип, "Өмүр дарагы" деген ат да аяндан алынгандай болду. Ал улам тамыры жайылып, шагы ийилип өсүп олтуруп, аягына ай, башына күн тууп калгандай көрүнүштү берди. Кыргызга Өмүр дарагы дал ушинтип келди.


Кол баштык
Гезит бетинен сиздер көрүп тургандай сайма буюмдарды азыркы учурда кайрадан алып чыгып колдонуп, белдемчи же кыргыздын башка улуттук кийимдерин кийген кезде, "Теңирчиликтин" ак менен караны тең кармаган оюму жана "Умай оюмдар" менен көркөм сайылган кол баштыгын да кошо ала жүрсө, жан-дүйнөнү жаркытаары бышык.


Белдемчи
Белдемчини илгери кыздар кымча белдерин кындырдай кылып, ичке абалда алып жүрүү үчүн кийишсе, ал эми энелерибиз, биринчиден, төрөп-түшкөндөн кийин, бели кайрадан калыбына келип кармалып жүрүүсү үчүн кийишкен. Белдемчинин дагы бир артыкчылыгы - эгерде анын ичин ичтеп жиберип кийсе, белин тарта кийсе, бөйрөктөрүн ылдый түшүрүп жибербей калыбында кармап турат жана тизелерине да жылуу болот.


"Кыз куумай"
Мынабу, аргымагы арыш керип, көйкөлгөн шибердин үстү менен, көгөргөн булуттун асты менен учуп барат кыз куудай, аркасында аргымагын камчылап, жигит барат жигердене, сайма аты да аталыптыр "Кыз куумай".








кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
email • архив • редакция 
2-март, 2010-ж.:
1-бет
"Актык" суусундугунан
айыккандардын пикири
2-бет
Комуз күүлөрү нотада
3-бет
Улуу дастан касиети
4-бет
Философско-религиозная система кочевников:
Тенгрианство

5-бет
Эл биримдиги жана курултай
Эмил Каниметов,
философия илимдеринин кандидаты

6-бет
Каныбек ИМАНАЛИЕВ
Кыргызга деген кырк сөз

7-бет
Таттыбүбү жана Динара
Ракыя ЖУСУПОВА,
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы

8-бет
Жаз-майрам, аял-майрам…
Айымдарга

9-бет
Саймадагы түпкү башат
10-бет
"12 жашымда "Кудайга жалынып "ыйлачумун"
11-бет
"Бул бала "Карамолдо экен"
12-бет
Возможность или неизбежность
14-бет
Дартына даба тапкандар
15-бет
Багы?ды ачсын балкитеп!
16-бет
Көөдөндө










??.??