Бизнесмен болгуң келеби?

"Бизнесимди тереңдетүүгө кыргыз дүйнөсү түрткү"

Азыркы учурда жаштардын көпчүлүгү бизнесмен болгусу келери белгилүү. Бирок, бизнестин чоң жолуна аттанам деген ар бир эле жаш адам жеке ишкерликтин жолу алда канча татаал жана кыйын болорун, өжөрлүктү, кайратты, чыдамкайлыкты талап кыларын, алданууну, адашууну, урулуп-согулууну маңдайына жазып коерун билбесе керек. Андыктан, бүгүнтөн баштап "Бизнесмен болгуң келеби?" рубрикасынын астында Кыргызстандын жеке ишкерлерин, бизнесмендерин кепке тартып, алар ийгиликке кандайча жетишкендигин, бизнеске аралашам дегендерге кандай кеңеш берерин, мыкты бизнесмен болуш үчүн эмне кылуу керектигин жарыялап турмакчыбыз.

Алгачкы мейманыбыз - "КАБАгрупп" ЖЧКсынын жетекчиси Шаршеналы КАБАТЕГИН. Кесиби - жол боюнча инженер-куруучу. Экинчи кесиби - юрист.

- Өз алдынча иш алып кетүү оңой оокат эмес. Сиздин жолуңуз кандайча башталды эле?
- CCCР убагында бизде эң күчтүү уюм бар болчу "УС-16" деген, "Минтранстрой СССРге" баш ийчү. Ошонун структурасындагы жол курулушунда иштечүмүн. Ал жерден 90-жылдын март айында кетип жатканымда айрымдар айтышкан "ай, өкүнүп каласың, мындан мыкты камсыздаган жерди кайдан табасың, кайра келсең кабыл албайт" дешип. Бирок, ошондо СССРдин барктуу, күчтүү нерселери урап баратканын түшүнгөм. Ошентип өз алдымча иш жүргүзүүнүн аракеттерин баштадым. Алгач "Азамат" деген кооперативге барып, аны иштеттим, ошол жерден кандай кылса болот, эмне кылса болот, иштин көзү кандай экенин үйрөндүм. Анан "БекШар" деген ЖЧКны дагы бир ишкер менен чогуу ачып, аны 1-2 жыл иштеткенден кийин чоң иштерге аралаша баштадым.
- Ишиңизден кетип жатканда эмне максат менен кеттиңиз эле?
- Өзүмдүн эмнеге жөндөмдүү экенимди өзүмө далилдеш керек болду. Ал эми өкмөттүн жумушунда ой-мүдөөңдү айтып иш алып барууга мүмкүн эмес эле. Мен көздөгөн максатыма жеке иш баштаганда гана жетем деп ойлочумун.
- Жеке ишкерликтин түйшүгүнөн кыйналганда, алданганда алсыздыкка алдырган жоксузбу?
- Жок, тескерисинче алданган сайын күчөп, бизнесиме жетишишим керек деп өжөрлөнчүмүн. Капчыгым таптакыр бош калып кыйналып отурган күндөрүм болду. Ошол мезгилде өкмөттүн иштерине, салык кызматына, бажыканага тааныштарым чакырышкан, бирок, баштаган жолуман артка кайткан жокмун. Жеке ишкерликте далай алдандым. Азыр анын бирине да өкүнбөйм. Анткени, ошол алданганымдан бир жыйынтык чыгара алдым. "Бирөөнүн каталарынан үйрөнгөн киши акылдуу" деген сөз бар го. Мен айтаар элем, бирөөнүн эмес, өзүңдүн каталарыңан жыйынтык чыгара алган киши акылдуу деп. Анткени, өз башыңан өткөргөн нерсе тезирээк сиңет. Ушул тазалыгымды кийинки муунга өткөрүп берсем дейм.
Эми мына азыркы мезгилде "КАБА-группта" 3-4 курулуш фирмасы иштейт. Бирөөсү Өзбекстан менен биргеликте иш жүргүзөт. Жакында дагы бир микрокредиттик компанияны каттоо кылып жатабыз. Анда, буйруса "Каба-групп" финансылык-өндүрүштүк группа болот. Ошондо гана, мына-мына эми, 20 жыл өткөндөн кийин менин көздөгөн максатыма жетип баратабыз.
- Сиз үчүн бизнес деген эмне?
- Бизнес социалдык багытта ориентир болушу керек. Кудайдан келген мааниси, орду (предназначение) ошол. Элге, элдин жакшы турмушуна багыт алыш керек. Алып сатуу - бул бизнес эмес, бул коммерция, соода деп аталат. Ал эми бизнес - бул ишкердик, анын ичине өндүрүп чыгаруу, сатуу, кызмат көрсөтүү кирет. Булардын ичинен учурда биздин өлкөдө кызмат көрсөтүү тармагы башка тармактарга салыштырмалуу жолго коюлуп, жүрүп жатат. Ал эми кыйыныраак абалда турганы - өндүрүш тармагы. Бул тармакта иш алпарам деген ар бир адам өзүнүн көзү жеткен ишин тандап алышы керек.
Алып сатуу, соода жасоо ар бир адамдын колунан келет деген пикирлер бар. Мен буга кошулбайм. Эгерде мурда жетишпеген замандын айынан элдер улам көзүнө көрүнгөн, колуна тийген нерсенин баарын ала берсе, азыр тандоого мүмкүнчүлүгү бар. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген сөз эң туура. Ар бир иштин өзүнүн профессионалы болуш керек. Ошондо башка бирөөгө жардам бергенге да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Акча жагынан эле эмес, профессионал адамга теңелейин дегендер чыгат, сыйга ээ болот.
- Өзүңүз курулуш менен алек болуп жүрсөңүз дагы кыргыз өнөрчүлүгүнө, сажыра-тарыхына, дегеле кыргыз дүйнөсүнө жакындыгыңыз эмнеден?
- Атам санжыраны көп айтчу. А кишиден көп түшүнүктөр жугуп, тарбиясын алдым. Бала кездеги уккандарыңдын маанисин кийин, бара-бара терең түшүнө баштайт экенсиң. Ал уккандарың ички дүйнөңө тынчтык бербей, "эмне үчүн?" деген суроолордон кутула албайсың. Ушул тынчсыздык кыргыз дүйнөсүнө сүңгүүгө түрткү берди. Негизги айтар оюм - кыргыздар өзүн-өзү таануусуна, ким экенин билүүсүнө өтө кызыкдармын. Ушуга колуман келген салымымды кошкум келет. Улут өзүнүн рухун билмейинче, аны өнүктүрмөйүнчө эч качан алдыга жылбайт. Өзүбүздү тааныган сайын намыс ойгонот, духубуз көтөрүлөт. Жөн эле байлык жыйнап, материалдык жашоого канааттанып өмүр сүрүү - бул, оорулуу көрүнүш. Өлгөн адам байлыгын кошо ала кетпейт, ал эми рухий өнүгүү эбегейсиз, чексиз нерсе. Муну менен ар бир адам өзүн тааныйт, бейиш дүйнөсү боюнча ойлоно баштайт.
- Айтсаңыз, бизде меценаттык барбы?
- Менимче, белгилүү, көзгө көрүнгөн меценат жок. Кыргыз дүйнөсүнө материалдык жардам берүү тилегим ар дайым оюмда. Ушул нерсенин өзү кайсы бир деңгээлде бизнесимди тереңдетүүгө түрткү берип келет. Меценаттык боюнча көп китептерди окугам. Илгерки меценаттар ашкан байлыгын элдин керегине жумшаган убакта тарыхта калабыз деп ойлогон эмес, андай максатты да көздөбөгөн. Алар өздөрүнүн ой-тилегин, жүрөгүнүн каалоосун аткарышкан.
- Акыркы суроо: эмне себептен курулушчу болуп калдыңыз?
- Мен бала кезде биздин айылда 50-60тай эле үй бар болчу. Мектеп жок эле. 4 километр аралыкка барып-келип окучубуз. 1969-жылы катуу суук болуп, кар калың түшүп, суу кирип көпүрөнү алып кеткенде 2-3 ай мектепке барбай калганбыз. Ошондо "мектепти бүтүп, көпүрө куруп, жолчу болбосом" дедим эле. Өзүм ойлоп коем, ошондон улам жол курулушчусу болуп калдым го деп.
Кымбат ЖОЛДОШЕВА





Апилмажун ТЕМИРАЛИЕВ
Кантип ийгиликке жетсе болот?
Дайым ийгилик жарата алган адам гана коомго, үйбүлөгө, досторго, жек-жааттарга, кызматташтарга, элге керектүү.
(Батыш ишкерлеринин накылы)

Биз кимге ишенебиз?
Же эмнеге ишенебиз? Эмне үчүн жашап жатабыз? Алдыда эмне күтүп турат? Мурда жалпы совет эли коммунсттик партияга, коммунисттик идеологияга, Советтик Армиябызга ишенчү элек. Азырчы?
Буга бир гана жооп - адам баласына гана таандык болгон үч руханий улуу Жөлөк бар.
Биз ошол күчтөргө:
1) эң жогорку кудурет - Жаратканга, жогорку Зээнге;
2) бабалар арбагынын колдооруна;
3) өз ички кудуретибизге же өз "Менибизге" ишенүүбүз жана таянуубуз зарыл.
Бул үч улуу рухий таянычка ээ болбосоң, анда адам баласына таандык укукка, байлыкка, б.а., койгон максатыңа, каалаганыңа эч качан жетише албайсың.
Төмөнкү төрт суроону дилиңе биротоло чүргөп койгун:
1. Бул турмушта өз алдыңа койгон максатың кандай?
2. Ал максатка кандай жол менен жетишиң керек? Максатыңды ишке ашыруу үчүн эмне зарыл?
3. Бай болууну ким каалабайт? Буга чейин сен аны чындап тиледиң беле? Кантип байыса болот?
4. Эгер байып кетсең биринчи иретте кимге жардам берет элең? Кантип? Башына оор мүшкүл түшүп кыйналган досуңа же бейтааныш эле адамга жардам бергиң келеби?
Ушул төрт суроого жооп тапкын. Менин дарсым окулуп бүткөн соң, сен бул суроолорго таптакыр башкача көз менен карап каласың.
Адам улуу Жараткандан кийинки эң чоң күч. Ал планета жарата албайт. Бирок, планетаны адамдын акыл эмгеги өзгөртүп жиберүүсү мүмкүн. Адам дүйнөсү татаал, көп кырдуу, түркүн сапаттуу. Ошолордун ичинен эң жөнөкөй ак жана кара деген эки сапатын алып көрөлү: ак жолтой-кара жолтой, ак санатай-кара санатай, ак ниет, кара ниет, ак пейил-кара пейил ж.б.у.с. Мазмуну айтып тургандай эле бул сапаттар адамды эки башка жолго салат эмеспи.
Ак санатайлык - болгон бардык жакшылыктарды өзү менен бирге ала жүрөт да, түбү адамды бакубат, бейгам жашоодон руханий байлыктын туу чокусуна жеткирет.
Кара санатайлык - тескерисинче, "пейлине жараша" дегендей, билинбей отуруп адам бардык жагынан (руханий, материалдык) тонолот да, жакырлыкка (китептеги айтылуучу башкы ой) жетип, андан ары жаман жолго бурулуп кетиши мүмкүн.
(Уландысы кийинки санда)