Түш жоруу

Келечек тагдырыңдын күзгүсү - түш
Мамырасул ТАЖИЕВ, ИБРАИМ кызы Зульфия

Түш, төлгө, белги, аян, сыр - бул кызырлуу кыргыз элинде оо дүйнө менен, Арбайлар менен, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен байланыштырып турган негизги иш-багыттар. Учурдагы түш - ар пенденин басар жолу, өз ахыбалынын милдетин, ордун көрсөтүп турат. Түш - келечек тагдырдын күзгүсү. Түш - пенделер үчүн периштелердин тарбия сабагы.

Даараткана, жара, курт, заң-заара, ит-пит - оомат, дөөлөт, ийгилик, жетишкендик, жолдун ачылышы.
Жөргөмүш, келемиш, чычкан, бака, жөргөмүштүн желеси, бүргө, ийне, шибеге - кемчилдик, эскертүү, кырсыгуу, тоскоолдук.
Ачуу татымдар, айран, кымыз, арак, тамеки, пияз, калемпир, бозо - ачылыш кыл.
Дан эгиндери, буудай, жүгөрү, буурчак, күрүч - ырыскы, илим, оомат.
Жашылча-жемиштер, дарбыз, алма, жүзүм, өрүк, картошка - илим, ырыскы, туура жол.
Бышкан тамак, бышкан эт, нан - ырыскы, ийгилик, жетишкендик.
Кусуу, кан агуу, ириң агуу, жаш агуу - тазалануу, калыптануу, кайра жаралуу.
Үйгө кирүү, жайгашуу, үй салуу - чоң жетишкендик, ийгилик, жаңыча туура жолго түшүү.
Үй көчүү, тандыр көчүү, идиштин сынышы, очоктун бузулушу, от өчүү - чоң жетишпестик, кырсыгуу, иш жолдордун торолушу, өз жолуңду, ордуңду таба электигиң.
Электр зым, провод, лампочка, плита, ток - Ааламдык күчтөрдүн кароосу.
Меште, очок тандырда от күйсө - жан дүйнөнүн өсүшү, ийгилик, рух өсүшү.
Шакек, кулак сөйкө, тиш салдырса - касиет жайгашуу, жетишкендик, Чоң Ааламга өсүү.
Учуу, бийиктикке чыгуу - жетишкендик, ийгилик.
Жер төлө, үңкүр, төшөктө жатуу, ой-чуңкур - сүкүт, түшүнүгүңдү кеңейт, изилден.
Китеп, таспи - акыйкат нуктуу илим үйрөн.
Таяк, мылтык, кылыч, бычак - касиет, бийлик, бийик илим, оомат.
Жаш наристенин кийими - балалуу болуу.
Дүкөн, базар - Ааламдык сыйкыр күчтөрдүн базасы, ордосу.
Акча - касиет, жан дүйнөнүн жетишкендиги, энергия.
Дене-мүчөсү өзгөчө кишилер, милиция, тили бөлөк улуттар - Ааламдык сыйкыр күчтөр, кайып пирлер.
Мүрзө, мазар, арбактар - эки дүйнөнүн биригиши, бир биригебиз дегендик, сунуш-тапшырма.
Адамдын өлүп калышы, өзүнүн, жакындарынын өлүп калышы - кайра жаралуу, жан дүйнө, көз караштын жаңырышы.
Көк жайык, жайлоо - ийгилик, өскөндүк.
(Уландысы бар)




  Жыл санат

Айлампа жыл календары
Асыкбек Оморов
(Чын Темир),
жазуучу
Алгачкы замандарда жер бетинде жашаган адамдар, айрыкча көчмөн элдери жаныбарларды ыйык тутуп келген. Кытайдын иерографиялык архивинде "жаныбарлардын атын колдонуп 12 жылдык айлампа календарды биринчи жолу кыргыздар (хягастар) киргизген" деп жазылган. Себеби, байыркы кыргыздар, ата-бабаларыбыз азыркылардай болуп жыл сайын туулган күнүн өткөрбөй, мүчөлүү жылдарында гана "быйыл менин мүчөлүү жылым" деп жаныбарлардан кан чыгарып, мал союшчу. Мүчөл жылындагы адамдын туулган күнү үйбүлөсү, жакын адамдары менен сөзсүз белгиленип, "бул жылдын ичинде табияттын ар кандай кырсыктары күтүп турат, ошол кырсыктардан аман чыгалы" дешчү. Адам баласынын эненин курсагында жаткан 9 ай бир жыл катары эсептелинет. 12+1=13. Ошондо, 13 жаш - мүчөл жаш. Экинчи айлампа календары 24+1= 25. Мындан ары 37, 49, 61, 73, 85, 97 жаш курактары мүчөлүү жылдар деп аталат.
Мындан 2500 жыл мурун кыргыз ханына турмушка чыгып, кыргыз ханы кайтыш болгондо Ли-Ли деген ханзаада бул календардык аталыштарды кытай жергесинде колдонууга киргизген. Бирок, кытайлыктар Балык жылынын ордуна Ажыдаарды киргизип өзгөртүп жиберишкен. Мындай календарь Азиянын көпчүлүк жерлеринде колдонула баштагандан кийин персиялыктар да өз тилине которуп, колдонушкан. 12 жылдык жаныбарлардын айлампа календары 3 тилде таблицада көрсөтүлгөндөй аталат.
Жыл айлампасында аталган жаныбарлардын ичинен 6 жаныбар арам, 6 жаныбар адал болуп, теңме-тең бөлүнгөн.

1. ЧЫЧКАН ЖЫЛЫ.
Байыркы ата-бабаларыбыздын уламыштык айтуусуна караганда, айбанаттар арасында "жылдын башы кайсы жаныбардан башталат?" деген суроо коюлуп, "эртең менен чыккан күндү кайсы жаныбар биринчи көрсө, ошонун атынан башталат" деген чечимге келишкен. Бул учурда жаныбарлардын арасынан чычкан жок болуп чыгат. Ал ошо кезде маңыроо төөнүн үстүнө билинбей чыгып, кулагынын ичине кирип кеткен болот. Жаныбарлардын баарысы издеп чычканды таппай калышат. Төө болсо ары-бери чуркап эмне кылар айласын таппай, чычкан жүнүмдүн арасына кирип жашынып алдыбы деп күлгө жатып алып оңду-солду оонай берет. Ошенте берсе чычкан өлүп калат деген ойдо болот. Төөнүн көбүнчө күлгө оонаганы мына ошондон калган дешет.
Кийин таң атарда чычкан төөнүн кулагынын ичинен билинбей чыгып алып, эки кулагынын ортосунан күндүн чыкканын төөдөн биринчи көрөт. Ошентип, илгерки уламыш боюнча жылдын башы чычкандан башталып калган экен. Чычканды эгинге, тамакка залалдуу, эгер кокустан тамакты аралап кетсе, ал тамакты жеген киши ооруйт деп билишет. Чычканды кырып жок кылуучу жалгыз гана нар чычкан (арс чычкан). Адам баласына пайдалуу деп жылды дал ушул нар чычкандан башташкан.

2. УЙ ЖЫЛЫ.
Уй - чарбада, жан сактоодо өтө пайдалуу жаныбар. Жылдын 9-10 айы бою адамга сүт берет. Дыйканчылыкта да көбүнесе өгүз пайдаланылган. Малдын ичинен карышкырга кайрат кыла алган да уй болуп саналат. Жайыттан да үйгө кечинде өзү келет.

3. ЖОЛБОРС (Кабылан) ЖЫЛЫ.
Илгерки замандарда кээ бир боюнда бар энелерибиз талгак болгондо жолборстун жүрөгүн жешкен. Кийин ал аялдан туулган бала эч тайманбаган, жолборстой баатыр болгон. Кыргыз элинин баатырларынын мүнөзү жолборстукуна окшош - эч кимге тийишпейт, чыдамкай, тынч жашайт, эгер бирөө тийиштик кылса, анын катыгын берет.

4. КОЕН ЖЫЛЫ.
Жок кайрат, баш айырат, ыгы келсе коендой коркок бол, жапайыдан баксаң коен бак, ал ондогон бөжөк тууйт деп чарбасын ойлоп, байыркылар жылга киргизишкен.

5. БАЛЫК ЖЫЛЫ.
Илгери ата-бабаларыбыз балыкты суунун курту дешип жешкен эмес. Балыкты аккан суудан оюн катары таяк менен чаап ойношкон. Балыктан үн чыкпайт, момун жаныбар дешип жылга киргизишкен.

6. ЖЫЛАН ЖЫЛЫ.
Байыркы кыргыздар жыланга табынган. Жылан эстүү, сак, куу, акылдуу, жүргөнүн билдирбеген жана зыяндуу курт-кумурсканын башчысы болгону үчүн жылга кирип калган.

7. ЖЫЛКЫ ЖЫЛЫ.
Жылкы чарбанын кайсы түрүндө болсо да керектүү жаныбар. Элибиз көчмөн болгондуктан, көчкөндө да жылкы негизги кызматты аткарат. "Элиңде жылкы көп болсо жоо алалбайт" дешкен. Жылкы жыттуу деп кыргыздар жылкынын этин башка малдыкына караганда өзгөчө баалашат, кымызын ичип, күчүн алат. Жылкы - адамдын канаты.

8. КОЙ ЖЫЛЫ.
Чарбадагы негизги малдын бири. Анын жүн-терисин колдонушуп, этин жеп, жада калса сөөгүндөгү чүкө, томугу менен ойноп, кар жиликти бешиктин шимегине колдонуп келишкен.

9. МЕЧИН (Маймыл) ЖЫЛЫ.
Мечин калган жан-жаныбарларга караганда адамга көбүрөөк окшошуп, акылдуу болгондуктан жылга кирип калган.

10. ТООК ЖЫЛЫ.
Жер жүзүндөгү канаттуулар ичинен тооктон пайдалуусу жок. Уй сүтүн бергендей эле, тоок дагы кыш айларынан башка убакта дайым жумурткалайт. Короз болбосо да күлгө оонап жумурткалай берет. Этинин таттуулугу, адамды таштап уча качып кетпегендиги менен айырмаланат. Күн бүркөлө турганын алдын ала билген да ушул тоок болуп саналат.

11. ИТ ЖЫЛЫ.
Төрт аяктуу жаныбардын ичинен адамга жолдош боло алчусу - ит. Короо-жайын, мал-жанын кайтарат, аңчылык кылат. Адамга ишенимдүүлүгү менен жыл санатына кирип калган.

12. КАМАН (Доңуз) ЖЫЛЫ.
"Камандай качырганыңан кайра тартпа" деген ылакап бар. Илгери кыргыздар чечек оорусунан аябай коркушкан. Чечектен эл кырылган, дарысы табылган эмес. Чечек менен ооруган адам камандын этин жеп айыккан. Элибиз аны "кара кийик" деп атап жылга киргизген.