Адам Жексон
Сүйүүнүн он сыры

Адам Жексондун бул чыгармасы махабат жана адамдар ортосундагы мамилелер жөнүндөгү чыгарма. Чыгарманы баян катары гана
окуп койбостон, ар бир адам өз турмушунда сабак катары пайдаланса да болот.

Үйлөнүү үлпөтүндөгү конок
Сиз аны байкабай калышыңыз да мүмкүн эле: эки жүзгө жакын коноктордон эч кимиси ага көңүл бурган жок. Отуз жаштардагы, орто бойлуу, бөлмөдөгү бардык эркектердей эле кара кемсел кийген жаш жигит бөлмөнүн алыскы бурчундагы столдо жалгыз отурду. Жалгыз отургандыктан, өзүн башкалардан айырмалангандай сезип жатты. Тамактануу мезигилинде аны менен бир столдо отургандар азыр бийлеп жүрүшөт. Ал эми жигит кызы да жок жалгыз келгендиктен жана табиятынан тартынчаак болгондуктан, көңүл ачып жаткандарды байкап, жалгыз отура берүүнү чечти.
Бардык жагынан алып караганда, бул кече каражатты аябаган эң сонун кече болду. Коктейль менен шампан берилген соң кечки тамакка алты түрлүү тамак тартылды. Тамактануу ортосундагы тыныгууларда коноктор жети музыканттан турган джаз ансамблинин коштоосунда бийлеп жатышты. Кече өтүп жаткан жайдын өзү эле бир топ таасирлүү болчу - "Ханзаадалар банкет өткөрүүчү зал" шаардын борборундагы эң кооз мейманканалардын бири эле. Арийне, айланадагы шаан-шөкөткө карабастан, жигиттин маанайы басыңкы болучу. Ал эч качан эл менен тез аралаша алчу эмес жана көңүл ачууну эки жүзгө жакын бейтааныш адам менен бир бөлмөдө болуудан башкача элестетчү. Бул бөлмөдөгү тааныган жалгыз адамы - үйлөнүп жаткан жигит көп жыл көрүшпөгөн эски досу эле. Ал жадагалса бул жакка чакырылганына да таңгалып турду. Жигит досун карады. Досу жаш жубайынын кучагында бийлеп жүрөт. Экөө ушунчалык бактылуу көрүнгөндүктөн, жигит аларды суктана карап, менин да бешенеме бул бакыт буйруганбы деген суроо менен өзүнө-өзү кайрылды.
"Эмне үчүн мындай? - деп ойлоду ал. - Башка жаштар баш кошуп, үйбүлө куруп, балалуу болушат. Ал эми мен бир кыз менен бир-эки айдан ашык сүйлөшө албайм?" Ал сүйлөшө турган кыздарды оңой эле тапчу, бирок кеп анын өмүрү өткүчө бирге болгусу келген, дүйнөдөгү жалгыз кызды табууда эле.
Кээде бул жөнүндө ойлонуунун өзү анын жүрөгүн өйүтөт. Узакка созулган жана маңыздуу мамиле кура албагандыгы үчүн ал өзүн бир нерсеси кем адам сыяктуу сезчү. Кээде ал өзүнө-өзү жолум болбой жатат деп айтар эле. Мүмкүн достору айткандай, бул кокустуктан боло турган нерседир.
Бир гана жолу, эки жыл мурда ал чындап ашык болдум деп ойлогон, бирок ал махабат да үч эле айга созулган. Ал кезде аны сооротуу кыйын эле, таптакыр чөгүп, бир нече жума бою ичпей-жебей, уйку көрбөй калган. Ошондон кийин ал эч качан эч кимге жүрөгүмдү жараланттырбайм деген бүтүмгө келген.
Бөлмөдөгү кол кармашып күлүп жатышкан, кай бирлери ырдап-бийлеп жүргөн бардык түгөйлөрдү байкап отуруп, ал ичинен эң жакшысы бойдок болуу деп ойлоду. Акыр аягы мамилелер көп учурда чындап түбөлүккө созулабы? Кандай учурда адамдар бирге калышат? Эгер ал бойдок бойдон калса, эч болбогондо ажырашуу жана жоготуу азабын тартпайт. Ал эркин, эч кимге көз каранды эмес, каалаган учурда каалаган жагына басып кете алат.
Бирок, бөлмөгө көз жүгүртүп жатканда, жигит анын оюн бөлгөн, сүйүүнүн бар экендигин жана чыныгы түбөлүктүү сүйүү мамилелери мүмкүн экендигин айгинелеген бир нерсени байкады - бий аянтынын борборунда кучакташып, бири-биринин көздөрүнө жылмая тигилишкен картаң жубайлар бийлеп жатты.
Алардын бийин карап туруп, жигит өзүнө бул жерде мени күткөн адам бар болду бекен деген суроо берди.

(Уландысы бар)




(Уландысы. Башы өткөн сандарда)
Кылычбек ИСАЕВ
Кызгалдактуу талаадагы күйүт
Эркин уккан кулагына ишене албады. Бирде Аиданы, бирде Саматты жылдызы өчкөн көз карашы менен карай берди. Самат Аиданы ийининен кармап жооткотумуш болду да:
- Эрик, Аиданы мен да сүйөөрүмдү сен билчүсүң да… Кечир мени… - деди досун карап.
Эркин шалдырап эмне айтаарын билбеди. Бир убакта машиненин капотунда Аидага деп жасалган кичинекей куурчак оюнчук жерге кулап түшүп, эки жакка бөлүнүп жатып калды. Эркин куурчактан көзүн албай, үшкүрүнүп түрмө тарапты карады да:
- Мен баягыда жаза тайганда өлүп калганда эле тынч уктамак экемин го… Ушул күндү канча күттүм эле… - Эркин башын жерге салып чайкап алды. - Баары жалган турбайбы… Аида, кечир мени, көзүмөн жаш чыкпай жатат, балким мен укканыма ишене албай аткандырмын… Силерге запкы тарттырганым үчүн кечиргиле мени, менин тирүү калганым үчүн кечиргиле… - деп ордунан турду да, Аида менен Саматты бир ирет карап алып бурулуп кетти.
- Эрик, токтой турчу, суранам сенден, - деп, Аида аркасынан чуркады. Бул убакта күн кечтеп калган эле. Эмне кылаарын билбей Самат да Аида менен Эркиндин аркасынан жете келип:
- Эрик, кечир мени, эгер кечире алсаң… Мен кетейин… Аиданын көз жашын агызбачы… - деди.
- Самат, досум, сен эч жакка кетпейсиң. Менин кеткеним туура болот. Мен барчу жеримди билем, - деп Эркин бурулуп баратканда Аида колунан кармап токтотту:
- Эрик, Самат, экөөңөр тең мени уккула. Эрик, жаным, өзүңдү токтотчу. Мен эми сага жубай боло албайм, сен аны жакшы билесиң. Самат, кечирип кой, мен эми сага да жар боло албайм. Эрик… мен чарчадым… Сен эмне кылуу керектигин жакшы билесиң… Мени тирүүлүктүн тозок отуна таштаба… Мен ушундай чечим кабыл алдым. Бул нерсе бүгүн болбосо да, башка бир күнү болорун сен жакшы билесиң…
Самат сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнбөй таңыркап турду. Эркиндин көзүнөн жаш агып турганын көрдү. Аида сөзүн улады:
- Мен сени менен өткөргөн өмүрүмө өкүнбөйм. Дастан таенесиникинде, ал ошол эле жерде болсун. Кийин сени өзү таап барганда уулумду ээрчитип алып бул жерге келип кетип тур… - деп өксүп ыйлап алды да, сумкасынан пистолетти алып чыгып Эркинге карматты. Саматтын жүрөгү оозуна кептеле түштү:
- Эрик, эсиңе кел, келе пистолетти, - деди жакындай берип.
- Самат, жакын келбе… Туруп тур ошондой!.. - деп кыйкырды Эркин. Көзүнөн жашы куюлуп: "Аидам, мен сени эч кимге бербейм, керек болсо өзүмө да…" деп сөөмөйү милтени басып жиберди. "Та-арс" деген үн чыгаар замат Эркин Аиданы жерге жыгылтпай кармап калды да, болгон үнү менен:
- Аи-и-да.. Мен сени өмүр бою унутпайм… Гүлдүү талаа болот сенин мейкиниң, мейли гүлдөр мындан дагы көп болуп гүлдөп, экөөбүзгө түбөлүк эстелик болсун… - деп тизелеген калыбында Аиданы кучактап, ага тигилип сүйлөп жатты.
Аида сүйлөйүн дейт, сөзү чыкпайт. Араңдан зорго:
- Ээр…эр..ик, мен сени… сүйөрүмө… ишенчи… - деди. Сүйлөгөн сайын оозунан кан бүркүлүп турду. Таамай тийген ок сол өпкөнү көзөп кеткен болучу. Самат көзү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп, бут алдынан жер көчүп кетти.
- Аида, кези келгенде мен сени ал жактан табаармын… Ага чейин тирүүнүн тозогунда мен күйөйүн, мен коркпойм ал тозоктон. Аида, Аида! Угуп турчу дагы бир азга! АИ-И-ДА-А!!! - деп Эркинболгон күчү менен кыйкырганда талаанын наркы четине чагылган түштү. Бул убакта Аида Эркинди карап жылдыздуу жылмайган калыбында назик эриндерин кыбыратып, түбөлүк уйкуга сапар алып бараткан эле.
- Аи-и-да, кайыр кош менин чабалекейим! Жаткан жериң жайлуу болсун, менин ырысым, мен сени эч убакта унутпайм… - деп Эркин Аиданын көзүн жапты. Дыбырап жамгыр жаай баштады. Капысынан эле Самат:
- Эрик, эми мени да ат! - деп кыйкырды. Анда Эркин:
- Мен сени атууга эч кандай акым жок, - деди. Самат Эркиндин жанына атырылып келди да, эки ийининен жулкуй кармады.
(Уландысы бар)