Икая

Карынын акылмандыгы
Өзүнүн акылмандыгы менен таанылган, өтө жакыр жашаган абышкага бир күнү шаардын ханы жолугууну, даанышман сөздөрүнөн угууну каалап, анын үйүнө баш багарын билдирет.
- Эми аны кантип меймандайбыз? - деп сурайт аялы. - Үйдө эч нерсе жок эмеспи!
- Ашканадан эмне тапсаң, ошону алып келесиң да, мен айтканды жасайсың, - деп жооп берет ал.
Хан келгенде даанышмандын аялы ортого дарбыз алып келет. Кожоюн кармалап көрүп:
- Мындан жакшысы бар болчу. Бар, ошону алып кел, - дейт.
Кемпири алып кетип, башкасын көтөрүп келет. Тигил дагы кармалап көрүп, дагы башкасын алып кел дейт. Ал унчукпай үчүнчүсүн алып келет. Мына ушунда акылман кары ыраазы болуп, ошол дарбызды союп ханды коноктойт.
Экөөнүн маегинен соң үйүнө кайткан хан даанышмандын аяр меймандостугуна жетине албай, көңүлү көтөрүңкү келет. Акылмандын үйүндө жалгыз тамак-ашы ошол бир эле дарбыз бар экенинен кайран хан күмөн санаган жок…


А сен билесиңби?
Чегирткенин канынын өңү ак болот.
???
Дүйнөдөгү биринчи дарыкана б.з.ч. 1000-жылдары Багдадда ачылган.
???
Айдын диаметри 3476 км.
???
Кагаз акчалар биринчи Кытайда пайда болгон.
???
1880-жылы кокаин уйкусуздукту, баш ооруну, суук тийүүнү, невралгия ооруларын айыктыруучу дары катары эркин сатыкта болчу.


Табитиңиз ачылсын!
Огород салаты
4-5 картошка, 200 г гүлдүү капуста, 200 г жашыл төө буурчак, 150 г буурчак, 80 г өсүмдүк майы, 30 г уксус, калемпир, туз, петрушка.
Картошка, гүлдүү капуста менен төө буурчакты сууга бышырасыз. Картошканы майда төрт бурч формасында туурап, ага буурчак, гүлдөрү боюнча бөлүктөргө бөлүнгөн капуста менен төө буурчакты кошосуз. Петрушканы майда туурайсыз. Туз, калемпир, уксус кошкондон кийин май менен аралаштырып коесуз.


Афоризмдер
Демократия
Демократия - бул Аяз ата же бейиш сыяктуу эле бир таттуу кыял.
Генри Луис Менкен
Шайлоо
Шайлоо бюллетени октон да күчтүү.
Авраам Линкольн
Революция
Ар бир ийгиликтүү төңкөрүш - революция, ал эми ийгиликсизи көтөрүлүш деп аталат.
Джозеф Пристли,
англис философу


Жан дүйнө жаңырыгы
Түтүнүм булабай, түнү уктабай…

Адатта эркек адамдын жанга тынчтык бербеген көңүлдөгү уйгу-туйгусун бирөөгө айтып сыр бөлүшүүсү тургай, минтип кагаз бетине да түшүрүшү көпчүлүккө өөн учурайт. Өзүнүн жашоосун өзү эле түзөп албайбы деп. Буга чейин мен деле ушундай ойдо болчумун. Бирок, акыркы кезде башыман өтүп жаткан окуялар түйшүккө салып, чындап ойлонтуп койду.
Үйүм айыл жеринде болгону менен ичинде эмес. Кыштактан бир топ окчун. Бала кезимен малга үйүр болгонумданбы, айтор жайыты кенен жерге заңгырата үй салып алгам. Абасы таза, тоонун түбүндө, "кой-ай" деген киши жок. Бейиштин көркү болсо ушунча болор.
Бирок, келинчегиме элден алыс болгонубуз жакпады. Кыздуу болуп, жаңыдан турмуштун даамын тата баштаганда чыр-чатактан башыбыз чыкпай, акыры ажырашып тындык. Досторумдун "Кейибе, кыз деген неме толуп атат. Көргөзүп эле койчу, каалаганыңды алып келип беребиз" дегендерине эс-мас болуп атып чын эле бел байлап калдым. Ошентип сыртынан эле көрүп бир кызды ала качып келдик. Ыйлап-сыктаганы менен катуу кеталбай, отуруп калды. Бирок, таптакыр тил табыша албадык. Жашообуз көпкө созулбай, үч айдан кийин кетип калды. Жети айдан кийин эркек бала төрөдү.
Жалгыз жүргөнүң жарабайт деп ага-эжелерим бир кызы бар келин менен тааныштырышты. Алгач бири-бирибизге жаккандай эле болгонбуз. Бирок, чогуу түтүн булата баштагандан кийин анын үй оокатына таптакыр жок экени билинди. Кечинде малдан чарчап келсең, же жасаган тамагы жок, же үйү жыйналбайт. Бирдеме десең ажылдап беттен алат. Сөзү сөөктөн өтүп, чучукка жеткенде кол да көтөрөт экенсиң. Бара-бара кол көтөрүү адатка айланып кетти. Таптакыр өлтүрүп сала электе деп ажырашып кеттим.
Эмнемен жазып, кайсы жерден адашып жатканымды түшүнө албадым. Үйбүлөдөн таптакыр жолум болбой койду. Айылга көчүп барайын дейм, ушунча түптөп алган үй-жайыма кол шилтей албайм, бир туруп арданам. Бир эсе жалгыздык жанга батты. Көңүлүм чөгүп, уйкум качат. Апамдын "Кыздарымдын бактысын бере көр" дегенин көп укчу элем. Тилегенде кыз баланын да, уул баланын да бактысын бирдей тилеш керек окшобойбу…
Мурат, Ысык-Көл




Жылдыздар төлгөсү
Апрель айы
Кой: Көкүрөктү өйүгөн каражат маселеси сиздин пайдаңызга чечиле баштайт. Чечкиндүү кадамдар үчүн ылайыктуу убакыт. Букачар: Ишенимге ээ болосуз. Үйбүлө, тиричиликке байланышкан маселелерди чечүүдө активдүү болууңуз керек. Эгиздер: Өзгөлөрдүн түйшүгү менен алпуруша бербей, өзүңүзгө да көңүл бурууну унутпаңыз. Бөйөн: Алдыңызга койгон максаттарыңыз чалды-куйду болбой, так болушу зарыл. Бир топ ийгиликтерге жетишүүңүз күтүлүүдө. Арстан: Ишмердигиңизде кыйла бийиктиктерди багынтууга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Чамдаңыз! Бийкеч: Билим көрөңгөңүздү кеңейтүү үчүн ийгиликтүү учур. Айтканыңыздан кайтпай, ишиңизди илгерилете бериңиз. Тараза: Айланадагылар менен мамилеңизди туура жолго салып алышыңыз керек. Чаян: Жеке турмушуңузда жаңылык болушу мүмкүн. Пландарыңызды ишке ашырууда өжөрлүк керек. Жаачы: Ишмердигиңиз үчүн ийгиликтүү ай. Ден соолугуңузга кам көрүүнү да унутпаңыз. Текечер: Романтикалуу мезгил. Айдын аягында акча маселеси тынчыңызды алышы мүмкүн. Суу пери: Жакын адамыңыз менен сүйлөшүүдө өткүр, дегеле кадамдарыңыз мурдагыга караганда чечкиндүү боло баштаганы байкалат. Балык: Күчүңүздү жумушка жумшаганыңыз оң. Ийгиликтер көпкө күттүрбөйт.