"Манас Эл" кыймылы тарабынан атайы Манас Кодекси иштелип чыкты. Кодекс өзүнө жети маселени камтыйт. Бүгүн, 16-мартта дипломатиялык академияда өтө турган конференцияда аталган Кодекс, "Манас" эпосун ЮНЕСКОго каттоо боюнча документ, ЮНЕСКОдон каттоого сунуштала турган репрезентативдик тизме жана 2010-2015-жылдар аралыгында "Манас" боюнча өткөрүлө турган иш-чаралар каралат. Конференция соңунда резолюция кабыл алынып, ал жакын арада Кыргыз Республикасынын Президентине, Өкмөт башчысына жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.
Манас Кодекси кыргыз элинин руханий мурасы болгон "Манас" дастанын сактоо, коргоо жана жайылтуу маселесин колго алат.


"Манас" дастаны - кыргыз элинин улуу руханий мурасы, көөнөргүс кенчи. Ыйык жана кол тийгис;
"Манас" дастанына байланыштуу иш-чараларды бекитүү жана аны каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлөт;
"Манас" дастанына жана Манастын атына байланыштуу жер-суулар (ыйык жерлер), жайыттар, табигый жана тарыхый эстеликтер жеке менчикке берилбейт жана мамлекеттин түздөн-түз камкордугунда болот (коргоо, сактоо);
Эл оозуна алынган, өзгөчө эмгек сиңирген манасчыларга атайын "Кыргыз эл манасчысы" деген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку наамы берилет;
Көзү өткөн манасчылардын урпактары жана азыркы манасчылар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-
өзү башкаруу бийликтер тарабынан колдоого жана камкордукка алынат;
7-май - Кыргыз Республикасында "Манас" күнү деп жарыяланып, жыл сайын атайын белгиленет;
"Манас" дастанындагы улуттук кулк-мүнөздү, дүйнөтаанымды, каада-салтты, айкөлдүк идеологияны жайылтуу, сактоо маселеси мамлекеттик камкордукка алынат.




Аткаминерлер өз үйүндө
манас айттырууда

Ар бир доордун эл өкүлдөрү, бийлик ээлери, журт башчылары "Манасты" күндөп-түндөп күпүлдөтө айттырып угушкан. Көйгөй иштеринин көптүгүнө карабай талаага тайын, короого коюн таштап коюп, "Касиетиңден айланайын, Манас!", "Арбагыңдан айланайын, Манас!" деген чоң ынтаа менен кулак төшөшкөн.

Учурда көкүрөктү кубантып, көрүүчүлөрдү суктантып ЭлТР телерадио компаниясынын "Манасчы" теледолбоорунун алкагында мыкты көрсөтүү март айынан баштап бериле баштады. Анда бүгүнкү эл өкүлдөрү, бийлик ээлери, белгилүү коомдук ишмерлер өздөрүнүн ак өргөсүнө манасчы чакырып, "Манас" айттырып угушканы көрсөтүлөт. Теледолбоордун автору жана алып баруучусу манасчы Замирбек Баялиев. Көрсөтүү ар аптанын жума күнүндө ЭлТР каналында эфирге чыгып жатат. "Манас" айтылган жерге кут түшөт делет. Айтаарыбыз, нечен катаал замандарды башынан кечирип, найзадай көзөп өтүп келген "Манастагы" жан байлыктар бардыгыңыздардын ишиңиздерге жарыгын чачсын, атуулдук ар-намысыңыздарга өбөк, рухий бой тумар катары жаныңыздарга жөлөк болсун. Андан бешенеңиздерге мээр жандырып, очогуңуздарга от тутантып алыңыздар, манасчы чакырып, манас айттырыңыздар!




III Түрк Дүйнөсүнүн Социологдор Конгресси
Түрк дүйнөсүнүн социологиялык маселелерин илимий жактан ортого коюу жана чечүү жолдорун табуу максатында 2010-жылдын 21-24-сентябрында Кыргыз-Түрк "Манас" Университетинин уюштуруусу менен "Ааламдашуу жана Түрк дүйнөсү" аттуу Бишкекте өткөрүлө турган III Түрк Дүйнөсүнүн Социологдор Конгрессине кесиптештерибиз өзгөчө кызыкдар болушууда. Ушул себептен кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бирок, Конгресске билдирүү менен катышууну каалаган жана билдирүүлөрдүн атын бүгүнкүгө чейин жөнөтө албаган бир топ кесиптештерибиздин кайрылуу убакыттарын узартуу талаптары келип түшүүдө. Ушуну эске алган Уюштуруу тобу кайрылуу убактысын 2010-жылдын 31-мартына чейин узартууну чечти.
Конгресске бир билдирүү менен катышууну каалаган кесиптештерибиздин ааламдашуу мезгилинде Түрк цивилизациясынын өнүгүшү; Түрк иденттешүүсү; жергиликтүү башкаруу, жарандык коом, маданият; Түрк дүйнөсүнүн жана коомунун келечеги; социалдык антропология; медицина жана саламаттык сактоо социологиясы, тарых социологиясы сыяктуу темалардагы билдирүүлөрү turksosyolog2010@gmail.com дарегине берилиши күтүлүүдө.
Конгресс Түрк дүйнөсүн түзгөн өлкөлөрдүн (кыргыз, түрк, казак, өзбек, азербайжан жана түркмөн) тилдеринде өтөт.
Сиздерди III Түрк Дүйнөсүнүн Социологдор Конгрессинен күтөбүз жана алдын ала ыраазычылык билдиребиз.
Уюштуруу тобу




"Улутум - кыргыз,
урааным - Манас"
Манас айтат Айкөлдүн урпактары,
Оозунан куюлуп нур саптары
Боюнда бар келиндер бүт келгиле,
Манас уксун балаңар курсактагы.

Күчү артылсын бошогон карууңардын,
Чыгып кетсин денеден тагы уулардын.
Добулбасы кагылсын аң-сезимдин,
Манас угуп калайык, аруулангын!

Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинде Манасты күпүлдөтө айттырып, демилгелүү жаштар ар жуманын ишемби күнүндө эл жыйып, Манас уктуруу күнүн уюштуруп жатышат.
Улуу баянды уктурууну улап жакшы адатка айландырып алыш элдин колунда. Элдин эл болмогу касиетин тутунгандыгында эмеспи. Бардык кыргыз атуулдарын бул демилгени колдоп, бир ураандын алдында биригүүгө чакырабыз.

Ар бир ишемби күнү, саат 14.00дө
Манас угуучулар үчүн
эшик ачык.




Бүйүр кызыткан жыйын
18-март күнү Бишкек шаарындагы "Достук" мейманканасында белгилүү коомдук ишмер, тарых изилдөөчү, "Теңир Ордо" фондусунун негиздөөчүсү Дастан Сарыгулов кыргыздын байыркы тарыхы боюнча талашсыз далилденген илимий маалыматтар менен тааныштыруу максатында конференция уюштурмакчы. Конференцияга Д.Сарыгуловдун маалыматына макул болбогон, анын далилдеринин кыргыздын түпкү тарыхына тиешеси жок деген окумуштуу-тарыхчылар чакырылат. Бул конференцияда боло турган талаш-тартыш кыргыз тарыхына кайдыгер карабаган көпчүлүктүн бүйүрүн кызытууда.





Курултайга карай
"Эрайым" аялдар коомдук бирикмесинин Балыкчы шаарындагы координатору Гүлмира Тилекманованын жеке демилгеси менен Ынтымак курултайына карата "тегерек үстөл" уюштурулуп, анда Балыкчы шаарынын тургундары көкүрөктөгү көйгөйлөрүн ортого салышып, Курултайга тандалган делегаттар Ж.Эсенгулов жана И.Яловенконун пикирлерин угушту. Жашоо турмушубуздагы адаттагы көрүнүш көйгөйү болгон жумушсуздук, миграция, айлык акы, суу, энергия көйгөлөрүнөн тышкары, бул жыйында "Манас" эпосу тууралуу сөз болуп, бул жагдайда делегаттардын ойлору айтылды.
"Мектептердин окуу программасында Манас маалыматы жокко эсе. Массалык маалымат каражаттарынан кенен баяндап, телеберүү, радио уктуруулардан Манас тууралуу берүүлөрдү күчөтүшүбүз керек. Манасчылык өнөрдү жандандыруу менен бирге кароо-сынактарды уюштуруп, мындан тышкары, Ысык-Көлүбүзгө келген меймандарга рекламалык буюмдарды, кыргыз, орус, англис тилдеринде буклеттерди чыгаруу зарыл. Маданият мурасыбыздын туу чокусу "Манаска" ыйык мамиле жасоо - ар бирибиздин милдетибиз" деди Жунус Эсенгулов.

Бетти даярдаган Канышай БЕШБАЕВА