Каныбек ИМАНАЛИЕВ, коомдук ишмер, журналист
ГЕНИЙ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА
(Алп манасчы Саякбай Каралаев жөнүндөгү болочок китептен үзүндү)
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Көркөм, кооз сөгүнгөн Сакең
1952-жылы Фрунзе шаарында "Манас" эпосуна байланыштуу бүткүл союздук илимий конференция өтөт. Ага Ленинград, Москва, Алматы сыяктуу чоң шаарлардан окумуштуулар катышат. Себеби, али да болсо сталиндик режимдин желаргысы жүрүп турган чакта "Манас" эпосунда басып алуучулук, улутчул, панисламдык, пантүркчүл идеялар күчтүү экендигин белгилеген окумуштуулар да чыгышкан.
Ал күндөрү "Манас" эпосунун күйөрмандары үчүн ак жайдын күнү боройлоп борошон түшкөндөй болду.
…Ошондо менин атам Капаш Иманалиев студент кези экен. Биздин айылдык карыя жазгыч акын Ысак Шайбеков да ошол чогулушка чакырылып, бирок өзү сыркоолоп калгандыгына байланыштуу анын чакыруу кагазы менен атам барып, кызыгып катышканын айтып калчу эле.
П.И.Балтин деген окумуштуу "Ветхий завет" дин китебин трибунага көтөрө чыгып, Манаска каршы сүйлөйт. Ошондо Болот Юнусалиев трибунага көтөрүлүп: "Дин хламына таянып касиеттүү Манасты жамандаган Балтиндин ушагын илимдин храмынан туруп четке кагууга уруксат этиңиздер" дегенде, эл дуу кол чаап кубаттайт.
Кыргыздардан Кубанычбек Маликов, Тазабек Саманчин, казак туугандардан болсо Мухтар Ауэзов чыгып сүйлөп, Манасты чечкиндүү колдоду дейт. Анан түшкү танаписте Манаска каршы чыгып, ичинен ит өлүп аткан үч окумуштуу Балтин, Нуров, Самаганов залдагы бир бурчка корголоп туруп калышыптыр дейт. Кемер кур курчанган, башына малакай топусун кийген көк жал Сакең эми элдин казынасын уурдаган үч шылуунду колго түшүргөнсүп, баягы ураан чакырып, айгай салган үнү менен ашата келиштире сөктү дейт. Сөккөндө да кыргызда өтө сейрек айтылчу сөздөр менен тимеле ыр төгүп жаткансып нөшөрлөтүп, көркөмдөп, кооз сөктү дейт. Токсон сөз айтса сексен тогузу жалаң сөгүндү сөздөн турду дейт. Тиги үчөө турду дейт корголоп, Сакеңдин жүзүн тике карай албай, баш ылдый жугунду төгүлүп жаткансып. Биз студенттер мындай кадрды бир көрсөк айылдан эле көрчү элек, дейт. Биз тегеректесек, эми эл да келип тегеректеп, сөгүп-сагып Сакеңдин моокуму канып, маашырлана тыңдап, көрүп биздин моокумубуз канып. Ал ансайын тиги үчөө бири-бирине мышыктай корголоп, Сакең улам айбат берип арстан сезилип баратты дейт. Анан коңгуроо кагылып конференция ишин улаганда илимий докладдар мындай калып, отургандар өз ич ара Сакеңдин укмуштай сөгүнгөндүгүн, тигил Манаска каршы чыккан үч окумуштуу иттин арткы шыйрагындай эле болуп калгандыгын күбүр-шыбыр кылып отурушту дейт. Ошондо бир жазуучу тамашага чалып айтты дейт, "Мындай болоорун билгенде эчак эле докладды Сакеңе бериш керек болчу" деп. Айткандай эле конференция так ортолоп калганда манасчыны трибунага чакырышты дейт.
Аскага чыккан аркардай улуу манасчы трибунага көтөрүлүп, кабагын түйүп, көгөндөгөн койдой болгон берки үчөөнү бир айбаттуу карап алып, анан азыр эле Коңурбайды өзү жайлап келгенсип, жеңин түрүп алып, эки бети болкулдап, эриндери бөлкүлдөп, "Ээ-ээй-эй" деп улуу кепти баштады дейт.
…Анан барып чылбырын үзгөн азоодой алда кайда ала качып кетип, кээде кулундай чыңырып, кай бирде чапчыша кеткен жылкыдай кишенеп, эми айбаты арстанды сүрдөнтүп жалтанбай тике качырып, не бир элестер көз алдыга тартылды… Ит улуп, бото боздоп, бала ыйлап, жесир муңканып. Алай-дүлөй дүнүйө.
…Тоону тоого жылдыргандай, ..көлдү көлгө куйдургандай, …өзөн дайра ташыгандай, …куюн уюлгуп чаң учургандай, …бороон-чапкын жүрүп, …таш учургандай.
Жанагы майда, келди-кетти сөздүн баары унутулуп, Сакең бүт бардык көрүүчүлөрдү, угармандарды Улуу Манас дүйнөсүнө алып кирди дейт. Сакең душмандардан өч алып жаткансып, ачуу кыйкырык салып, эки колун бүркүттүн эки канатындай жайып алып, азыр сахнадан түшүп эле берки үчөөнө тырмагын батыра берчүдөй айбат берип айтты дейт.
Манасчыдан узун салаа тер кетип, анысы алыстан жарыкка жалтылдап көрүнгөн сайын бизге алыстан жүзүнөн нур куюлуп жаткандай туюлуп жатты дейт. Жанагыраак сөгүнгөнү бир тең, эми минтип төгүлгөнү бир тең болду дейт. Сакең Манасын айтып бүтөөрү менен дуулдап кол чабылып, айрыкча Москвадан, Ленинграддан келгендер, Ауэзов баш болушуп ордуларынан туруп алакан чаап, кудум Айкөл Манас өзү түшүп келгендей залда зор салтанат боло түштү. Сакең болсо бүт жуңгарлар менен Манас Атанын душмандарын тегиз кырып, өзү ошолорду тебелеп, туу көтөрүп бараткансып трибунадан түштү дейт.
Бул көрүнүш балким жүз жылда бир кайталанчу көрүнүш эле!!!
Сакең үчүн болсо эч кандай саясый идеологияга карабай "Манас" эпосунун түбөлүк жеңилбестигинин далили эле.
Ошондо бир белгилүү орус окумуштуусу толкунданып айтты дейт: "Мындай өнөрдү жок кылуу кылмыш кылганга тете" деп.
Болбосо, ошол жылдары "Манасты" саясый ревизиялоо башталып, окумуштуу П.И.Балтин "Манас" реакциясын чыгарма деп баа бергени уу-дуу тарап баштаганда Саякбай Каралаев кадимкидей жүдөңкү тартып, өзүн кармаганы, сүйлөгөнү басмырт тарта баштаган. Атүгүл белгилүү Манас таануучу Сапар Мусаев барса тааныбай калган экен. Себеби, Манассыз дүйнө Сакеңе бир тыйынга дагы арзычу эмес болучу. Ал үчүн Манасы жок жашоо Асманы жок Күндөй эле. Кыргыз элибизде айтылат эмеспи, "Таба кылбай, тобо кыл" деп, анын сыңарындай ошондо "Манаска" каршы чыгып, акаарат келтирген үч окумуштуу тең өз өмүрлөрүндө кийин көп кырсык, каргашаларга калып, турмушта жолу болбогондугун билгендер кеп кылып калышат. Кудай кечирсе да Айкөлдүн арбагы кечирбеди көрүнөт.
Ал үчөөнү кайсы шайтан азгырды экен? Алар кыргыздын минип жүргөн аты да булганч сууну ичпээрин билди болду бекен? Манаска даап кантип арам оюн агытышты экен?
Себеби, Манас деген Манас да! Тегин адамдын ысмы миң жылга даңаза болуп кетпестир.
Манастын өзүн мындай коюп, Манасты баяндаган манасчынын үнүн укканда денең кандай дүркүрөйт!
Ыйыктыкты ыйык тутуп келген ырас эмеспи! Болбосо, не себептен Амир Тимурдун сөөгүн козгогон күнү Улуу согуш башталган. Же болбосо 2007-жылы "Труд" гезитине жарык көргөндөй Тоолуу Алтайда Кош-Агач районунда Ыйык делген мүрзөнү казып баштаганда катуу сел жүрүү болуп, ошондо жашоочулары аргасыздан Орусиянын Президентине кайрылган.
Демек, адамдан башка да бу ааламда жер үстүнө кожоюндук кылып келген жана кыла турган бир табышмактуу күчтөр бар. Энергия бар. А биз адамдар табияттын бир келген коногу гана элебиз го. Түбөлүк жашоонун ыргагында биздин өмүр бир көз ирмем эле эмеспи.