Түш жоруу

Келечек тагдырыңдын күзгүсү - түш

Түш, төлгө, белги, аян, сыр - бул кызырлуу кыргыз элинде оо дүйнө менен, Арбайлар менен, көзгө көрүнбөгөн улуу күчтөр менен байланыштырып турган негизги иш-багыттар. Учурдагы түш - ар пенденин басар жолу, өз ахыбалынын милдетин, ордун көрсөтүп турат. Түш - келечек тагдырдын күзгүсү. Түш - пенделер үчүн периштелердин
тарбия сабагы.


Ай, Обо-Эне, Күн - Теңир ата, колдоо, коштоо.
Дене карайса, ылай болсо - кемчилдик, жолуңду тап.
Ата-тегинин арбагы кирсе - колдогону, белги бергени.
Жылдыздар, көк мейкиндик, булуттар - касиетке жетишүү, жетишкендик.
Канаттуу куштар - периштелер.
Бүркүт, индюк, тоок, төө, пил - чоң касиет, оомат.
Ый, күлкү, кайгы - иштин жылышы, өсүү.
Бийлөө, ырдоо, комуз чертүү - элдик кызмат, кеңеш берүү, жетишкендик.
Үйдүн урашы, тандырдын урашы - турмуш бузулат, өз ордуңу тутун, эскертүү.
Жыйында болуу - элдик кызмат, ааламдык күчтөр катары жоопкерчилик, касиет менен элди тейлөө.
Кир жууса, жуунса, душка түшсө - тазалануу, калыптануу, өсүү, касиеттин жогорулашы.
Жеңил машина, чоң машина, самолет, поезд, мото, автобус - ааламдык күчтөр; эгер машинага түшсөң - ааламдык күчтөр катары кызмат.
Дарылануу - периштелердин тазалоосу.
Урушуу, тилдешүү, мушташуу - ааламдык күчтөр менен теңтайлашып иштешүү.
Солдаттар кубаласа, хулигандар, мас адамдар кубаласа - эскертүү, жолуңду тап.
Мышык, түлкү, эчки - жетишпестик, кырсыгуу.
Жылан, аары, крокодил - аалам күчтөрү, мазарлар.
Тооктун пары, түтүн, нур - периштелер.
От - рух; суу - илим; отун , көң, көмүр - оомат касиет.
Таш, зоо - Теңир касиети, бийик рух.
Темир, коргошун - Периштелердин кызматы.
Өрт - Кызыр атанын колдоосу, оомат.
Мамырасул ТАЖИЕВ,
ИБРАИМ кызы
Зульфия





Друиддер төлгөсү
Багыңды ачсын балкитеп!
Друиддер токойго, дарактарга өтө зор маани берип, изги мамиле кылып изилдеп чыгышып, адамдар менен дарактардын ортосунда табигый окшоштуктар бар экенин, арбир адам дарак сыяктуу эле мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болуп, денесине жакшыны да, жаманды да сыйдырып, жашоонун өзүнчө бир шартына муктаж болуп турарын жазып чыгышкан. Андан бери эки миң жылдан ашык убакыт өтсө да, жаныбарларга тиешелүү балкитеп менен кошо дарактар балкитеби да адам тагдырына байланышкан божомолдорду тескөөдө өз салымын кошуп келет.

Кызылкарагай
(19-февраль - 28-29-февраль; 24-август - 2-сентябрь)
Аземделген турпаты менен сулуу, көрктүү, өз артыкчылыгын айгинелей билет. Баалуу буюмдарды, жасалгалуу үйдү жакшы көрөт. Өмүрүн ансыз өткөрө албаган ошол жакшы үйдү өзү жасалгалайт. Ал эмне кыларын, жетеленип кетпей турганын, турмуш бергендер ага жетишсиз экенин билет деп айтышат. Ага багынбаган эчтеке жок шартты өз муктаждыгына карап болжоп, ыңгайлаштырып алат.
Тайбас, каршылыкка кабагым-кашым дебейт, өзүн кармай албагандарды жактырбайт. Эржүрөктүгүнөн жана тобокелчилигинен дайыма алдыда жүрөт. Кай ишти тандабасын ийгиликке жетишүүгө жөндөмдүү.
Кызылкарагай көгөрүп айтканынан кайтпайт жана тандаган жолунан айнытуу да азап. Эң кыйын жагдайдан да кутулуп кетет. Аракети так жана чапчаң. Жакшы ымала түзүп, жаншерик болоюн дегени менен, ашачаап марттык кыла бербейт. Баарынан мурда өз жыргалын көздөйт. Башкалардын жолу болбосо, кабагым-кашым деп да койбойт, бирок жолдоштору менен маектешкенде, ага боору ооруганын туйдурат. Сүйүүгө жарды. Үзүл-кесил сезими менен тезеле кумарга алдырып, кеч болуп калганда эсине келет.
Ошентсе да акылы зирек, ой жоруусу ырааттуу, жакшы уюштургуч. Максатына жетиш үчүн колдон келген күчүн жумшайт да, адатта, ага жетет. Кандай болбосун, атүгүл сүйүү кесепетинен да кургак чыгат. Кызылкарагай аялзаты үчүн абдан жакшы. Кызылкарагай белгисинде төрөлгөндөр кооздукка умтулуп, акыл калчаган уюштургуч келишет.
Кызылкарагай белгисинде төрөлгөндөр: Коперник, Вашингтон, Шопен, Карузо, Элизабет Тейлор, Конфуций, Дүйшөнбек Үкүев, Намазбек Уралиев, Күмөндөр Абылов.
Мажүрүмтал
(1-март - 10-март;
3-сентябрь - 12-сентябрь)
Шөмтүрөп ыргалган сулуулугу менен мажүрүмтал көзжоосун алып турат. Анын ажарын сырткы келбети (айрыкча аялзаты мажүрүмтал болсо) ачып турганы менен, кандайдыр сырдуу нерсени туясың. Ою такшүмөл, өзү да аныктай албаган чалачабыт тилеги бар.
Өтө сезимтал, күн илебин, суу боюн жакшы көрөт. Бардык жыт менен туюмду сая кетирбейт. Башкаларга караганда көзирмем кубанычты колдон чыгарбай, анын кандайы болбосун жок дебейт. Мажүрүмталдын мажестигинен түңүлүүгө болбойт, тескерисинче, ал ишкер, чечкиндүү, эмне кыларын жакшы билет. Башкаларды урматтайт, буйрук бергенди жаман көргөндүктөн, эчкимге эчнерсени мажбурлабайт.
Акынчалыштыгы бар. Келаткан күзгө, турмуштун зуулдап өтүп баратканына сарсанаа болгону менен, ындыны өчпөйт. Тез көнүшө жана келише албагандыктан, өнөгүн кыйноого салат. Анын алсыздыгы - куйтулугу. Кээде көңүл ачуу, өзүнө пайда табуу үчүн алсыз бир байкуш кейиптенип калат. Чынында турмушта өзүн эң сонун коргой алат.
Сезими учкул кыялдарга бай. Жакшы сезимден каниет алып, аны канаттуу ырга айландырып иет. Мажүрүмтал кирди-чыкты супсак сезимди жакшы көрбөйт. Анын артисттик жөндөмү бар, баамчыл жана элестеткенге кыйын. Андан жакшы психолог чыгышы ыктымал, кунт койсо, бирөөнүн ой-тилегин боолгой алат. махабат кумарына алдырып ийбесе, анын турмушу беймарал өтүшү мүмкүн. Бирок анын датын чын деп кабыл албаш керек, анткени жапа чекпеген сезимди анча баалабайт. Мажүрүмтал белгисинде төрөлгөндөр баамчыл, элестеткенге маш келет.
Мажүрүмтал белгисинде төрөлгөндөр: Сметана, Елизавета 1 (Англ.), Морис Шавелье, Жеңишбек Шамшиев, Асылбек Өзүбеков, Мукан Рыскулбеков, Тургуналы Нурматов.
(Уландысы бар)
Бөкөнбай БОРКЕЕВ,
КР эмгек сиңирген ишмери