Апрель ыңкылабы - элдин каалоосу, тилеги, максаты

"Убактылуу өкмөт кыргыз философиясына басым койсун"
Кусеин ИСАЕВ, социология мудариси
Учурда кандуу шаршемби, жаңы бийлик, кыргыздын келечеги, жаштары боюнча кептер токтобой, айтам деген ар бир атуулдун өз пикири бар. Бизди кызыктырган бул боюнча суроолор менен философия илимдеринин доктору, профессор Кусеин ИСАЕВге кайрылдык.

- Апрель ыңкылабы боюнча коомчулукта жана көпчүлүк маалымат каражаттарында ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Көпчүлүгү, өзгөчө сырттан көз салгандар, бул төңкөрүш дешүүдө. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Менин баамымда, бул накта элдик ыңкылап, болгондо да 2005-жылдагы март ыңкылабынын уландысы. Сөздүктөрдө "ыңкылап", ошондой эле "революция" коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн түп-тамырынан бери жаңыртуу деп берилген. Демек, ыңкылап менен революциянын мааниси бирдей. Болгону коммунисттик партиянын таасири менен "ыңкылап" деген сөз колдонулбай, революция деп келгенбиз. Улуттук мамлекет куруп, өзүбүздүн улуттук рух-дөөлөттөрүбүзгө кайрылып аткандан кийин, "ыңкылап" деген сөздү колдонгонубуз туура.
Ыңкылап - коомго социалдык, экономикалык, саясый, рухий түпкү жаңылыктарды киргизүү жана ошонун негизинде коомду түп тамырынан бери улутча өнүктүрүү. Ошондуктан, апрель ыңкылабы элдин демилгеси менен март ыңкылабынын ишке ашпай калган тилектерин ишке ашыруу жана улантуу максатындагы чечкиндүү аракеттердин натыйжасынан келип чыккан калайык калктын чыгармачылык демилгеси. Апрель ыңкылабынын негизги максаты - түп тамырынан бери жаңыланган кыргыз улуттук мамлекети!
7-апрелде эртең менен ыңкылаптын негизги катышуучулары таптакыр башкаруусуз калган. Бул жерде айта кетчү бир жагдай бар: 2005-жылдын 24-мартында эртең менен ошо кездеги оппозициянын жетекчилери элдин башында турушкан. А бу сапар 6сынан 7сине караган түнү оппозициянын Бишкек шаарындагы бүт жетекчилери бийлик тарабынан камакка алынды да, эл башсыз калды. Бирок эл ушунчалык күч, жаал менен келип, тикесинен тик туруп берди. 7-апрель күнү түштөн кийин Ак үйдүн алдына жок эле дегенде 50 миңдей адам чогулду.
- Сиз ал күнү аянтка бардыңызбы?
- Сөзсүз. Мен социолог катары, изилдөөчү катары элдин маанайын байкап, карап жүрдүм. Акүйдүн башына капкайдагы снайперчилерди отургузуп, тегерегине калканчан солдаттарды коюп коюшту. Ал эми эл ичинде "бул солдаттар кыргыздар эмес, америкалык Ганси авиабазасынан же болбосо Балтика өлкөлөрүнөн жалданып келгендер экен" деген кеп жүрүп жатты. Албетте, кимдин ким экенин изилдөө көргөзөт. Бирок, ок атыла баштады да. Бул, башаламандыкты, элдин каарын күчөттү. Өлүп атышты, жарадар болуп атышты, аларды четке алып чыгып коюп эл кайрадан толкунга кошулуп атты. Саат 21 чендерде камакка алынган оппозиция бошотулду, 22де "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев келип сүйлөдү. Түнкү саат 12ге чейин 70тен ашуун киши өлүп кетти. Андан кийин атып- атып чарчаштыбы, айтор атуу токтогондон кийин эл сүрмө топ болуп Акүйгө кирип кетти. Сүрмө топ - бул психоз абалында эч кимди укпай, көрсөтмөгө баш ийбей, каалаганын жасап калган учур болчу. Ошол учурда Д.Үсөнов арызын жазып кетти. Ыңкылаптын башкаруучулары чогулуп, убактылуу өкмөт түзүштү. Ошондон кийин кандайдыр бир чараларды көрүүгө аракет кылышты, бирок андан эч майнап чыккан жок. Түнкү 9дан баштап талап-тоноочулук башталган. Адегенде эле азык-түлүк саткан майда дүкөндөр тонолду. Анткени, эл керелден кечке тамак ичкен жок. Түнкү саат 10дор чамасында бир-экөөнү карасам коробкага салып нан көтөрүп баратыптыр. "Эй, жигиттер, уят эмеспи, бул эмне кылганыңар?" десем, "курсагым ач, агай, менин жумушум жок, үйдө ата-энем ачка отурат, мен ошолорго алып баратам" деди. Демек, азык-түлүк дүкөндөрүн талап-тоной баштагандар жалаң курсагы ачтар, жумушсуздар болгон. Ал эми 8-апрелге караган түнү, саат 12ден кийин "Бета Сторес" сыяктуу ири дүкөндөрдү атайы даярдалган бригадалар талашкан. Бул 2005-жылы тажрыйба алгандар, көчөлөрдө бир милиция кызматкери жоктугунан пайдалангандар болду. Андан соң ачкалар өздөрүнүн да, дүкөндөрдөн нан, колбаса, сок апкелип аянттагылардын да курсагын тойгузгандан кийин жандары тынып, анан дагы бир ирет Акүйгө кирип талкалап жиберишти. Көпчүлүктү башкарууга мүмкүн болбой калды. Убактылуу өкмөттүн иш-аракеттери 5-6 саатка кечигип башталды. Коммендант коюлду, бирок анын алдында ага баш ийген эч ким болгон жок. Акыл-эси бар балдар өздөрүнчө уюшуп, көзөмөлдүк кылууга аракет кылышты, бирок баары кеч болуп калды. Саат 22лер самасында ЭлТР, КТР аркылуу куралы жок көпчүлүктүп атып, кан төгүп жаткандарды токтотуу талабы менен кайрылдык.
Ыңкылап үчүн өлгөн, жарадар болгон ар бир адам үчүн ок атууга буйрук бергендер башы менен жооп бериши керек. Анүчүн элдик трибунал уюшулушу керек деп эсептейм. Ошол жерде соттоп, экинчи мындай окуя кайталанбагыдай шарт түзүшүбүз керек.
- Убактылуу өкмөттүн иш алпаруусу кандай башталды?
- Ыңкылаптын теориясы, дүйнөлүк тажрыйбасы бар. Ал XVIII кылымда Францияда, АКШда, Германияда башталган. Андан кийин Чыгышта Кытайдын Элдик ыңкылабы, Индиядагы элдин англиялыктарды кууп чыгышы, XX кылымдын башында Ленин баштаган социалисттик ыңкылап - булардын бардыгы тең бирдей теориянын негизинде өнүгөт. Бүгүнкү Роза Отунбаева жетектеген убактылуу элдик өкмөттүн биринчи Декрети ыңкылап жөнүндөгү социалдык теориялардын талабына жооп берет. Экинчиден, дүйнөлүк тажрыйбалардын үлгүсү кайталанууда. Түзүлгөн убактылуу элдик өкмөт 2005-жылкы март айындагы ыңкылаптын эң чоң катасын оңдоду деп түшүнөр элем. Ушуга байланыштуу ал оппозициянын, аткаруу комитетинин эркин аткарып жатат. Биринчиден, саясый бийликти колуна алып, Жогорку Кеңешти таратты. Конституция убактылуу аракетте болот дешти, бирок, бул өздөрү үчүн оор мүшкүл болот. Себеби, 2005-жылы да, 2010-жылы бийликтен ажырагандар бүгүнкү өкмөттүн душмандары. Экөөнүн биригип кетиши толук ыктымал. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү сүттөй ак эмес. Кызмат сурагандар көп. Ар кандай жулкунбайлар, камгактай жабышкандар, уятсыздар, адепсиздер алардын тынчын алып, асты-артынан чуркап жүрүшөт. Баарынын эле майтарылбай, жеңил-желпи болбой, ыңкылаптын эрежелерин так аткаруусу күмөн туудурууда. Качып кеткен президент тарыхый баасын албагандыктан, бүгүн Москвага жатып алып, уурдап кеткен кыргыз элинин байлыгына тоюп алып бапылдап сүйлөп атат. Менин баамымда, Конституциянын да аракети убактылуу токтойт деген чечим кабыл алынышы керек болчу. Бул убактылуу өкмөттүн биринчи катасы деп эсептейм. Убактылуу элдик өкмөт мезгилдүү Декреттердин негизинде иш алып барышы туура болмок. Ал эми эки айдын ичинде жаңы Конституция даярдалып, ал референдум аркылуу кабыл алынарын, Кыргызстан парламенттик республика болорун жарыялашты, бул туура. Конституция парламенттик республиканын классикалык үлгүсүн жазат деген ойдомун.
- Жаңы жазыла турган Конституция канчалык деңгээлде кыргыз элинин мамлекеттүүлүк салтын жана мамлекетти башкаруу тажрыйбасын эске алат деп ойлойсуз?
- Эң туура суроо. Тилекке каршы, бүгүнкү убактылуу өкмөттүн жетекчилери, мүчөлөрү кыргыздын тарыхын, философиясын жана мамлекет башкаруу салтын толук билишпейт. Эгер Контитуцияга Европанын, Россиянын салттуу эрежелери кирип калса, бул сөзсүз түрдө оорчулук түзөт. Ошон үчүн убактылуу өкмөт акылына келсе, жок дегенде жума сайын кереге кеңеш чогултуп, тигил же бул маселени чечүүдө эл менен кеңешсе болот эле. Себеби, ыңкылапты жасаган - эл. Ал бийликти өзүнө алды, демек, өз тагдырын өзү чечиши керек. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе бар. Бул кайсы жакты көздөй кантип өнүгөбүз деген маселе. XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап ушу кезге чейин биз батышташтыруу саясаты менен жашадык. Натыйжада, жумушсуздук күчөдү, мамлекеттик, коомдук менчиктерден кол үздүк, билим берүүнүн сапаты абдан төмөндөдү, медициналык тейлөө жокко чыгып баратат, маданиятты такыр тебелеп бүттүк. Ачка курсак тоет, а бирок рухий дөөлөттөн, рухий жан дүйнөбүздөн ажырап калсак - аларды калыбына келтирүү өтө кыйын. Батышташтырууну токтотуу үчүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мамлекеттин өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясын түшүнүшү керек. Улуттук стратегияны түшүнбөй туруп Конституцияга, күндөлүк саясатка, шайлоо кодексине улуттук жаңылыктарды, улуттук баалуулуктарды киргизишине күмөнүм бар. Эмне үчүн өткөн бийлик беш жылда эле кыйрап калды? Алар кыргыздын кыргызчылыгын, менталитетин, психологиясын, философиясын, тарыхын унутуп, жөөттөрдүн жетеги менен иштеп калышкан. Кыргыз элинин жини келип көтөрүлгөнүнүн бирден бир себеби да ушул. Убактылуу өкмөттүн кабыл алган биринчи Декреттери ыңкылаптын жалпы теориясына жооп берет, дүйнөлүк тажрыйбага туура келет. Ал эми анын мындан ары аткарылышы кандай болот, маселе ушунда. Коюлган ураандар элге түшүнүктүү, эл кабылдап атат, бирок ал конкреттүү, нагыз, анык улуттук мазмундар менен толушу керек. Бул өзү учурдагы жетекчиликке берилген чоң мүмкүнчүлүк.
- Жаштардын "бийликке жаштар келиши керек" деген талабына кандай карайсыз?
- Жаштардын бул талабында негиз бар, бул толук мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мында дагы бир чындыкка көңүл бурушубуз керек. Бүгүнкү убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2005-жылкы ыңкылаптын да башкаруучулары болгон. Бирок, ар кандай себептер, көбүнесе жеке кызыкчылыкты көздөгөн себептер менен кызматтан кетүүгө аргасыз болушкан.
Жаштардын тилегин аткарышыбыз мыйзамдуу. Бирок аларды мамлекеттик кызматка тарбиялоо зарыл. Бүгүнү күнү жаштарды толук кызматка тартууда 2-3 чен-өлчөмгө таянуу кажет. Биринчиден, жаштар өздөрү таза болушу керек. Экинчиден, XXI кылымдын босогосунда кетип баратабыз, каалайбызбы-каалабайбызбы, алар өкүм сүргөн базар мамилелеринин эрежелерин билген кыз-жигиттерден болушу абзел. Базар мамилесинин талабына ылайык, алардын экономикалык, финансылык, акча саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болмогу зарыл. Эгерде улуу муундагылар үлгү көрсөткүдөй болсо, жаштар ошолорду улайт, алардан уялганынан ак иштейт. Үчүнчү талап - кыргыздын нагыз тарыхын, рух дөөлөтүн, философиясын жана адатка айланган каада-салттарын билиши зарыл.
Кыргызда "кан таламай" деген салт бар. Мында кан болгон адам кийин кандык мөөнөтү бүткөндө баягы байлыктарды кайра кайтарып берет. Бүгүнкү кыргыз жетекчилери ушундай ишке жарашабы? Эч убакта дүйнө жыйбай, ага алаксыбаш керек. Кыргызда мындай сөз бар: "Элиң жөө жүрсө жөө жүргүн, төө минсе төө мингин" деген. Ал эми Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө "Сен башкаруучу, өз элиңден эч артыкчылыгың жок. Аны менен бирге туулдуң, аны менен бирге өлүүгө милдеттүүсүң" дегени бар. Дагы бир Чыгыш акылманы Наршахи минтип айткан: "Элиң суу ичсе сен да суу ич, бал жесе сен дагы бал же". Демек, бүгүнкү күнү кыргыз элинин салтын улап "кан таламайга" өтүп, Т.Сариев, А.Атамбаев элдин кызыкчылыгы үчүн, элдин ишеничине толук ээ болуш үчүн байлыктарын мамлекетке өткөрүп берип, өздөрү жарым жылаңач болуп эл менен чогуу жашай алышабы? 2005-жылга чейин элди алдап, улуу муундар куруп, жыйнап кеткен байлыкты тоноп алган олигархтарды алып келип, кустуруш керек. Андан кийин акыркы беш жыл ичинде ар кандай шылтоо менен жыйнап алган байлыктарды мамлекеттин, элдин казынасына төлөтүш керек.
Жаштар азыр экинчи эшалондо болушу керек. Алты айдан кийин бийликке келе турган, Жогорку Кеңешке шайлана турган, Аткаруу бийлигинде иштей турган жаштарды райондук, айылдык аткаруу бийлигине коюп, такшалтып, жарым жылбы, бир жылбы, акырындык менен бийликке алып келсек, анда биз мыкты иш жасаган болор элек.
Канышай БЕШБАЕВА