Гүлжамила ШАКИРОВА, акын, журналист
Эмне үчүн кыргыздар кырылып, жыргалын башка улуттар көрөт?

Кыргыз Республикасы деп аталганы менен, азыр ойлоп көрсөм, республика түптөлгөндөн баштап анын жыргалын, үзүрүн жеп-ичкендер, элдин үстүнөн тон бычкандар, башка улуттун өкүлдөрү көрүп келишиптир. Байкап турса да андагы эл унчукпаптыр. Унчукканын "улутчул" деп жок кылышкан.

Ошол кыргыз элинин момундугун, сыйчылдыгын, айкөлдүгүн башка улуттун өкүлдөрү билип алышып, кырманына кирип алышып, ушул жерде жашоосун өткөрүп келе жатышат. Ансайын биздин көз караган намысы жок жетекчилерибиз аларга төшөлүп төргө өткөрүп, ал эми өзүбүздүн элибизди алардан төмөн коюп келатышат. Элдик бийликти көздөгөндөр, элдик акылды туу туткандар, салт-нарк менен алектенгендер эшикте калып, сыртка, чет жерге чыгып иш кылып келгендер, Батыштын багыты менен баралы дегендер жетекчиликке "шыктуу, көсөм, көрөгөч" болуп чыга келишти. Эмне үчүн түпкү улуттук кызыкчылыгын көздөгөндөр "отсталый народ", же "эскиче ойлонгондор" деген атка конуп жүрө бериши керек?! Улуттук намыс каякта?! Алар элдин көздөгөнү - биринчи иретте, түпкү башаттын улуу руху, касиети, куту экенин билишпейт. Элди биримдикке ошол касиет, кут бириктирерин да билишпейт. Манас атабыздын руху бар экенин билишпейт. Аны бүгүнкү Европадан окуп келип, орусча ойлонгондор эскинин саркындысы катары карашат. Алар элдин улуттук улуу касиеттерин Батыштын кир ыплас дүйнөсүнө аргындаштырып, басып берип жатышат. Андай мамилеге Манас атабыздын, Бакай, Жайсаң аталарыбыздын, андан берки Асанкайгы, Толубай, Токтогул аталарыбыздын, кечээги эле олуя Арстанбек, Калыгул аталарыбыздын касиеттери, рухтары жол бербейт. Алар ошентип араң жеткен кызматтарынан шыпырылып түшөт. Ошону билген лидерлер жок. Лидерлердин баары эле экономиканы көтөрөлү демиш болуп, байлык менен бийликти көздөп жүргөндөй сезилет. Алардын көкүрөгүнөн улуттук улуулук, нарк-насилдүүлүк көрүнбөйт. Анткени, алардын эч кимиси улуттун түпкү баалуулуктарын эмнеде экенин билишпейт жана билгиси да жок. Эгер билген болсо, кыргыз кантип хан көтөргөн, кандай багыт менен эмнени көздөп каганат курган, кандай нарк-насилге таянган, Конституция дегендин кыргызча мааниси эмнеде экенин түшүнүшөт эле го. Бийлик тактысына отураары менен буйруктары орусча берилип, иштери орусча жүрөөрүнө деле көзүбүз жетип турат.
Ал эми революцияны дайыма кыргыздын уулдары, Манастын урпактары окко төшүн тосуп, канга боелуп, жер жазданып алып келишет. Жыргалын башкалар көрөт. Көрүп-угуп жатабыз, башка улуттун өкүлдөрү үйлөрүнүн терезелеринен баштарын чыгарып баш чайкап карап, бүлүнгөн оокатка кейип отурушту. Киргиздер болсо кыргыз жаштарынын бул эрдигин эси жоктук деп эсептеп, дүйнө элинин бетин кантип карайбыз деп кейип атышты. Кудай сактасын, эгерде катуу жер титирөө же суу каптап кеткен болсо, мындан да жаман бүлүнмөкпүз. Албетте, жаш жигиттер окко учуп, баш көтөртпөй аткыланып жаткан кезде кан кызыйт да. Ал талап-тоноочулукка айрым каңгып, кылаарга иши жок, жээрге тамагы жоктор да кошулат да. Мамлекет аларды карабаса, эл башкаргандар, депутаттар өздөрүнүн жыргалчылыгы үчүн камкордук көрүп, чет жерлерге үстөккө-босток барып келип, өңдүү-түстүү кыз-келиндер менен гүлдөп жүрсө, биякта иши жок жүргөндөр ачкадан өлмөк беле. Анан калса ошол тонолгон дүкөндөрдүн ээлери ким? Жалаң башка улуттун өкүлдөрү жана кыргыздын алкымы чоң жетекчилери.
Жашаарга үйү, иштээрге иши жок, акыйкаттык, чындык, теңдик издеп кырылган баягы эле кыргыздын улан-кыздары болду. Кана, эгер Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз болсо, 7-апрель күнү аянтка башка улуттардын (орус, өзбек, дунган, уйгур, корей) чыкканы?! Бири да басып барган жок. Алар өмүр бою Кыргызстанда жашап жүрүшүп, эки ооз кыргызча сүйлөгүлөрү келбейт. Бул "ашыңды ичейин, кадырыңа чычайын" дегендери эмей эмне?! Дагы уялбай айрымдар "башка улуттарды коркутпагыла, башка улуттун жүрөктөрү түшүп атат, бул эмне деген бейбаштык" деп өздөн да жаттын камын көрүп жүргөнүнө не дейсиң. Чынында, атып аткандардын арасында башка улуттун өкүлдөрү бар болчу. Аларга эмне, ат десе ата беришет да. Ошолорду кыргыздын тузу менен кусуру урсун!
Мен ошол окко учкан боорлорум менен сыймыктанып калдым. Алар улуттун улуулугун сезе билишти. Улутчул, мекенчил болушуп, баатырдык менен өлүштү. Калгандары жарым жан жарадар болушту. Башка улуттардын алдында басынып жашаганга намыстары жол берген жок.
Эми бийликке ким келсе да, түпкү улуттун кызыкчылыгын, рух дөөлөттөрүн биринчи колго алып, Манас атабызды оозуна албаса, республиканын кыймылын бүт кыргыз тилине салбаса, анда аларды да кыргыз касиети менен Манас атанын руху урат. Бүтүндөй жетекчилер биринчи ошол рух керемети менен түпкү улуттун касиетин билиши керек!




  Учуркеп


КДКнын бир кездеги жооптуу катчысы, активдүү мүчөсү Сабыр Муканбетов Союз кулап аткан учурдагы бийликти кетирүүдө, 2005-жылдагы төңкөрүштө, жана күнү кечээки кандуу кыймылда - үчөөндө тең бийлик алмаштырууга тикелей катышып, алдыңкы сабында жүрдү. Биз бүгүн үч революциянын тең чордонунда болгон мекенчил революционер менен 7-апрелдеги окуялар боюнча маектештик.

Сабыр МУКАНБЕТОВ,
"Ачык саясат" гезитинин баяндамачысы:
"Эл бийликти "лидерсиз алды"
- Азыр жалпы кыргыз эли үчүн кубанычтуу да, ошону менен бирге эле кайгылуу да күндөр болуп жатат. Аянтта ок атылып, балдар өлүп атканда жанында турдум. Элдин алдыңкы катарында төшүн окко тоскон жүздөгөн жылаңач баатыр турду.
Боордошторум, жапжаш балдар өмүрүн берди. Жүрөк сыздап, канталап турат. Көзү ачык кетишти. Экинчи жагынан менде чоң сыймык бар. Шейит кеткендер Манастын урпактары экендиктерин көргөзүштү. Алардын каны бекерге төгүлбөсүн. Элдин үмүтү акталсын. Азыркы бийликке келип аткан убактылуу өкмөт калктын ишенимин алдабай, мындан кийин кыргыздын башына мындай мүшкүл түшпөсүн. Манас, анын руху, духу Жараткандан бекеринен кыргызга берилбегенин эл далилдеди. КМШ чөлкөмүндө биздин кошуна казактардын, өзбектердин, атургай орустардын да колунан мындай иш жасоо келбейт. Мен ушундай улуттун өкүлү болгонума, Манастын урпагы экениме дайыма сыймыктанып келгем, ошондой өзгөчөлүгүбүз бар экенин билчүмүн.
- Эмне үчүн Манасы, Манастын руху бар элди башка улуттун өкүлдөрүнүн башкаруусуна, кыргызга үстөмдүк кылуусуна жол беребиз?
- Буга чейин жүрөгү кыргыз деп соккон, Манасты туу туткан адамдар бийлик башында болгондо, бизде мынчалык адилетсиздик болмок эмес. Жалаң ушундай арамза, конформист, коррупционер, элдин бүтүндүгүн, биримдигин, келечегин ойлобогон жүзү кара саткындар болгондуктан, жерибиз четинен кертилип, башка элге өтүп кеткен. Бирок, кыргыз эли ушуну менен үчүнчү сапар ушундай жүзү каралардын кылыгына чекит коюп атат.
- Сизге 7-апрелдин түнүнөн баштап шаардын коменданты Туратбек Мадылбековдун атайын ыйгарым укуктуу милдети жүктөлгөнүн уктук. Буга чейин да мародерлук башыбыздан өтүп, сабак болгон. Ушунун алдын алса болбойт беле?
- Шаарды талап-тоноп аткан мародерлор - булар 7-апрелде 50 миң адамдын алдында туруп, төшүн окко тосуп берген эр азаматтар эмес. Булар чөөдөй болуп элдин артынан ээрчип, атайы талап-тоноочулук максат менен келгендер болду. Албетте, бул бир жагынан жалпы кыргыз элин уятка калтырды. Бирок, айта кетчү нерсе - керек болсо көкүрөк кагып мактанган Американын өзүндө да шаарын суу каптап, табият кырсыгы болуп атканда мародерлор чыккан. Ар бир элдин жакшысы да, жаманы да болот. Кыргыз мародерлук кылды деп, буга чөкпөшүбүз керек, андай акмактар ар бир элде бар. А бирок Манастын руху уялаган жылаңач баатыр баарында эле боло бербейт.
Мародерлук демекчи, соода түйүндөрүндөгү, талаадагы жер баскынчылардан тышкары, азыр мамлекеттик мекемелердин ичинде да портфель талашкан мародерлук болуп аткандай сезилип атат. Бул тууралуу эл арасында сөз боло баштады. Биз кайсы эски куйрук кимдин колтугуна кирип кеткенин тактап, ачыкка чыгарышыбыз керек. Орду толгус трагедияга апкелген кандуу жолду кайталабай, жарыкты, жакшылыкты көздөй, кыргыздын бакубат жашоосу, ата-бабадан калган жерге урпактардын ээ болуусу үчүн бекем турабыз. Муну түшүнгөн жигиттер бар.
- Убактылуу өкмөт жетекчилери менен буга чейин бирге жүрдүңүз, эгер алардан кандайдыр бир катачылык кетсе көзгө сайып айта аласызбы?
- Айтмак түгүл алмаштырып коебуз. Мына, баары түрмөдө жатканда лидер жок, эл өзү эле бийликти алмаштырып койбодубу. Булар да тескери кетсе, Манастын урпактары чогулуп дагы алмаштырып коет. Алар ички дүйнөсүн таза кармап, материалдык кызыкчылыктарга ашыгышпаса дейм. Азыркы убактылуу өкмөткө эл да ишеним бериши керек. Булардын ичинде таза адамдар бар. биринчи кезекте жүзү каралык менен элди тоногон, ашынган коррупционерлерди кайра кустуруп, мүлкүн конфискациялап, чыккынчылык кылгандарды жазалап, соттошу керек.
- Курман болгон балдардын ысымдары тарыхта калыш керек деп атпайбызбы. А коргоодо туруп өлгөн милиционер жаш балдарчы?..
- Каза тапкан милиционерлердин аттары да тарыхта калышы керек деп эсептейм. Ызы-чуу Алматы көчөсүндөгү Форумдун жанынан башталды да. Ошондо биздин саныбыз 300-400 эле болчу. Көзөмөлдөп турган милицияга "элди автобустарга салгыла" деген буйрук берилди. Алар эми аскер адамдары болгондон кийин буйрукту кың дебей аткарышы керек да. Чогулган элди бирден сүйрөп автобуска сала башташты. Ошондо 300-400 киши курчап турган милицияны жырып чыгып, көчөнүн аркы четине качып барып, таш алып, милицияны көздөй жаадыра баштады. Үчүнчү жолу келгенде эл милиция кызматкерлерин таптакыр келгис кылып уруп салды. Милициянын ичинде элге кол салайын дегени болгон жок. Тескерисинче, акырын келип: "Кетпегиле, кетпей тургула" дегендер болду. Анткени, аз болчубуз да. Милицияны сабагандан кийин 1500гө чыгып кеттик. Алматы көчөсү менен ылдый бассак, "Альфа" менен спецназ туруптур. Аларды сабап, курал-жарагын тартып алгандан кийин Көк-Жар, Чыгыш-5 кичи райондорунан эл агылып келип, саны 5 миңге жетти. Эч кандай планы жок, уюшулбаган түрдө эл ушундай бир күчкө айланып, Чүй проспектиси менен ЦУМга жакындаганда эл кылкылдап саны 30-40 миңден ашып кетти. Бул деген кыргыз эли бийликтен түңүлүп бүтүп, чакырыкты гана күтүп турганын билдирет.
Кымбат ЖОЛДОШЕВА