Тыңдай бил!

Күү кайрууларындагы үн толкундары

Жер бетиндеги узак жашоодо өмүрдүн, жетишкендиктердин, жеңиштердин бардыгы кыялдын учкунундай экенин, бүгүн бар болсо эртең эле терең өзгөрүп кетерин кыргыз эли баамдап жашаган. Жер бетиндеги жашоонун эң улуу өзгөрүлбөс улуу касиеттери суу, от, аба менен катар, алар үндү да өзгөчө баалап, кастарлап, ыйык туткан.

Үн - бул дүйнөдөгү жандуу-жансыз табияттын, көрүнгөн-көрүнбөгөн дүйнөлөрдүн ортомчусу, элчиси дешип, үн улуу сырдан, улуу күчтөн түптүз кабар берерин кылымдап, доорлоп сезип-билип келишкен. Кудай берген үндүн касиеттерин аздек тутушуп, мезгилдердин өчпөс сынагынан өткөн күү аспаптарын чыгарып, доорлордун кылда кыйырынан үн салган кара күүлөрдү жаратышып, жан дүйнө байлыгынын казынасын толтурушкан. Үндөн уланып, жалганып жаралган тилди "өнөр алды - кызыл тил" деп эркелетишип, Кара күүнү, күү дүйнөсүн өзгөчө кастарлашкан. Үч кыл, жалгыз тээк сүйүктүү аспабына үн кудайынын атын ыроолоп, ыйык Комузун үйүнүн төрүнө илип, анын үнүнөн, күүлөрүнөн күч-кубат, аян-сыр, көңүлгө дары болор даба алып келишкен.
Күү аспаптары ар түрдүү, ар сырдуу, ар үндүү, ар кылдуу болуп, алардын кайруулары ар кандай үн толкундарын жаратып, жайылтып, мелт-калт сырдуулукка толгон. Эски күүлөр, эски кайруулар кылымдарды тепчип өтүп, түтөгөндө күчөгөн кыргыз элин айтып келген. Кыргыз күүсү, кыргыз үнү эң жупуну, эң жөнөкөй болгону менен, аны жаратылыштын, табияттын көзгө билинип-билинбеген терең сырлары курчап, колдоп, сүйүп тургандыктан, ошондой урмат менен, ошондой сүйүү менен гана ошол дүйнөнүн эшиги ачылып, дүйнөсү төгүлгөн.
Күүнү угуу таалимине биринчи уга билүү, экинчи түшүнө билүү, үчүнчү сезе билүү кирет. Уга билүү - бул эшитип угуу же ыргакты, үндү талдап баштоо. Түшүнө билүү - бул ыргакта, кайрууда түркүн түстөгү нурлар чыгат, сөз менен айтканда муңдуу, армандуу, шаңдуу, ойлуу дегендей, үндүн өзгөрүшүн, өрчүшүн кабыл алуу. Ал эми сезе билүү - жүрөктү эч нерсе алдай албайт дегендей, бул дүйнөдө болбогон, калп нерсе жүрөккө жакпайт, жүрөк аны кабыл албайт эмеспи, анын сыңары күүдөгү, үндөгү, аспаптагы ыргакты жүрөктөн өткөрүү. Үн жүрөк сезимине келгенде гана нур чачылып, шоола чачырап, кыргыз күү аспаптарынын, кыргыз күүлөрүнүн, Улуу Кудай берген, үн кудайы Комустун чексиз сырлары, жарыктары ачылып, бул өмүрдө миң жолу жашагандай, өмүрүң миң жолу кайталангандай болосуң!..
Кенжебек АЛДАЯР, комузчу





Кайып дүйнө
Алибек АПАКАЕВ, элдик дарыгер,
рухий табып
(тел: 0 772 23-64-09)
Жашоодогу үч себеп
Кимдин ооруп калгысы келсин? Кимдин жакыр жашагысы келсин? Кимдин өлгүсү келсин? Эч кимдин. Себепсиз эч нерсе болбойт. Негизинен себептер үчөө болот.
I себеп. Адамдын ою таза болуп, напсисин тыя билсе, баары жакшы болот. "Ою тазанын өзү таза, дили тазанын денеси таза", "Тилде сөөк жок", "Буттан тайыган турат, сөздөн тайыган турбайт", "Баш кесмей бар, тил кесмей жок", "Беш манжаңды оозуңа салба" деген сөздөр адамдын өзүнө таандык, бекер айтылган эмес.
II себеп. Ар кандай нерсеге башка адамдар себеп болуп калышы мүмкүн. Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети тийиши ыктымал. Беш кол тең эмес дегендей, арабызда кыйналып аткан оорулуудан жардамын аяган адамдар да жок эмес. Алар үчүн жамандык кылуу ырахат, эрдик болуп саналат. Коомго мындай инсандар да керек экен, себеби, жаман болбосо жакшынын да баркы билинбейт эмеспи.
III себеп. Жаратылыштын кубулуштары, Кудайдын алааматтары болушу мүмкүн. "Кырк жыл кыргын жүрсө, бейажал чымын өлбөйт" деген сөз бар. Боло турган окуя болот, бирок, качан, кандай, кайсы жерде болорун Жараткан өзү билет деп отура бергенибиз туура эмес. Адам өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, касиетин, энергиясын пайдаланбай, "алма быш, оозума түш" деп отура бербеши керек.
Өлүп тирилген аксакал
Баарыбыз аркы дүйнөгө барабыз, бул дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Адам баласы өзүнүн алдына илгери үмүт, тилек коюп, ишеним менен түбөлүк жашоого умтулушу керек. Ишеним болбосо иш болбойт деп бекеринен айтылбаган. Азыркы убакта адамдардын ишеними толук эмес. Буга көптөгөн адамдарга суроо берип туура эмес жоопторду укканым күбө. Түбөлүк жашоо жөнүндө, кайра жаралуу тууралуу көптөгөн адамдар менен сүйлөштүм. Алардын бири - 51 жаштагы таш-көмүрлүк Абдыкапар. Абдыкапардын угуп-көргөнүн өз оозунан кагаз бетине түшүрүп, окурмандарга жеткирип жатам. Абдыкапар өзүнө бекитилген мамлекеттик жүк ташуучу автомашинасы менен келе жатса, аксакал жолоочу кол көтөрөт. Машинесин токтотуп, аксакалды салып алат. Саламдашып, ал-абал сурашкан соң, аксакал айдоочуга суроо узатат:
- Балам, өлүп-тирилген адам жөнүндө уккансыңбы, көргөнсүңбү?
- Жок, аксакал, - деп жооп берет Абдыкапар.
- Мен өлүп-тирилгем, балам. Бул окуя мындан сегиз жыл илгери болду эле. Мен өлгөндөн кийин тууган-туушкандар ыйлап, денемди боз үйгө алып киришти. Жаагымды, буттарымды байлап, бетимди ак кездеме менен жаап коюшкан экен. Бир убакта бозүйдүн түндүгүнө отуруп алып сүйлөшкөн эки периштенин сөзүн угуп калдым: "Бул адамдын жанын адашып алыппыз. Дагы өмүрү бар экен" деп көздөн кайым болушту. Анан түндүктө бир чымын пайда болду, чымын көк түтүнгө айланды, ал түтүн мурдума кирди. Башымдан бутумдун учуна чейин жан кирип, кулагым ачылды. Дем ала баштаганымды апам байкап калып, бозүйдөгүлөрдү сыртка чыгарып жиберди. Мени 40 күн бою жан адамга көргөзбөй баккан. Мына, азыр тирүүмүн, өзүң менен сүйлөшүп жатам, - деп абышка сөзүн аяктап жатып: - Сен эртең жаңы машинелүү болосуң, - деп кошумчалады.
Абдыкапар үйүнө келип болгон окуяны апасына айтат. Апасы ага ишенбейт. Эртеси жумушка барса автобазанын жетекчиси чакырып, колуна жаңы ГАЗ-53 машинесинин ачыкычын тапшырат. Аркы дүйнөнүн бир четин көрүп, периштелердин сөзүн уккан аксакалдын ички сезими ойгонуп, көзү ачылып, Кудайды тааныган.
Элибиздеги "Оорубаган адамдын Кудай менен иши жок" деген сөз ошондон улам айтылса керек. Оорубастан эле Кудайды таанысак болмок, бирок пендечилик кылып, байлыкка, бийликке маашырланып, өзүбүздү жогору сезип, башкаларды теңсинбей калганыбызда, Кудай өзүнүн бар экендигин пендеге билгизип, оору берип коет экен. Ошондон кийин гана жалынып-жалбарып шыпаа сурай баштайбыз. Ооруп калгандан кийин сакайыш кыйын. Оорубай эле Кудайдын жолунда таза жүрүп, ибадат кылып, ак эмгектенсек, өзүбүзгө да, бала-чакабызга да, элибизге да жакшы болот. Ар бирибиз жалпы эл үчүн кызмат кылууга, боорукер болууга жетишишибиз керек. Анүчүн Кудайды чын дилден таанып, түбөлүк жашоо жөнүндө көбүрөөк билип, ал жакка барууга даярданышыбыз керек. Жалпы адам баласын ыйманга чакырамын, ар бир инсан рухий тазалоого муктаж.