Апилмажун ТЕМИРАЛИЕВ
Кантип ийгиликке жетсе болот?
Дайым ийгилик жарата алган адам гана коомго, үйбүлөгө, досторго, жек-жааттарга, кызматташтарга, элге керектүү.
(Батыш ишкерлеринин накылы)

(Башы өткөн санда)
Адам кантип материалдык жактан бай боло алат? Бай адам адамдарга пайдалуубу? А мамлекеткечи?
Адегенде ушул суроого жооп издеп көрөлүчү. Кыргызда "Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы. Жесе да май жакшы, жебесе да май жакшы" деген сөз бар. Анысы кандай?
Бай адам бардыгына пайдалуу:
Ал салык төлөйт, салыктан пенсионерлер, кызматчылар, армия - баардыгы камсыз болот.
Бош жүргөндөргө иш берет, алар үйбүлөсүн багат. Салык төлөшөт, соцфондго чегеришет, элге дагы пайдалуу.
Байлыкка жетүү оңой эмес. Баюу үчүн анын ордуна бир нерсе берүү керек. Бекер эч нерсе жок. Ошон үчүн эң оболу абдан ойлонуу зарыл. Баюу үчүн алгач ага бара турган жолдун ачкычын таап алып, анан эшиктерин бирден ача баштаган оң. Рухий жактан, материалдык жактан байыш үчүн үч нерсенин эшигин ачыш керек:
Чың ден соолук. Биринчи байлык - ден соолук, экинчи байлык - ак жоолук, андан кийин он соолук деп кыргыздар айтчу.
Сүйүү жана анын романтикасы. Сүйүү - чоң түшүнүк: мекениңди сүйүү, ата-энеңди, бир туугандарыңды, адамдарды сүйүү, эң негизгиси - аялдын эркекке, эркектин аялга болгон сүйүүсү.
Достук - бул башка адамдар менен бири-бирин түшүнүп, ынтымакта жашап, достукту андан ары улантуу.
Жашоонун алтын эрежеси - адамдар бири-бирине жакшылык гана кылуу. Атүгүл жамандык ойлобоо зарыл. Эгер жамандык кылсаң, жаман сүйлөсөң, бул терс кубат сөзсүз келип кайра өзүңө тиет же сөзсүз бала-чакаңды каардайт.
Баюунун омоктуу пайдубалдары
Байлыкка жетүүнүн
13 кадамы бар:
Каалоо (тилек). Бай болуу үчүн аны аябай каалоо керек (көксөө).
Ишеним. Адам бай болом деп ишенүүгө да милдеттүү. Бай болуудан мурда "Байыйм!" деп ишенүүсү зарыл.
Өзүн-өзү ишендирүү. Эгер адам өзүн антүүгө даярдабаса эч качан бай боло албайт.
Бай болуу үчүн атайын адистик билим болгону оң.
Кыялдануу. Сен адегенде кыялыңда байыгын. Андан соң аны акылга салып, ишке ашыр. "Сарт санаасы менен байыйт" дегендей, оболу санааңда укмуштай бай болуп, анан ошол ойлогон ой-санааңды бир четинен турмуш тажрыйбасына сала баштасаң, байлык өзүнөн-өзү агылып келе баштайт.
(Уландысы бар)





Адам ЖЕКСОН
Сүйүүнүн он сыры
(Башы өткөн санда)
- Сүйүү үчүн, чындап сүйүү үчүн адамды түшүнө билүү, сыйлай билүү керек. Анын жыргалчылыгы үчүн чын дилден кам көрүш керек. Бул алма кошуп жасалган таттуу токочко окшош.
- Мунун менен эмне айткыңыз бар? - деп сурады жигит.
- Сиз кандай деп ойлойсуз, алма кошуп бышырылган токочту карап туруп, анын даамын билүүгө болобу? - деп жооп берди карыя.
- Мүмкүн эмес го дейм. Даамын татып көрүш керек да.
- Албетте. Башкача айтканда, сиз анын тышы кандай экенин гана билбестен ичин да көрүшүңүз керек, ошондойбу?
- Ооба.
- Ошол эле нерсе адамдарга да тиешелүү, - деп түшүндүрдү карыя. - Тышкы келбетин карап эле алдыңызда турган адамдын кандай экенин билүү мүмкүн эмес. Бирөөнү чындап сүйүш үчүн анын ички дүйнөсүн - табиятын, жан дүйнөсүн көрүү керек. Айрым нерселерди көз менен көрүү мүмкүн эмес. Чоң тамгадан башталган сүйүүдө эң негизги нерсени жүрөк менен гана көрүүгө болот. Мына ошондуктан түбөлүктүү сүйүү мамилелери жөн эле кокустан боло бербейт, алар жолу болгондуктун да натыйжасы эмес. Алар өстүрүлөт, өрчүтүлөт жана бекемделет.
- Кантип? - такып сурады жигит.
- Бала кезимде апам мага сүйүүнүн алтын эрежесин үйрөткөн, - деп түшүндүрдү карыя. - "Ал өтө жөнөкөй" дечү апам. "Эгер сени чындап сүйүшсүн десең, өзүң да сүй". Ар бирибиздин сүйүүгө, сүйүктүү болууга жана жашообузда чыныгы сүйүү мамилелерин түзүүгө жөндөмүбүз бар. Дал ошон үчүн кимдир-бирөө сүйүүсүз жашоо каалаганы өтө өкүнүчтүү.
- Минтип айтканыңыз кандай? - каршы болду жигит карыяга кайрылып. - Кантип кимдир бирөө сүйүүсүз жашоону кааласын?
Карыя жигиттин көздөрүнө тике карады да, мындай деп жооп берди:
- Кээ бирөөлөр ажырашуу, жоготуу азабын тартпаш үчүн сүйбөй коюуга аракеттенишет.
Жигит бул сөздөрдү укканда бети албырып, тамагы буулуп бара жатканын сезди. Карыя анын оюн окуп койгондой, ыңгайсыз боло түштү.
- Ишенип коюңуз, - деди карыя, - сүйүү ар бир адамга келиши мүмкүн, бирок ал тандоо жасашы керек.
Карыя кошуна үстөлдө отуруп бир нерсени кызуу талашып жаткан жубайларды көрсөттү.
- Мына сиздин алдыңызда жакшы мисал. Бул эки адам сүйүүдө жеңүүнү эмес, талашта жеңишке жетүүнү каалашат. Жашоо тандоолорго толо. Биз туура болууну же сүйүктүү болууну тандасак болот; биз кечирүүнү же өч алууну тандай алабыз; биз жалгыз болууну же коомдо болууну тандай алабыз. Мунун баары биздин тандообуз. Жашоодо сүйүүсү жок адамдар көп учурда жашоосундагы бул абалын атайын же байкоосуздан өздөрү тандап алышат.
- Адамдар жашоодогу абалын өздөрү тандашабы? - деп кайталады жигит.
- Сөзсүз. Жашоонун кайсы баскычында болбоңуз, жашоо шартыңыз кандай гана болбосун, аны сиз тандап алгансыз. Жалгызсызбы же жокпу, бактылуусузбу же бактысызсызбы, бирден бир себеби - аны сиз өзүңүз тандагансыз! Аны өзгөртүү да сиздин колуңузда! Көп адамдар өз жашоосундагы сүйүүнү бирөөнөн тапканда гана аны жолуктурууга болот деп жаңылыш ойлошот. Алар өмүрүндөгү ошол жалгыз адамга жолукканда гана сүйүүнү сезем деп эсептешет. Чынында алар алгач өздөрүндөгү сүйүүнү тапмайынча эч убакта айланасындагы адамдардан сүйүү таба алышпайт.
Биз жашоого эмнени берсек, ошону гана ала алабыз. Мамилелер бизге сүйүү апкелбейт, биз мамилелерибизге сүйүү киргизебиз. Биз сүйгөндү үйрөнгөндө гана сүйүүгө ширелген мамилелер жаралат. Андыктан, ар бир адам сүйө алат жана сүйүктүү боло алат, жашоодогу абалы кандай гана болбосун - чыныгы сүйүү мамилелерин түзө алат.
(Уландысы кийинки санда)
Англис тилинен түз которгон Жыпариса ЖӨКҮШЕВА