Жарыктын караңгылыгы

Энерготармактагылар 100 000 сомго чейин маяна алышчу
Уруйпа СУЛАЙМАНОВА,
"Дипломдуу бухгалтерлердин институту" коомдук бирикмесинин башкаруучусу, Кыргыз экономикалык университетинин профессору


Кыргыз Республикасындагы 5 млн. элди алаканга салып багып алса болот. Анүчүн бир эле шарт бар, ал - ичип-жегенди жок кылуу. "Балык башынан сасыбай", жогору жак таза болсо эле экономика оңолот. Экономиканы канткенде көтөрөбүз, ал үчүн кандай иштерди жасоо керек?
Эң биринчи кезекте инвентаризация жүргүзүп, бүгүнкү баа менен өлчөп, өлкөбүздө канча каражат, байлык бар - ошону так, туура эсептеп чыгаруу керек. Анүчүн таза, туура комиссия түзүп, өлкөнүн так балансын чыгаруу керек. Деги эле экономиканын негизин так, туура эсеп-кысап түзөт. Ушуну жолго коюп алсак, түшүп жаткан кирешенин багыты мамлекеттик казынага (бюджетке) багытталса, тескери кетпей өлкө өнүгөт. Экономиканы жаңы, таза барактан баштоо керек.
Эң жөнөкөй эсеп-кысап: экономиканын кыр аркасы, өзүбүз өндүрүп жаткан электр тармагында миллиарддаган сомдор (долларлар) талаага кетип жатат. Бизде дүйнөдөгү эң арзан электр энергиясы өндүрүлөт. Өкмөт 40 тыйынга чейин чыгымдардын түзүлүшүн бере алат. Андан өйдөкүсү - таза пайда. Мисалы, өлкөдө 1 млн. үйбүлө жашайт дейли. Ай сайын ар бир үйбүлө свет үчүн орточо (минималдуу) 10 доллардан төлөйт. Бир айда 10 млн. доллар, бир жылда 120 млн. доллар. Мындай тармак эч качан кыйроого (банкротко) дуушар болушу мүмкүн эмес.
Стратегиялык маанидеги бул тармак ар дайым мамлекеттин гана менчигинде турушу керек. Ал эми аны эң арзан сатып жиберген Данияр Үсөнов бүгүнкү акыбалды билип туруп, элдин башын жөн эле айланткан. "Түндүкэлектро" мекемесинин эл аралык стандарттар боюнча анык баасы (справедливая стоимость) 360 млн. долларды түзөт (тартылган зымдарды 1 кг металлоломдун баасында алганда). Ошондуктан ортодогу чыгаша баа, же экономикалык термин айтканда, терсгудвилл (же бедвил) 357 миллионду түзөт. Бул мамлекетке жасалган чыккынчылык эле. Кыргыз элин Кудай колдоп (90го жакын балдардын каны менен) бул тармак мамлекеттин колуна кайрылды.
Бийликтегилер электроэнергия тармагын башында эле төрт компанияга бөлүп, анын ортолоруна ортомчу (Айдардын "Абигаль" деген компаниясындай) компанияларды киргизип, өзүлөрүнүн чөнтөктөрүн кампайтып турушкан. Ал "Абигаль" деген компания кийин атын өзгөртүп "Ситихолдинг", "Бишкекэнергокомплекс" ж.б. болуп кубулуп турган. Бирок, заты баягы эле ортодон акча чогултмай эле. Бул тармакта иштеген чоңдор элдин түшүнө кирбеген 50 000-100 000 сомго чейинки маяналарды алып иштеп келишкен. Компаниялардын канчалык саны көп болсо, ошончолук башкаруучулар да көп болот да. Анын үстүнө бул жерде көмүскө экономиканын көлөмү аябагандай чоң. МАИ кызматкерлериндей эле булар дагы ар бир контролерго тапшырма берип, жалган актыларды түздүрүшүп, элди кыйнап келишкен. Азыр эми электроэнергия өндүрүү жана сатуу ишканаларын кайра бириктирип, бир чоң ишкана түзүп, анын алдында өз алдынча чакан мекемелер менен административдик башкаруу кызматындагы чыгымдарды абдан азайтуу керек. Бул үчүн мыкты менеджмент зарыл. Сырттан окуп келип, элге кызмат кылам деген жаштарга берүү керек, элдин, аксакалдардын көзөмөлү астында.
Д.Үсөнов айткан 1,5 сомду алалычы. Өлкөдө өндүрүлгөн 15 млрд. квт. саатка көбөйтсөк, 22,5 млрд. сомду түзөт. Бул Кыргызстандын бюджетинин үчтөн бир бөлүгү. Анда айыл чарбасы, ошондой эле орто жана кичи бизнес сыяктуу башка тармактар кандай иштер менен алектенет? Ошон үчүн Даниярдын жомогун жокко чыгарып келгенбиз буга чейин деле.
1 квт. электрэнергиясынын баасында 20 тыйындан амортизациялык чегерүүлөр олтурат. Бул бир жылда бошогон акча, анын көлөмү тармак боюнча 50 млн. долларды түзөт. Кийинки он жылда 500 млн. доллар, ага сырттан келген 500 млн. долларды кошсок, 1 млрд. доллар кана? Жабдуулар эскирди деп жанын жешет, бул акчалар максаттуу колдонулса эле эл эч бир кыйналбай жашайт эле. Бакиев Кыргызстандын элине тезек тердиртип коюп, ошол эле маалда энергияны сыртка арзан баада сатып жатпадыбы?! Биздин өлкөдө элге 50 тыйындан электроэнергиясын саткан менчик ишкана бар. Өзүнүн ишин буга чейин коомчулукка жеткирбей келген. Ушул ишкананын иш тажрыйбасын бардык тармактарга таратып, эл азыркы бийликти колдоп, пайдаланган энергияга өз убагында толук төлөп турса, экономикабыз өйдөлөйт. Энергия жогоруласа, башка тармактын да продукциясы кымбаттап атпайбы. Ошондуктан, мүмкүн болушунча электрэнергиянын баасын төмөндөткөнгө аракет кылыш керек. Анүчүн ички резервдер бар экени белгилүү.
Кыргызстандын экономикасын оңдош үчүн бажы кызматындагы чогултуулар казынага толук түшүш керек. Мисалы, Кытай менен биздин эсептин айырмасы 50-100 эсеге чейин болуп жатпайбы. Ушул тармактагы өзүбүздүн жеке эсептөөбүздө, кирип-чыккан жүктөрдүн 1 килограммын 1 доллардан баалаганда эле 1 жылдык 1 млрд. доллар эсепке кирбей жатат. Ушуга окшогон ак, кара жана боз түстөгү 3 бухгалтерияны жоготуп, бир гана так, туура эсеп-кысапты жүргүзгөндө, өлкөдөгү коррупция жоголор эле. Анүчүн темирдей бекем эрк гана керек. Азыркы убактылуу өкмөттүн жетекчилигинен ушуну гана талап кылабыз. Темир Сариев өзү түбү бухгалтердик эсеп адистигин бүтүргөн, ошондуктан андан үмүтүбүз зор.
Кыргызстандын 20 жылдык эгемендик убагында сырттан келген инвестициялар кандай пайдаланылды? Ушуга жооп берчү адис табылар бекен? Келген каражаттын көп бөлүгү кайра эле ошол мамлекеттерге, алардын эксперименттерине төлөгөнгө сарпталчу. Алар чындыгында биздин экономиканы каалаганындай эле башкарышты, каалагандай талкалашты. Мурунку бийлик жергиликтүү адистер айткан сунуш-пикирлерди эч бир кабыл алышкан эмес. Бакиевдер эл аралык аудиттерге текшертип жатабыз дешпедиби. Алар болсо кандай заказ берсе, ошондой жыйынтык чыгарып беришет да. Мыкты адистер өзүбүздө да жетиштүү. Аларды ишке тартып, элим-жерим деген, каны-жаны менен кыргыз мамлекети үчүн күйгөн адистерди пайдалануу керек. Биз убагында финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын кыргыз тилине которолу, кыргыз тилинде салык кодексин жазып берели, элге, адистерге, эң башкысы экономикага пайдасы тие тургандай деп министрликтерге кайрылып келдик. 2005-жылы өкмөткө бардык, көйгөйлөрдү жазып жибергенбиз. Уккан киши болгон жок. Азыр дагы ой-пикирибизди билдирүүгө даярбыз. Убактылуу өкмөт өлкөгө стабилдүүлүк орнотуп, экономиканы оңдоого киришет деген ойдобуз.
Деги эле өкмөттүн структурасын башкача түзүү керек. Чакан Кыргызстанга мынча чиновниктин кереги жок. Башка өнүккөн мамлекеттерде башкаруучулар үчүн бюджеттин 5-10%ы гана кетсе, бизде 30%ы жумшалат. Бир эле бухгалтерди тескеген 3 мамлекеттик орган бар: финансы министрлиги, финансы рыногун көзөмөл кызматы жана улуттук банк. Бизден чоң Россия, Казакстан мамлекеттеринде деле бул иштерди бир эле финансы министрлиги тескейт. Ошондуктан, бизде чиновниктердин армиясын азайтууга мезгил жетти.