"Сөөк алмашып кетип, Заирбекти эки жолу көмдүк"

"Балам ай, алтыным ай, жетпей гана калдым го балама, балам бир баладай болсочу… Көкүрөк күчүгүм эле, ары өтсө да, бери өтсө да эркелеп, өпкүлөп турчу эле. Дегеле балдарыман башкача эле…" деп Заирбектин апасы Ишебүбү эже боздоп олтурат. Жанындагы келини Ажар жаштайынан кара жамынып, кичинекей кызын кучактап, сүйүктүү жарынан ажырады. Заирбек экөөнүн баш кошконуна бир жылдан жаңы ашкан. Жаш үй-бүлө Бишкекте жашап, Заирбек ушул жылы университетти бүтүрөм деп турган.

Ишебүбү Кадырова, апасы:
- Контрагын төккөнү Бишкекке барып, бир нече күндөн бери шаарда болчумун. Ошол 7си күнү эртең менен шашып эле келинчеги Ажарды, кызын мага кошуп айылга салып жиберди. "Ой, эмне мынча шашып атасың, Ажар эмнеге айылга барат?" десем, "Үйдө жалгыз отурганда эмне кылат эле, кызым да таза сүт ичип келсин, шаардын сүтү башкача да, мен артыңардан эле барам" деди. Андан да ошо күнү эртең менен бөлмөсүнө кирсем, бешиктеги кызынын бетин ачып алыптыр да, экөө аябай тиктешип туруптур. Демейде бетин ачса эле күлүп ойгончу кызы телмирип тиктейт. "Алдагынын уйкусу ачылбай атат го, эмне бетин ачып алдың?" дегем. Көрсө, периштеси сезген турбайбы. Ажар да айтат, "мени да ошол күнү бир башкача караган" деп. Митинг болорун билбей гана калбадымбы. Качан таксиге отуруп, шаардан чыккандан кийин уктум. Дароо эле Заирбекке телефон чалсам, албай койду. Көрсө, ошол митингге барайын деп, мени укса жибербейт деп корккон тура.
"Мама, кыйналбаңызчы, быйыл окуумду бүтөм, кабагыңызды бүркөлтпөйм" деп жаркылдап турчу. Өзгөчө болчу, өзү ачка болсо да жанындагы жоро-жолдошторуна колунан келгенин берип, же "бере туруңузчу" деп менден акча алып берип, муктаждыкта жүргөндөргө жардам бере албаса жаны жай алчу эмес. Окуучулук кезинде активист эле, мектептин билим министри болгон. Кыздар-балдарды уюштуруп эле жүрчү. Азыркы окуган жеринен да келип куран окутуп кетишти, "Жакшы бала болчу, окуу жайдагы музейге атын беребиз, Заирбекти унутпайбыз" дешип. Жаштыгына, жаныман заматта алдырып жибергениме күйөм…
Башынан эле Бакиевди жаман көрчү: "Элди кыйнады, жоготсок болот эле" деп. Өзү жоголуп кетпедиби, Бакиеви болсо качып кетти, ага балдардын өлүмү баары бир. Убалы уктатпасын, ылайым балдарынан айрылып мендей болуп сыздап калсын! Ошончосу жүрүп, аны эмне качырып жиберишти, ушу бир кишиге алдары жетпейби?! Жанагы берген акчаларынан көрө мендей болгон энелерге ошону апкелип жазаласа ыраазы болуп калбайт белек… Канга тойбогон акмак, гүлгүндөй балдарды канга боеп гана баса берди… Апкелип соттойт дейт, ай ким билет, ишенбей калдым…

Эрегул Сапитов, атасы:
- Заирбек КГУСТАнын архитектура бөлүмүн быйыл бүтмөк. Айла жок… Андан да Заирбектин сөөгү башка таластык баланын сөөгү менен алмашып кеткени жаман болбодубу. Экөөнүн алган жарааты, аттары, туулган жылдары, өңү-бети да коендой окшош экен. Мен баш болуп, эки улуу агасы, апасы кирип көргөнбүз да, Заирбек эле болчу. Көрсө экөө аябагандай окшош экен. Ошол 7-апрелде кайнимдин бөлөсү да жоголуп кетет. Ал ошону издеп жүрүп моргго барат. Барса эле төрт өлүктү көрсөтүшөт. Улам беттерин ачып карап отуруп, акыркысын ачса эле Заирбек жатат дейт. А бул убакта биз Заирбекти көөмп койгонбуз. Нес болуп отуруп калдым дейт. Көрсө, биз балабыз деп көөмп койгон таластык жигиттин бутунда тырыгы бар экен, Заирбектин болсо колунда тырыгы бар болчу. Ал жигитти туугандары ошол бутундагы тырыгы менен издеп жүрүшүптүр. Кайним биз көөмп койгон баланын сөөгүн телефонуна тартып алган экен. Ошол сүрөттү көрүшүп, тырыгынан таанышып, Заирбектин сөөгүн жүктөп алып келишпедиби. Ырым-жырымын жасап, мүрзөдөн кайра сөөктү алып чыгып бердик. Ошондон кийин анан Заирбекти узаттык.




"Качпагыла, кыргыздар, эртең кеч болуп калат!"

Жолдошбек Кудайбергенов 2000-жылдан бери Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштеп аткан. Ал 3-4-5-курстун студенттерине "Политическая культура", "Тоталитаризм", "Этнополитология" сыяктуу сабактарын окутчу. Чет өлкөдөгү жашап, иштеп жүргөн кыргыз жарандарына күйүп, укугун коргочу. Ишинен тышкары спорт менен машыгып, мыкты футболчу, бильярдчы эле. Комузда да кол ойнотчу.

Чогуу иштегендери "Мындай адам чанда туулат, бул ашыра мактоо эмес, ал ушинтип айтууга татыктуу" дешет. Анын сөөгү 10-апрелде "Ата-Бейитке" коюлду. Биз Жолдошбектин атасынын биртууган иниси Кушубек Кудайбергеновдун үйүндө болдук. Ошол күнү жалпы Орток айылы мектепке чогулуп, Жолдошбекке куран окутушуп, ысымын мектепке ыйгарышыптыр.


Кушубек Кудайбергенов, агасы:
- Жолдошбек биртуугандарынын эң улуусу болчу. Улуу небере болуп, чоң ата, чоң энесиникинде биз менен чогуу өстү. Атасы мугалим болчу, көзү өтүп кеткен. Жеңем азыр шаарда. 7си күнү түштөн кийин контордон келип эле Жокиге телефон чалдым. Өчүк экен. Инисине, шаардагы өзүмдүн балама, кызыма чалдым, баары эле албайт. Дагы бир кызыма чалып: "Айтчы балдарга, мага чыгышсын" дедим. Кечки саат 8де кызым чалып: "Ата, жакшыбыз, анан да чалам" деп эле телефонду коюп койду. Ошо боюнча байланыша алган жокмун эч кимиси менен. Телевизорду тиктеп отургандан башка айла жок. Эртеси саат 11лерде Жокиден кийинки иниси телефон чалып: "Байке, кайрат кылыңыз, Жоки байкемди кечээ атып кетишиптир" дейт. Соткам колуман ыргып, эмне кылаарымды билбей калдым. Мектепке, туугандарга чуркаттым. Жарым сааттан кийин кайра чалышты: "Ортокко апкелели деп атканбыз, анан кайра бул жерге "Ата-Бейитке" коюлмай болду, сиз келе калыңыз" деп. Ошентип шаарга жөнөп кеттик.
"Замандаш" партиясынын тышкы миграция боюнча координатору болчу. Алардын жайгашкан жери так эле аянттын түбүндө, "Илбирсте" эмеспи. Таластагы тополоңду укканда эле жини келип аткан дешет. "Илбирстен" чыгып, митингдеги элдин алдында жүрүптүр. Ок атыла баштаганда эл качыптыр, ошондо "Качпагыла, бүгүн албасак, эртең кеч болуп калат" деген экен. Анын акыркы сөзү: "Кыргыздар, качпагыла, коркпогула!" деген кыйкырык болду дейт биртууган иниси. Ок оң бетине тийиптир. Жанында турган аксылык жигит Мамакеевдин ооруканасына жеткирген экен. Жакындарынан бирөө-жарым чалып калар деп Жокинин телефонун колуна көтөрүп жүрсө, анысынын заряды өчүп калат. Үйүнө келип, телефонун сайып койсо Жокинин апасы чалып калып атпайбы. Чоо-жайын угушкандан кийин издеп таппай коюшат. Анан ошол оорукананын бир столунда Жокинин сааты жатыптыр, бул сааттын ээси каякта деп сураштырып, акыры моргдон табышат. Анан мага чалып атышпайбы. Шаарга баргандан тарта "Ата-Бейитте" жайын даярдаштым. Узун бойлуу эле. Казып койгон жайы тарыраак экен, "кенен жатсын, дагы казгыла" деп, ал жердеги балдарга дагы бир аз чоңойттурдум. Жаткан жери жайлуу болсун, эмне кылабыз эми… Элден айланып кетсе болот. Бу Орток бүт эле көчүп барды. Эми минтип жалпы куран окутушуп, мектепке Жокинин ысымын беришти.

Каным Медербекова, жеңеси:
- Өзү аябай билимдүү, максаты бийик бала эле. Аялы Анара да өзүнө окшоп билимдүү, азыр эл аралык уюмда иштейт. АКШнын Техас штатына барып эки жыл окуп-иштеп келишкен. Кызы Шоола 3-класста окуйт. Адамдын баарына бирдей мамиле кылган жароокер, тайманбаган эр жүрөк бала эле. Дегеле элдин баары аны жакшы көрчү. Кочкор районунан барган студент балдардын көбүн окутуптур. Биздин балдарыбызга да шаардан баш-көз болуп турчу эле. Биз үчүн аябай эле оор кайгы, орду толгус жоготуу болду...

7-апрелде курман болгон жигиттерибиздин саны 85. Алардын 26сы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине коюлушту.
Биз Коомдук комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев менен байланышып, курман болгондордун үйбүлөлөрүнүн 71ине өкмөт тарабынан 1 миллион сомдон берилгенин, калган үйбүлөлөр менен байланыш боло электигин билдик. Бул жардамды ала электердин арасында биз жогоруда жазып кеткен кочкорлук үйбүлөлөр да бар. Ал эми демөөрчүлөр, ассоциациялар тарабынан берилген 20 миң сомдон 83 үйбүлө алып, дагы эки үйбүлөнүн колуна бул акча жете элек. Бул маселе боюнча маркумдун жакындары 0 705 30-08-82 телефонуна байланышса болот.

Салтанат КЫДЫРМАЕВА, Канышай БЕШБАЕВА