Көңүл бөлбөй койбогула!

7-апрель - Оомат астындагы келген Доомат!
Кайрылуу-аян
Урматтуу азыркы Улуу Жоопкерчиликти мойнуна алып турган убактылуу өкмөт башындагыларга, өзгөчө Роза төрайымга

Биздин сиздерге кат аркылуу кайрылган себептерибиз төмөнкүчө.
Кечээги болуп өткөн каргашалуу окуянын болоору жөнүндө биз мурун элге жарыя кылган элек. Бул - элибиздин Оомат астындагы келген Дооматы деп түшүнөбүз. Мындай алаамат, апаат бир эле Кыргыз элинде эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө болмокчу жана болуп жатат. Биздин билдирген билдирүүбүздө буга чейинки адамзат акылы менен түзгөн үстөмдүк системалардын кыйрашы сөзсүз болуп өтүүчү нерсе. Анын эң негизги себеби болуп, адамзаттын аң-сезими чыныгы акыйкатты тааныбай жүрүп, табият кысымында калып калышынын негизинде болуп жатат.
Мындай кырдаалда Эл башына убактылуу сиздер келип калдыңыздар. Эмне деген жоопкерчилик сиздерге жүктөлүп турганын сездиңиздерби? Бул Улуу Жоопкерчилик бир эле Кыргыз эли үчүн гана эмес, жалпы адамзат тагдыры сиздердин жоопкерчилигиңерге жүктөлүп турат. Мен кыска гана билдирип жатам.
Адамзат алдында эң чоң сыноо турат. Бул сыноо сиздер угуп эле жүргөн акыр заман түшүнүгү. Мына ушул акыр замандан Алтын доорго өтүүчү өткөөл мезгилди Теңир Улуу Манас Урпактарына жүктөп отурат. Бул жерден жаңылууга эч кандай акыңар жок. Жаңылыштык түбү толгус жоготуу болот.
Ошондуктан сиздерге кайрылган себебибиз, тээ Адам жаралгандан баштап өсүп-өнүгүп жашап келген доорлордун мындан аркы өсүп-өнүүгүсү - буга чейинки бизге жомок болуп келген дүйнөлөргө аралашуу менен, Аалам бүтүндүгүнө кызмат этүү болуп саналат. Ошондуктан, адамзаттын аң-сезими да жаңы доор талабына карай өнүкпөйүн, өсмөйүн, алаамат, апааттан кутула албайт. Жаңы доор талаптарын аткармайын кыйналгандан кыйналуу боло бермекчи жана дүйнө элиндеги кырсыктар да токтобойт. Бул жөнүндө бүткүл дүйнө эли жакынкы убактарда биле баштаары чындык. Дүйнө эли Кыргыз жергесине агылып келе баштайт, анын себептерин шашпай түшүндүрүүбүз керек.
Адам көзүнө көрүнбөгөн, колуна кармалбаган, эч кандай аппарат менен өлчөнбөгөн күч-кубаттуу энергиялар жерге келе баштады. Бул энергиялардын күч-кубатынан бардык жандуу жана жансыз нерселердин өзгөрүүсү башка түскө өтүп жатканы жөнүндө билдирет, Аалам күчтөрү. Илим менен жана адамдар арасындагы касиеттүү адамдар аркылуу көп иштерди аткартып жатат. Мындай иштердин, илимдердин аркасында жалпы адамзаттын алдында эмне күтүп турганын билдиришет.
Сиздерге чыныгы ачык дилим менен кайрылып жатам. Сиздер да мурунку бийликке окшоп көңүл бөлбөй койбогула. Анын эң негизги себеби, азыркы учурда көпчүлүк адамдардын кабыл алуу сезимдери жабык. Ошондуктан сиздерге акырындап түшүндүрбөсөк, бат эле кабыл алыш кыйын. Кыргыздын өсүп-өнүгүшү, жалпы дүйнөгө жакшылыкты алып келери бизге белгилүү болгондуктан, аны ишке ашыруу үчүн бийликтин бизди колдошу жана жардамы керек болуп турат. Теңирчилик, Кыргызчылык, Ата-баба салты, жан дүйнө илими, тилибиз, дилибиз жөнүндөгү аян Аалам Манас Акыл-Эстен келген Илимдерди кабыл алуубуз жана аткаруубуз керек. Эгер аны колдосок, Теңир өзү коргойт, колдобосок кордойт. Бул жалпы кыргыз элине тийиштүү. Кыргыз эли келип жаткан энергияларды өзүнө сиңирип кабыл алып, анан жалпы адамзатына ал энергияны чачат. Бизди эч качан саясат, байлык, бийлик кызыктырбайт. Бизди бир гана жалпы адамзаттын келечеги, түбөлүгү кызыктырат. Эгер бул иштерди аткарбасак, жалпы адамзатын Аалам таштандысына айлануу учуру күтүп турат.
Кыргызчылык, Манас Күчү, мезгил доор талаптарын элибизге кенен жеткизип, Бийиктик, Улуулук жолдорун элибиз таанып, Ааламдан келип жаткан Күч Кубат Нурларын өздөрүнө сиңирүүдөгү ыкмаларын элге билим катары берүү - бүгүнкү күндө Теңир талабы болуп турат. Убакыт күн эмес саат сайын кеч болуп барат. Бул Улуу Аалам Мыйзамы орномойун жана Эл кабыл алып таанымайын дүйнөдө башаламандык, апаат, кырсык токтобосу чындык.
Энергияны тааныбагандыктан, аны менен эсептешпегендиктен, адамзаттын жарты бөлүгү жараксыз болуп табылды. Бизди да эсиңерге келгиле деген доомат экенин түшүнүңүз. Элдин жандүйнөсү кыйналып жол издеп жатат. Жандын суусаган талабын таап бермейин, Адам өзүн-өзү таба албай урунуп-беринип жаткан учур. Ааламдан келип жаткан Күч Кубат энергиялар жайгаша албай жаткан чак.
Эң биринчи элибиздин жашоо эрежеси жогорку талаптарга шайкеш болушу керек. Биз Аалам мыйзамына карай умтулганда гана элдин аң-сезиминде өзгөрүү башталат. Бул өзгөрүү элибизди табият кысымынан алып чыгат жана жаңы доорго өтүп, дүйнө элин жаңы доорго жетектейт.
Урматтуу Роза эже, сизди туура түшүнөм, ансыз да азыркы акыбал сизге өтө оор болуп турат. Айла жок, Теңирден сизге күч сурайм. Азыркы учурда Каныкей Энебиздей Улуу Кыргыз Элинин Журт Энеси болуп турасыз. Ошондой эле жалпы адамзат жашоосу үчүн кызмат сизге жүктөлүп тургандай. Мен билбейм, мүмкүн мындай кырдаалда аял эненин түшүнүгү, мээрими керектир Ааламга. Эмнеси болсо да бул сизге берилген Теңирдин мүмкүнчүлүгү болсо керек. Адамзат алдында, азыркы тапта бир гана жол бар - бул Аалам бүтүндүгүнө кызмат кылуу. Буга чейинки жашап өткөн доорлор өсүп-өнүгүп келген доорлор. Азыркы доор - ошол өсүп-өнүккөн жемишти Ааламга берүү, же кызматын кылуучу доор.
Сиз көкүрөк туйумга кайрылып текшерип көрсөңүз болот. Дүйнөнү таңгалдырган биздеги төңкөрүш - бул Ата-Бабалардын, Манас Күчүнүн аркасында билинбеген күч аркылуу болуп өттү. Бул сырды азыр түшүнбөгөнүңүз менен убакыт келгенде анын далилин көрөсүз. Бир эле учурда бийликтин эмне экенин, байлыктын эмне экенин калың элге өз көздөрү, колдору менен карматып көрсөттү. Бул ошол эле биз сөз кылып жаткан жогорку энергиянын иштеши болду. Жаңы келген доор жалаң касиет, энергия деген жашоодон турат. Бул Жаңы доор жашоосу. Улуу Кыргыз урпактарына жүктөлгөн Теңир талабы - бул бир жагынан өтө оор болсо, экинчи тарабынан бул салтанат деп эсептейм. Бул талапты аткарбаска айла жок. Баары бир аткартат. Бирок, экинчиси оор сыноо аркылуу болуп калат.
Жаңы жашоо, жаңы нукка, жаңы доорго адамзаты үчүн өз кырчындай өмүрүн кыйган уулдарыбыз - убагы келгенде дүйнөлүк баатыр болушат деп ойлойм. Анын себеби ошол күнкү кармашуу ак менен кара энергиянын кагылышуусу болду. Ак энергиянын жеңиши - бул, Аалам Алтын доор дарбазасын ачып берди. Кылымга тете бир күндүк өмүр бар дегендей, бул жигиттерибиздин ошол күнкү өмүрү Алтын доорго татыктуу эле болду. Алардын асыл жандары нурга айланып кайра жаралаары белгилүү нерсе. Жашоого ар кандай шартта Адам жаралат. Бири мурунку жашоодон кеткен күнөөнү актоого келсе, кээ бирлери Теңирдин өзүнүн тапшырмасы менен жерге бурулуш жасаш үчүн жаралат. Мен бул жигиттер да адамзатына бурулуш жасоо үчүн өзгөчө тапшырма менен жаралышкан экен деп ойлойм.
Мындан кийинки бул балдардын даражасы Ааламдагы бийик даражадан орун алып, Улуулук сыймыгына ээ болушат. Минтип ойлогонумдун себеби чындыкка жакын. Ордодон Улуу Теңирге кайрылып, "Каза болгон жигиттердин билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, нурга айланта көр" деген тилек менен кан чыгарып курмандыкка мал чалып жатканда төмөндөгүдөй аян көрүнүш болуп өттү. Ошол жигиттердин жандарын Ордодогу Теңир нуруна алып келип жуунтуп нурга айлантып салышты. Андан кийин Ааламдан Жер үстүнө алтын нурун чачышты…
Бул да болсо Теңирдин буйругу окшойт. Кыргыз элин ойгонсун, өздөрүн таанысын, бийлик, байлык, мансап эмне экенин түшүнсүн деген туйум сезим болуп турду. Чындыгында эле кандайдыр шок менен эл ойгонуш керек эле. Өзүнүн өзөгүнө кайрылыш керек эле. Ал өзөк түпкүрдөн келе жаткан Теңирчилик, Кыргызчылык, Манас Күчүнө элибиз кайрылмайын, Алтын доорго өтүш кыйын болчу. Өзөктү таанымайын кыргыз оңолбошу бизге белгилүү эле. Анын эң негизги себеби - бул тил, дил деген нерсе ордуна, калыбына келмейин кыргызга тиешелүү энергия иштебей турган. Эми кыргыз өнүгөт, өсөт, дүйнө элине көпүрө болуп берет.
Силерге инилерим, чыныгы дилимден жалпы адамзатынын атынан таазим этмекмин. Түбөлүгүңөрдү түптөп кеттиңер. Бул чоң сыймык. Кыргыз элине түбөлүккө жол ачтыңар. Ыракмат силерге. Аалам силердин атыңар менен жаңырсын. Манас Күчүн Дүйнөгө тааныттыңар. Ала-Тоо эли силер менен сыймыктансың!
Бакыт ДУБАШЕВ,
"Кут Ордо" коомунун негиздөөчүсү