Абалга абай салып…

Элдин сезимине ойнобогула
Алмамбет МАТУБРАИМОВ, коомдук ишмер

Бүгүн коомдун баардык катмары болуп өткөн өзгөрүүлөрдү жана өзүлөрүнүн келечегин кызуу талкуулап жатышат. Бирок, азыркы абал деле мурдагы нугу менен кетип бараткандай.

Анда деле Бакиевди жалпы эл колдогон эмес, болгону Акаевдин бийлигине каршы турган, азыр деле Убактылуу Өкмөттүн жасап жаткан иши жана документтери көпчүлүк элге түшүнүксүз бойдон калууда. Сырттан караганда эле алардын иштери маңызсыз, ойлонулбай, кеңешилбей шашылыш түрдө жасалып жатат деп ойлоого негиз берет.
Мисалы, №1 декреттин 2-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонуп Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктары менен милдеттери Убактылуу Өкмөткө жүктөлөт" деп айтылган. Бирок, Жогорку Кеңештин негизги милдети мыйзам чыгаруу эмеспи, андай болсо, эмне, УӨ мыйзам чыгарабы?
Декреттин 3-пунктунда "Жогорку Кеңештин 4-чакырымы шайлоо мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу, ушул эле декреттин негизинде таркатылат" деп жүрөт. Кайсы сот, жана кандай себептердин негизинде шайлоону мыйзамсыз деп тапты? УӨ бийликтин калган сот бутагынын милдеттерин мойнуна жүктөп алган жокпу? Эгерде ЖК мыйзамсыз болсо, депутаттардын мыйзамсыз иштерине чыгымдалган жана аларды кармап турууга кеткен каражаттарды мамлекеттик бюджетке төлөтүп алышса туура кадам болор эле.
6-пунктта да так эместиктер бар экендиги көрүнүп турат: "убактылуу" деген эмне, кандай шарттарга, кайсы мөөнөткө? Же УӨ дагы бир өзгөртүү киргизгенге чейинби? Азырынча, убактылуу - бул өтө кыска мөөнөт. Бирок, баары бир өздөрү мамлекеттик түзүлүш бузулбайт деген декретине ойлонулбаган өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат. Бийликтин аткаруу бутагынын түзүлүшүн өзгөртүү, кээ бир министрликтерди кыскартуу жана кээ бир министрликтерди жаңыдан түзүү боюнча УӨ мүчөлөрүнөн сунуштар түшүп жатат.
Ошол эле декреттин 13-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын УӨ декрети менен бекитилет" деп айтылган. Бирок бул жалпы элдик референдумдун жыйынтыгынын негизинде жасалыш керек эмеспи. Конституциянын долбоору боюнча, элдин эмне деген чечим кабыл алаарын билбей туруп, шайлоо өтүүчү күндү мурдатан эле белгилеп коюуга Убактылуу Өкмөткө укукту ким берди? Мындай кыска мөөнөттүн ичинде Конституцияга киргизилген өзгөрүүлөрдү терең түшүнүп, кабыл алып жана туура добуш берүү мүмкүн эмес. Ойлонууга убакыт бербей, толук кандуу туура чечим кабыл алдырбай, добуш берүүгө мажбурлагандай сезилет.
Мүмкүн, окуянын өнүгүп кетишинин башка бир жолдору пайда болуп кетиши ыктымал. Ошондуктан мамлекеттин коопсуздугун эстен чыгарбашыбыз керек. Бизге барыдан мурда мамлекетүүлүктү сактоо керек. Конституциянын проектисинин элге сунуш кылынган бирден бир түрүн шайлоочулар кабыл албай койду дейлик. Анда анын башка түрлөрүн сунуш кылууга туура келет, ошентип чексиз кете бериши мүмкүн. Анткени УӨ жаңы Конституция боюнча мыйзамдуу шайлоо өткөрүлмөйүнчө бийликтен кете албайт. Эгерде проект элдин көпчүлүгүнө жакпаса, мындай жол менен эч качан кабыл алынбайт. Демек, УӨ өзүнүн диктатордук укугу, тажрыйбасыз жетекчилиги жана тартипсиздиги менен узак мөөнөткө кала берет. Дегеле бул акаевдин, бакиевдин жана азыркы бийликтин элге тандап алууга мүмкүнчүлүк бербей, добуш берүүнү жасалма түрдө өткөрүүсү, элди шайлоо укугунан ажыратуусу көнүмүш адатка айланып бара жатат.
Мезгилдин талабына ылайык жаңы Конституциянын бир нече долбоору элге сунушталышы керек эле. Парламенттикпи, президенттикпи, же бийликтин аралаш түрүнбү - Кыргызстандын жарандары өздөрү тандап алышмак. Өткөн бийликтердин кетирген катачылыктарына карабастан, УӨ өз элине мындай мүмкүнчүлүктү бербей жатат.
Сөз келгенде айта кетейин, Бакиевге качып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришип, аны кайра кайтарып берүүнү сурашканы түшүнүксүз. Соттун чечими чыга электе эле аны кылмышкер деп таап жаткан УӨ ишин да туура деп айтуу кыйын.
Эгерде баардыгын ырааты менен айта турган болсок, анда мындан беш жыл мурдагы окуянын кесепеттерин толук ачып көрсөтүшүбүз керек: ким эмне кылган, ким эмне үчүн жооп берет? Баардыгына күнөөсүнө жараша жаза бериш керек. Акаев да кылган кылмышы үчүн жооп берсин. Аксы окуясында биринчи жолу күнөөсүз кан төгүлгөн. Ошол учурдагы экономикалык жактан келтирилген зыяндар азыркыга чейин толугу менен эсептелип, тергелип бүткөн жок. 2005-жылкы талап-тоноолор үчүн азыркыга чейин эч ким жооп берген жок. Элге келтирилген зыяндар мамлекеттик бюджеттин, башкача айтканда мыйзамды сыйлап, салык төлөгөн жарандардын эсебинен төлөнүп берилген. Эмне үчүн? Мүмкүн Бакиев Акаевдин жакын кызматкери жана жасалган кыянатчылыктарда, эң акыркы ролду ойнобогондугу үчүн болуп жүрбөсүн? Же УӨ кийинки тартипсиздиктер үчүн бизди күнөөлөйт деп коркуп жатышабы? Буга кимдер күнөөлүү, бардык катачылыктар үчүн ким жооп берет? Жооп берер адамдар болор бекен? Карапайым элдин көкшүнү сууп, талабы аткарылар бекен? Деги, тартипсиздикке жана талап-тоноолорго, келтирилген зыянга, моралдык жана материалдык чыгымдарга ким жооп берет, баягы эле кыйналган элби?
Кадрлар маселеси боюнча да Убактылуу Өкмөткө көп суроолор туулуп жатат. Алар эмне, демилгелүү жана шылуун адамдарды билимдүү, иш билги кызматкерлердин ордуна коюп койсо болот деп ойлошобу? Азыркы кызмат орундарына дайындоолордон улам ошондой деп айтса болот. Албетте, бул жерде партиялашы же чогуу бир мекемеде санаалаш болгондору, тааныш жана тууганчылыгы барлар эсепке кирген жок. Мыйзамсыз түрдө саясый иш орундарынан гана эмес, жөнөкөй эле мамлекеттик кызматтардан да негизсиз бошотуп жатышат. Көп жылдык иш тажрыйбасы бар мамлекеттик кызматкерлердин ордуна партиялаш адамдарын, туугандарын жана жердештерин кызматка коюшууда. Албетте, бул элдин нааразычылыгына алып келип, жаатташтыкты жана аймактардын ортосундагы карама-каршылыкты күчөтүүдө.
Иштеп жаткан Конституциянын 8-беренесиндеги төмөнкү 5-пункт жөнүндө эмне айтсак болот: "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана партиялык институттардын кошулуп кетишине, мамлекеттик ишти партиянын программасына жана чечимине баш ийдирүүгө жол берилбейт". Кээ бир убакта Убактылуу Өкмөттүн иш аракети Конституциянын бул жобосуна төп келбейт.
Шашмалык жана кур намыскөйлүк УӨ жетекчилерин өзүмбилемдикке алып келүүдө. Карап турсаң, кызматка жаңы келгендердин бардыгы СДПК, "Ата-Мекен" жана "Ак Шумкар" партияларынын өкүлдөрү экендиги билинүүдө. Анүстүнө бир эле кызмат орду бир күндүн ичинде бир нече жолу ар кайсы партиялардын өкүлдөрүнө колдон-колго өткөн учурлар да болууда. Бүгүн министр, губернатордон баштап айыл өкмөтү, мекемелер, мектеп директорлоруна чейин кызмат орундарын алмаштыруу жүрүп жатат. Буга кызматкерлердин мурдагы бийлик тарабынан коюлгандыктары негиз болгону менен, алардын иш тажрыйбасы, билими, иш билгилиги жана эл арасындагы абройу эске алынбай жатат. Бул өч алуубу, же бийлик тарабынан керектүү мекемелерди басып алуунун аракетиндеги кадимки эле рейдерликпи? Мындай болсо, мурдагы бийлик менен азыркы бийликтин ортосундагы ажырымды айрып билүү кыйын болуп калат го. Бул саясат эмес, бул жөнөкөй эле адам укугун бузгандык жана тебелегендик болуп жатпайбы. Ар кандай кызмат орундарына адистиги туура келбеген, тажрыйбасыз, иштеген жеринде сыйы жок өз тилектештерин коё берүү Убактылуу Өкмөткө эч кандай аброй алып келбейт.
Убактылуу Өкмөттүн бийликке келишине 2010-жылдын 17-мартында өткөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн курултайынын чечими негиз боло албайт. Курултайда кыймылдын уюштуруу комитети түзүлүп, ага белгиленген мөөнөткө чейин, алардын чечимдерин иш жүзүнө ашыруу милдети жүктөлгөн. Курултайга канча киши катышканы да белгисиз, делегаттарды каттоо жүргүзүлгөн эмес, аларга эч кандай укук берилген эмес жана алардын укугун эч ким бекиткен эмес. Ал эмес ошол эле курултай курамы, 14 кишиден турган уюштуруу комитетине бийликти тартып алып УӨ түзүү милдетин жүктөгөн эмес. Алар болсо азыр эле бийликтин эки бутагынын укугун колдоруна алышып, бийликти тартып алуунун элементтери менен Конституцияга жатпай турган жолдорду колдонуп мамлекетти башкарып жатышат. Жок дегенде юридикалык жана адамгерчилик этиканы сактап, Акүйдүн жанында жүргөн, балдарынан жана жолдошторунан ажыраган ата-энелерден, элден жана жаштардан өздөрүнүн жасап жаткан иштерине колдоо сурап коюшса болмок. 10 000 адам катышса да, 17-мартта өткөрүлгөн курултайды жалпы элдик деп ким айта алат? Өз тилектештери берген укуктун чегинен чыгып, УӨ мүчөлөрү бийликти тартып алганы кийин чыгып калып жүрбөсүн?
№1 декреттин "Кыргыз Республикасында бийлик элдин каалоосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө өтөт" деп айтылган 1-пункту шектүү көрүнөт. Анткени, Кыргыз эли өз каалоосун жалпы элдик добуш берүүнүн негизинде гана билдире алат. Элдин бир кичинекей тобу жалпы элдин атынан сүйлөөгө, башкарууга мыйзам ченеминде укуксуз. Башкача айтканда, бул пунктту белгилүү бир шарттарда негизсиз деп айтууга болот.
Убактылуу Өкмөттүн колдоого арзый турган бирден-бир кадамы - дайыма бийликти колдоп, элге, Конституцияга каршы чечимдерди чыгарып келген чуулгандуу Конституциялык сотту жоготуусу. Бул органды жоготууга анын мыйзамсыз иштери негиз болгондон кийин, ошол мыйзамсыз иштерге катышкандыктары үчүн анын мүчөлөрү жоопко тартылышы керек. Антпесе, бул жөн эле өч алгандык болуп калат. Бардык нерседе ырааттуулук керек. Эгерде ар кимдин күнөөсүнө жараша жыйынтык чыгарып тиешелүү жаза берилсе, элдин ишенимине ээ болушат. Бирок, элдин сезимине көп эле ойной бербеш керек. Мисалы, Бакиевдин учурунда пенсияны көбөйтүү, мектептердеги төмөнкү класстын балдарына бекер тамак берүү менен элдин кээ бир катмарынын көңүлүн алымыш болушкан. Ошол эле убакта алар мамлекеттик деңгээлдеги кызматты кыянатчылык менен пайдаланып, элдин жакырланып, тонолуп баратканын эсепке алышкан эмес. Көрүлгөн чаралар да Бакиевди өткөн окуядан сактап кала алган жок. Элдин сезимине ойноо болбой тургандыгы тастыкталды.
Азыркы абалды толук талдап чыгып, кетирген кемчиликтерди оңдоонун чараларын иштеп чыгууга мезгил жетти. Бул жерде алдыңкы жаштар жана прокуратура үчүн толтура иштер жатат. Жаштарга коомдук-экономикалык жагынан өсүп-өнүгүүгө жол беришибиз керек.
УӨ бийликке келе албай жатып эле, элге мамлекеттик түзүлүштүн парламенттик түрүн сунуш кыла баштады. УӨ мүчөлөрүнүн айтымына караганда, бул маселе чечилип калгандай көрүнөт. Бирок, бул чечимди өлкөнүн жарандары кабыл алыш керек. Эмне үчүн биздин өлкөдө партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери эл үчүн чечим кабыл алышаары түшүнүксүз, алар болгону жалпы элдин 1 гана пайызын түзөт.
Чечимдер эмненин негизинде кабыл алынып жаткандыгын да түшүнбөйбүз, аларда логика жоктой көрүнөт. Түшүндүрмөлөрү жана жолдомолору башаламан. Мунун бардыгы даярдыксыз орнотулган диктатурага окшоп кетет. Мындай ойлоого негиз бар. №1 декреттин 2-пунктунда "Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алганча, 2007-жылы 21-октябрда жалпы референдум кабыл алган Кыргыз Республикасынын Конституциясы юридикалык күчүндө кала берет" деп жазылып турат. Ошол Конституциянын 2-беренесинин 2-пунктунда мындай деп айтылган: "Эч кандай элдин бир бөлүгүнүн, эч кандай уюмдун, же бир адамдын мамлекеттик бийликти ээлеп алууга укугу жок". Ошол Конституция өз күчүндөбү? Күчүндө болсо эмне кылуу керек?
Р.S.