Күйүттүү күндөр

"Манас" чогулткан, согушка катышкан, репрессиядан запкы тарткан ардагер Сапарбай

Сапарбаева Айканыш Керим кызы, мугалим

Жылдарды карытып, Улуу Жеңиштин жаркыраган 65-жазы да жаңырды. Нечен миллиондогон адамдардын каны-жанынан, көз жаш менен азап-тозокторунан жуурулуп келген жексур фашизмди жер жүзүнөн биротоло жок кылган ушул Улуу Жеңиш болбогондо - азыркы муундар, биз бул жарык дүйнөгө жаралат белек, ким билет.

9-Май Улуу Жеңиш күнү - ыйык күн, өзгөчө майрам! Бул күндүн мен үчүн да бөтөнчө мааниси бар. Башы бүтүн, боору эсен үй-бүлө калбаган ушул алаамат согуш жылдарында элди Улуу Жеңишке жеткирген эр жүрөк жоокерлердин арасында менин чоң атам - Сооронбай уулу Сапарбай да бар эле.
"Өмүр бизден өтүп кетсе - эл эмгектен эскерсин" деп Аалы акыныбыз айткандай, чоң атам жөнүндөгү азыраак кабар Сагынбай Орозбак уулунун варианты боюнча жарык көргөн "Манас" эпосунун баш сөзүндө, окумуштуу илимпоз С. Мусаевдин макаласында айтылат. Мага чоң атам Сапарбайдын тагдырын, өмүр жолун даанышман жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Кылым каарытар бир күн" романындагы Абуталип Куттубаев деген каармандын прототиби кылып жазып койгондой туюла берет. Сапарбай чоң атам туурасындагы учкай сөздү эли-журтума айтпасам, көптөн бери кутула албаган карыз өңдөнүп, жан-дүйнөмдү эзип келет. Эмесе, сөз башынан болсун.
Сапарбай орто чарбалуу, момун Сооронбайдын төрт уулунун экинчиси болгон. Кичинесинин адамга жугумдуу, ачык мүнөзү, зээндүүлүгү менен өзгөчө экен. ХХ-кылымдын башында Октябрь төңкөрүшүнөн кийин эл али кат сабаттуу боло элек кез. Азыр кыргыз элине аттын кашкасындай белгилүү Ишенаалы Арабаев Ч. Айтматовдун Дүйшөнү сымал бала окутуп жүргөндө, тагдыр буюруп, чоң атам Сапарбай да андан билим алат.
1922-жылы окумуштуулар чогулушуп, "Манас" эпосунун варианттарын манасчылардан жазып алуу иштерин баштамакчы болушуп, кат-сабаттуу жигиттер керек болгондуктан И. Арабаевге кайрылышса, "Нарындагы Он-Арчанын жээгинде Сапарбай деген жүүнү тирүү, тың жигит бар, ошол жарайт" деп чоң ишке кошуптур. Ошентип, манасчы Сагынбай Орозбак уулун Кочкордон алдыртышып, К. Мифтаков, Абдырахманов баштаган чакан топко чоң атам да кошулуп, айыл-айылды, жайлоо-кыштоону кыдырып, эл аралап "Манас" айттырышат. Ал кезде азыркыдай магнитофон, үн жазгыч техника кайдан. Кирген суудай күпүлдөп, төгүлүп-чачылып, эргип токтоосуз "Манас" айткан залкар Сагынбайдын ар бир сөзүн илип алып, арабча кагаз бетине түшүрүү, чындыгында канчалык зор эмгек? Куржун-куржун кол жазмаларды ат-көлүккө жүктөп, борборго жөнөтүп, суукта тоңуп, ысыкта чаңкап дегендей, ошол түйшүктүү ишти (азыркы биз үчүн опол-тоодой маанилүү) илимпоздор менен кошо мойундап, чоң атам үй-бүлөөсүнө кайыл болуп, иштин өтөөсүнө чыккан.
Эпосту жазып алуу жумуштары төрт жылдан ооп, 1926-жылы аяктаган. Андан кийин коллективдүү чарба уюштуруу өнөктүгү келип, кокту-колоттон эл жакага түшүп, толуп жаткан түмөн түйшүктү жеңип, жаңы турмушту курушуп, жакшы жашоого эми жетебиз деп тилек кылып жатканда, Батыштан фашисттик Германия кан күйгөн алааматты баштабадыбы?
"Эр жигит - эл четинде, жоо бетинде" дегендей, 365 миң кыргызстандык жоокердин катарында чоң атам Сапарбай да колуна курал алып, карыган ата-энесин, алган жарын, кызыл чие балдарын оорукка калтырып, кан майданга 1941-жылдын август айында аттанат. Алматыдан атайын даярдыктан өткөн соң, 1941-жылдын ноябрында фронтко кирет. Эки жолу оор жарадар болуп, айыгып чыккандан кийин 1944-жылы Батыш Украина фронтунда согушуп жатып контузия алып, капилеттен колго түшөт. Батыш Германиянын концлагерлеринде болуп, көрбөгөн азабы калбайт. Согуш аяктаганда союздаштар - америкалык аскерлер миңдеген туткундарды бошотушат. Ошентип, 1946-жылы сентябрда чоң атам туулуп-өскөн айылы Он-Арчага аман-эсен кайтып келет.
Бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө эл менен бирге эмгек кылып, бригаданы баштап, күжүрмөндүүлүгүн көргөзөт. Кийинчерээк дүкөнчү болуп иштейт. Эл жоону жеңдик, эми бейпил турмушта жашайбыз деген таттуу үмүт менен жашап жатканда сталиндик баягы каргашалуу репрессия кайрадан баш көтөрүп, Ч. Айтматовдун каарманы Абуталип Куттубаевге тийген эпкин Сапарбай чоң атама да жетиптир. Эки күндүн биринде райборборго чакыртышып НКВД жан койбоптур. "Сен чыккынчы болгонсуң, эмне үчүн өзүңдү-өзүң атып өлгөн жоксуң?" деп адилетсиз кемсинтишип, майору баштап кордошкон. Ошондогу көргөн кордук-зордуктун айынан чоң атамдын армандуу үнү кудайга жетсе керек, 1960-жылдын 12-мартында 59 жашында дүйнөдөн өткөн.
Чоң атамдын иниси Узакбай бир колунан айрылып келсе, кичүү иниси Ажыбай - 17 жаштагы чырактай жигит кеткен бойдон кан майдандан кайтпай калган. 1941-1945- жылдарда болуп өткөн теңдешсиз тажаал согуш биздин үй-бүлөгө да ушундай так калтырган.
Чоң атам Сапарбай Бүбүзуура чоң энем экөө жети уул, беш кыздуу болушкан. Уулдары: Шаакерим, Керим (менин атам), Абдырасул, Кылычбек эл агартуу жагында (алды 45-50 жыл) эмгек өтөшүп, элдин урмат-сыйына ээ болушкан.
Нарын өрөөнүндөгү карыялар чоң атамды "Сапарбай колу ачык, пейли кенен, барпаңдап сыйчыл адам эле" деп азыркыга чейин эскеришет. Мен анын эли-журтуна өтөп кеткен өрнөктүү өмүрү менен сыймыктанам. Айрыкча, дүйнө эли таң калган алп "Манас" дастанын Сагынбай манасчынын вариантын да жазып алуу не деген зор эмгек?! Кыргыз элинин руханий байлыгы, гүл азыгы болгон "Манас" эпосу жакында (С.Орозбаковдун вариантында) кайрадан басмадан жарык көрдү. Китептин салмагы 7 кг, бийиктиги 14 см түзөт.
Бала ата-эне алдында кандай милдеткер болсо, чоң ата, чоң энеге, тайларга небере андан көп карыз, себеби, анын атасын, энесин жаратып, адам кылгандар - ошолор. Бул макаланы жазуу менен мен чоң атамдын рухунун алдындагы парзымды аз да болсо аткаргым келди. Ал адам көзү тирүү болсо, быйыл 109 жашка чыкмак.
Ылайым, бизди ата-бабалардын рухтары түз жолго баштап, эл-жерибизде өсүп-өнүгүү жана тынчтык болсун!