Манас - кыргыз руху

Өлүгүн алып, жер суубады
Сөөгүн көөмп, эл суубады

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, коомдук ишмер, журналист

1971-жылдын май айынын башында Саякбай ооруканада жатат дегенинен ал-жайын билип, көрүп келейин деп Кыргыз эл акыны Абдырасул Токтомушев барып калат. Оорусу катуу болуп, киши тааныбайт, эс-учун билбейт. Бирок, күңгүрөнүп Манас айтып жаткан болот. Доктурлар, абалы бүгүнтөн баштап өтө оордогонун, бирок оордогон сайын куюлтуп Манас айтып киргенин айтышат. Анан түнү бою кобуранып Манас айтып чыкканын коңшу палатадагы жазуучу Николай Уралов да угат.
Бир укмуш айтат. …Сокурдун көзүн ачып ийчүдөй. …Чагылганды колго кармап алып асманды тилип жаткандай. …Жер тоголонуп бараткансып. …Дайраны артка агызып жаткандай. …Ааламды алаканга салып алып, ачып-жуумп калчап жаткандай. …Муңу менен музду эритип жаткандай.
…Дайым жакшылыкка кечигип келген кыргыз, дайым жакшы адамдын касиетин бир күн кеч түшүнгөн кыргыз, бу жолу да кыргызчылыгын кылып, Сакеңдин соңку сөзүн жаздырып калганга бир адам болбоду. Аттигиниң!
Кайран Сакең!
Эстен танса да, акылдан танса да Манастан танбаганын караң!
Оо, Кудайдын кудурети!
Өлүп баратып да оозуна Манасты оозанган Саякбай!
Өмүрүнүн эң соңку көз ирмеминде өмүр кымбат болбой Манас кымбат болгон. Өмүрдөн да улуу бул не деген керемет күч!
Өлүп баратып керээз айтпай Манас айтканын караң!
Манас өлүмдөн да күчтүүбү?
Өлбөй кал Манас, өлбөй кал!
Өмүр! Ашып кетсе жүз жыл болор. А Манас миң жылдап келатпайбы. Өмүр менен Өлүмдү тоотпогон өлбөстүк сыңары.
…Акылмандын кебине, …алптын күчүнө, …байдын дөөлөтүнө баш ийбеген Сакең эми ушу бир болбогон өлүмгө баш ийип калыптырбы! Ал жеңилбес. …Бүтпөс. …Көөнөрбөс. …Түгөнбөс.
Адам баласы өлүп баратып кыйналат, ооруйт. "Эне" деп кыйкырат. Эчак өлгөн энесинен жардам сурайт. Же тамчы суу сурайт. Ошол тамчы суу өмүрүн узартчудай сезилет. Эс-акылы ордунда болсо керээзин айтат. Дүйнөсүн бөлүштүрөт. Ал эми өлүп баратып "Манас" айткан Саякбайды кантип түшүнсө болот. Манасы менен жашап, Манасын туу тутуп, Манаска гана баш ийип, калган дүйнөнү кыпындай көрбөгөн Сакең өзү да Манастай жашады. Албуут. Бийик. Парасаттуу. Өлүп баратып Манас айткан не деген касиет. Акылга сыя бербеген көрүнүш.
Кимибиз, кайда, качан, кантип көз жумабыз, эч ким билбейт. Ал тагдырдан. Кимдир бирөө эң соңку көзүн ирмеп баратып баласын ойлойт, сүйгөн жарын ойлойт, артында калган дүнүйөсүн ойлойт. Анан өлүп баратып Манасты ойлогон Саякбай өзү мага Манастай туюлат. Тирүүсүндө өлбөчүдөй сезишкен адамдар акыркы ирет Манасты угуп алсын дегенби? Же алакандай аз, аттын кашкасындай кичине кыргыз элим Улуу Манасты тумардай тута жүрсө эч качан кемибейт дегенби.
Эң соңку ирет шолоктоп Манас айтып жатып нени ойлоду экен, нени төктү экен? Табышмак. Куду түбүнө эч ким жетпеген Манас океаны сыяктуу.
Өлүп баратып Манас айтканы, Саякбайдын өлүмгө жеңилбеген эрдиги, баатырдыгы.
Денеси жерде калды, үнү, руху, жаны көккө кетти оболоп.
Дин китебинде айтылат: "Эң ириде сөз болгон" деп. Сакең өз өмүрү менен далилдеп атпайбы, адам көз жумгандан кийин да эң соңунда сөз калганын. Өлбөс. Өчпөс.
Аттигиниң, ошентип күпүлдөп Манас айтып жатып Сакең көз жуумп кете бериптир.
Улуу манасчыны жерге жашырган күнү Асман ыйлап турду.
Саякбайдын сөөгүн соңку сапарга узатып жатканда Чыңгыз Айтматов көрүстөн башында туруп: "Ай, таң, ушул улуу адамдын кадырына жеттик бекен?" деген үшкүрүгү бүгүнкү күнгө дейре кулагыбызга угулуп тургансыйт.
Канкор Манас өлгөндө
Калк жыйылып көктөмдө.
Карагай ыйлап, тал ыйлап
Калың журттун баары ыйлап,
Алтымышта кары ыйлап,
Алтыдагы жаш ыйлап,
Арак ичкен мас ыйлап…
деп Сакең өзү боздогондой, топурак салганы келгендер кылкылдап турду. Өрт жүрөгү сокпой калды. Кумайык улуп, Ак шумкар боосун тытып, кудум Айкөлүнөн ажырагандай болду.
Өлүгүн алып, жер суубады.
Сөөгүн көөмп, эл суубады.

Жок, андай адам өлбөстүр.
Кайран Сакең, өзү өлсө да үнү менен тирүүлөргө таасир берип келет. Рух берип келет. Энергия берип келет. Денеси гана өлөт. Руху кайып болуп кайдадыр кеткен сыңар. Ошон үчүн Саякбай тиги дүйнөдө жөн жүрбөй жаш манасчылардын түшүнө кирип, Манас айттырып жүрөт. Аян берип келет, өзү Алп Баатыр сындуу.
Мамлекет деген сөз кымбат. Бирок кыргыз тарыхында мамлекет жок болуп кеткен замандар болгон. А Манас эч убакта жок болгон эмес. Манас аркылуу мамлекет болуп жаралган элбиз. Манас касиети менен гана кул болордо эл болгонбуз. Кум болордо көл болгонбуз. Шондуктан Манасты колдоо мамлекеттик парз болуусу ылаазым.
…Өмүрү бир гана күн жашап чиркей өзүн бактылуу сезет экен.
…Бир гана түгөй тапканча жарыкчылык көрүп көпөлөк өзүн чексиз бактылуу сезип, бакытка балкыйт экен. Андай болсо, 77 жыл жашап, анын дээрлик алтымыш жылын кыргыз элин Манас кереметине бөлөп жашаган, анысы го анысы, анан өлүп баратып да Манасты даңазалаган, Манасын оболоткон Саякбай бактылуу эмей, анда ким бактылуу?
Ар бир кыргыз, мейли ал кыргыз тилин анча билбесин, кыргыз салтын чала-бучук билсин, мейли жалкоо болсун. Баары бир анын жүрөгүндө Манас бар. Демек, жаман кыргыз жок. Улуу кыргыз бар. Улуу Манас бар. Аны уламада улап айткан Саякбай бар. Демек, баары түбөлүктүү. Күндөлүк өмүр гана, тирлик гана…
Чаңдуу жерде чым жараткан Саякбай,
Чөлдүү жерде көл жараткан Саякбай!
Сакең өзү жомоктон жаралып, кайра өзү жомокко айланып кеткендей.
Тигине, чокусуна Күн уялап, мөңгүгө чагылышып Теңир-Тоонун ак кар, көк музу жатат чулу алтындай уюп. Ошону көрүп жашоо кандай бакыт. Ал түбөлүктүү.
Анда Теңир-Тоонун кокту-колотунан торолуп, оргуштап сан миң булагы агып чыгып Улуу Нарын дайрасын түзөт. Кыргыздын денине кан болуп, жашап да, жашатып жаткан да ошо. Ал түбөлүктүү.
Дал ошол сыңары Улуу Манас дастаны да, аны бир башкача обон салган Саякбай да түбөлүктүү. Кыргыз жүрөгү согуп турганда, кыргыз көзү көрүп турганда, кыргыз кулагы угуп турганда, кыргыз сезими туюп турганда Саякбайдын Манасы дайым жаңырып турар. Азаттыкка улам үндөп. Манасты даңазалап. Кыргызды өлбөс кылып.
Манас кыргызга тете жашаса, Саякбай Манаска тете Манас айтты. Шондуктан ал Манастын Саякбайы. XXI кылымдын чоросу.
…Жаны чыгып баратып да Манас айткан Саякбай! Бу эмне, талантпы? Жок, андан да бийигирээк. Эч бир адабиятчы - бу фольклордун күчү деп мени ынандыра албайт. Же болбосо эч бир медик бу оору деп мени ишендире албайт. Космоско жеткизген илим, атомдук бомбаны ойлоп чыгарган илим, бирок кеменгер Саякбайдын бу касиетин түшүндүрүп берүүгө илим али алсыз.
…Бирин чокундуруп, …бирин сыйындырып, …бирин намазга жыгып, …кай бирлерин фанат кылып жиберип аткан диндин күчү да мунун жандырмагын чечмелеп бере албас. Ушундай эмеспи, Сакең өзү айтмакчы.
Бул башкача күч. Такыр башкача касиет! Манастын касиети! Муну түшүндүрүп айтуу мүмкүн эмес. Сезүү гана керек.
Денеси өлүп жерде калды. Руху болсо кайып болуп көккө кетти. Саякбай өлбөдү. Манас кайда деп сурасаң кыргыз баласы көктү карап ойлонот. Демек руху көктө. Дал ошол сыңары Саякбайдын руху Улуу Тоолордун бийигинде дастан айтып жүргөндөй.
Тоолор өлбөйт. Алар түбөлүктүү. Ал тоолорду аралап Манастын Саякбайы өлбөстүр. Тоолор карыйт. Манас болсо карыбайт. Сакеңдин айгайлаган үнү төрөлө элек наристелер үчүн да угулуп турар. Мен ошого ишенем. Манас бар жерде Саякбай жашап жүрө берери чындык эмеспи.
Сакең Манас айтып жатса кыргыз өлбөстүк үчүн ант берип жаткандай сезилет мага…
Биз кыргыздар, эгерде бу дүйнөдө таланттардан жалгыз эле Саякбайды жараткан болсок, ошонубуз үчүн эле бу ааламда улут болуп жашоого акыбыз бар.

Ушуга чейин Манасты толук угуп бүттүм деген кыргызды кездештире элекмин. Улуу дастандын дагы бир жери айтылбай калгандай. Түпкү сыры али ачыла электей. Ошон үчүн ал бүтпөс жомок.
Кыргыз кыргыз болуп төрөлгөнү не деген дөө-шаалар, баатырлар, зор таланттар өттү да кетти дейсиз. Эгерде ошол көзү өтүп кеткен маркумдардын ичинен бир эле кишини кайра тирилтүүгө Жараткан мүмкүнчүлүк берсе, анда мен ойлонбой туруп эле Саякбай Каралаевди кайра тирилтүүбүз керек деп айтаар элем…
Түбөлүк жашаң, Айкөл Манас Руху!