Друиддер төлгөсү

Багыңды ачсын балкитеп!
Друиддер токойго, дарактарга өтө зор маани берип, изги мамиле кылып изилдеп чыгышып, адамдар менен дарактардын ортосунда табигый окшоштуктар бар экенин, арбир адам дарак сыяктуу эле мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ болуп, денесине жакшыны да, жаманды да сыйдырып, жашоонун өзүнчө бир шартына муктаж болуп турарын жазып чыгышкан. Андан бери эки миң жылдан ашык убакыт өтсө да, жаныбарларга тиешелүү балкитеп менен кошо дарактар балкитеби да адам тагдырына байланышкан божомолдорду тескөөдө өз салымын кошуп келет.


Алма: 22-декабрь - 1-январь; 25-июнь - 4-июль.
Көккарагай (Пихта): 2-январь - 11-январь; 5-июль - 14-июль.
Каражыгач (Вяз): 12-январь - 24-январь; 15-июль - 25-июль.
Кипарис (арча тобундагылар): 25-январь - 3-февраль ; 28-июль - 4-август.
Терек: 4-февраль -8-февраль; 5-август - 13-август.
Картас: 9-февраль - 18-февраль; 14-август - 23-август.
Кызылкарагай: 19-февраль - 28-29-февраль; 24-август - 2-сентябрь.
Мажүрүмтал: 1-март - 10-март; 3-сентябрь - 12-сентябрь.
Липа: 11-март - 20-март; 13-сентябрь - 23-сентябрь.
Жержаңгак: 22-март - 31-март; 24-сентябрь - 3-октябрь.
Четин: 1-апрель - 10-апрель; 4-октябрь - 13-октябрь.
Зараң (клён): 11-апрель - 20-апрель; 14-октябрь - 23-октябрь.
Жаңгак: 21-апрель - 30-апрель; 24-октябрь - 2-ноябрь.
Жасмин: 1-май - 14-май; 3-ноябрь - 11-ноябрь.
Каштан: 15-май - 24-май; 12-ноябрь - 21-ноябрь.
Акчечек (ясень): 25-май - 3-июнь; 22-ноябрь - 1-декабрь.
Граб: 4-июнь - 13-июнь; 2-декабрь - 11-декабрь.
Инжир: 14-июнь - 23-июнь; 12-декабрь - 21-декабрь.
Эмен: 21-март - Күн менен Түндүн жазгы теңелүүсү, Нооруз күнү
Кайың: 24-июнь - Жердин Күнгө жайкы тушташуусу.
Маслина (акчечектер уруусу): 23-сентябрь - Күн -Түндүн күзгү теңелүүсү.
Бук (эмендер уруусу): 21-22-февраль -Жердин Күнгө кышкы тушташуусу.

Четин
(1-апрель - 10-апрель; 4-октябрь - 13-октябрь.)
Илмийген кейпинин арыжагында байымдуу турпат турат. Сүйкүмдүү жана назик, кылаалап басканынан эле аны алыстан тааныса болот. Шайырлыгынан эмес, өзүн кармай билгенинен өңүнөн жылмаюу кетпейт. Артыкчылыгын айгинелей билет, үлпүлдөтө кийингенди жакшы көрөт. Табити мыкты.
Өзгөргөн шартка тез көнүгөт. Өзү куржалак калса да, жакындарыма жакшы болсун дейт. Өзүмчүл эмес, бирок "дүйнөгө түркүк" болмою бар. Өз алдынча болгону менен, көзкарандылыкка алдырып жиберет. Ошентсе да өз алдынча жашагысы келет. Жоопкерчилиги жогору болгондуктан, болгон ишке өзүн күнөөлөй берет. Аны менен баарлашып, алака түзүү кыйын. Карапайымдык жетишпейт.
Тышкы таасирлерге берилчээк, сулуулукту жакшы көрөт, калыс, жайдары. Ага ардайым таянса болот. Кээде аңкоолонуп, төбөсүнө мингизип алат. Сүйүү дегенде аянбайт, бирок ошончону талап кылат. Сезимди дайым текшерип турат, ошондуктан аны алдай албайсың.
Четин сатпайт. Жеке турмушу абдан бакыбат. Эртеңкинин камын жейт. Алдынала ойлонуп иш кылгандыктан, аны менен турмуш курсам дегендер четтен табылат. Акылынын убайын көп көрөт. Күнүмдүк ишке белчесинен батып, кээбир ишин аткаралбай калат. Четин белгисинде төрөлгөндөр сезимтал, акылдуу, кыялкеч, боолгогуч, жалпылаштырганга маш келет.
Четин белгисинде төрөлгөндөр: Зараң (клён)
(11-апрель - 20-апрель; 1
4-октябрь - 23-октябрь)
Тыкан, жасанып-түзөнгөн, кээде кылыктанмайы бар. Бака-шака жерде көп болот. Модадан кур калбайт. Залкарлардын катарына кирбейт. Күч-кубат деген мол, денсоолугу мыкты, чарчаганды билбейт. Кайда болбосун кашкайып алдыда. Өзүнчө жүргөндү жакшы көрөт. Табиятында өткүр эмес. Токтоо болсо да, дүнүйө көздөп эмес, турмуштук кызыкчылыктан улам тобокелге көп барат. Үйгө камалганды жек көрөт. Жаңы кишилер менен таанышсам дегенде эки көзү төрт. Кишилерди сыр төктүргөнгө маш. Сырыңды алдырып койсоң, коркпо - ал башканын жоругун жорубайт да, сырын жайбайт.
Адатта, ойго келбеген укмуш пландарды түзүп алат. Жаңылык дегенде жанын үрөйт, жаңы ойлорду кош колдоп колдойт, бирок өз оюн дайым эле ишке ашыра бербейт. Кең жайган торунан майнап чыгарганды жакшы көрөт. Уят-сыйытты жыйыштырып коймою бар. Көпчүлүктүн пикирин сүйбөйт да, тоотпойт да.
Сүйүүсү татаал. Күтүүсүз бир укмуш жолдор менен жүрөт. Өзүнө окшош ой жоруган жана табити бир өнөк тапса, багы ачылат. Акылы тетик, ишенимдүү. Бүтпөгөн иши кычап турса да, кыялданганды, боолгогонду жакшы көрөт. Дегинкисин мүнөзү көп кырдуу. Зараң белгисинде төрөлгөндөр акылы зирек, тамашакөй, акыл таразалап чече билет.
Зараң белгисинде төрөлгөндөр:




  Ден-соолуктун булагы -

"Актык"
"Актык" суусундугу деңиз деңгээлинен 2500-3000 м бийиктикте Алай, Тянь-Шань жана Памир тоо кыркаларында өскөн таза чөптөрдүн тамырларынан, таза сүткө өзгөчө ыкма менен ачытылып, кыргыздардын байыркы дары-дармек жасоо өнөрүнүн керемети менен даярдалат.

"Актыкты" даярдоодо атайын тандалган булактын суусу колдонулат. Бул ичимдик зат алмашууну жакшыртып, денени туздардан тазалап, ден-соолукту калыбына келтирет. Зат алмашууну жөнгө салууда, денени тазалоодо өтө керектүү болгон минералдык туздар, органикалык кислоталар жана белоктор "Актык" ичимдигинде мол камтылган. Аны даярдоодо туз колдонулбайт. "Актыкты" ичүүдөгү көп жылдан берки байкоолордон төмөнкү оорулардын айыгышы байкалды:
1. Денеде зат алмашуу жакшырып, жеңилдеп, организмдин тазалануусу жана муун ооруларынын кетиши байкалат, ашыкча заттар денеден заара, тер аркылуу чыгат.
2. Кан тазаланып, кычкылтек менен байып, кандагы гемоглабин, аз кандуулук жөнгө салынат.
3 Кан басымы жөнгө келет (төмөнкү, жогорку).
4. Жүрөк ооруларынан арылтат.
5. Ашказан жана ичегилердин иштешин жандандырып, жакшыртат.
6. Аллергия, бронхит, астма, экзема, тери псориазын айыктырат.
7. Кандагы холестеринди азайтып, боорду тазалап, дене шишиктеринин тарашын (холеститит, гепатит түрлөрүнүн айыгышын), бөйрөктүн, боор, өттүн таштардан тазаланышын камсыз кылат.
8. Кант диабетинен айыктырат.
9. Тилинген, кесилген, күйгөн жерлерди тез сакайтат (ичкенден тышкары эки маал, эртең менен жана кечинде күйгөн жерге сыйпап туруу керек).
10. Ууланганда, өзгөчө арактан ууланганда денени тез тазалап, ич өткөктү токтотот.
11. Денени электро-магниттик толкундардан, радиациянын терс таасирлеринен тазалайт (мобилдик телефон, компьютер, телевизор, электр иштердин терс таасирлери өзгөчө экени белгилүү).
12. Дене ашыкча туздар, уулануулардан тазалануу менен бирге "Актыктан" күч-кубат топтой алат (өзгөчө эркектердин бел күчүн калыбына келтирет), тукумсуздукту айыктырат.
13. Косметикалык жактан терини жумшартып, бырышты азайтып жана бетке чыккан бүртүктөрдү, безеткилерди тазалайт (бетке эртели-кеч сыйпоо зарыл).
14. Ашыкча салмакты азайтат, жетишсиз салмакты көбөйтөт (мында, суусундукту кандайча ичүү керектигин эске алыш керек), эстутумду жакшыртат.
15. Кош бойлуу аялдар үчүн өтө пайдалуу.

ИЧҮҮ ШАРТЫ:
күнүнө үч маал, тамак ичээрдин алдында 30-40 мүнөттөн мурун 100-200 гр. ичүү керек, балдар үчүн 50-100гр. Күн суук тартканда, суукчан адамдар жылытып ичүүсү талапка ылайык.
ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕЙ КЕТҮҮЧҮ ЖАГДАЙ:
"Актык" чаңкоону кандырган суусундук. Анын ден-соолукка эч кандай зыяндыгы жок. Оорулуулар үчүн гана эмес, ден соолугу таза адамдар үчүн, бөбөк балдар үчүн да дайыма ичип жүрсө теңдешсиз өмүр булагы. Тамакты сиңирүүдө, ичтейди (табитти) ачууда мүмкүнчүлүгү өтө жогору. "Актык" патенттелген, сертификаты бар.