Кыргыз эли кыяматтуу согуш жылдарынын таразасында
Эмил Каниметов, философия илимдеринин кандидаты


Миңдеген элдердин шорун катырып, миллиондогон адамдарга өлүм алып келген бул согуштун чыныгы себеби жана мааниси эмнеде? Ал кыргыз элинин тагдырында кандай из калтырды?

Болгону бир адамдын өмүрүнөн алыс эмес мезгил аралыгында болуп өткөн бул кыргындуу согушка чындыктын көзү менен кароо көп нерсени терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Ошентсе да, миңдеген жылдардагы кыргыз тарыхын "илимий" иликтөөгө алган эмгектерден, расмий окуу китептеринен, документтердин жыйындысынан да анык маалымат алууга мүмкүн эмес.
Азыр - кыргындуу согуштун бүтүшүн майрамдаган ушул күндөрдө - дале баягы эле адамдын акыл-эсин тумандаткан идеологиянын шаңдуу жана муңдуу ритминен арыла албаган көрүнүшкө күбө болуудабыз. Иллюзиялардан арыла албасак, анда келечек бар деп айтыш да кыйын.
Ар бир тарыхый окуяны так түшүнүүнүн башкы өбөлгөсү - бул көз алдыңда турган реалдуу фактыларды эсепке алуу. Экинчи дүйнөлүк согуштун маани-маңызын түшүнүүнүн башаты - ошол оор учурду башынан өткөргөн өзүбүздүн чоң ата-энелерибиздин маалыматында. Алардын маалыматы - реалдуу фактологиялык материал. Бул маалыматтарга таянсак, кыргыз элинин өткөн кылымда башынан өткөргөн эң оор учуру дал ушул согуш жылдарына туура келет.
16-жылдагы Үркүндөн, 20-30-жылдардагы репрессиялардан жаңы баш көтөрүп келе жаткан эл үчүн 41-45-жылдардагы согуштун азабы - айтса түгөнгүс окуя. Чыңгыз Айтматовдун гениалдуу повесттери да ошол учурдагы элдин башынан өткөн абалын ачып берүүдөн башталат. Ал өзү да, "Сиз эмне үчүн жазуучу болуп калдыңыз?" деген суроого: "Анын башкы себеби, ошол бала кезимдеги башымдан өткөргөндөрдү, согуштун запкысын көргөн эл-журттун абалын айтып берүү керек деген сезим тынчтык бербегенинде", деп жооп кылат. Биз баарыбыз билебиз Толгонайды, Майсалбектерди, "Эрте жазда келген турналарды", Чыңгыздын чыгармаларына сиңген муңду, трагедиялуу мелодиянын кайрыктарын.
Ал эми азыр көзү өткөнү турган кары адамдарыбыздын согуш тууралуу айтканында мелодия жок, алардын эскерүүсү ташка так салган тамгадай супсак жана даана. Мисалы, менин чоң энем Ч.Айтматов менен жашташ. 1928-жылкы. Анын айтканы Айтматовдун повестерине салыштырганда сюрреалисттик сюжеттердей туюлат: "Согуш жаңы башталганда биздин айылдан кеткен бардык эркектердин эч кимиси кайра кайткан жок. 43-жылдан кийин кеткендерден кайра келгендери болду. Ишке жарамдуу кыз-келиндерди Алматы тарапка жумуш кылдыруу үчүн алып кетишти. Биздин айылдаштарыбыз, туугандарыбыздын көпчүлүгү ачкалыктын айынан чөп-жалбырак кайнатып ичип жатышып, ак шишик болуп өлүштү. Болгон бардык алтын-күмүштөрүбүздү, тамак-ашыбызды, кийим-кечектерибизди фронтко жибердик. Төө куйрукка жабышкан койдун жүнүн тоо аралап терип келип, ошондон кийим токуп кийээр элек". "Эне, тамак-ашыңарды жибербей катып койсо болбойт беле?" деген суроого: "Ээ балам, ага-тууган, өмүрлүк жарларыбыз баары согушка кетсе, аларга жардам болор бекен деп жибердик да" деп жооп берет.
Согуштан келгендердин, чоң аталардын көпчүлүгүнүн согуш тууралуу айткан сөзү аз болду. "Ата, сиз эмне үчүн фронтовик досторуңузга кат жазбайсыз?". Унчукпайт. "Же досторуңуз жок беле?". "Бар. Бир татар досум бар эле. Ал эмне үчүн нацмендерди окко саласыңар деп айтыша кеткенде, командир орудиенин түбүнө алып барып атып салган". "Ашырбайды (Ашырбай Коенкөзов) согушка баратып жолдон жолуктурдум, отпускага жиберди деп, айылга кетип бара жаткан экен".
Ушул жарым-жартылай айтылган сөздөрдө деле эң керектүү маалымат бар. Биринчиден, көпчүлүгү кыргыздардан жана казактардан куралган бир нече дивизия экинчи дүйнөлүк согуштагы тагдыр чечер кармаштарга катышкан. Алардын бири атактуу Панфилов дивизиясынын Москванын алдында абдан зарыл учурда немецтик танктардын корпусун, дивизияларды токтотуп турушу. Анын легендарлуу чалгынчысы Ашырбай Коенкөзов өзгөчө эрдик көрсөтүп сөзгө алынганына карабастан, "СССР баатыры" деген наамды алган эмес. Эгер мындай белгилүү жоокерлер сыйлык албаса, анда ошол согушта курман болгон жүз миңдеген кыргыздардын тагдыры жөнүндө кантип сөз кылууга мүмкүн болсун?!
Алардын тагдыры, согуш учурундагы өмүрү жөнүндө орус тилдүү тарыхый жана башка адабияттардан так маалымат эмес, жакшы сөз табууга мүмкүн эмес. Башкалар эле эмес, коңшу казактар да "Панфилов дивизиясын биз Алматыда түзгөнбүз, биздики" дегендей пикирлерин айтышат.
Бирок, чындыкты айткан намыстуу адамдар бардык жерде бар. Алардын бири - америкалык Курт Воннегут. Азыркы доордун атактуу жазуучуларынын бири, кыргындуу согуштун күбөсү болгон бул адам кайтыш болор алдында 2007-жылдын 13-апрелинде "Washington ProFile" гезитине берген интервьюсунда мындай дейт: "Мен экинчи дүйнөлүк согушта солдат катары америкалык тарапта урушка катыштым. Бизди немецтер туткунга түшүрүп Дрезден шаарында кармап турушту. Капитуляцияга кол коюлгандан кийин англо-америкалык авиация бир нече саат катуу бомбалап, жүз миңдеген куралсыз немец калкын кыргынга учуратты. Туткундарды немистер атып салабыз деп жаткан учурда Кызыл Армия куткарып калды. Андагы биз орус дегендердин көпчүлүгү чындыгында орус эмес экен, алар кыргыздар, казактар эле".
Алардын алдыңкы фронтко, окко салып бергенде да туруктуулук менен кармашып жатып курман болушунда, согуштун акыр аягына чейин катышында чоң маани бар. Экинчиден, согуш учурунда каршылык көрсөтүп депортация болгон элдер менен бирге жок дегенде айбат кылганга мүмкүнчүлүк болгон эмеспи?
1941-жылдын 28-августунда СССР ЖКсынын Президиумунун чечими менен 367 000 немец калкы, андан кийин 1944-жылы калмак, ингуш, чечен, карачай, корей ж.б. элдердин депортация кылынганы кеңири белгилүү. Немец аскерлери тарабында салгылашкан элдер жөнүндө, мисалы, азыр чыгып жаткан В.Суворов-Резундун тарыхый романдарынан Сталинграддын алдынан советтик полкторду кескилеген калмактар жөнүндө маалыматтар кезигет. Буга байланыштуу калмак же немис 1941-1953-жылдары райкомдун секретары, заводдун директору боло алган эмес. Кыргызстанда улутуна байланыштуу согушка кетпей калган жана ошол учурда жогорку кызмат орундарына көтөрүлгөн калмак улутунун өкүлдөрү ушул себепке байланыштуу согуштан кийин паспортун кыргыз деп өзгөртүшкөн.
Кыргыз эли да ушул эле элдердей совет өкмөтүнө айбат көрсөтүүгө албетте мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок анын бул улуу согуштагы жеңишке кошкон мындай салымы идеологиянын күчү, мамлекеттин мажбурлоосунун натыйжасы эле болгон эмес. Улуу согушта кылган элдин ушул кызматы - бул биринчи иретте, анын совет өкмөтүнө, 16-жылдагы кыргынды токтотуп, адилеттикке умтулганы үчүн берген жообу. Кыргыз эли совет мамлекетин өсүп-өнүүгө мүмкүндүк берүүчү адилет өлкө катары кабыл алган жана жакшылыкка жакшылык менен жооп кылган өзүнүн бийик сапатын көрсөткөн.
Улуу согуштун чыныгы себеби кандай болгон күндө да, бул зор сыноодон намыс менен чыгып, өз тагдырын азыркы учурда беттеп бара жатышы - элдин эң бир асыл сапаттарынан жана биздин элди да колдоп жол көрсөтүп турган Жараткандын бар экендигинен кабар берет.




  Учурдун учкул сөздөрү

Падышалар эмне үчүн кулашат?
Кубатбек ЖАКЫПОВ, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу

Атак-даңкка умтулгандын умсунганы көп болот.
???
Каяша айткан уулдан, кармашып чыккан жоо жакшы.
???
Тентигенге текеберсинбе. Теңдеп коюу Теңирим үчүн текейден арзан.
???
Казаныңда аш туруп,
Кардың ачса кантели,
Калкың менен касташып,
Каның качса кантели.
???
Жайдакталып жан дүйнөң,
Жармач калсаң кантели.
"Жакшыларың" ыйманын
Жалмап салса кантели.
???
Ырыс алды - ынтымак.
Ынтымагың жок болсо,
Ырбай берет ыңкылап.
???
Көз менен көргөнгө деле караманча ишенип албоо керек, анткени ар нерсенин көзгө көрүнбөгөн жагы бар.
???
Капилет атып кеткен менен, каратып сатып кеткендин айырмасы аз эле.
???
Улук болсоң бийик бол, эл колунда ийик бол.
???
Тымызын жасалган иш да тынчтыкты бузат.
???
Жакыр элдин падышасы болсоң, жаргактан кийим кийгин.
???
Улутту кырып жок кылуудан, улуттук аң-сезимди жок кылуу алда канча кылмыштуу.
???
Атылган ок менен айтылган сөздүн артынан түзөп ким жүрөт.
???
Терең ой жүгүртүү, терең кишилерге таандык.
???
Көпчүлүк падышалар тактан түшүү тепкичин унутуп калгандыктан андан кулап түшүшөт.
???
Өз элине керсеңдеп, бөлөктөргө бөйпөңдөгөндөрдүн сөзсүз тек жайын карап көргүлө.
???
Төрдө олтурганда көргө барарыңды унутпа,
Тактыда олтурганда табытка жатарыңды унутпа.
???
Элден жашынган менен,
Эгемден жашына албайсың.
???
Тактыда олтурганда колуңа суу куйгандар, тактыдан тайыганда артыңан суу куярын биле жүр.
???
Оронорум кепин болгон соң, оокатты неге жыйнадым,
Жатарым сыз жер болгон соң, алкымды неге тыйбадым.