Сөөлөттүү сөздөр
Баатырдан каапыр көп заман
Үсөнбек АСАНАЛИЕВ,
Филология илимдеринин доктору
Кан калкты калчагысы келсе,
Калк кантип канды алкагысы келси!?
Чындыкты күйгүзө албайсың, жалганды сүйгүзө албайсың.
Эски жараны тырмаба, эси жок менен жыргаба.
Кан калп айтса, кара башына көрүнөт.
Оттон күйгөндөн да соттон күйгөн жаман.
Кекке кек менен жооп бербе, кеп менен жооп бер.
Жашоодон жабыр тартсаң, күчүңдү үрө, өзүңдү өзүң сүрө.
Түркүк болор адамдын түрү башка,
Баатыр болор адамдын сүрү башка.
Алтын бар жерде амал бар.
Күйбөй жарык жок, өтпөй тарых жок.
Бардар ашынат, жоксуз басынат.
Оройдун сөзү оңдурбайт.
Курт үй бузат, куйту журт бузат.
Топугу жок тойбойт, тоноону гана ойлойт.
Даяр даңкты дардес күсөйт.
Керсейгенге кеп коротпо.
Кээри бар кекетип сүйлөйт,
Мойну жоон мокотуп сүйлөйт.
Аттын аксагы, адамдын акмагы жаман.
Чындыкты эп көр, жалганды жек көр.
Кандын катасын калктын батасы түзөйт.
Келжирдин сөзү узак болот, бүтмөгү тозок болот.
Акылдуу сактанып сүйлөйт, арамза актанып сүйлөйт.
Басар жолдун баркын бил.
Кан каарын чачса, калганы заарын чачат.
Күчтүү күрөп жейт, алсыз алынча жейт.
Кармаштан кан чыгат, ашынса, жан чыгат.
Бирөө өөнөп жейт, бири жөөлөп жейт.
Көзү күлүп турат, көңүлүндө бүлүк турат.
Кемчилигиңди көзүңө айтса - кейибе,
Жаманыңды жашырып мактаса - эрибе.
Карыда тиш жок, жашта иш жок заман.
Соттун жазасы бар, соттолгондун ызасы бар.
Баатырыбыздан каапырыбыз көп.
Сөөлөтүң болсо, сөз сал, дөөлөтүң болсо, көз сал.
Арааны ачылганга айла жок, айткан менен пайда жок.
Соттун эңсөөсүнөн жемсөөсү жаман.
Туура сын айтканды туугандай көр.
Чиренгендин чириги чыгат.
Мээримсизде мекен жок.
Жетекчи ит болсо - үргөндөр көбөйөт,
маймыл болсо - күлгөндөр көбөйөт.
Көзүн май баскан жай басат.
Эки жүздүү эсине келбейт, беттегенин бербейт.
Колун айга сунган бутун кайда сунбайт.
Башчы көп болсо - балекет, аз болсо - аракет.
Башчың карышкыр болсо, башыңды алыс кыл.
Калыс болбогон канда намыс болбойт.
Кан бийлигине катыны аралашса, кайгы менен бүтөт.
Кан элдик болсо, калкында теңдик болот.
Такка олтурсаң, так олтур, калыс карап, сак отур.
Азоодон жыгылган турат, ажодон жыгылган турбайт.
Денени жара бузат, жетекчини пара бузат.
Депутат болгончо убадасын көрөсүң, өткөн соң убарасын көрөсүң.
Добуш бергенче алданабыз, өткөн соң оозубузду карманабыз.
Жакырчылыкты жоелу, жакыр кылгандарды соелу!
Калкты калчаба, калк чыдамак канчага.
Катыны түлкү болсо, каны күлкү болот.
Мыйзамдын эшигинен тешиги көп.
Мекенге чыккынчылык кылган мертинет.
Өлкөң тынч болбой, өмүрүң тынч болбойт.
Өөнөгөнгө да үйрөндүк, көөлөгөнгө да үйрөндүк.
Теңдиги жок өлкөнүн тентимиши көп.
Тоону жеген эсирет, тоокту жеген кесилет.
Шайлоо - жалдоо менен, элди - алдоо менен.
Эл шайлайт, эбин тапкан жайлайт.



Китеп саамалыгы

"Кыргыз радиосунун тарыхы бейне сүртүмдөрүндө"

Ушундай аталыштагы китептин бет ачаары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болуп өттү. Жалпы жамаат менен иштелип чыккан китепти журналистика факультетинин телерадио кафедрасы илимий изилдөөнүн негизинде даярдап, 3000 нуска менен басып чыгарышты. Бул туурасында китептин баш редактору, доцент Дүйшекеева Айна Талгарбековна менен маек курдук.
- Кыргыз радиосу тууралуу китепти чыгарууга сиздерге эмне түрткү болду?
- Биздин кафедра - телерадио журналистика боюнча республикадагы бирден бир кафедра. 1994-жылы журналистика факультетинде ачылган. Кафедра болгондон кийин жалаң эле окутуу жаатындагы методиканы өркүндөтүү зарыл, экинчи жагынан, илимий иштерди изилдөөнү жүргүзүш керек. Биз изилдебегенде ким изилдейт? Мына ошол үчүн биздин кафедрада илимий тематика бекитилген, ошол боюнча пландуу иш алып барып жатабыз.
Ал эми университетте илимий изилдөөнү колдоо максатында конкурс, грант жарыяланганы, уюштурулганы ишибизди жандандырууга түрткү болду. Бул боюнча биз былтыр атайын катышып, 51 миң сом утуп алганбыз. Ишибизге ылайык радиону изилдөө үчүн эң алгач диктофон керек болгондуктан, аны 14 миңге сатып алдык. Ошонун 18 миң сомун китеп чыгаруу үчүн жумшадык, калган акчалар борбордук архивге , саясый документтер менен иштегенге, Улуттук китепканада иштегенге кетти.
- Китептин мазмуну менен кыскача тааныштыра кетсеңиз?
- "Кыргыз радиосунун тарыхы бейне сүртүмдөрүндө" радионун түптөлүшүнөн бери өзүнүн бараандуу салымдарын кошкон ардагер адамдар жөнүндө жазып, ошол адамдардын каармандары аркылуу кыргыз радиосунун штрихтерин ачып берүүгө аракет жасадык. Китепке 52 каарманды камтыдык. Эң алгачкы түзүүчүлөр, улуу муундагы адамдар, андан кийин орто муундагылар жана кийинки жаштардын каармандарын жаздык. Баардыгын жазып киргиздик деп айта албайбыз. Улуттук радионун түптөлүшүнө салым кошкондор абдан көп. Биз эң негизгилерин гана чагылдырууга аракет жасадык. Баалуу маалыматтарды камтыган бул китеп радио изилдөөчүлөр же студенттер үчүн кошумча окуу куралы болот деген ойдобуз. Жүргүзгөн иштерибиздин натыйжасында "Кыргыз радиосунун тарыхы", "Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхы" деген эки окуу китептерин да даярдамакчыбыз. Учурда ошонун үстүндө иштөөдөбүз.
Гулира МАНСАПОВА




Жанын жанаттан берсин
Калкынын тарых жолуна
Кайрылып жазды күбөлүк
Болсун деп керээз түбөлүк
Султанаалы
уулу
Мурат
(1943-2011)

Кыргыз санжырасын иликтеп жүргөн кезим. Бир күнү телефон шыңгырайт, ала койсом бейтааныш адам өзүн тааныштырып, жолугалы деп калды. Экөөбүздүн болжогон жерибиз Эркиндик бульвары болду. Жолугушуп, таанышып, ал-жайыбызды сураштыра кеттик. Менин кабарымды мурда эле угуп, билип жүргөн экен. Биз дароо эле маегибизди ата-бабаларды сүрүштүрүүдөн баштадык. Мурат агай дагы санжыра иликтеп, көргөн-билгендерин жазып, тактап жүргөн экен. 2008-жылы "Нуска. Мааке - Бешкөрүк баяны" деген аталыш менен китеп чыгарыптыр. Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан, дароо эле ыманабыз келишип, жакын болуп кеттик.
Өмүр баянын тескеп, Сарыөзөн Чүйдүн Сокулугунда төрөлүп-өскөнүн, ошол жерге, ошол элге сиңип эмгектенгенин, он жыл Сокулук райондук "Элдик жарчы" гезитинин кыргызча тилдеги алгачкы биринчи номерин өзү чыгарып, редактор болуп, жалпы райондук гезиттин редактордун орун басары болгон күндөн тартып журналисттик кесипти аркалап, орус-кыргыз тилиндеги котормолорду которуп, алгачкылардан СССР журналисттер Союзунун мүчөсү, көптөгөн макала, очерктердин автору болгонун айтты.
"Андан барып аңгеме, ыр жаза коюп, чыгармачылыкка баш-отум менен кирдим. Турмушта ар кандай боло берет экен. Бир жолу жумуштан эртерээк келдим. Эки эркек баламды сууга түшүрүп келейин деп, айылга жакын жердеги көлгө алпаргам. Себеби, балдарымды бир жумада бир көрчү элем. Ошондо райондун жетекчиси дагы сууга түшөйүн деп келиптир. Мени көрө коюп: "Эмнеге иштебей ойноп жүрөсүң?!" деп аябай сөккөнү такыр эсимден кетпейт. Анткени, ошол кездеги бардык кызматкерлердин абалы ошондой боло турган. Эрте менен ишке эрте кетип, кеч келгендиктен, балдарымдын дайыма уктап жаткан абалын көрөр элем. Балдарга тарбия берүү кайдан болсун, бардык түйшүк аялымдын колунда болучу" деди Мурат агай эмгектенип жүргөн күндөрүнөн эскерип.
Анан буларды кошумчалады: "Азыр заман башка. Өз тарыхыбызды жаза албай, тайсалдап келген мезгил болду эле. Эми жакшы шарт бар, өз тагдырыбыз өз колубузда. Ылайым кудайым ушул заманды кут кылсын" деп, ала келген китебин алып чыгып, автордук кол тамгасын коюп белекке берди.
Китептин ичине кыргыз тарых барактарынын бүктөмдөрү, санжыра, ар кыл темадагы макала, эскерүүлөр жана ырлар камтылыптыр.
Тамыры жок калк болбойт,
Таасындап аны билелик.
Тарыхын ата-бабанын
Такалбай айта жүрөлүк.
Калкымдын өткөн жолуна
Кайрылып жаздым күбөлүк
Келечек муун жаштарга
Керээзим болсун түбөлүк, - деп агай китебинин алгачкы бетинде жазып кеткендей, кийинкилер үчүн анын китеби эми керээз болуп олтурат.
Дагы жаңы китеп чыгарам деп жүргөндө, жабышкан оору 68 жаш курагында алып кетип, тилегине жеткирген жок. Мурат Султанаалы уулу агай арабыздан кетсе да, анын жаркын элеси үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору, жакындары, бирге иштешкендеринин жана тааныштарынын эсинен кетпейт. Артында жазып кеткен эмгектери калды. Өзүнүн көксөгөн оюн уул-кыздары иш жүзүнө улап ашырар.
Мурат агайдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Кайнарбек Бийлибаев