Кыргыз таануу
Мыкты күлүктөр
тарыхта жашап келет...
Асыкбек ОМОРОВ,
жазуучу

"Жакшы ат бир камчы, жаман ат миң камчы", "Жылкы, жылкы, жылкыдыр, жылкы элдин мүлкүдүр", "Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны", "Ат - адамдын канаты" дешет кыргыздар. Байыркы убактарда бир ат үчүн кызынан, катынынан кечкендер да болуп, канчалаган кан төгүлгөн тарыхый окуялар бар. Жоокер адамдарыбыз болсо жалгыз жанын атына тапшырган.
Күлүктөрдүн көрөгөч сынчылары
Сынчы аталарыбыз жалпы малдын ичинен жалгыз гана жылкы баласын сындаган. Жылкынын сырын түшүнгөн кыргыздар атынын башын бийик жыгачка байлашкан. Күлүк, жорго же чобур болоорун кулун же тай кездеринде эле айтып, үйдө отуруп тыштагы аттын дабышынан күлүк же жорго экенин аныктап коюшчу. Жаңы туулган кулунду карап туруп эле, жаш же карыган бээден туулганын билип коюшчу. Жорго, күлүктөрдүн баскан туягынын изи боюнча, заңдаган тезеги, кашка тиши, жал куйруктары, умасы, көз караштары, жаагынын жана соорусунун түзүлүштөрү боюнча кандай жаныбар болоорун да аныкташчу. Жоргого же аламан байгеге салаарда жорго, күлүктөрдүн кыйындарын, жакшы тапталганы боюнча алдын ала канчанчы болуп келээрин дагы билишкен.
Атактуу Толубай сынчыдан баштап, бугудан чыккан Найман, Жаныбек деген абаларыбыз жылкы тукумун сындашып, күлүктүн түрүн 18ге бөлүшкөн. Чакчы деген сынчы атабыз тапталган күлүктү карап, канча аралыкка чуркаарын алдын ала билген.
Ата-бабаларыбыз күлүк аттарды: "Илбирстей ичи тартылган, саадактап саны салынган, бөрү кулак, бөкөн сан, бууданга чалыш ат экен. Кулун сындуу куран (эликтин эркеги) сан, кулжа моюн төгөрөк, кулан чалыш ат экен. Кара тили бүлөөдөй, кашка тиши кадоодой, телегейи тегиз тарамыш, жазы жаак, кең маңдай, жото жилик жонгондой, жонуна жатып конгондой, балык эти баладай, туяктары чарадай. Кар жилиги кадоодой, музга тууп, ташка өскөн тоо кайыптан жалгашкан, кыска бакай тик далы" деп сынашкан.
Ал эми сыны жок аттарды: "эшек туяк, элик баш, эңчер бойлуу, жагак төш. Кара саны түрүлгөн, эрди шалпык, бото көз, чымыр туяк, үкү аяк, тайган иттей ыржыктап, бүткөн бою тарамыш, дайра көчсө кебелгис, уюл-уюл капкан бел, төө толорсук тайган төш, каман жаак, алма баш, үлбүр сагак, үч чоку, уй куймулчак, тик жамбаш, чакмак эти түрүлгөн, кара эти жок кагелес" деп мүнөздөп сындап келишкен.
Тапка келип турган күлүктөрдү болсо төмөнкүчө сындашкан: "Жорго болобу, күлүк болобу - эгер табына келип калса чамгарактап, байлануу болсо да бир орунга тура албай, чок басып алгансып жер тепкилеп туйлайт. Жумуруланып ээлигип, жанына келсең кыйгач көз менен карап, окшуруп, учаар куштай оюн салгысы келип, айланадан чуу чыкса камырабай моюн созуп, минип алып "чү" десең учкан куштай канат сызгысы келет. Чолпондой көзү жайнап, сүмбөдөй тулку бой этинин булчуңдары жик-жик болуп бөлүнүп жерди чапчып, асман карайт. Тайган төш, камыш кулак, боору жарык, жүгүрсө зыкым болуп, көзгө илинбейт".
Жаныбарды таптоо
Жылкы баласын таптоо эки түрдүү: ыраңга семирген атты таптап байлоо жана колго багып семирткен атты таптоо. Биринчиси экинчисине караганда өтө кыйын болот. Илгерки замандарда чапкан атка жем бербестен, бетегеге оттотуп, кээде бээнин сүтүн берип, мамыга көбүрөөк байлап тапташчу. Мындай ыкманы "куу мамы" деп аташкан.
Күлүктүн белгилери
Күлүктү чабаарда этине келтирген белгилери бир нече түрдүү болот. Биринчиси - тери калбайт; экинчиси - этинде май калбайт; үчүнчүсү - каны толук, арык болсо да, эти, сыны, сөөгү семиз аттыкындай болот; төртүнчүсү - сууга абдан кандырылат. Алардын баарында түнкү бил белгиси кандай болсо да, кандай суутса да, канчалык чөпкө тойсо да, таң ашырышчу. Күлүктү, жоргону чабаарда суу ичирбейт, чапкан аттын жинигип өлгөнү же артта калгандыгына ушул себеп болот. Бузулган күлүк атка үч түрлүү даба кылышкан:
- арык кезинде эрте көктөмгө агытып семиртүү;
- кышында, арык кезинде карга агытып жиберүү;
- күкүрт, көбүнчө, карандыз берүү.
Жакшы тапталып чуркай турган аттардын соорусу балкылдап калбастан, эти сөөгүнө жабышып калат. Чоң тер алганда барыш-келиши 25 чакырым болуп, кулактын учунан тер акса, ошончолук калың жабууда жүрүп "чү" десе, мындай аттар төрт аягы буйдалбастан жулунуп ала качат. Тер алганда ат кандай күүлүү болсо, эртеси ошондой жүгүрөт. Алдыга чыгаар аттын белгиси - жүнү типтик болот. Таптоо эрежеси бузулбаса, андай күлүктүн, жоргонун сийдиги тунук сакталат. Колго семиртип чабылган атты күзүндө көккө бир байлап, семиртип, көбүнчө арпа, таруу, сулуу берип, эгер этинен ооп бара жатса, анда буудай беришет.




күлүктөр жөнүндө
тарыхый окуялар
Жорго, күлүк чабуудагы, алардын акыркы кылымдардагы кээ бир майда тарыхый окуяларына сереп салып карап көрөлү. Ал замандарда кыргыздардын баатырлары менен кошо, минип жүргөн аттарынын аты эл оозунда айтылып келген. Мисалга алсак, сарбагыш баатыры Темирдин 1730-40-жылдарда калмактардан тартып алган "Сараласы", бугу уруусундагы Садык баатырдын 1760-1770-жылдардагы "Кыркмачкери", солто уруусунан Шапак баатырдын 1780-1790-жылдардагы "Көк чологу", Атаке баатырдын "Керкулуну", кийин "Ноктолуу торусу", солто баатыры Бекинин 1830-40-жылдардагы "Кара кызылы", сарбагыш баатыры Төрөгелдинин 1835-1850-жылдардагы "Ак кызылы", бугу уруусунун Балбай баатырдын "Сур айгыры", Жети-Өгүздөн Үкүнүн "Каракашкасы", Ат-Башыда Чоконун ашында чабылып биринчи келген күлүгү ж.б. толуп жаткан аттарды атасак болот.
Ал эми 1885-жылы Эсенкул элинен Шадыкан Токтомат уулу "Кызыл жоргосу" менен таңында Токмоктон чыгып, Боом капчыгай аркылуу Кубакынын бели менен Кочкорго келип, андан ары Долондун ашуусу менен Нарынга жетип, анан Кызыл-Бел аркылуу Ат-Башыга күн батаарда жетип барган. Жогоруда айтылгандардын жүрүшүнө бул жорго жүрүштү салыштырганда алар бул жакта эле калып, эл оозунда "аткан октой" деген атак алып, 355 чакырым жерди жарым күндө басып, элди таң калтырган окуя болуп тарыхта калган.
Бугу уруусунун алдаяр уругунан атактуу Мойту сынчы Ысык-Көлдүн башы Кызыл-Кыянын (Ак-Суу району) суусунда аттарын чалдырып отуруп, жол боюнан жаңыдан заңдап кеткен бир аттын жаңы тезегин көрүп калат. "Бу, ылдый киши өткөн жок, болду-болбоду биздин алдыбызда болсо керек, ат минген киши жогору кеткен" деп, токтоосуз атына мине сала сууну өрдөп өйдө жакка жөнөгөн. Суу бойлоп чаап жүрүп отуруп, атты таба албай, жолдо бара жаткан кишиден сурашса, ал киши "ат минген адам Каркыраны көздөй кетти" деп жооп берет. Мойту артынан кууп барып, Жаркентке жакын калганда жетип, көк ала аттын күлүк экенин билип, өзүнүн минген семиз атынын үстүнө дагы беш жылкы берем деп, ал көк ала атка алмашып алат. Кийин ал ат тапка келип, далай жолу ат чабышта баш байгени алган экен.
1883-жылы Ысык-Көлдүн түндүгүндө саяк манабы Ырысмендинин ашы берилген. Келген коноктор үчүн 800 боз үй тигилген. Аттарды чабаарга жакын калганда, бугу уруусунан Абылай деген манаптын кичи катынынан Жаныбек сынчы солтолордун манабы Байтиктин "Керкашкасын" көрүп: "Бул атты чаптырбагыла, тулпардын турган жеринен туулган экен, баары бир биринчи орунда келет" деген экен. Кийин күлүктөр чабылып, орто жерге келгенде бир күлүк атты кошуп, айдап жиберишет. Бирок, "Керкашка" баары бир ал күлүк атты да жолдон басып өтүп, марага биринчи келген. Байгесине 100 жылкы, 50 уй алган.
Ошол эле жылдары казактарда бир чоң ат чабыш болуп, ошол эле Жаныбек сынчы бир чоң күлүк тууралуу мындай деген: "Бул күлүк байтал бээден туулуптур, биринчи тууган үчүн сүтү аз, кунары жок болуп, кулун кезинде бетеге жеп чоңойгон экен. Ошондуктан, муну ат чабышка салганда такыр жер менен чаап, бетегеге жакын жолотпогула. Эгер бетегеге жакын же бетегенин үстү менен чапсаңар, бетегенин жыты мурдуна уруп, күлүк бетеге жегиси келип, алаксып калат, анда эле калган күлүктөр ашып кетет" деген. Сүрөөчү Жаныбектин сөзүн угуп, "ушундай дагы сөз болобу" деп, көңүлкош бастырып кетет. Кийин күлүктөр чабышка түшкөндө, биринчи келе жаткан чоң күлүк бетегенин үстү менен чаап, күлүктүгү сээлдей токтоп бетегеге оттогондо, артынан келе жаткан күлүк андан ашып кеткен. Ошондо текеберленген сүрөөчү Жаныбектин сөзүн эстеп, күлүктү кайра айдап кургак жерге салат. Бир топ убакыттан кийин чоң күлүк астыга кеткен күлүктөрдү кубалап жетип, марага биринчи келген экен. Байгесине казактардан 200 жылкы, 50 уй, 30 төө алышкан.


ү