Бийликке жаштарды алып келүүгө алты сунуш
Абдымамбет САРИЕВ
Азыр айрым бирөөлөр "тоталитардык бийликтин азабын тартканбыз, демократия келди, эркин басып калдык" деп таңдайынан чаң чыгарганы менен, совет доорунда көптөгөн жакшылыктарга жетиштик. Илим-билимге ээ болдук.
Улуттук каада-салтыбызга, көөнөргүс мурастарыбызга, адамдык жашоо-эрежелердин асыл тартибине катуу чабуул жасалып, "мунун баары эскичилик, караңгылык, нааданчылык" дегени менен, патриот инсандардын күчү менен кайра калыбыбызга келүүгө тырышып, "үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап", ордубуздан туруп келатабыз.
Совет доорунун бир жакшы жери - таланты бар, ишке жөндөмдүү, аракетчил, илим-билимдүү жаштарды колдоп, колунан келген ишти, кызматты берип, такшалдырып, улам жогорулатып, эл кызматына иштеткен. Колдоп, коргогон, чоң камкордук көргөн…
Азыр, 20 жылдан бери, "демократия келди, биз эркиндикке жетиштик, сөз эркиндиги деген ушул" деп желпинип, оозубузга эмне келсе ойлонбой сүйлөп, акыйкатты, калыстыкты, адилдикти тебелеп-тепсеп, акчанын, бийликте отурган кайсы бир адамдын кызыкчылыгы үчүн гезиттерге жалган жалааларды жазып, ушак-айыңды күчөтүп, эл-журттун башын айландырып, ырыс-ынтымагын кетирип, АКШ менен Европанын бузуп-жаруучу идеологиясын жүргүзүп, алардан алган акча үчүн мамлекеттин бүтүндүгүн жок кылууга, башка элдерге көз каранды кылууга билип-билбей салым коштук. Мунун кесепетинен "өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" дегендей, алар Кыргызстандын ички ишине кийлигишип, ар кандай жолдор менен териштирип, текшерип, талап коюп, коркутуп-үркүтө баштады. Ош окуясын бир тараптуу чагылдырып,сепаратист өзбектерге ачык жан тартып, калыстыктан тайды. Кыргыз мамлекетин бузуп-жарууга, көз каранды кылууга ачыктан ачык аракет кылды. Ошондо да көп кыргыз муну түшүнбөй, же түшүнгүсү келбей, чет өлкөлүктөрдүн айтканын угуп, жаса дегенин жасап келе жаткандыгы элдин келечегин кооптондурууда.
20 жылдан бери чыныгы таланты, жөндөмү бар, илим-билимдүү, өлкөнү алдыга жылдыра турган жаштарга кызмат берилбей, алар чет өлкөлөргө тентип, жер кезип иштеп кетишти жана башка өлкөлөрдүн өнүгүп-өсүшү үчүн талантын, жөндөмүн, илим-билимин жумшашууда. Алар иштей турган кызмат орундарына байлардын, бийликте отургандардын талантсыз, жөндөмсүз, илим-билимсиз балдар-кыздары келди да, киши менен сүйлөшүп атканда шалпылдатып сагыз чайнагандан, кабинеттерде комьютер ойногондон башканы билбеген тулку-кейптери менен өлкөнүн өнүгүп-өсүшүнө, кадрдык саясаттын адил болушуна чоң зыян-кесепеттерин тийгизишти…
Мен кыскача төмөнкүдөй сунушумду айтмакчымын:
1. КР Президенттик аппаратындагы, КР Жогорку Кеңештин аппаратындагы, КР Өкмөтүнүн аппаратындагы кызмат орундарынын 50 пайызын 25тен 40 жашка чейинки таланттуу, илим-билимдүү жаштарга өткөрүп берүү.
2. КР өкмөтүнө караштуу баардык министрликтеги кызмат орундарынын 50 пайызын 25тен 40 жашка чейинки жаштарга өткөрүп берүү.
3. Облустардагы, райондордогу бий­ликтүү кызмат орундарынын 50 пайызын жаштарга өткөрүп берүү.
4. Жогорудагы иштерди турмуш жүзүнө ашыруу үчүн КР Жаштар министрлиги (министр А.Алымкулов) таланттуу, илим-билимдүү, Кыргызстандын ичинде жашаган жана чет өлкөдө иштеп жүргөн 25тен 40 жашка чейинкилеринин документтерин жыйнап, адистиктерине жараша бөлүштүрүп, конкурс өткөрүү аркылуу жогорудагы кызмат орундарына сунуш кылуу.
5. Пенсияга чыкса да ар кандай жолдорун таап иштен кетпеген, бирок, жаңыча иштөө ыкмасын билбеген, эскиге биротоло көчүп бүткөн, интриган, өзүнүн бала-чакасынын камын көрүп, башка элди ойлобой замандан артта калган адамдарды иштен айдоо.
6. Кызматка ар кандай жолдор менен барып калган, иштин көзүн билбеген кадрларды жаш-кары дебей аттестациядан калыс өткөрүп иштен айдоо.
Мына ушундай чаралар ишке ашканда гана биздин өлкө өнүгөт. Бийлик бутактарына жаштардын 50 пайызы барса, аларды ошол жерде мурда иштеп өткөн 50 пайыз кадрлар үйрөтүп, жол көрсөтсө, анда иш оңолот. Илим-билимдүү, чет өлкөдө жашап, иши жок жүргөн жаштар өлкөнү андан ары алып кетет.




"Көк асабадан" - көпчүлүккө
"Көк асабадан"
Кайрылуу
Кадырман калайык журт!
"Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" демекчи, эгемендүүлүктү алган жылдардан бери өз менталитетибизден ("менталитет" деген: табигый мүнөз, кан-жанга сиңген касиет, шык-жөндөм) алыстап, Батыш элдеринин мыйзамдарын өзүбүзгө жамаачыдай жамап алып, туңгуюкка кептелип олтурабыз. Ал эми ар-намысыбызды абийирибиз менен кошо байлыкка, бийликке сатып, адамдык асыл баалуулуктарыбызды жоготуп атканыбыз жашыруун эмес.
Бизде, ар бир жарандын дилинин тазаланышына, жан дүйнөсүнүн байышына, аң-сезим деңгээлинин жогорулашына, барчылыкта, ынтымакта жашоосуна өбөлгө боло алган, элибизди эволюциялык өнүгүү жолуна сала алган идеология али күнчө иштелип чыга элек. Багытыбыз аныкталбаган. Илимий-техникалык өсүү болуп жатканы менен, күн санап жан дүйнөбүз жакырданып, ыймандуулуктан, адамдык сапаттардан кол жууп бараткандайбыз.
Эгерде өзүмчүлдүк сазына бата берсек, амалдуусу, айлакери ар кандай жолдор менен байлык, бийлик, атак-даңкка жанталаша берсе - эртең кандай күнгө туш болор экенбиз?
Урматтуу мекендеш! Жашообуздун жакшы багытка бурулуусуна түрткү боло турган көкүрөктөгү асыл ой, асыл идеяларыңызды айтууга, тең бөлүшүүгө, үндөшүүгө, кызматташууга, шериктешүүгө "Көк асаба" гезитинин алдында биригүүгө чакырабыз.
"Көп түкүрсө көл болот…" демекчи, алгач, элдин бүгүнкүсүн жана эртеңин ойлогон, иш билги, көкүрөк көрөңгөсү бар, жаңылануу жолун издеп-иликтеп жүргөн жарандар бир билек, бир муштум болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруусу зарыл. Акыл казынасы да, өнөр кенчи да элде. Андыктан, ар бир аймактан, жер-жерлерден эл жакшыларын, эл бакшыларын, иш билги зээндүүлөрүн, касиетин карманган дээрлүүсүн биримдикке чакырып, үмүтү өчүп кайдыгер жүргөндөрдүн үмүт отун жандырып тамызгы болуу максатка ылайык. Коомубуздагы терс көрүнүштөрдөн, жүрөк муздаткан жагдайларынан арылууга, тазаланууга, өзүбүздүн өсүп-өнүгүүбүзгө ар бирибиздин кошкон салымыбыз зарыл!
Мындан улам, өлкөбүздөгү жана күн­дөлүк жашообуздагы маселелерди, көйгөй­лөрдү чечүү үчүн бирдикте жооп издейли, жол издейли деген максатта, маанилүү деп эсептеген төмөнкү суроолор менен кайрылабыз:
1. Билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, финансы, өндүрүш, ички жана тышкы саясат жана башка тармактарыбыздын башкы максаттары эмне?
2. Бул тармактарга кандай өзгөрүүлөрдү жана жаңыланууларды киргизсе болот? Бул тармактардын максаты Аалам мыйзамдарына төп келиши керекпи?
3. Ынтымакта, биримдикте боло албаганыбыздын себеби эмнеде?
4. Биригүүнүн жолу кандай?
5. Жаш муундарыбыздын мүнөзүн, жүрүм-турумун калыптандырууга кандай билим, кандай тарбия керек?
6. Кыргыз элинин менталитетине ылайык кандай идеология туура келет?
7. Эволюциялык өнүгүү жолуна түшүүгө кандай жол туура келет?
8. Эмнеге умтулуп жашообуз керек?
9. Адамдын изденүүсү эмнеге багытталуусу керек?
10. Кыргызчылык деген эмне, касиет деген эмне?
11. Каада-салттын маани-маңызы эмнеде?
12. Адам өзү ойлоп тапкан мыйзам менен өнүгө алабы же Кудай мыйзамы менен өнүгөбү?
Кадырман калк! Ушул суроолордун тегерегинде сиздерден ой-пикир макалаларын күтөбүз. Биздин электрондук дарек: kerben_jol @mail.ru; кат жөнөтүү дареги: Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, 19-63. Ал эми 2-3 сүйлөмдүк сунуштары, пикирлери менен чектелген окурмандарыбыз болсо, төмөнкү телефон номерине СМС-кабар жөнөтүшсө болот: 0550 26-44-50.
Редакция жамааты