Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери ggle_h

ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


ggle_h

Аалам мыйзамы
Агрессия бар жерде кара күч ээлик кылат
Жыпар ТУРДУКОЖОЕВА,
ак табып
Ырайымдуу Кудайдын ысымы менен баштаймын!
Гезиттин өткөн санында тазалануу, дарылануу жана коргонуу өз ара тыгыз байланышта деп баса белгилеген элем. Тазаланууну эң башкысы ойдон баштасак. Мээде жаман ойлор көп болсо, башыбызды оорутат. Ал эми арам ойлор арбын болсо жашоону татаалдантып, иштер ар тараптан кетенчиктейт. Адамдын аң-сезимине, психикасына чоң залал келтирген жаман ойлор кайдан келет жана андан кантип кутулуу керек? Ушулар туурасында сөзгө конок берели.
Кудурети күчтүү улуу Кудайдын ысымы менен бардык кыймыл-аракеттерибизди баштап, жакшылыктарга умтулсак, өткөн-кеткен өкүнүчтүү окуяларды, ачууга алдырып сүйлөнгөн сөздөрдү, түрдүү кырсык-жосундарды эстебей, бүгүнкү, эртеңки жана бүрсүгүнкү күндөр жакшы болсо экен деп тилесек, ойлорубуз оңоло берет. Жаман ыплас ойлор, бул - жин, шайтан, азыткы кара күчтөрдөн келет. Агрессия, депрессия бар жерде сөзсүз ушу кара күчтөр ээлик кылып турат. Жараткандын берген ырыскы-жакшылыктарына ыраазы болуп, өзгөчө ак дасторкон үстүндө жайдары олтуруп, жалпы элге токчулук, тынччылык, топуктук тилеп алакан жайып, Кудайдан сурансак тилектер кабыл болот. Анткени, Кудайдын күчү, Кудайдын нуру бардык жерде, баарыбыздын жан дүйнөбүзгө чачырап тийип турат. Тек гана көөдөнүбүздү тосуп, жүрөгүбүз менен берилип сүйүп, аны кабыл алуу керек. Демек, кадырман замандаштарым, ар бир жаңырган күн, аткан таң менен Улуу Күчтүн кудуретине чөмүлүп, жаркыраган аппак нурунан сүртүнүп, көкүрөгүңөргө балкыган мээримди, тунук сүйүүнү киргизип алууга ниеттенгилечи. Ошондо башты оорутуп жаткан жаман ойлордон арылып, алгалай турган, өсө турган жакшы ойлор келет. Кайратыңар жанып, күч-кубатка толуп шыктана түшөрүңөргө шек жок. Кудай бар, мени сүйүп жараткан, ар дайым колдоп берет деген ишеним менен жүрсөңөр ойлогон максаттарга жетесиңер. Ошентип, ар бирибиз көрпендечиликтерге алдырбай, мээдеги ойлорду оңдосок коомубуз оңолот.
Алдым-жуттум аткаминерлер арабыздан кетсин десеңер, тойбогон жети баштуу ажыдаарга аларды айландырып жаткан азыткы кара күчтөр биротоло ошо пенделерден чыгып кетсе экен деп Кудайдан сурансак, алар да тазалана берет. Топуктуу, уяттуу, ыймандуу пенделер көбөйсүн, өзүбүз да өзгөлөргө, өзгөчө жаш муундарга ыймандуулуктун үлгүсүн көрсөтө билсек деп дайыма теленсеңер тазалануу процессинде каныңарга сиңип кеткен азыткылар чыгат, сөөгүңөргө кирип кеткен азыткы кара күчтөр кетет. Демек, рухуңардын тазаланышы менен бардык оору-кеселдерден сакайасыңар. Кереги жок кымбат-баалуу химиялык дары-дармектердин, ал тургай дары чөптөрдүн, кереги жок кытайлык ийне сайып дарылануу ыкмалардын жөн гана акча коротуу экенин, убакытка уттуруу экенин түшүнгөн болосуңар. Ата-бабалардан бери келе жаткан өнөкөт оорулар, бул, муундан-муунга, карындан-карынга өткөн илешме кара күчтөр. Ошолорду алып салуу мүмкүнчүлүгү өзүңөрдүн колуңарда. Кудай алдында кечирилбей жаткан күнөөлөрүн кечирип коюусун суранып, өзүңөрдүкү менен бирге качып кеткен ыйманыңарга ээ бололук деген ниетте тил учунан эмес, чын жүрөктөн тилесек, тазалануу жүрө берет.
Көп жылдык табыпчылык иш тажрыйбамда Кудайдын керемети менен баштын ооруганы дал ушул жаман ойлордун көбөйүп, мээнин катмарында зат алмашууну бузуп жибергенине күбө болдум. Мындан тышкары мээнин кан тамырына суук тийгени кошумча экени анык. Дайыма ойлонуп, ачууланып, таарынып, кек сактаган да мээнин чыңалуусунан баштап, белдин омурткаларына чейин сыздатып оорушуна алып келет. Ушундан улам 4-5 омуртканын тушундагы органдардын иштөө процессин бузуп, бөйрөк, табарсык, жыныстык ар кандай илдеттердин пайда болушуна өбөлгө түзүлөт. Адамдын организмин Жаратуучу Улуу Күч өтө татаал жана асем кылып, бири-бирине абдан байланыштуу жасаган. Оорукчандын аурасынан баштап, аң-сезимин, рухун, кулк-мүнөзүнөн тарта тазаламайынча - ар бир оорунун ээси болуп алган кара күчтөр оңойлук менен чыгып кетпейт. Чындыгында адамдын денесин автомашинадай элестетем, аны кылдаттык менен оңдоо керек. Себеби мен дарылаганда тиги же бул органга кан, кислород, түрдүү микроэлементтер жетишпей калганын сезип-көрүп, ошо жабылып калган каналдарды ачып берем. Мээнин нейрондору, нерв талчалары, ичкерип кеткен кан тамырлардын иштешине Кудайдын нурлары аркылуу "оңдоого" мүмкүнчүлүк алып, шишиген кол-бут, быртылдаган сары май баскан жүрөктөрдү жана башка органдардын калыбына келе баштаганына чексиз ыраазымын. Ар кандай рак шишиктери, ал тургай мээдеги киста, миома, түрлүү тери оорулары, таштын бөйрөктө, өттө пайда болгонун иликтеп, денедеги бузулган ары татал, ары сырдуу системаны "энергетикалык операция" жасоо менен киришебиз. Бардык купуя сыр - мээдеги нокуттардын функцияларынын бузулушунда. Нокуттар башкара турган тиги же бул органдардын иштөө программасына доо кетет. Маселен, эки чыкый ооруса көз, табарсык (простатит, энурез) ж.б.у.с. оору-кеселдер пайда болот. Кулакка жакыныраак нокутта адамдын эске тутуусу алсырай баштайт, мээдеги кан басымына таасир берет. Төбө жак уюп турса жүрөк кысылат. Анткени Ааламдан келген жакшы энергияларды кабыл алалбай, чыгымдалган энергия толукталбай турса адам күч-кубаттан кете берет экен. Өзүм медициналык билим албагандан кийин мээдеги процессти жазып түшүндүрүү оңой турбасын моюнга алуум керек. Бирок, жазгандан көрө, мен үчүн мээдеги жаман энергияларды Кудайдын жаркыраган нуру менен алып салуу тез жана оңой...
(Уландысы кийинки санда)
Урматтуу окурмандар!
Эгер Жыпар Турдукожоевага суроолоруңуздар болсо, байланышууну кааласаңыздар, төмөнкү телефон номерине чалыңыздар:
(0312) 68-07-01;
0554 43-43-60.





1916-жылдагы кыргын: күнөө кыргыздардабы?
"Кыргыздар үй-мүлкүн сатып болгондон кийин кичине эркек балдарын сатуучулар болду. Дунганга, уйгурга кыздарын сата башташты. Кыштактарды аралап, нан үчүн сенделип жүргөндөр көбөйдү"
Бактыбек МАКСҮТОВ,
"Айкөл Манас баяны" фондусунун төрагасы
(Башы өткөн сандарда)
Падышанын солдаттарынын огунан эптеп качып кутулганы, ашуудан ашканда аман калганы, суудан акпай калганы эптеп Кытайга өтүшөт. Кийээрге кийими, ичээрге тамагы жок эл, же мурда камдап алган тоюту жок, ачкадан кырылгандан калган арык-торук малын кытайларга арзан сатып күн көрө баштайт.
"Кытайда качкын кыргыздардын турмушу эң жаман болду, кышкы жем-чөп жок себептүү мал көптөп өлө баштап, эң арзан баага сатыла берди, үйдөгү кийиз, көрпө, килем, жакшы кийимдер, идиш айак жана ушул сыяктуу башкалары азык алуу үчүн көптөн сатыла берди". (Ысаке уулу Баялы. 1916-жыл. Үркүн, Бишкек, 1993, 120-б.)
"Падышанын жазалоочу атрети бизди, качкан элди кууп келе жаткан экен. Кызыл-Уч деген жерге токтоп, шыкалып турган элди көздөй замбирек менен "күр" дедире бир атканда эле эл ызы- чуу түшүп кыйкыра баштады. Кимди ким көрдү. Чектен өткөрбөй жатышкан кытайдын чериктерине моюн бербей эле, каптап кирип кетти. Ошондо Өрттөң, Музарт деген эки өзөндө элдин кырылганын сураба! Калың эл урма сууга каптап киргенде, суу бөгөлүп калат экен, мингеним чоң тору бээ эле. Суу жалына чейин барды. Агып бараткан бала, кемпир, чал дегендерди сураба...
Калмактар чектен өткөндө эле качкындарга чабуул койгон. Көз көрүнө келиндерди жетелеген төөсү менен, жылкыларды үйүр-тобу менен алып кете берди... ". (Хусейин Карасаев. 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө. "Ала-Тоо", №5, 1991-жыл, 100-б.)
"... Малдан болсо кол жууганбыз. Атам, агаларым күнүмдүк оокат үчүн жергиликтүү байлардын жумушун жасай коюшат. Алардын таап келгенин эптеп кылаңгырлап, тамак кылымыш болот энебиз. Же алар бир жарытып акы беришсечи. Айла кетти, жедеп карайлап өлүм алдында калганда Орозаалы абамдын Аныйпа, Жанузак абамдын Асыбе деген бойго жетип калган кыздары бар эле. Ошол экөөнү саттык. Эки кыздын ошондогу ыйы, ач айкырык үндөрү кулагыма угулуп, көзүмө көрүнүп турат. Ыйлабаган киши жок. Ошондо кеминде бир чай кайнамдай кучакташкан кучагыбыз жазылбай, колдорубуз карышып турду го…". (Кадыркул Качкееевдин эскерүүсүнөн)
Кытайдагы качкын кыргыздардын көргөн күнүн өз көзү менен көргөн тарыхчы Белек Солтоноев минтип жазган:
"...Көпчүлүгү малайлыкка жалданды. Бозо салып сатып, ала кийиз, шырдак, жууркандарын, ээр токумдарын сатты. Үй-мүлкүн сатып болгондон кийин катын-кыздын мончок-шуру, сөйкө, билерик, шакек, чолпу сатылды. Кичине эркек балдарын сатуучулар болду. Акырында дунганга, уйгурга кыздарын сата баштады. Дунган экен деп кытайга дагы саткан болду. Тоодогу, талаадагы кыштактарды аралап, нан үчүн сенделип жүргөндөр көбөйдү... элге келте, котур, чечек каптады. Оорудан өлгөн элдин эсеби белгисиз... "
"Кулжа тарапка үрккөн кыргыздардын орус аскерлеринин талоонунан калган малын, кытай жерине өткөн соң кытай черүүсү (аскери), калмак, кулжа аксакалы Нуракун менен консул биригип алып, силерди орус жерине айдайбыз деп талап кетишкен.
... Ошентип үйдөн, малдан ажыраган соң, кыргыздар Кытайдагы казактардын жери Текес, Күнөскө барып, казактар менен аралаш кыштады. Үй, тамак, кийим жок... Азган кыргыздардын үчтөн экиси ачарчылык менен сууктан өлгөн." (А.Найманкожо баласынын "Казак" гезитинин 1917-жылдын 27-майында жарыяланган макаласынан).
1917-жылдын 7-январында Орусиянын Кашкардагы консульствосунда түзүлгөн протоколдо Кытайга качкан кыргыздардын абалы жөнүндө мындай деп айтылат:
"... Последнее время киргизы, как и раньше, продолжают идти в глубь Китая на подводах по найму, многие идут пешком, даже есть случаи, (что) матери оставляют своих грудных детей, продают подростков как девочек, так и мальчиков, продают последнюю свою одежду - весь уч-турфанский базар завален киргизскими вещами: войлок, казаны, арканы, седла и остальные домашние вещи. Войсковой старшина Бычков". (ЦГАОР УзССР, ф. Туркестанский комитет Временного правительства, оп, 1, д. 5, л 249, копия )
Ошол эле протоколдо Кытайга алып өткөн бир аз малдын өлүм-житимге көп учурагандыгы, уйдун дээрлик жоголгону, жылкыдан 10%, койдун төрттөн бири, төөнүн жарымына жакыны калганы жөнүндө айтылат.
Ал эми кыргыздардын өмүр бою жыйып-терип келген үй-мүлктөрү өрттөлүп, таланып, малдары чек арадан өткөрүлбөй, жазалоочу отряддар тарабынан зордук-зомбулук менен тартылып алынган. Бул маалыматты жазалоочу отряддын начальниктеринин күндөлүктөрүндөгү жана рапортторундагы жазуулар тастыктайт.
Ротмистр Юнгмейстердин 1916-жылдын 30-декабрындагы рапортунда мындай деп айтылат:
"Уходя от преследовавших их русских отрядов, киргизы побросали почти все свое и награбленное имущество (до юрт включительно) и оставили большую часть скота, особенно баранов, которые не переносят больших и быстрых переходов. Масса скота была подобрана и отбита у киргизов карательными отрядами, в руки которых попало также и брошенное ими имущество".
(ЦГИА УзССр, ф. Туркестанское районное охранное отделение, оп. 1, д.1788, лл.53-59. Подлинник.)
(Уландысы бар)





ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Көк Асаба"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom ggle_h

гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 -- -- --
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования