ЖоКе журтубуздун
жашоосун жакшыртабы?
Жалаң "Ждан" жазылган жанытма

Жалпы журттун жөндөмдүү жарандарынын жарымысынын жарымысы жөлөп-жактаган жүз жыйырма жигердүү жаран Жашоо Жоболорун жазган Жогорку Жыйналышка же ЖоКеге жумушка жайгашышты.
ЖоКеге жумуриятта жашаган жалпы журттун жашоосун жакшыртуу, жакырчылыкты жоюу жана жарандарды жыргалчылыкка жеткирүү жоопкерчилиги жүктөлгөн. ЖоКеге жарыяланган жалпы жарышта жогорудагы жигердүү жолдоштор жамы журтту жомоктогудай жашоого жеткиришээрин жобурашып, жыргатышты.
Жылга жетпей, ЖоКеге жайгашышкан жогорудагы жүз жыйырма жигердүү жаран жөнөкөйлүктү жээришип, жеңил жана жагымдуу жашоонун жетегине жазгырылышып, желмогуздардын, жалаңкычтай жемкор жеп-жуткучтардын же жепутаттардын жүзүн жамынышты. Жогорку Жыйналыш же ЖоКе жеке жашоолорун жогорулатууну жактырышкан жепутаттардын жылуу жайына жөндөлдү. ЖоКенин жепутаттарын жамандабайын, жадымымда жөө жүргөн жепутаттар ЖоКеге жумушка жайгашканы жаркылдаган Жипте жүрүшүп, жалгыз жүргөндөрүн жардамчы жана жан-жөкөрлөрү жандады.
Жепутаттар жумуриятагы жумуш жайларынын жетекчиликтерине жалаң жакындарын, жердештерин жайгаштырышты. Жакындары жакшы жумушка жайгашпаган жыйырмадай жепутат жакындарын жайлуу жумушка жайгаштырышкан ЖоКенин жүздөй жепутатын жектешип, жаакташышты, жөөлөшүштү, жоолашышты. Жыйынтыгында жыйырма жепутат жеңишке жетишишип, жакындарын жайлуу жерлерге жайгаштырууга жетишишти. Жетишкен жеңиштерин жыйырма жепутат жемиштерден жасалган жуураттан жутушуп, жылкынын жалынан жешип, жүдаа жуушуп, жыргашты.
Жетекчилик жумушка жайгашышкан жепутаттардын жөндөмү жок жакындары, жоролору, жердештери, жээндери жана жерге-жааттары жемсөөлөрүнө жашылбайларды жыйнашып, жемкорлукка жамынган жаман жосунсуз жоруктарды жасашты. Жепутаттар жайкысын жашыл жайлоолордо, Жалалабаддын жаңгактуу жерлеринде жарпын жазышып, жөн жатпай жамбаштап жатышып, жайлуу жерлерди жиликтештиришти. Жепутаттардын жайлуу жерлерди жиликтештирген жосунсуз жаман жоруктары жөнүндө журналисттер ЖМКга жарышып жазышты, жарыялашты. Жыйынтыгы жок.
ЖоКенин жүз жыйырма жепутатынын жапайы, жагымсыз жоруктары жалпы журттун жашоосун жакырлантып, жумушсуз жаштардын жүрөктөрүн жабырлантты. Жумуштун жогунан жетиген жылдыздай жанган жалындуу жаштарга, жигиттерге, жароокер жоолукчан жеңелерге жакырчылык жан жолдоштой жанашты.
ЖоКе жыйнаган Жамаачы Жетекчиликтер Жамааты журттун жашоосун жакшыртуучу жарытылуу жумуштарды жасабады, жөнү жок, жалган, жүйөсүз, жасалма жумуштары жалпы журттун жашоосун жеңилдетпеди. ЖоКенин жепутаттары жылуу жайда жыргап жатканда, жарыгы жана жылуулугу жок жашоодо жөнөкөй жарандар жетимдей жөтөлүп жашап жатышты. Жоодой жалаңдаган жут жарандардын жайбаракат жуушап жаткан жандыктарын жыландай жутуп, жамы журттун жашоосун жешилген жууркандай жукартып жиберди. Жетишпеген жашоо жетээр жерине жеткиргенби же жаакташкан жепутаттардын жосунсуз жоруктарынан жийиркенип жадашканбы, жолборстой жаалданган жамы журттун жакшылары жадыраган жылуу жазда жегич жепутаттарды жазалоону, жортуул жүрүштөрдү жасоону, ЖоКени жоготуунун жолун жөндөшөөрүн жакында жарыялашты. ЖоКеде жана Жамаачы Жетекчиликтер Жамаатында жулунган жорулар жүргөндө журттун жашоосу жакшырбасын жыйынтыкташкан журт жакшылары жылан жылында Журт Жетекчисине (Жоокерлердин Жангерине) ЖоКени жоготуу жараянын жөнөтүштү.
Жараян жолдонгону ЖоКенин жээликкен жепутаттарынын жүздөрүнөн жылмаюулары жоголду, Журт Жетекчисине ЖоКени жерге житиртпөөгө жанталашып жуучуларды жиберишип, жүгүнүп жалдырашууда. Журт Жетекчиси ЖоКенин жепутаттары жана Жамаачы Жетекчиликтер Жамааты жипсиз жүгөндөлгөнүн, жөн жүрүшпөсө жүрөктөрүнө жаанын жебесин жиретерин, жүлүндөрүн жулаарын, жөжөдөй жалпайтып жазалаарын жымсалдаптыр. Жамгырлуу жазда ЖоКенин жаназасын Жаналгыч Жебирейил жобурап жаннатка жөнөтөбү же Журт Жетекчисинин Жарлыгы жайлайбы - жоромолдуу жиги жок.
Жогорудагылар жөнүндө жыйынтыктасам, ЖоКеге жорудай жемкорлорду жолотпосок, жер-жерлерден жаңычыл жарандарды ЖоКеге жолдосок жеткиликтүү жоболор жазылып, жолдор жасалып, жерибизде жакырчылык жоюлуп, жамы журттун жашоосу жакшырмакчы.
Жараткан жерибизге жана журтубузга жакшылыктарды жиберсин!
Илияс Сексенбай,
Бишкек шаары