Карыялардан кайрылуу
Элдин кутун качырган
күчтөрдөн сак бололу, калайык!
Турмуштун өзөгү өзгөрүлүүдө. 20 жылдан ашты, дагы эле калыптана албаган, келечекке түздөнө албаган абалдабыз. Жер-жерлерде, борборлордо өткөрүлгөн, өткөрүлүп аткан миңдеген жыйындарда, теле-радиодо, гезит беттеринде кайым айтыш, чыр-чатак, көбүрүп-жабырган көчө сөздөр көбөйүп, республикабыз митингдердин өлкөсүнө айланды.
Шайлоолор учурунда добуш сатмай, сатып алмай, текшерүү жана көзөмөл кызматындагылардын өйдө жагындагыларынын төмөн жагындагылардан акча чогултмай жана башка ушулар сыяктуу ыпыластыктардын айынан эл арасы жүздөн ашык партия, диндик ажырымдар, өкмөттүк эмес деп аталган уюмдар, жана башка көптөгөн түзүм болуп уюмдашылып, алардын ар биринин иши адамдардын аң-сезимине карата карама-каршылыктуу таасирлерге жыш экендигинин, элдеги ой түшүнүктөрдүн чар учкандай чачыранды болуп аткандыгынын айынан элибиздин элдигине зак кетүүдө.
Кандай болгон күндө да тагдыр маани маселелер түпкүлүгүндө эл аркылуу чечилет. Элдин жетилүүсү - эң башкы зарылчылык экендигине, тынчый турган, араздашуулардан арылып, тазалана турган мезгил келгенине карабай, абал татаалдашып, опурталдуулук ого бетер күчөп баратат. Бул жерде атайылап жасалып аткан ички да, тышкы да журт бузарлык таасирлер бар. Мындай кырдаалда көрмөксөн, билмексен болуп, кайдыгер карап тура берүүгө эч кимибиздин акыбыз жок. Аны аткара албасак - анын өзү чыккынчылыкка тете жорук болуп калат.
Элим деп күйгөн эр азаматтар биригип, элге жол көрсөтүп, коомду оңуна келтире турган мезгилдебиз. Элге зыяндуулуктар ачык айтылып, аларга каршы чечкиндүү чаралардын көрүлүшү кыя өтө алгыз зарылчылык болуп турган абалдабыз.
Бизден кийинкилер эмне деген эл болот? Бул деген - азыркы кыргыздардын, кыргызстандыктардын түздөн-түз милдети экендиги коомчулукта терең чечмеленип айтыла турган маселе.
Өнүгүүнүн мындан аркы өңүтү барыдан мурда адамдын өзүнө, психологиясына, ой жүгүртүүсүнө бет алат, деген сөз бар. Андай болсо, ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы. Бийлик, мансап, байлык көздөп коомду калчагысы, элди кол жоолук кылып пайдалангысы келгендердин айла-амал аракеттерин ачык айталы. Аларды калайык калк билсин. Ансыз коом тазаланбайт.
Аягы тыйылбаган азан-казан айкырык жыйындар демократия эмес. Демократия бул акылга, мыйзамдуулукка, жүйө, өзөк баалуулуктарга, элдик дөөлөттөргө негизделип калыптана турган пайдубал.
Биз, карылар, өз заманыбызга жараша өлкөбүзгө кызмат өтөдүк. Азыркы менчиктештирилген оокаттар ошол кездеги элдин эмгеги, таман акы маңдай тери экендиги эстен чыгарылбай, улуу муундагыларга сөз тийгизбегиле.
Мекенчил, ар тараптан жетилген уул-кыздарыбыздын карааны калыңдап, терең аракеттер жүргүзүлүп, коомчулукка тааныла баштагандыгы - мамлекетибиздин, элибиздин эртеңки келечеги.
Азыркы эң башкы маселе, бул - тынчтык, элдик акыл кеңеш, эл кызыкчылыгына берилген таза күчтөрдүн биримдиги, биргелешкен аракети.
Эл арасына бүлүк салып дүрбүтүп, кутун качырган күчтөрдөн сак бололу, калайык!
Кыргыз Республикасынын Аксакалдар Кеңеши: Т.Усубалиев, С.Эралиев, С.Жусуев, К.Акназаров, академик О.Нарбеков, К.Сарымсаков (Чүй), М.Айбалаев(Баткен), И.Жусубалиев (Ош), Э.Бегимкулов (Жалал-Абад), К.Бурханбаев (Кара Суу), К.Маматов (Сузак), А.Насиридинов, Т.Акматов (Ысык-Көл), К.Курманалиев(Талас), Т.Кулумбаев(Нарын), Т.Сапарбаев(Нарын), А.Аракеев (Теңир Тоо), Кеңештин төрагасы Д.Шадыбеков