№03, 25.01.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сунуш

ӨЗГӨЧӨ ТАРЫХЫ БАР ӨЗГӨНГӨ БИЛИМКАНА КЕРЕК
Исмаилжан Шайбеков,
академик, Мурзубраимов атындагы
Өзгөндөгү технология жана билим берүү институтунун доценти, Эл агартуунун отличниги, Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын байкоочулар Кеңешинин мүчөсү

ХХ кылымдын соңку он жылдыгы мурдагы СССР деген улуу державага кирген элдердин коомдук турмушуна чоң өзгөрүүлөрдү алып келди. Ал улуу держава кулап, анын ордуна бир нече эгемен мамлекеттер өсүп жана алар мурдатан тутуп келген өнүгүш жолунан, идеологиясынан баш тартып, жаңы - рынок (базар) жолун тандап алышты. Пайда болгон эгемен мамлекеттер КМШ деген өлкөлөрдүн биримдигин уюштурганы менен ал биримдигинен эч бир алгылыктуу майнап чыкпаганы, алардын кээ бирлери (анын ичинде биздин өлкө да бар) алдыга жылып, эл турмушун көтөрө албаганынын түпкү себептеринин бири - жаңы доор туура таанылбаганында, заман алмашып кетсе да эски дүйнө тааным менен коом түзүлүшүнө, жашоо тиричиликке, чарба жүргүзүүгө, билим берүүгө эскиче мамиле кылып, мезгилдин жаңы талаптарын баамдабай, сырын ача албай, ийгиликтин жолун таба албай кайдыгер болгонубуздан болуп жүрбөсүн, замандаш.

Саналуу өнүккөн өлкөлөр тарабынан дүйнөлөштүрүү (глоболизация) көрүнүшү жер планетадагы өлкөлөрдү, элдерди акча, маданий, саясий, эл аралык экстремизм, терроризм, баңгилик, сойкулук, кылмыштуулук, табиятты коргоо маселелери менен байланыштырып, бекем бириктирип, чырмап, карызсыңар деген шылтоолорду колдонуп, атайын программага киргизип, көз каранды кылып, дүйнө коомун түзүүгө аракеттенишүүдө. Бул дүйнөлөштүрүү доору өкүм сүрүп, көп мамлекеттердин өзгөчө өтө чабал, өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү начар, жете албай жүргөн өлкөлөрдүн чарбалык, маданий, диний, улуттук коопсуздугун жокко чыгарууга алып келүүдө. Ушул кырдаалга байланыштуу олуттуу, өтө курч, кечиктирилгис маселелердин бири, саналуу гана өнүккөн өлкөлөр тарабынан жүргүзүлүп жаткан диний, акчалай, маданий чабуул, баскынчылык саясатына туруктуулукту камсыз кылуу шартынын пайдубалы болгон, нечен миң жыл убакытта курулуп, турмуш сыноосунан ийгиликтүү өткөн кыргыз улуттук дөөлөттөрүбүзгө кайрылып, аны иликтеп, толуктап, кайрадан баалап, барктап, кеңири жайылтуу маселеси турат. Демек тарыхыбыздын, эне тилибиздин, салтыбыздын, нарк насилибиздин, өнөрлөрүбүздүн, жалпы маданият, дүнүйө таанымыбыздын орду эбегейсиз бийиктикке көтөрүлгөнү - жаңы доордун өзөктүү талабына айланганынын белгиси.
Учурда жана Акаев доорунда биздин мамлекетте билим берүүнүн күңгөй-тескейи же ага жасалган мамиле кандай деңгээлде экени барыңыздарга маалым. Кыргызстан өзүнчө көз карандысыз мамлекет болуп түтүн булаткандан бери Билим берүү жана илим боюнча министрлик бир туруп биригип, бир туруп бөлүнүп отуруп азыркы мезгилге чейин анын башында турган министрлер канча жолу алмашпады. Чынында Кыргыз мамлекети эгерде карыздан кутулабыз деп эле аты "укмуш" ПЭСК окшогон программага кирип кетпесек, анын келечеги кең, бакубат болушуна, анын дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин катарынан өз ордун ээлешине бүгүнкү күндөгү билим берүүгө негизги роль таандык болоору баарыбызга белгилүү. Демек, бүгүнкү күндө билим берүү, адистерди даярдоо жана ушул процесстин жүрүшүндө Атамекенге берилген мекенчил, нравасы таза атуул-инсандарды тарбиялоо биздин ар кимибизди ойлонтуп, тынчыбызды ала турган эң негизги маселе болушу зарыл. Андыктан ушул маселеге олуттуу карап, ал гана турсун аны улуттук идеологиябыздын уюткусу катары баалап, тааныганыбыз оң. Ошондуктан менимче кандай гана жетекчилик болбосун, ага ишеним көргөзүлүп дайындалгандан кийин анын ишинин жыйынтыгы чыкканга чейин сабырлап туруу зарыл го. Ошондо гана жоопкерчиликти да издөөгө болоор эле.
Бизде, жаңы эле министрлик ээрге отурган адам иштин чоо-жайын тартып үйрөнгүчө, жаңыча иш баштайын дегенче эле жыл айланып айланбай үзөңгүдөн буту тайып, ээрден шыпырылууда. Ал баштаган иш аягына чыкпай, акырында коомчулук, эл алдында акыбалга жооп бере турган адам табылбай карапайым элдин башы айланып жаткандыгын ачык эле айтышыбыз керек. Мына ушуга окшогон биздин билим берүү тармактагы, жогорку бийликтеги окуяларыбыз бизди, өзгөчө айыл жерлеринде билим берүү системасын кризиске алып келип такоодо. Ырас, Кыргызстан өзүнчө мамлекет болгондон бери коомдук түзүлүштүн башка сфераларындагыдай эле билим берүүдө да кичине болсо да кубанткан, көкүрөккө дем берген, үмүттү ойготкон көрүнүштөр да революциядан кийин, жаңы бийлик келгенден кийин болбой койгон жок. Биринчиден эле бул тармакка да эркиндик берилип, билим берүү жаңы мезгилдин талаптарына ылайык жүргүзүлүшүнө кеңири мейкиндик ачылды.
Окуу программа, окуу пландарынын мазмунун мезгил талабына шайкеш, кайрадан иштеп чыгуу, билим берүүнүн дүйнөлүк стандарттарына тең келген мамлекеттик стандарттарын иштеп чыгуу колго алынды. Жаш мамлекетибиздин келечегине керектүү болгон кесиптерге даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп, мамлекеттик окуу системасына катар эле жеке менчик, акы төлөп окуу системасы киргизилди. Орто мектептер, ЖОЖдор ар кандай булактардын жардамында өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдап алууга мүмкүнчүлүк ачылды. Бирок ошондой учурдагы шарттардын болгонуна карабастан азыркы учурдагы билим берүүнүн абалы, айрыкча айыл жерлеринде кандай абалда экени баарыбызга маалым, аларды сиздерге санап, далилдерди көргөзүп отуруунун зарылдыгы жок дейм.
Акыркы мезгилдеги Кыргызстандагы болуп жаткан саясий кырдаалдар деле биздин билим берүүгө жасаган мамилебизди, алардын жыйынтыктарын көргөзүп отурат. Мисалы, бир чакан айылда 20 окуучу орто мектепти аяктады дейли (азыркы учурда кандай аяктап жаткандыгы баарыңыздарга маалым), анын төрт окуучусу ЖОЖго окууга мүмкүнчүлүгү болсо, калган 16 окуучу айылда калып, жумушсуздардын армиясын көбөйтүп тиричилик өткөрүүгө мажбур. Жумуш жок, макул, өздөрүнө бөлүнүп берилген болоор-болбос жерлери, көмөкчү чарбалары менен иштешет дейли, аларды иштетүүгө да жөндөмү, "билими" барбы, бул жумуштар өзүн-өзү актаарын, актабасын билеби? Алардын азыркы биз түзүп жаткан коом жөнүндөгү маалыматына, дүйнө таануу маалыматына ким кепил боло алат? Анан биздин мамлекетте кантип стабилдүүлүк болсун? Ошондуктан мамлекеттин келечегин ойлосок, айылдарды өнүктүрүүнү, алардагы билим берүүнү кайрадан карап чыгуу керек.
Бир кезде, тагыраагы ХIХ кылымда орус турмушунда улуттук кризис болуп, жалпы коом деградацияланган кезде алдыңкы орус интеллигенциясы ошол абалдан чыгуунун бирден бир жолу деп мектептерди ачууну, бала чактан келечектеги орус улутундагылардын оюн оң жакка бурууну максат кылышкан экен. Ошол кезде Л.Н.Толстой, А.Зеленко, Ф.Рау, Л.Шлегер, жубайлар Н.Чехова жана М.Чехов ж.б. ошондой билим берүү жолу менен коомду өзгөртүүнү практикалык түрдө башташкан дешет. Орустун аттуу-баштуу жазуучулары, адабият сынчылары көркөм чыгармачылыктарын агартуучулук жакка бурушуп, атайын журналдарды ачышып, ооматы келип турган романдарын кое туруп, макала, окуулук жазып, элге, эң биринчи кезде балдарга идеяларды таратышкан экен. Натыйжасы - азыркы Россия. Ал эмес азыркы дүйнөлүк өсүштөн калышпаган, улуу державалардын бири Жапония өлкөсүнүн ушунчалык даражага жетишинин себеби, алардын ХХ кылымдын 60-70-жылдардагы билим берүү тармагындагы жасаган реформасы деп түшүндүрүшөт.
Ал эми бизде кандай? Бизде да билим берүүгө реформа керек болуп жүрбөсүн. Анткени биздин өлкөнүн билим берүүсүндө, айрыкча айылдык билим берүүдө да кризис өкүм сүрүп тургандай. Мунун башкы себеби бир коомдон экинчи коомго, тоталитардык-буйрукчул системадан жарым-жартылай демократиялык деп аталган коомго өтүү мезгилиндеги адамдардын аң сезиминдеги боштук, мурдагы түзүлгөн идеялардын кыйрашы, жаңы идеяларды аң сезимге алып келээр идеялогиянын жоктугу, рынок шартындагы калктын психологиясындагы өзгөрүүлөр, мектептин, мугалимдин, ата-эненин жана окуучунун башына түшкөн экономикалык кыйынчылыктар деп тынбай сайраган менен андан чыгуунун жолун көргөзгөн адамдын жоктугу, баарынан да жеке кызыкчылыктардын жогору коюлушу. Дал ушундай кезде балага өбөк болор көп нерсени татыктуу мектеп, андан алган билим гана алып келип бермек. Анткени азыркы бала эртеңки мамлекеттин жараны, коомдун активдүү мүчөсү, кандайдыр бир жетекчи же премьер-министр, же келечектеги президент. Кыскасы, мамлекеттин келечегин ойлосок, учурдагы балдарга татыктуу тарбия, талапка ылайык билим берүүнү азыркы күндөн, ушул сааттан кечиктирбестен чечишибиз керек деп ойлойм.
Албетте, мен орустун атактуу, улуу адамдары Л.Толстой же Л.Шлегер, М.Чехов боло албайм деңизчи. Ошондой болсо да өз эгемендүүлүгүбүзгө жетишип, өз киндигибизди өзүбүз кесип, өнүгүүнүн жолун өз алдыбызча тандап алуу мүмкүнчүлүгү болуп турганда өзгөчө аталышка ээ болгон, карт тарыхы бар, кыргыз элинин жашы менен жашташ болгон Өзгөн регионундагы Өзгөн шаарында кандайдыр бир өзгөчөлүгү бар мектепти (билимкананы) ачуу сунушун 2002-жылдан бери киргизип келем (колдогон киши жок, даяр ашка кожоюн болчулар толтура). Мамлекеттин бюджетиндеги акчалар - элдин акчалары, ошол акчадан кайрадан өз элине, өзүлөрүнүн келечегине жумшоо сунушу менен көп жылдан бери чыгып отурам, чыныгы колдоочуларды издеп келем. Акаев учурундагы Өкмөткө, билим берүү министрлигине канча кайрылбадым. Эч кандай жыйынтык болгон жок.
Өзгөн регионунда, өзгөчө айыл жерлериндеги таланттуу, зээндүү социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары үчүн, алардын келечеги үчүн бул билимкананын салымы зор болоорун байкаган мурдагы билим жана илим министри Каныбек Осмоналиев аны биз максат кылган жерге ачууга жардам берүүнү баштап, тиешелүү документтерине кол коюп берген. Учурдагы министрибиз Ишенгүл Болжурова да бул демилгени колдоп, мындан ары бул максатыбызды иш жүзүнө ашыруу үчүн чоң жардам берет деген үмүттөмүн. Анткени айыл жерлериндеги билим берүүнүн абалы Ишенгүл Садыковнанын көңүл борборундагы маселе экенин билебиз.
Өзгөн билимканасында төрт класстын окуучулары эки багытта билим алышат (8-9-10-11-класстар):
а) гуманитардык;



б) физика-математикалык багытта. Ар бир класста 20дан ашпаган окуучу болуп, окутуу атайын мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга туура келген программалардын негизинде, тажрыйбалуу педагогдордун жардамында жаңы технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Регионубуздун өзгөчөлүктөрүн жана азыркы учурдагы экономикалык кырдаалдарды эске алып, региондогу жакыр үй-бүлөлөрдөгү таланттуу окуучуларды колдоо максатында бардык шарты бар (тамак аш, эс алуу бөлмөсү, спорт) жатакананы түзүү пландаштырылган. Бирок кандай гана билим берүү мекемеси болбосун, анын ишинин сапаты жана натыйжасы, андагы иштеп жатышкан окутуучуларга, кызматкерлерге түзүлүп берилген шарттарга, алардын билим деңгээлине, материалдык-техникалык базага, ишти туура уюштурууга көз каранды болот. Натыйжалуу көрсөткүчтөрдү пайда кылуу үчүн окутуучуларга мамлекет тарабынан белгиленген эмгек акыдан башка кошумча төлөөлөрдү уюштуруу, андан сырткары мыйзамдын чегинде башка шарттарды да түзүп берүү пландаштырылууда (кээ бир салыктардан куткаруу, райондун территориясында автобустарда бекер жүрүү ж.б).
Ушул сыяктуу эле жакшы шарттарды түзүү окуучулар үчүн да каралууда. Дүйнөнү сулуулук сактап калат дегендей, билимдүүлүк да дүйнөнү сактап калууда андан кем эмес көрсөткүчкө, ролго ээ деп айтмакмын. Ошондуктан чыныгы билимдүү, маданияттуу, келечекте мыкты адис, адам болууну каалаган окуучуларды келечекке агылуучу Өзгөндөгү "Кызыл-Чарба" атындагы билимканадан билим алууга чакырып кетет элем. Силерге мыкты тарбияны, келечекте өзүңөр каалаган жогорку окуу жайларга кирүү мүмкүнчүлүгүңөрдү чыныгы билим аркылуу сөзсүз аткара ала тургандай деңгээлдеги сапаттуу билим берүүнү уюштурабыз деген ойдомун.

Ар бир класста 20дан ашпаган окуучу болуп, окутуу атайын мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга туура келген программалардын негизинде, тажрыйбалуу педагогдордун жардамында жаңы технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Регионубуздун өзгөчөлүктөрүн жана азыркы учурдагы экономикалык кырдаалдарды эске алып, региондогу жакыр үй-бүлөлөрдөгү таланттуу окуучуларды колдоо максатында бардык шарты бар (тамак аш, эс алуу бөлмөсү, спорт) жатакананы түзүү пландаштырылган.