№03, 25.01.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Жогорку билим

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖОГОРКУ БИЛИМ ТАРМАГЫ ҮЧҮН ЕВРОПАНЫН ӨНҮГҮҮ ЖОЛУ ЫЛАЙЫК
Кыргызстандын жогорку окуу жайлары Болон процессине өтүүгө мыйзамдык жол ачуу жөнүндө сунуш менен кыргыз Өкмөтүнө кайрылуу жолдогону жатышат. Алардын жүйөөсүндө жогорку билим берүү системасын европалык стандарттардын жолу менен өнүктүрүү билим сапатын өркүндөтүп, кыргыз дипломдорун чет өлкөдө таанытып, бүтүрүүчүлөрдүн чет өлкөдө ишке орношуусун жеңилдетмекчи. Жогорку билим тармагында Болон принциптерин киргизүү маселелерине арналып Билим берүү жана илим министрлигинде өткөрүлгөн конференциянын катышуучулары ушундай чечимге келишти.

Жалалабат мамлекеттик университетинин ректору Абдымаматкадыр Ашыралиевдин айтымында, Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн үч жолу турат. Биринчиси, эски советтик системаны улап кетүү, экинчиси, Болония процессине кошулуу, үчүнчүсү, ушул эки системаны айкалыштырып алып кетүү. Өкмөт ушул үч жолдун бирин аныктап бериши керек.
Жогорку окуу жай коомчулугунда басымдуу көпчүлүк өлкөнүн билим берүү системасын Болон процессинин принциптери менен өнүктүрүү келечектүү экенин белгилешүүдө. Алардын жүйөөсүндө, глобализациянын шартында Кыргызстан Болон процессинен четте калып кала албайт. Анткени, Болон процессинин стандарттарына өтүү студенттер менен окутуучуларды мобилдүү кылат. Мунун натыйжасында кыргыз дипломдорунун дүйнөдө таанылыш мүмкүнчүлүгү пайда болот, кыргыз университеттери чет элдик студенттерди аттестациялоодо кыйынчылык тартпай калат, жогорку билим берүүнүн мындай гармониялык системасы окуу жайларга эл аралык кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Март айында Өкмөттүн жыйынында жогорку билим берүү маселеси каралмакчы. Ректорлор корпусу ошол жыйында Болон процессине кирүү үчүн саясий чечим кабыл алууга жетишүү керектигин белгилешүүдө.
Болон принциптеринин негизинде эксперименталдык окутуу Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайларда колго алынганына бир топ жыл болуп калды. Бүтүрүүчүлөр билим берүүнүн айрым багыттары боюнча европалык бакалавр-магистратура деңгээлинде окуп чыгып жатышат. Бирок мыйзамдык негизи жоктугунан бакалавр даражасы менен бүтүп чыккандарда ишке орношууда кыйынчылыктар келип чыгууда. Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытовдун эсебинде өлкөдө азыр ар бир онунчу студент бакалавр-магистр моделинде окуп жатат. Калгандары мурдакы советтик үлгүдөгү адистин дипломуна окуп жатышат.
Жогорку билим берүү системасын европалык стандарттарга көчүрүү үчүн Кыргызстан көп мыйзамдык укуктук актыларды кабыл алып, жогорку билим берүү жөнүндөгү мыйзам актыларына, Эмгек Кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизиши керек. Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигинде эксперттик топтор ушул маселенин үстүндө иштеп жатышат.




Алымбай Токтосопиев, Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору:
- Бизде мамлекеттин деңгээлинде Евросоюздун Болон процессине кошулабыз деген конвенцияга кол коюлуп, он бир жогорку окуу жай катышкан консенсус түзүлгөн. Анын ичинде биздин окуу жай да бар. Мындай иш башталгандан кийин биз Болон процессинин талабына дал келебизби, толук кошула алабызбы же болбосо дагы кандай сунуштар, кемчиликтер бар, кредит сааттарга бардык окуу жайлар өтө алабы деген маселелерди чечип алышыбыз керек. Учурда ушул маселелердин үстүндө ар бир окуу жай иш алып барууда. Биздин окуу жай дагы Болон процессине кирүүнүн жол-жобосу жазылган китепчелерди чыгарып, ар бир структура аны менен таанышып жатат. Бул процесстин негизинде биз 2007-08-окуу жылында экология адистиги боюнча эки группа алып окутуп жатабыз. Акыры Болон процессине кошула тургандан кийин биздин билим берүү процессин ага ылайыкташтыралы деп жатабыз. Эми биздин сунуштарыбызды Өкмөт колдоп берсе эле жогорку окуу жайлар Болон процессине өтүүгө даяр.
Болон процессине кирүү кыргыз студенттерине жакшы болгону турат. Себеби биздин студенттер, окутуучулар чет мамлекеттердеги каалаган окуу жайына кенен барып билим ала алат. Алардын студенттери бизге келе алат. Эң негизгиси, Кыргызстандын дипломдору бардык жерде жарамдуу болуп табылат. Бизге дагы өзүбүздүн адистердин Евро мейкиндигинен окуп, билим алып келгени жакшы да.




Ардакбүбү Ормонбекова, билим берүү жана илим министринин орун басары:
- Кыргызстандын жогорку мектеп тармагын дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо жана Болон принциптерин жогорку окуу жайларга киргизүү боюнча бардык иш аракеттерди координациялоо үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына Болон процессин имплементациялоо боюнча эчактан бери иштеп жаткан уюмдардын жана борборлордун өкүлдөрү кирген. Биз пилоттук долбоорлордун алкагында алган айрым бир жакшы тажрыйбаларыбыз бар. Эми ошол тажрыйбаларды жайылтуу жана өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын ортосунда өз ара кызматташуу системасын түзүү керек. Өзүнүн алдыңкы иш тажрыйбасы менен бөлүшүү жана билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн бардык иш аракеттерди бириктирүү өзүн ушул процессте новатор катары эсептеген алдыңкы жогорку окуу жайлардын биринчи кезектеги милдети болуп калууга тийиш.
Формалдуу алганда Кыргызстан Болон процессине катышкан өлкөлөрдүн катарына кирбейт. Анткен менен кыргыздын жогорку билим берүүсүн эл аралык талаптарга эриш-аркак өнүктүрүү аны реформалоонун башкы аспекти болуп саналат жана ал өзүнүн негизинде Болон декларациясынын принциптерине жооп бериши керек. Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагы үчүн мындай жаңылануу олуттуу өзгөрүш болуп саналат. Бул көп жакшы натыйжаларды берет: биринчиден, кыргыз дипломдорунун дүйнөдө таанылыш мүмкүнчүлүгү, экинчиден, кыргыз университеттери чет элдик студенттерди аттестациялоодо кыйынчылык тартпай калат, үчүнчүдөн, жогорку билим берүүнүн мындай гармониялык системасы окуу жайларга эл аралык кызматташтыкты натыйжалуу өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошон үчүн бүгүн биз жогорку билим берүүнүн структурасын аныктап алышыбыз керек. Биздин коңшуларыбыз Казакстан менен Россия прогрессивдүү жолго түшүп, интеграциялоо процессинин принциптеринин негизинде өнүгө тургандыктарын билдирип жатышат. Алар мыйзамдык негизде бакалавр жана магистр түрүндөгү эки деңгээлдүү системаны кабыл алышты. Аскердик, медициналык жана айрым бир инженердик багыттагы үзгүлтүксүз даярдоону талап кылган адистиктер гана бул жакка кошулган жок. Бизде бирдей эле программалар менен бакалавр жана адистерди даярдоо параллель жүргүзүлүп жатат. Бул канчалык натыйжалуу жана рыноктун талаптарына канчалык шайкеш келет?
Бакалавр бүтүрүүчүлөр жумушка орношууда ар кандай кыйынчылыктарга кабылып жатышат, анткени коомдо жана көпчүлүк иш берүүчүлөрдө бакалавр окуп бүтө элек деген түшүнүк жашап келатат. Ректорлор бул маселени көптөн бери көтөрүп, Эмгек Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын козгоп чыгышкан. Министрлик тарабынан бакалаврдын эмгек рыногундагы ордун аныктоо үчүн мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн долбоор-сунуштары даярдалган жана Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине макулдашууга жиберилген. Бирок бул проблеманы канчалык чече алат? "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, бакалавр - кесиптик ишмердикке укук берген квалификациялык даража болуп эсептелет. Мыйзамда анын орду жогорку билимдүү адис деп белгиленген жана ал тийиштүү кызматты ээлей турганга укугу бар деп аныкталган. Бирок, андан жогору турган "толук жогорку билимдүү адис" деген бар. Ал совет мезгилинен бери сыналып текшерилген квалификация, бирок ал иш берүүчүлөрдүн жаңы квалификациясына жооп бербей калган. Анткен менен иш берүүчүлөр, албетте, турмушта "текшерилген" адиске артыкчылык беришет. Магистр боюнча маселе анчалык кыйын болгон жок, магистрге ири компанияларда жана эл аралык уюмдарда суроо-талап чоң. Бул компанияларда эл аралык талаптын ушундай болуп жатканы менен байланыштуу.
Ушуга байланыштуу жогорку билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин классификаторун кайра карап чыгуу керек болот. Ал эмгек рыногунун квалификациялык структурасына шайкеш келиши керек, бүтүрүүчүлөргө азыркы эмгек рыногунда суроо талап болушу кажет. Ошону менен катар, албетте, мамлекеттик билим берүү стандарттарын да кайра карап чыгуу керек болот.
Кредит системасын киргизүү жагын да чечиш керек жана анын өлкө ичиндеги бирдиктүү системасын жолго коюш керек. Координациялык топ тарабынан кредит системасында окуу процессин уюштуруунун жалпы негизги жол-жоболору иштелип чыккан жана конференцияда талкууланган. Бирок ал боюнча окуу жайлардан ой-сунуштар боло элек.
Кредиттик окутуу системасы киргенде окуу процессин уюштуруудан тартып окуу пландары, окутуучуларга эмгек акы төлөө тартибине чейин бүт өзгөртүшү мүмкүн. Окуу технологиялары, окуу процессинин нормативдери, окуу, китепканалык жана техникалык ресурстары, профессордук-окутуучулар курамынын сандык-сапаттык көрсөткүчтөрү өзгөрөт.
Ошондой эле жогорку окуу жайларда илим изилдөө иштерин жаңыча жолго коюу жагын дагы жакшылап ойлоп көрүү керек, бул дагы Болон процессиндеги жүрүп жаткан тенденциялардын талаптары менен байланыштуу.




Абдырахман Мавлянов, Бишкектеги Финансы-экономикалык академиянын ректору:
- Мартта Өкмөттүн жыйынында жогорку билим берүү маселеси каралат. Ошол жыйында Болон процессине кирүү үчүн биз саясий чечим кабыл алууга жетишүүбүз керек. Антпесе, жети-сегиз жылдан бери жасалган көп ийгиликтүү иш аракеттер текчелерде кала берет. Глобализациянын шартында биз бул кыймылдан четте калып кала албайбыз. Бул биз үчүн уникалдуу шанс.
Болон процесси жогорку окуу жайларга, бүтүрүүчүлөргө, студенттерге жана элге эмне берет? Бул студенттер менен окутуучулардын мобилдүүлүгү. Бул деген өлкөнүн ичинде эле эмес чет өлкөдө да ишке орношуу мүмкүнчүлүгү. Студент чет өлкөдө окуп жатканда эле эмес өзүнүн өлкөсүндө да мобилдүү боло алат. Маселен, мен студент болсом башка бир шаарда макроэкономиканы жакшы окутса, мыкты лекция болуп жатса, эмне үчүн мен аны барып угуп окуп келе албашым керек.

Бетти даярдаган К.Чекиров, "Кутбилим".