№03, 25.01.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Жаш мугалимдин депозити" - 2008

Кадр менен качан камсыз болобуз?
"Жаш мугалимдин депозити" программасынын биринчи катышуучулары өткөн жылдын аягында марага келди. Айылдык мектептерди педагогикалык кадрлар менен камсыздоого, жаш адистерди кетирбей кармап калууга багытталган бул программа канчалык өзүн актайт? Келечеги кандай болот? Дегеле мугалимдердин жетишсиздигин кантип жоюу мүмкүн? Мына ушундай суроолор менен Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн начальниги Салмоорбек Асановго жана Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Мукаш Базаркуловго кайрылдык.

Салмоорбек Асанов,
Билим берүү жана илим министрлигинин экономика бөлүмүнүн начальниги:
- Мугалимдерди мектепке кармап калуу маселеси канчалык татаал, оор экени жалпыга белгилүү. Мунун негизги себептери - эмгек акынын төмөндүгү, турак жай менен камсыздалбагандык, анан, "Мугалимдин статусу" жөнүндөгү мыйзамда каралган педагогдорго жер участкаларын бөлүү милдетин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарбай жаткандыгы. Ооба, бул маселелер боло келген, мындан ары да оңойлук менен жоюла койбойт. 2004-жылы Билим берүү жана илим министрлиги "Жаш мугалимдин депозити" программасын түзүү демилгесин көтөрүп, муну Өкмөт өзүнүн токтому менен бекиткен эле. Ага ылайык ушул программага катышкан жаш мугалимдердин эсебине ай сайын 2 миң сомдон түшүп турган.
Негизги айлык акысынан тышкары бөлүнгөн бул каражатты алар үч жылдык иштеп берүү мөөнөтү аяктаган соң ала алышат. Биздин аргасыздан жасаган мындай кадамыбыз крепостнойлук укукту эске салат. Мугалимдерди мектепке ушинтип "байлоого" туура келди.
20-ноябрда программанын алгачкы катышуучуларынын мөөнөтү соңуна чыкты. Жаңы жыл алдында анын биринчи бүтүрүүчүлөрүнө депозиттик каражатты төлөй баштадык. Үч жылда топтолуп калган акча түзүк эле өлчөмдү түзөт: ар биринин депозиттик эсебине 72 миң сом которулган. Колдонуудагы ченемдик базага ылайык киреше салыгы менен социалдык фондго чегерүүдөн кийин 59 116 сомдон колдоруна алышат.
Бул программа айылдарда жана чакан шаарларда иштейт. 2004-жылы депозит боюнча 200 мугалим жиберилген болчу. Булардын 66сы аягына жетпей калды. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Мисалы, аял педагогдор декреттик өргүүгө чыгып кетти, ал келишим боюнча бул мөөнөт депозиттик мезгилге кирбейт. 20дай киши чыдабай же каалабай үч жылдык мөөнөттү аяктай албады.
Албетте, бул программанын таасири зор. Бирок мени тынчсыздандырган жагдайлар бар. Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн бир тобу менен жекече сүйлөшүп сурап көргөнүмдө, алардын көбү мындан ары да мектепте калып иштегиси келбестиги маалым болду. Себеби өз айлында же туугандарынын үйүндө жашап иштегендерди айтпаганда, булардын басымдуу көпчүлүгү турак жай менен камсыздалган эмес. Эмгек акынын көп бөлүгү ижарага кетет. Сатып алуу кыйын, анткени соңку жылдарда үйлөр айылда деле кымбаттап кетти.
72 миң сомго 19 пайыздык социалдык фондго чегерүүлөрдү кошо санаганда, биз депозиттин ар бир катышуучусуна бюджеттен 86 миң сом жумшап жатабыз. Бирок алардын басымдуу бөлүгүнүн мектепте калбашы көбүрөөк ыктымал экендигин эске алсак, каражатты кыйла натыйжалуу иштетүү жолун издешибиз керек деп ойлойм.
- Депозиттин өзү эле жетишсиздик кылат экен да?
- Ооба. Бул программа керек, бирок мугалимдерди мектепке бекитүү маселесин түп тамырынан чече албайт. Бир кезде өкмөт жаш педагогдор окуусун бүткөндөн кийин 2 жыл милдеттүү түрдө мектепте иштеп берсин деген токтом чыгарган болчу. Бирок аны жүзөгө ашыруунун мехинизмдери иштелбегендиктен, кагазда кала берди. Бир-эки жыл илгери дипломдорду бүтүрүүчүлөрдүн колуна 2-3 жыл бербей да көрдүк, ошондо жиберген жакка барбастан, миңге жакын дипломду эч кимиси албай койгон.
Жагдайды өзгөртүүнүн бир жолу - келишим мамилелерине өтүү деп ойлойм. Жакында премьер-министр Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери менен жолукканда, жаш адистерди даярдоого жумшалган каражатты иштөөгө жиберилген жакка барбай койгондордун эсебинен калыбына келтирүү сунушу айтылды. Ырас, бул ой талаштуу, али жетиштүү деңгээлде бышырылган эмес. Бирок мамлекеттин каражатын (салык төлөөчүлөрдүн маңдай теринен жаралган каражатты) шамалга чачпашыбыз керек. Ушул ыңгайдан алганда, жаш мугалимдер эч болбосо 3 жыл мектепте иштеп берүүгө милдеттүү.
Бул программанын дагы бир өксүк жагы - мугалимдер арасында теңсиздикти жараткандыгында. Анткени бардык эле жаш адистер буга кире бербейт. Ырас, депозиттин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн ичинде кадрлар жетишпей жаткан мезгилде бала окутууну өзүнүн жарандык парзын сезген Литвиненко Андрей сыяктуу жигиттер да бар. Бирок кээде тескерисинче мектепте иштеп калууну биротоло чечкендер эмес, убактылуу пайда көрүүнү ойлогондор өтүп алат.




Мукаш Базаркулов,
Кыргыз Республикасынын Эл мугалими:
- Бул керектүү программа, андан баш тартууга болбойт. Бирок бул мектептерди мугалимдер менен камсыздоо маселесин чечпейт. Жогорку окуу жайын бүтүрүп барган мугалимдерди айылда кармап калуунун жолу башка. Биринчиден, депозиттин акчасын үч жыл күттүрбөй, ай сайын, жок дегенде жыл сайын төлөп туруу керек, ошондо бир-эки жылда мектепке көнүп калгандан кийин мугалим кетпейт.
- Азыркы учурда педагогикалык жогорку окуу жайына киргендердин көбү эптеп диплом алууну көздөп, мектепти дегеле ойлобойт. Андыктан бүтүрүүчүлөрдүн болор-болбос бөлүгү гана мугалимдик кесипте иштеп, алардын да кыйласы бат эле таштап кетет. Балким, маселени чечүү үчүн абитуриенттерди тандоону башкача жүргүзүп, мугалимдерди даректүү даярдоого өтүү зарылдыр? Мисалы, кайсы айылда кайсы сабак боюнча мугалим жетишпесе, ошол мектептин окуучуларын күн мурунтан ЖОЖго даярдап, өткөрүп, окуусун аяктагандан кийин кайра келип иштөөгө милдеттендирсе болбойбу?
- Азыр бир облустан башка облуска кадр жиберүү кыйын болуп калды. Бюджеттик бөлүмгө кабыл алууда окуусун бүтүргөндөн кийин жиберилген жакка барып иштөөгө милдеттендирген келишим түзөбүз деп жатышат. Бул канчалык мыйзамдуу, адам укуктарына канчалык туура келери белгисиз. Эгер ушундай жолго барсак, ар бир аймактын муктаждыгын эске алуу керек. Бул айла кеткендеги иш. Аймактар арасында адистер алмашып турса абдан жакшы болмок. Элдин карым-катышын, биримдигин чыдоого өбөлгө түзүлмөк. Ар ким өз айлы менен чектелсе, билимдин, маданияттын деңгээли төмөндөп кетет. Эми аргасыздан убактылуу болсо да мугалимдерди даректүү даярдоого барууга туура келет го.
- Бул жагдайды түп тамырынан өзгөртүү үчүн дагы кандай чараларды көрсө болот деп ойлойсуз?
- Мектептерди адис кадрлар менен камсыздоо маселеси курчуп, чегине жетти. Муну минтип чечебиз, антип чечебиз деп көңүл жооткотпой, азыр көптөгөн мектептерде бир нечеден сабактар окутулбай калып жатканын ойлошубуз зарыл. "Физик керек, химик керек, информатика, чет тили мугалими керек" деген жарыяларды шаардагы эле мектептер берип жатпайбы. Ошондуктан үстүрттөн утурумдук чаралар менен өзүбүздү алдай берсек, мунун акыры жаман. Бул маселени Билим берүү жана илим министрлигинин эле деңгээлинде чечүү мүмкүн эмес. Буга мамлекеттик деңгээлде, Өкмөт өзү түздөн-түз киришүүгө тийиш.
Азыр баланча мектепте түкүнчө сабак берилбей калды деген көнүмүш эле көрүнүшкө айланды. Мындай кайдигер мамиле жалпы маданияттын, билим деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан мугалим маселесин кечиктирбей чечүү зарыл. Мурда бир эле сабак өтүлбөй калса, абдан кооптуу жагдай катары каралып, катуу чара көрүлчү.
Өткөн кылымдын 20-30-жылдарынан тартып кечээки 91-жылга чейин мугалимдерди мектептерде кармап калуу үчүн бекер квартира беришчү. Отуну, электр акысы бекер болгон. Ошентип, мугалим эч нерсеге алагдыланбай, иштегенди гана билген. Кийин буга эч ким карабай, атүгүл тетири чечимдер кабыл алынып кетти.
"Билим берүү" жөнүндөгү мыйзамда окуусун жаңы бүтүрүп баргандарга жергиликтүү бийлик он оклад өлчөмүндө көмөк берсин деген жобо бар. Эгер эч болбосо ушул талап аткарылса, кыйла жакшы болмок. Бирок жергиликтүү бийликтин мүмкүнчүлүгү бардык жерде бирдей эмес. Мыйзамда стажына карай эмгек акы өлчөмүн олуттуу өлчөмдө жогорулатып туруу керек деген да талап бар. Эгер жок дегенде ушул эле талаптар аткарылса, жагдай бир топ оңолмок.
Анан азыр алыскы айылдарда мугалим жетишпейт деп көп айтышат. Бул анча туура эмес. Четки аймактарда эмес, өрөөндүү жерлерде, шаарларда тартыштык көп. Мисалы, Чүйдө эле миңден ашуун мугалим жетпейт. Анткени Бишкекте, Чүйдө башка жумуш табуу мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, биргелешкен ишканаларга кеткендер көп. Беловодскиде жүгөрүнү кайра иштетүүчү завод ачылды. Кызылча иштетүүчү заводдор, Токмоктогу айнек заводу ж.б. иштеп жатат. Булардын кароолчусу менен шыпыруучулары эле 5 миң сомдон ашык айлык алат. Токмоктон, Жайыл, Панфилов райондорунан Казакстанга кетип жатышат мугалимдерибиз. Ал эми алыскы айылдарда мугалимден башка эмгек акы алган эч ким жок. Ошондуктан жергиликтүү мугалимдер жеке чарбасын да жүргүзүп, сабагын бере берүү мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, Суусамырда 5 мектеп бар, мугалимдери жетиштүү, кээде саат талашып калышат.
Жыйынтыктап айтканда, бул жалпы улуттук маанидеги өтө орчундуу маселе. Аны чечүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу керек, дагы башка жолдорду да издөө керек. Съездде да айттым эле, мугалимдерди даярдаган бир дагы атайын ЖОЖ калбады деп. Мурун 11 жогорку окуу жайы болсо, ошонун ичинен жетөө жалаң мугалимдерди даярдачу. Эми баары университет болуп алып, таптакыр башка адистиктер боюнча даярдап жатышат. Мугалимдерди даярдоо акыркы планга калып кетти. Педагогикалык билимди, ойду чогулта турган, мектепке байланышкан маселелерди комплекстүү карай турган өзүнчө борбор керек. Азыр балдарыбыздын баскан-турган чөйрөсү, дем алган абасына чейин баары башка. Баарын көрүп туруп, тим кое берүү жарабайт. Кыргыз билим берүү академиясынын мүмкүнчүлүгү тар экен, балким, анын статусун көтөрүп шарт түзүп берсе, окумуштуулар чогулуп иштеп, мектептин бардык маселелерин азыркы шартка ылайык чечүүнүн алгылыктуу жолдорун иштеп чыгат беле?



  Депозиттин катышуучулары эмне дейт?

Нилуфар, Кадамжай:
- Бул абдан пайдалуу программа болду. Биз да өтсөк деп кызыккандар көп. Мугалимдик кесипти жакшы көргөн мага окшош жаштар эмгек акынын аздыгынан, башка атайын жеңилдик шарттар түзүлбөгөндүктөн Россияга кетип жатат. Бул программаны мындан ары да улантуу зарыл деп ойлойм.

Литвиненко Андрей, Чүй району:
- Мектепте мугалимдер жетишпейт. Мен иштебесем, балдар сабатсыз калып жатпайбы. Депозитке киргеним эң жакшы болду. Мектепке келген жаштарды ар тараптан колдоо зарыл, анткени өлкөбүздүн келечеги бүгүнкү окутуунун деңгээлине жараша болот.

Исанов Элдияр, Панфилов району:
- Менин апам өмүр бою мектепте иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Бул кесип коомго канчалык керектүү экенин жакшы билгеним үчүн, өзүм да балдарды жакшы көргөнүм үчүн апамдын жолун улантууну чечтим. "Жаш мугалимдин депозити" - абдан таасирдүү программа. Бул бизге зор колдоо болду. Бирок мамлекет муну менен эле чектелбей, "Мугалимдин статусу жөнүндөгү" мыйзамдын талаптарына ылайык турак-жай менен камсыздоо же эч болбосо жер үлүшүн берүү жагын эске алса, отун берсе, электрди пайдаланууда жеңилдиктерди караса жакшы болор эле.

Даярдаган Жолдош ТУРДУБАЕВ,
"Кутбилим".