№03, 25.01.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Маек

Борбор калаабыздагы Улуттук компьютердик гимназиянын информатика мугалими Жеңиш уулу Азим жаш муундарга билим-тарбия берүү тармагында 10 жылдан ашык убактан бери эмгектенип келе жаткан алдыңкы мугалим. Ошондой эле 9 жылдан бери компьютерлештирүү боюнча директордун орун басары. "Компьютерде иштөөнүн негиздери" деген окуу колдонмосунун автору, "Жыл мугалими - 2003" республикалык кароо-сынагынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Мектепте жана шаардык, республикалык масштабда өткөрүлгөн кечелерде алып баруучу, мукам үндүү келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттуу педагог.

Жеңиш уулу Азим:
"МЕКТЕПКЕ АГАЙ МУГАЛИМДЕР КЕРЕК"
Сабак берүүдөгү өзгөчөлүгүм - бул менин балдар менен бир катарга туруп, алардын пикирин уга билгендигим жана өзүмдүн ой-пикиримди аларга таңуулабагандыгым болсо керек деп ойлойм. Сабагымда жаңы ыкмаларды көбүрөөк пайдаланууга аракет кылам, ошону менен бирге эле салтка айланган ыкмалардын жакшыларын дагы унутта калтырбайм.

мектепте мурдагыдай агайлар менен эжейлер сыяктуу теңме-тең болсо, агайларынын сүрүнөн окуучу кыздар ийменишип, ал эми балдар болсо таасирленишип тарбияланышса, таалим-тарбия алда канча күчтүү болот беле деп ойлойм. Ошондуктан мектепке агайлардын кайрадан келиши, алардын иштеши, жаш муундарга билим-тарбия берүүдө чоң роль ойнойт.

- Ар бир эле адамдын биринчи барып иштеген жери эсинде түбөлүккө калат болуш керек. Сен мугалимдик алгачкы жылдарыңды ушул мектептен баштаптырсың, ошол тууралуу ой бөлүшсөң.
- 1997-жылы август айында КМПУнун математика-информатика факультетин артыкчылык диплому менен аяктагандан кийин келгенмин. Ошол кездеги мен үчүн өзгөчө керемет - бул мектепке келип иш баштоо эле. Жан дилим менен балдарга билим берүүнү самагам. Анда эч кандай иш тажрыйбасы жок жаш мугалим болсом, азыр бир топ эле такшалган, он жылдан ашык тажрыйбага ээ мугалим болдум.
Кыргыз тилинде жазылган окуу китептери ошол мезгилде жок эле. Сабак өтүүдө бир топ эле кыйынчылыктар кездешти. Ошолорду эске алып окуу колдонмосун жазууну чечкенбиз. Бирге эмгектенген информатика мугалими Курманова Шамшы эже экөөбүз "Компьютерде иштөөнүн негиздери" деген 1,2-бөлүмдөрдөн турган окуу колдонмосун 2000-2002-жылдары жазып чыкканбыз.
- Информатика сабагы кызыктуу экендиги, ага окуучулардын көпчүлүгү жан дили менен катышаары анык, ошентсе дагы окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун төмөндөтпөш үчүн кандай ыкмаларды пайдаланасың, деги эле сенин сабак өтүүдөгү өзгөчөлүгүң кандай?
- Сабак берүүдөгү өзгөчөлүгүм - бул менин балдар менен бир катарга туруп, алардын пикирин уга билгендигим жана өзүмдүн ой-пикиримди аларга таңуулабагандыгым болсо керек деп ойлойм. Сабагымда жаңы ыкмаларды көбүрөөк пайдаланууга аракет кылам, ошону менен бирге эле салтка айланган ыкмалардын жакшыларын дагы унутта калтырбайм. Интерактивдүү ыкманы көп пайдаланам, анткени ал окуучулардын мен деген концепциясын калыптоого, өстүрүүгө, ой-пикирин тартынбастан толук айтууга шарт түзөт. Келечек ээлерин жекече инсан кылып тарбиялоо бүгүнкү күндүн талабы эмеспи.
- Балдарга билим берүүдөн сырткары кандай иштер менен алектенип келесиң?
- Мектепте балдарга билим-тарбия берүүдөн сырткары компьютерлештирүү боюнча деректирдин орун басары болуп 1999-жылдан бери иштеп келем. Мектептеги жалпы мугалимдерге окутуп-тарбия берүү процессинде компьютердик технологияларды өз ишмердигинде колдонууга жардам берем жана информатика кафедрасындагы тогуз мугалимдин предметтик-методикалык иштерин көзөмөлдөйм, методикалык жардамдарды көрсөтөм. Андан сырткары ЮНИСЕФ каржылаган "Глобалдык билим берүү" долбоору боюнча улуттук команданын мүчөсү болуп 2005-2007-жылдары эмгектендим. 2007-жылдын май айынан баштап Дүйнөлүк банк каржылаган "Айылдык билим берүү" долбоорунун "Мугалимдердин ишмердүүлүгүн баалоо системасы" компонентинде улуттук тренер, 2007-жылдын июнь айынан бери Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган "Экинчи билим берүү долбоорунун" "Окуу китептери жана окуу программалары" компонентинде информатика предмети боюнча адис болуп иштөөдөмүн. 1998-жылдан 2003-жылга чейин шаардык олимпиаданын комиссия мүчөсү болуп келдим. И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Физика-информатика лицейинде, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Физика-математика лицейинде, КГУСТАнын алдындагы Жаңы маалыматтар технологиялары институтунда, И. Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Жаңы маалыматтар технологиялары институтунда дагы сабак бердим. Ошону менен катар эле КББАга билимин өркүндөтүүгө келген информатика мугалимдерине көргөзмөлүү семинар-тренингдерди өтүп, алар менен кызматташтым. 2003-2004-жылдары Билим берүү министрлигинин жолдомосу менен Талас жана Ош жергесине барып "Информатика сабагын окутуудагы кыйынчылыктар, өзгөчөлүктөр жана аларды чечүү маселелери" деген темадагы семинарларды өттүм. Ушул сыяктуу иштер менен бүгүнкү күндө алектенип келем. Бир эле мектеп менен чектелип отура бербестен, ар тараптан бул жашоодо көп нерсеге мүмкүнчүлүгүмө, дараметиме жараша жетишким келет.
- Он жылдан ашык эмгек жолуңда кандай ийгиликтерге жетише алдың?
- Бүгүнкү күндөгү менин жетишкендиктеримдин эң биринчиси, өзүм окуткан окуучуларымдын окуудагы жана жашоодогу ийгиликтери болуп эсептелинет. Мен эмгек жолумду баштаган жылдан бери жыл сайын окуучуларым шаардык, республикалык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды алып келишет. Ал тургай эки окуучум Эл аралык олимпиадаларга да ийгиликтүү катышып келди. Мындайча айтканда, окуткан окуучуларым катышкан сынактан орунсуз калган жок. Бул жетишкендик жөндөн-жөн эле келип калбастыгы баарыбызга эле маалым болсо керек. Сабак бүткөндөн кийин үйгө кетпей, кошумча сабак өтүп, тирмейип көздөгөн максатыңа жетүү үчүн аракеттенсең, эмгегиңдин акыбети кайтаарына ынанып, ушул окуучуларым менен сыймыктанып келем. Ал эми эң негизги сыймыктанган нерсем - алардын мектепти аяктагандан кийин бизди, мени унутпай келип, кабар алып тургандыгы. Буттарына бекем туруп, жашоодо өз ордун тапкан окуучуларыма менин аларга кандайдыр бир деңгээлде кошкон салымым бар деп ыраазы болом.
2003-жылы мугалимдер арасындагы өтүлө турган кароо-сынакка мектептин администрациясы жана жалпы жамааттын атынан жолдомо алып катышып, "Жыл мугалими-2003" республикалык кароо-сынакта "Салттуулук, жаңычылдык технологиялары" номинациясынын жеңип алып, коллективимдин ишеничин актагам. Ушундай үзүрлүү эмгегим үчүн 2006-жылы "Элге билим берүүнүн отличниги" деген төш белгиге татыктуу болгом.
- Кийинки кездерде мектепте эркек мугалимдердин жокко эсе болуп кетиши жаш муундардын таалим-тарбия берүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат деген ойлор айтылып жүрөт, буга сенин көз карашың кандай?
- Чындыгында бүгүнкү күндө мектептерден эркек мугалимдердин кетип жаткандыгы көпчүлүктү тынчсыздандырат. Эркек мугалимдерди мектепке тартуу үчүн мамлекет тарабынан иш-чаралар көрүлүшү зарыл. Негизинен алганда эркектер үй-бүлөнү каржылап багуучу эң негизги адам эмеспи, ошондуктан жарытылып албаган айлык акылары үчүн мектептен кетип калышууда. Эгерде мектепте мурдагыдай агайлар менен эжейлер теңме-тең болсо, агайларынын сүрүнөн окуучу кыздар ийменишип, ал эми балдар болсо таасирленишип тарбияланышса, таалим-тарбия алда канча күчтүү болот беле деп ойлойм. Ошондуктан мектепке агайлардын кайрадан келиши, алардын иштеши, жаш муундарга билим-тарбия берүүдө чоң роль ойнойт.

Маектешкен
Ж. Алсейитова, "Кутбилим".