Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, себеби жогорку шапкеси улам эле солкапталга єтџп кетип жатпайбы..
 "Кутбилим сабак" - Сиздин гезит!

Көңүл бургула, 25-январдан 25-февралга чейин "Кутбилим сабакка" жазылуу боюнча 1 айлык акция жүрүп жатат.

Бул саамалыкты Бишкек шаарынын мугалимдери (шаардык билим берүү департаменти - Т.В.Хусаинова, А.М.Ниязова) кызуу колдошуп, директорлордун илимий-методикалык иштер боюнча орунбасарлары башында турган демилгелүү топторду түзүү менен, "Кутбилим сабакка" жазылууну шыр башташты. Бизге келген маалыматтарга караганда №6 автордук, көп профилдүү гимназиядан (директору, Кыргыз эл мугалими С.А.Арыстанова) - 10, №86 орто мектептен (директору С.А.Көлбаева) - 12, №8 орто мектептен (директору Фомина А.В., демилгелүү топтун жетекчиси Ногойбаева М.А.) - 10, Улуттук компьютердик гимназиядан (директору Музаева Э.Т.) - 20 мугалим биринчилерден болуп жазылышкан. Ошондой эле Республикалык балдардын эстетикалык борбору - "Балажандын" 10 усулчусу "Кутбилим сабактын" окурмандарынан болуп калышканын бизге аталган билим берүү мекемесинин жетекчиси Дария Сапарбековна Мусина кабарлады.
Ошентип, акция башталды... Сиздердин мектепте да "Кутбилим сабакка" жазылууну каалаган мугалимдер арбын экенин билебиз. Эгерде 25-февралга чейин жазылсаңыздар, алдыдагы төрт айда (март-июнь) гезитти алып окуп каласыздар.
P.S. "Кутбилимдин" ар бир санында биз кайсыл мектептен канча мугалим жазылды, бул маанилүү ишти уюштурган мектеп директору ким экендиги тууралуу экспресс маалыматтарды берип турабыз. Ошондуктан гезитке жазылып, бизге маалымат берип коюңуздар.

Окурмандардын каттарынан
Урматтуу редакция, сиздер менин педагогикалык ишмердүүлүгүмө жаңы күч-кубат, чексиз эргүү тартууладыңыздар. Мен азыр өзбек окуучуларына кыргыз тилинен сабак берип жүрөм. Мурда коңшу айылдын балдарын окутсам, азыр өзбек мектебинде кыргыз тилин даңазалап иштеп жатам.
Мага ак бата берип коюңуздар, себеби мен Лейлектен туруп "Кутбилим" менен "Кутбилим сабактын" желегин желбиретип турайын! Жылдагыдай быйыл да "Кутбилимге", "Кутбилим сабакка" жазылдым.

Таир Аширбай,
"Кутбилим сабактын" гимнинин автору.

***
Сиздердин "Кутбилим сабак" газетаңыздарга жылына жазыламын. Ар бир санын чыдамсыздык менен күтүп, кызыгып окуймун. Сиздердин газетаңыздардан көп жакшы нерселерди алууга болот. Газетаны окуп чыгып, таанышкандан кийин өзүңдү Кыргызстандын булуң-бурчундагы мектептердин мугалимдеринин сабактарына катышкандай сезесиң. Сиздердин редакция жамаатына мындан ары дагы албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын.

Карачева Ырыс,
Чүй районуна караштуу
Садовое айылындагы И.Үкүев атындагы
орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими.









Меймансап