№04, 01.02.08-ж. Кыргыз гезиттер





◄◄◄
  Ачуу чындык

Илим падышасы билимге кызмат өтөшү керек
Исак Бекбоев,
Кыргыз Республикасынын
Эл мугалими, профессор
(Башталышы өткөн санда)
4. Окуучулардын билиминин сапаттуу болушу мугалимдердин педагогикалык, методикалык устаттыгына түздөн түз байланыштуу. Бирок, тилекке каршы, аларды керектүү материалдар менен камсыз кылуунун абалы кандай? Өзгөчө айылдык мектептердеги мугалимдердин натыйжалуу иштешине керектүү (эч болбогондо дегендей) минималдуу да шарттар түзүлгөн эмес:
1) Мугалимдин колунда окуу программасы жана окуу китеби гана бар, бирок ошол окуу китеби менен кандайча окутуу керек экендигин чагылдыруучу методикалык колдонмо турсун транспортир, циркуль, сызгыч сыяктуу аспаптар да жок. Ошондуктан алар айласыздан математика предметин эптеп-септеп окутушат.
Мисалы, математиканы башталгыч I-IV класстарда окутуунун методикалык колдонмосуна муктаж болгон миңдеген мугалимдер нечен жылдардан бери сурамчы болуп жүрүшөт. Ошого карабастан бул методикалык колдонмонун даярдалып Билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңешинде басмага сунушталган нускасын эки жылдан бери ушул күнгө чейин Министрлик китептерди басмадан басып чыгаруу планына киргизбей келет. Министрликтеги чиновниктердин ою боюнча 1-кезекте методикалык колдонмону эмес, окуу китептерин чыгаруу керек имиш. Ага каражат жетишпейт имиш. Чындыгында 2006/2007-окуу жылына карата окуу китептерин чыгарууга мамлекет тарабынан бөлүнгөн 100 млн. сомдун 70 млн. сому гана өздөштүрүлсө, 2007/2008-окуу жылына бөлүнгөн 80 млн. сомдун июль айына чейин 27 млн. сому гана өздөштүрүлгөн. Демек, мамлекеттен бөлүнгөн акча каражатты министрлик толук өздөштүрө алган эмес. Мындай абалды кыргыз мектептерин жана алардын мугалимдерин математика боюнча эң керектүү методикалык колдонмо менен камсыз кылуунун зарылдыгына кайдигерлик менен гана эмес, ал зарылдыкты түшүнбөстүк, а эгерде түшүнсө зыянкечтик менен мамиле жасоо деп эсептөөгө болот. Анткени китептерди басмадан басып чыгаруунун Министрликтеги планында зарылдыгы анча эмес наамдагы китептердин кол жазмалары киргизилип жатат. Демек, адилетсиздик, өзүм билемчилдик, субъективдүүлүк бул иште да орун алып жаткандыгын белгилөөгө болот.
2) "Билим берүү жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мугалим ар бир 5 жыл сайын өздүк квалификациялык билимин өркүндөтүүнүн курсунан окуп туруусу керек. Чындыгында мындай курстарды 15-20 жыл бою көрбөгөн мугалимдер аз эмес. Демек, алар окуучуларга бүгүнкү күндүн талабына ылайык жаңы стандарттарга, жаңы окуу программаларга таянып иштеп жатат деп ким кепилдик бере алат?
Мугалимдердин көбүнүн предметтик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттары, концепциялары жөнүндө түшүнүктөрү да жок, себеби ал материалдар менен алар камсыздалган эмес. Мына ушундай абалда мугалимдер кантип ошол мамлекеттик документтердеги идеяларды ишке ашырышмак эле? Мунун өзү ишти жөн эле тобокелдикке салуу эмей эмне?!
Мектептерди окуу китептери менен жабдуунун жогоруда айтылган министрликтин катындагы маалыматтарды анализдеп чыгып, биз төмөнкүдөй фактыга күбө болдук. Мындан 5 жыл мурда 2003-жылы чыгарылган китептерди да кошо эсептегенде бүгүнкү күндөгү жогорку класс окуучуларынын окуу китеп менен камсыз болушу:
8-класстар боюнча - 38,5%,
9-класстар боюнча - 49,3%,
10-класстар боюнча - 40,9%,
11-класстар боюнча - 25,6%.
Окуучуларды тиешелүү окуу куралдардан турган бирдиктүү комплекс тургай, ошол комплекстин жалгыз бир гана компоненти болгон окуу китеби менен камсыздалышы ушундай болуп жаткан шартта алардын ийгиликтүү окуусун күтүүгө болобу? Албетте, жок!
3) Мектептерди, мугалимдерди, мектеп окуучуларын жаңы муундагы тийиштүү окуу китептер жана минималдуу окуу методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча Министрликтеги чиновниктер тарабынан кезек кезеги менен: "табигый-математикалык предметтер боюнча республикада оригиналдуу окуу китептерин мамлекеттик тилде түзүп чыгаруунун ордуна Россия Федерациясынын китептерин эле жергиликтүү шартка ылайыкташтырып которуп коюу керек" - деген биздин мамлекетибиздин суверендүүлүгүнө зыяндуу, улутубуздун намысын басмырлоочу туура эмес "сунуш" айтыла калып жүрөт.
Анткени Кыргыз Республикасынын күнкорсуз суверендүүлүгү анын территориясы, герби, желеги, гимни менен эле эмес, өзүнүн тили менен, эң башкысы жалпы билим берүүчү өз мектептерин өзүнүн тилиндеги оригиналдуу окуу нормативдик материалдардын комплектиси менен камсыздай ала тургандыгы менен мүнөздөлөт. Ошондуктан башка өлкөнүн окуу китептерин кыргыз тилине которуп пайдалануу деген бул:
Биринчиден, мамлекетибиздин суверендүүлүгүн тануучулук, экинчиден, мындан ары да башка бир өлкөнүн этегине жармашып көз карандылыкты уланта берүүчүлүк, үчүнчүдөн, кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоолдук, төртүнчүдөн, кыргыз окумуштууларынын, кыргыз илимпоз педагогдордун потенциалын баалай албай аны басмырлоочулук, бешинчиден кыргыз улутун кемсинткендик болуп эсептелет.
Жыйынтыктап айтканда мындай "сунуш" мектептерди окуу китептери менен камсыздоодо жекече кызыкчылыкты элдин, улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгынан артык көрүүгө жатат. Андан көрө кайсыл предметтер боюнча улуттук оригиналдуу окуу китептери жок болсо аны уюштуруп, болгондорун улам жакшыртып, өркүндөтүп, жетилтип, бара-бара мамлекеттин улуттук интеллектуалдык, руханий байлыгына айландыруу зарыл. Мына дал ушундайча аракеттенүү Министрликтин функционалдык эң жоопкерчиликтүү ыйык милдети болууга тийиш. Бул маселеге өтө этияттык, өтө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Ансыз буга окшогон жоопкерчиликсиз "сунуш" республикабыздын улут катары, суверендүү мамлекет катары келечектүү өнүгүүсүнө балта чапкан болуп эсептелет.
Билим берүү системасындагы башкаруучулук стилдин жеткилеңсиздиги.
Башкаруучу башкарылуучудан иштин сапаттуу болуусун талап кылуудан мурда адегенде башкарылуучуга (аткаруучуга) жок дегенде зарыл болгон минималдуу шарттарды түзүп, аны керектүү каражаттар (материалдык, интеллектуалдык, моралдык, руханий) менен камсыз кылуу абзел. Ошондо гана башкаруучунун аткаруучуга койгон талаптары орундуу, закондуу, адилеттүү болот. Бул башкарууну илимий негизде уюштуруунун түбөлүктүү бирден бир жобосу экендигин унутпоо керек.
Мына ушул өңүттөн алып караганда мектептерди ошондой эле алардын мугалимдерин зарыл болгон минималдуу каражаттар (окуу китептери, методикалык колдонмолор, көрсөтмө окуу куралдар, илимий-методикалык сунуштар, консультациялар) менен камсыз кыла албай туруп, алардан окуучулардын сапаттуу билимин камсыздоону талап кылуунун өзү, жумшартып айтканда барып турган адилетсиздик, түшүнбөөчүлүк, манкуртчулук болуп эсептелет.
Республикабыздын мектептеринде табигый-математикалык предметтердин окутулушуна, демек ошол предметтер боюнча окуучулардын билиминин сапаттуу болушуна Министрлик жетишээрлик көңүл бурбай кайдыгерчилик менен мамиле кылат десе эч жаңылыштык болбойт. Муну эмнеден көрүүгө болот?
Кийинки 15-20 жыл ичинде бул предметтердин мектептерде окутулушу боюнча атайын республикалык масштабда бир дагы илимий практикалык конференция министрлик тарабынан уюштурулган жок. Ал турсун 2005-жылы 27-28-январда КАОдо "Табигый-математикалык предметтерди окутуунун сапатын жогорулатуу келечектеги инженерлик кадрларды даярдоонун фундаменти" деген темада өткөрүлгөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга Министрликтен эч ким катышпагандыктан конференция Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору академик А.Ч. Какеевдин кириш сөзү менен ачылган.
Мындай кайдыгерчилик мамилени кандайча түшүнүүгө болот? Эми иш канткенде оңолот? - деген суроого өтөлү. Республикадагы мектеп окуучуларынын математикалык билим деңгээлин көтөрүү үчүн эмнелерди иштөө керек?
Биринчиден, баарынан мурда математикалык билим берүүнүн азыркы абалын баяндап жатып жогоруда айтылган маселелерди:
а) мектептерди керектүү окуу методикалык комплекстер менен толук камсыздоону; б) мектептерди жогорку квалификациялуу тиешелүү педагог адистер менен толук камсыз кылып, алардын нормалдуу эмгектенишине керектүү шарттарды түзүүнү толук колго алып ишке ашыруу боюнча тынымсыз аракеттенүү зарыл.
Экинчиден, бул башкы эки маселени чечүү үчүн конкреттүү төмөнкүлөрдү сунуштоого болот.
1) Предметтер боюнча мамлекеттик стандарттарды п р а к т и к а г а багыттоо көз карашында жаңылап чыгып, мугалимдерди ошондой стандарттар менен толук камсыз кылуу керек. Мамлекеттик мындай стандарттарда үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин талаптары камтылышы абзел, башкача айтканда билим берүүнүн акыркы жыйынтыгына алар тараптан макулдашылып коюлуучу нормалар камтылууга тийиш. Демек, келечекте биз азыркыдай базистик окуу планы менен чектелбестен, базистик билим берүү планын түзүп иштөөгө өтүшүбүз мүмкүн, анткени билим берүүнүн базистик планында окутуунун гана эмес тарбиялоонун жана социалдаштыруунун программалары да кошо камтылат.
2) Математика боюнча бардык класстар үчүн ар бир окуу китеби аны окутуунун методикасы менен кошо сөзсүз дидактикалык материал, маселелердин жыйнагы, көрсөтмө куралдар милдеттүү түрдө бирдиктүү бир комплекс болуп иштелип чыгып, ал бардык окуучуларга, мугалимдерге жеткидей санда басылып чыгарылышы керек.
3) Математика боюнча азыр колдонулуп жаткан ар бир окуу китеби өзүнүн сапаттуулугу менен "жаңы муундагы" деген статуска татыктуу болгудай болуп өркүндөтүлүп милдеттүү түрдө сөзсүз ар бир 4 жыл сайын кайрадан басылып чыгарылууга тийиш. Ал үчүн ар бир автор (же авторлор коллективи) окуу китебинин кириш сөзүндө окуучуларга кайрылуу жасап, ал кайрылууда окуучу окуу китебин өз алдынча окуп-үйрөнүү үчүн эмнелерди милдеттүү түрдө иштөөгө тийиш экендигине карата конкреттүү сунуштар камтылышы керек. Окуу китебинин ар бир параграфындагы материал окуучуну окууга, таанып билүүгө стимулдаштыра тургандай структуралык схемада активдүү методдор менен баяндалып берилүүгө тийиш. Ар бир параграфтагы материалда жетиштүү сандагы суроо-тапшырмалар татаалдыктары үч деңгээлде болгон топторго бөлүштүрүлүп берилип, андан тышкары параграфта тарыхый маалыматтар, тесттик тапшырмалар, окуучулардын өз алдынча аткаруусуна сунушталуучу тапшырмалар милдеттүү түрдө берилүүгө тийиш.
4) Программадагы окуу материалынын мазмунунан пайдалануу жолу менен эле окуучуларды окууга мотивациялоого мүмкүнчүлүк бере турган төмөнкүдөй каражаттарды билгичтик менен пайдалануу зарыл:
- үйрөнүлө турган материалдын окуучу үчүн практикалык баалуулугу;
- окуу материалынын жеткиликтүүлүгү;
- окуу материалынын мазмунунун баланын муктаждыгына дал келүүсү;
- материалдын көрсөтмөлүүлүгү жана кызыктуулугу.
Мына ушул каражаттарды пайдалануу аркылуу мугалим окуучулардын математикалык жөндөмдүүлүктөрүн эң сонун аныктап өнүктүрө алат.
Окуучулардын математикалык жөндөмүн өнүктүрүүчү маселелердин төмөнкүдөй группаларын белгилөөгө болот:
а) чыгарылышы анча деле математикалык билимди талап кылбай турган, бирок тез түшүнүүгө, зиректикке жана божомолдоп жоруй билүүгө негизделген маселелер;
б) Тапкычтыкты (зейректиктен) башка дагы элементардык математикалык билимдерди же качандыр мектептен алган билимдерди эстеп ойго түшүүнү талап кылуучу маселелер.
в) Окуучунун математикалык билимин текшерип көрүп тактоо үчүн берилүүчү суроолор жана маселелер;
г) Татаал жана акылы курчтукту талап кылуучу математикалык маселелердин сериясы;
д) Тамаша маселелер, математикалык фокустар жана көңүл ачуулар.
Баарынан да логикалык деп аталган маселелердин мааниси өтө зор. Алардын чыгарылышы туура ой жүргүзүүгө негизделет (Мисалы: "Киши кайык менен дарыянын бир жээгинен экинчи жээгине карышкырды, эчкини жана капустаны алып өтүшү керек. Карышкыр эчкини жебеш үчүн, а эчки болсо капустаны жеп койбошу үчүн аларды кандайча бир жээктен экинчи жээкке ташып өткөрүү керек?).
"Баш катырма" (гирясыз тараза менен жалган монетаны аныктоо, суюктуктарды куюштуруу жолу менен сыйымдуулукту аныктоо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жаш курагын аныктоо ж.б.) маселелер, графты колдонуу же фигураларды түзүү маселелери ж.у.с. маселелерди пайдалануу аркылуу мугалим окуучулардын математикалык жөндөмүн эң сонун өркүндөтө алат. Эскерте кете турган нерсе, мындай маселелердин бир тобу биздин окуу китептерибизде берилген. Мисалы, 2006-жылы басылып чыккан биздин "Математика - 6" китебибиздин 209-216-беттериндеги №23-46 маселелерди жана алардын кээ бирлеринин чыгарылыштарын, ошондой эле биздин 2006-жылы чыгарылган "Геометрия-7-9" окуу китебибиздин 242-273-беттериндеги материалдар.
5) Башка мамлекеттердегидей табигый-математикалык предметтерге шыктуу балдарды республиканын бүткүл аймагынан чогултуп, адегенде эч болбогондо Бишкекте 200-250 орунду атайын жатак мектеп уюштуруу зарыл. Окуучулар үчүн аларды кызыктыруучу, логикалык, башкатырма маселелердин жыйнагын чыгарып алар менен мектептерди камсыз кылууну колго алуу керек.
6) Биздин ар бирибиздин ишмердүүлүгүбүз социалдык жактан коомдогу топтолгон тажрыйба менен шартталып турат. Социалдык тажрыйбанын элементи - бул ойлонуунун стили. Бул стиль ишмердүүлүккө жана анын натыйжаларына карата адамдын жасай турган кадамдарынын нормаларынын системасы. Таанып билүүчүлүк же практикалык ишмердүүлүктү аткаруу үчүн окуучу ойлонуу стилинин нормаларын билүүгө тийиш. Илимий ойлонуу стилинин: түшүндүрүү, жөнөкөйлөтүү, дал келтирүү, окшоштуруу, айырмалоо сактап калуучулук, байкалуучулук сыяктуу принциптерин окуучуларга калыптандыруу зарыл. Бул милдеттерди ишке ашыруу, албетте, мугалимдин деңгээлинен көз каранды. Ушуга байланыштуу жогорку окуу жайларында табигый-математикалык адистиктеги мугалимдерди даярдоонун сапатын көтөрүү керек. ЖОЖдордун окуу пландарында келечектеги мугалим боло турган студенттердин теориялык-методикалык даярдыктарын жогорулатууга керектүү атайын курстар, семинарлар өткөрүү каралууга тийиш. Ошондо гана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү мектептерде зээндүү, таланттуу балдар менен алардын математикалык муктаждыктарын, талаптарын канааттандырып иштей алышат.
7) Таланттуу мектеп окуучуларын табигый-математикалык предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларга даярдоону мамлекеттик деңгээлде уюштуруу, ал үчүн башка мамлекеттердегидей атайын каражат бөлүштүрүү керек. Ушул предметтер боюнча Республикалык олимпиадаларды сапаттуу деңгээлде өткөрүп туруу үчүн табигый-математикалык предметтердин олимпиадалык тапшырмаларынын авторлорун түзүүнү практикалоо керек.
8) Табигый-математикалык предметтерди окутуу проблемалары боюнча илимий-практикалык конференцияларды регулярдуу өткөрүп туруу керек.