№05, 08.02.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Дүйнөтааным

Кыргыз философиясынын символу
Тарыхта узак жашаган улуттардын бардыгынын калыптанган өз дүйнө таанымдары болгон, башкача айтканда дүйнөгө өздөрүнүн философиялык көзкараштары болгон. Мисалы, индустардын, кытайлардын, гректердин, египеттиктердин, римдиктердин, кыргыздардын ж.б. узак жашаган, бирок философиялык таанымы жок улут же эл болгон эмес. Ошол түптүү идеялары, таанымдары улутту улут кылып узакка сактап, коргоп, өнүктүрүп келген.
Кыргыздардын философиясы жети негизги түзүүчүдөн турат:
1. Космологиялык философиясы;
2. Жеткилеңдик философиясы;
3. Теңирчилик философиясы;
4. Үчилтик философиясы;
5. Төгөрөктүн төрт бурчу философиясы;
6. Туюнтуу жана тутунуу философиясы;
7. Жалган дүйнө, чын дүйнө философиясы.
Ушул жети түзүүчүнү бүтүндүккө бириктирип, тыкан чагылдырган кыргыз философиясынын символун түзсө болот. Символдо кыргыз философиясынын бүткүл жети түзүүчүсү чагылдырылган.

Бердибек жумабаев,
Кыргыз философиясынын негизги түзүүчүлөрүн аныктаган, символун иштеп чыккан жана анын түшүндүрмөсүн берген "Чабыт" социалдык экология кыймылынын төрагасы, доцент

Космологиялык философиясынын концепциясында, бардыгы символдун борборундагы белгисине байланыштуу, ал кыргыз рун алфавитинин "М" тыбышын билгизет, Манас атынын биринчи тамгасы. Ал белги менен кыргыздар Манасты космоско байланыштырган, чынында эле ал күндү элестетет. Манас адамзаттын асман менен жылоолошунан жаралган адам дешкен. Аны биринчи жаралган адам, акыл-эстин башталышы дешет. Жалпы чыгыш философиясында Манас деген сөз акыл-эс (разум) дегенди билгизет. Манаста "Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй, асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй" делет, символдун борбордук идеясы, бул акыл-эстин космос менен жерге шайкеш жаралышы. Символдо жогорку сфера космосту, ал эми төмөнкү сфера жерди туюнтат. Космологиялык философиянын калган тутумдары "Манас" эпосундагы көптөгөн идеялык байланыштарда калыптанган. Негизинен кыргыз философиясынын орчундуу бөлүгүн манасчылар чагылдырган дүйнөтааным түзөт.
Жеткилеңдик философиясын калыптап турган, бул жети санына байланыштуу философия. Ал "Жети кабат асман", "Жердин жети катмары", "Жетинин бири кыдыр", "Жети ата" ж.б. Бул дайыма системанын жеткилеңдигин көрсөтүп турчу сан. Ал кийин илимде дагы далилденди, анда система жеткилең жана бүтүн болуш үчүн, ал кеминде жети түзүүчүдөн турушу керек экен. Символдо ал жети негизги бөлүк менен келтирилген: жогорку сфера - космос; төмөнкү сфера - жер; жогору караган киши - жандуу дүйнө; төмөн караган киши - жансыз дүйнө; төрт бурчтук - дүйнөнүн ченемдери; манас белги - дүйнөнүн акыл эстүү бөлүгү; төгөрөк - дүйнөнү таануу каражаттары. Демек, жеткилеңдик философиясындагы жети саны, каалаган система үчүн, түркүн айкалыштардын же өнүгүүлөрдүн кеминде жети бири-бирин толуктоочу түрүн билгизет. "Жетинин бири кыдыр" да дагы, система бүтүн болуш үчүн, ал кеминде жети түзүүчүдөн турушу керек, ошондо гана анын бири баарын бириктиргич болуп табылат, башкача айтканда өзгөчө маанилүү болуп табылат. Мисалы, адам кылып турган системаларды санасак, анын бири сөзсүз нерв системасы, аны унутуп кетүү мүмкүн эмес, анткени ал организмди бүтүн кылып турат. Ушундай эле, компьютерди башкаруучу жети негизги программанын ичинен өзүн-өзү тестирлөөчү программаны айтсак болот. "Жети ата" да жети муундун мөөнөтү улуттун жашоо циклинин чейрек толкунун түзөт. Илимде жана тарыхта чейрек толкундун мааниси белгилүү, ушул себептен, чейрек толкундардын жылышына же деформацияланышына алып келүүчү, жети атасына чейин кыз алып, кыз берүүгө тыюу салынган. Бул улуттун узак жашоосун аныктоочу ачкычтардын бири, коомдун жеткилең өнүгүүсүнүн мыкты мүнөздөмөсү. Демек жети атасын билүү жеке эле тарыхыңды билүү эмес, ал өмүрлүк жолдошуңду туура тандап алуу, демек урууну, улутту генетикалык тукум-курут кылуучу оорулардан оолактатуу. Ушундай эле концепцияны "Жети өлчөп бир кез" ке келтирсе болот.
Теңирчилик философиясы системаны ириде эки тараптуу деп карайт. Мисалы, Асман (Теңир ата) жана Жер (Обо эне), дене жана жан, аял жана эркек, күңгөй жана тескей ж.б. Символдо жогору жактагы Теңир ата көк сфера жана төмөн жактагы Жер ак өргөгө окшош, ак сфера менен берилген. Жерди кыргыздар кара жер деп коюшат, ал аталыш түзү боюнча эмес, улуулугу боюнча аталып калган, мисалы: кара кыргыз, кара хан, кара шаар, кара талаа ж.б. Теңир атага сыйынып турган киши жерге жана жердеги адамдарга кудурет берип туруучу асмандын дараметтүүлүгүн тааныйт жана андан дагы көптү күтөт. Чынында эле, жерге шарт түзгөн асман да. Теңирчилик философиясы байыртан бери элдин жүрөгүндө келе жатат, анткени анын принциптери компьютердеги экилтик эсептөө системасындай, дүйнөнү таанууда өтө жөнөкөй жана натыйжалуу.
Үчилтик философиясы кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн куроодогу оң канат, ичкилик жана сол канат деп бөлүүсүндө, жаратылышты таанууда асман, адам жана жердин бүтүндүгүн чагылдырууда, ата, бала жана эненин шайкештигин түшүндүрүүдө, жараткан, жаратылыш жана жан үчилтиктеринин бүтүндүгүн өздөштүрүүдө, дегеле үч тараптан турган системанын ыраатын аңдоодо колдонулат. Символдо ал сфералардагы үч баштын ырааты менен берилген, аны негизинен "Үч ыйык" деп койсок болот. Бардык үчилтиктердин башында турган жараткан (ортосунда), жаратылыш жана жан. Кыргыздар жараткандын башкысы ааламдын борборунда, башкача айтканда асмандын жетинчи катмарында (жетинин кыдырында) деп эсептешкен. Жаратканды кыргыздар жалгыз деп карабайт. Кулаалы багып куш кылган, курама жыйып журт кылган Манасты улут жараткан деп, ыйык тутушат. Жараткан деп кыргыздар кандайдыр бир космостогу реалдуулукту эсептешкен, ошондуктан кыргыздардын дүйнө таанымы башында диндик эмес философиялык болгон. Кудай деген жалгыздыкты кыргыздар, мамлекеттүүлүгүн жоготкондон кийин гана, ислам дининин карамагында калганда, күч алдында тааныган. Теңирчиликте дүйнөнүн эки тараптуулугу гана түшүндүрүлөт, а чындыгында дүйнө көп тараптуу жана көп кырдуу, ошондуктан кыргыздын үчилтик философиясы теңирчиликти камтыйт. Үч деген касиеттүү сан кыргыздардын саноосунун өзөгүн түзгөн, мисалы: бирдин үчү (беш), бирдин үчү бир (алты), бирдин үчү эки (жети), экинин үчү (он), экинин үчү эки (он эки) ж.б. Демек дүйнөнү таанууда эки тараптуулуктан башка дагы көп тараптуу ой жүгүртүү керек экендигин кыргыздар жакшы түшүнүшкөн. Мында үч, эки тараптагы сандардын ортосунда негизги түшүнүктү жаратуучу.
Төгөрөктүн төрт бурчу философиясында кыргыздар дүйнөнү төрт өлчөмдүү деп карашкан. Алар дүйнөнү сфера түрүндө карап, аны төрт өлчөм менен тааныса жетиштүү болот дешкен, ошол себептен тегеректи кыргыздар төрт бурчтуктун ичине тарткан. Ал символдун борбордук бөлүгүндө, тегерек менен төрт бурчтуктун симметриялуу шайкештиги менен берилген. Дүйнөнү төрт өлчөм менен таануу жетиштүү экенин ХХ кылымдын чоң ачылышын жасаган Эйнштейн далилдеди. Белгини четөлкөдөгү кыргыздар "Солярдык белги" деген ат менен өз дүйнө таанымы катары сыпаттап жүрүшөт. Тарыхта "Төгөрөктөн төрт бурч чыгарган кыргыздар" деген сөз калган. Башкача айтканда, чыгармачыл кыргыздар деген мааниде. "Төгөрөктүн төрт бурчунан да таппайсың" деген сөз, бул дүйнөдө андай реалдуулук жок дегенди билгизет.
Туюнтуу жана тутунуу философиясында кыргыздардын өздөрүнө тиешелүү тамга жана белги түрүндөгү туюнтуу жана тутунуулары бар. Алар рун алфавити, Теңир белги , Манас белги , Ай белги ж.б. Алфавиттеги тамгалар тыбыштарды билгизет. Манас белги "М" тамгасын туюнтат жана философияда акыл-эстин символу болуп эсептелет. Теңир белги кыргыз философиясынын теңирчилигинин белгиси. Символдо Теңир белги, үчилтиктин экилтик бөлүгү менен берилген. Анткени жогоруда айтылгандай, кыргыз философиясы илтик философиялардын бүтүндүгүнөн турат (экилтик, үчилтик, төртилтик, жетилтик). Мындагы теңирге сыйынган кишинин колу жогору көтөрүлүп көргөзүлгөн. Кыргыздар түзгөн рун алфавити миң жылдан ашык түрк дүйнөсүнө кызмат өтөгөн, анткени ал тамгалар таштарга доорлорду карытып маалымат калтыруунун, тыкандыктын жана ырааттуулуктун үлгүсү болгон. "Ташка тамга баскандай" деген сөздөрдө кыргыздардын туюнтуу жана тутунуу философиясынын дүйнө таанымга кыйла терең тамырлашы байкалат. Символдун көлөмдүк берилишинде туюнтуу жана тутунуу философиясынын элементтери, символдун каптал бетинде, алфавити жана белгилери менен, учурду аныктоо жана жыл сүрүүлөрдү түшүндүрүүдө берилет.
Жалган дүйнө, чын дүйнө философиясында кыргыздар жансыз дүйнөгө зор маани берген, аны чексиз жашайт деп эсептеп, ага чын дүйнө деп ат койгон, анткени аны жандуулар кайткандан кийин акыры биротоло бараар жери, кийинки чексиз жашоосу деп тапкан. Ушул себептен адамдарды келгин кушка теңешкен, кандайдыр бир учурга гана жарык дүйнөгө келип, кайта түбөлүктүү чын дүйнөсүнө узап кетишет деп. Адамга жан кут жылдыз тараптан келет, жана жашоо бүткөндө кайра ошол тарап аркылуу кайтып кетет делет. Кыргыздар кут жылдыз тарапты баштанып жатышкан, анткени ал багыт, кыргыздардын таанымы боюнча, жандууларга берилген артыкчылыктуу багыт. Жан, кыймылсыз тарап аркылуу уурданып келип, зат түрүндөгү өз түгөйүн таап, кыймыл жаратат. Демек аталган багыт кыймыл жаратуучу багыт болгондуктан, аны кыргыздар негизги багыт деп эсептеп, оң, солду ошого салыштырмалуу аныкташкан. Кыргыздардын жаргылчакты айлантышы дагы кут багытка байланыштуу, кут жылдыздын айланасындагы жылдыздардын кыймылына дал келет. Боз үйдү тиккенде дагы төрдү кут жылдызга, эшикти түштүккө каратып тигишкен, анткени төрдү баштанып жатыш керек болгон. Символдо жалган дүйнө чын дүйнө философиясы ортодогу, бири-бирине карама-каршы жайгашкан эки киши менен сүрөттөлөт. Мында, жогору баштанганы жандуу дүйнөнү, төмөн баштанганы жансыз дүйнөнү билгизет. Сүрөт экөөнүн ортосундагы бүтүндүктү чагылдырат. Кыргыздар эки дүйнөнүн ортосундагы кандайдыр бир сырдуу байланышты таанышат.
Символдо "Үч ыйык" ка басым жасалган, анда жаратканды - Космос, жаратылышты - Жер, жанды - Адам чагылдырып турат. Символдун борборундагы акыл-эстин символу камтыган төгөрөк, кыргыздын "Кара жаныңды кыйнаба" деген сөзүнө ылайык, кара дагы болуп тартылса болот.
Символдун өлчөмдөрүн түзүүдө "Алтын кесилиш" эрежеси колдонулду. Биринчи эсепте, символдун бийиктиги 12 (бир мүчөл) метр деп алынып, анан ошого жараша калган өлчөмдөрү аныкталды. Кыргыздын негизги аныктооч түстөрү дагы символдо камтылган. Алар көк, ак, жашыл, кара. Көк - космостун (Теңир атанын), акылдуулуктун, чексиздиктин түзү. Ак - молчулуктун, тазалыктын, аруулуктун түзү. Жашыл - жердин (Обо эненин), жашоонун, коргонуунун түзү. Кара - жетилгендиктин, жоготуунун, карама-каршылыктын түзү.