№05, 08.02.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Сунуш

ТААЛИМ ӨКСҮГҮ ТАГДЫРГА КЕДЕРГИ
Адам баласынын акыл эси, дүйнө таануусу, инсандык касиети менен шык жөндөмү, дарамети бала кезинен калыптана баштайт. Биздин жана бүгүнкү көпчүлүк ата-энелердин ошондой дүйнө таанып, калыптана турган бала чагы, окуучулук күндөрү өткөн кылымдагы коммунисттик идеологиянын аз элдерди улуттук рух дөөлөттөрүнөн алыстатуу саясатына туура келген. Бүгүнкү биздин жашообуздагы кээ бир көйгөйлүү терс көрүнүштөр: эне тилибизди, дилибизди, динибизди сактай албай кыргыздын далай жаштары эне тилин жерип, түрдүү диний уюмдарга азгырылып жатышынын себептерин мен 3-4 бөлүккө бөлүп карагым келет.
1. Союз мезгилинин көп жакшы жактары менен бирге рух билимибизге, улуттук дөөлөткө баа бербегенибиздин, унут калтырганыбыздын негизи -
Сары майдай сактаган,
Салты кетти кайран эл.
Сойку болуп кыздары,
Баркы кетти кайран эл, - деп Э.Токтогуловдун "Кайран эл" поэмасында даана көрсөтүлгөн.
2. Өз учурунда тарбия ишине терең көңүл бурбай калгандыктын натыйжасы.
3. "Орус тили - экинчи эне тилибиз" - деп ураан көтөрүп, мектептерде алты жаштан даярдоо класстарын уюштуруп, орус класстар үчүн балдарды даярдап, кыргыз мектептердин азайышы үчүн шарт түзүп, чала кыргыздарды өстүргөнүбүз.
4. Өзүбүздүн кооз жаратылышыбыздын жашыруун сырлары катылган, сырдуу уламыштарга бай жерлерибиз жөнүндө билбей өстүк, тегибизден адаштык.
Азыр заман өзгөрдү. Өз алдыбызча эгемендүү эл болдук. Акыркы он беш жылдын ичинде илим-билим педагогика жаатында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Окуучуларды Манастын жети осуятынын негизинде, элдик педагогикага таянып, каада-салт, үрп адатыбызды, ата-бабаларыбыз жеткирген руханий байлыгыбызды окуп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алдык.
Бирок, ошол мүмкүнчүлүк бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде ишке ашып жатат?
"Балдар - жердин жандуу гүлдөрү!", "Мекендин жүгүн аркалаар, атажурт чебин калкалоочулар - балдар" - дейбиз.
Тарбия башаты - үй-бүлө, "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" - демекчи, ата-эне балдар үчүн үлгү. Элибизде мындай жууса кеткис накыл-нускалар бекеринен айтылбагандыр.
Демек, келечектин ээлери болгон адептүү балдарды тарбиялоо үй-бүлөдөн, бала бакчадан, мектептен жана жалпы коомчулуктун бирдиктүү, системалуу жүргүзгөн ишинин үзүрү болоорун дайыма эсте сактап иш жүргүзүү зарыл.
Балдарга туура тарбия-таалим берип, жоопкерчиликтүү, эмгекчил, намыскөй, акниеттүү турмушта өз ордун тапкан жаштарды коомубузга даярдап берген үлгү болуучу үй-бүлөлөр да бар. Бирок, "Бир карын майды бир кумалак чиритет" - дегендей, бүгүн көчөдө үйдөн качып, тартип бузуп, мектептен тышта калган көчө балдары, "Апаке, мени таштап кетпечи!" - деген көйгөйлүү окуялар кайдан чыгып, эмнеден пайда болуп жатат? Аларды кантип азайтып, жоготсо болот деген чексиз суроолор жаралып жатпайбы...
Өз убагында В.А. Сухомлинский "460 балдар кылмыш иштери менен таанышып, изилдеп үйрөнүп көрүп, мындай тартип бузуучу балдарды берген ар бир үй-бүлөдө ар кандай мандемдер бар экенин байкадым" - деп жазгандай, бүгүнкү күнү деле, көчө балдарын берип жаткан үй-бүлөлөр тышынан жакшыдай көрүнгөн менен:
1. Көп үй-бүлөлөрдүн адамдык мамилелеринде, карым-катнашында руханий жардылык бар.
2. Кээ бирөөлөрү ата-эне катары өз балдарын такыр баалашпайт.
3. Үй-бүлөлүк интеллектуалдык, эстетикалык, нравалык кызыгуулары жалпы эле жашоо талабынын жардылыгынан деп жыйынтык чыгарсак болот.
Бул жыйынтык биздин даанышман бабабыз Жусуп Баласагындын он кылым мурда айткан оюна шайкеш келет.
Демек, ыпластыктан куткаруунун жолу анын жан дүйнөсүн байытуу экендигин жакшы түшүнүп, жаштарды билим алууга, өз табиятын түшүнүүгө, өзүн-өзү тарбиялоого, жашоонун маңызын жана максатын аныктап так билдирүүгө ата-энелер, коомчулук, мектеп биргелешип иштеши зарыл.
Дагы элдин жашоо турмуштарынын өйдө-ылдый, ак-карасын адилеттүү туура аныктап, элдик педагогиканын соолубас кенчи экенин толук кандуу пайдаланып, даанышман идеяларды окуучуларга илимий негизге таяп бере алсак келечекте өз жемишин берет.
"Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста" - дегендей, жакшылыкка баланы жашынан тынымсыз үйрөтүү зарылдыгын, адептүүлүк тарбиянын мыйзам ченемдүү талабын билим берүүдө катуу коюп, ар бирибиз жоопкерчилик менен түшүнүп, балдарды жакшы жөрөлгөлөргө акыл менен, туруктуулук менен чебер тарбияласак, натыйжада бала адептүү, айкөл, жоомарт, чыныгы инсан болуп жетилет. Жерге деле пешене тер төгүү менен иштетип гүлзарга айландырбасак, аны сөзсүз уйгак басат. Уйгактын уругун эч ким сеппеген сыяктуу, баланын жан дүйнөсүнө өз убагында жакшылыктын уругун сээп, билим берип турбаса, уйгактай болуп дүркүрөп жаман сапаттар: жалкоолук, кайдыгерлик, караниеттик, көрөалбастык, курнамыскөйлүк, адилетсиздик ж.б. өсүп чыгат.
"Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны" - деген накыл-нусканы эске албаган үй-бүлөлөрдө балдары жогорку класста окуганына карабай, жашаган айылынын, шаарынын, көчөсүнүн аталыш тарыхын билбегендери өкүнүчтүү. Ошондуктан айылдык, шаардык кеңештин чегинде, мектептерде ата-энелердин мектебин уюштуруу, жоопкерчиликти жогорулатуу, ар кандай темадагы укук жана милдет, дени сак сергек жашоо ж.б. темалардагы лекцияларды окууну уюштуруу зарыл.
Балдарды тарбиялоодогу бар болгон кемчиликтер: байыркы улуу инсандар, бүгүнкү күндүн көрүнүктүү жаш акын жазуучулар, атагы дүйнөгө, элге белгилүү болгон инсандар, эл жана эмгек баатырлары, күнүмдүк болуп жаткан окуялар жөнүндөгү түшүнүк-төрүнүн, билимдеринин төмөндүгү мектеп мугалимдеринин, класс жетекчилеринин тарбиялык, класстык, маалыматтык сааттарды үстүртөн өтүшүнүн натыйжасы.
Мектептерде билим берүү системасында жаңы илимий технологиялык, инновациялык, интерактивдүү ыкмаларды пайдаланып, сабактарды өтүү жолго коюлуп жатат. Бирок, кандай технологиялык ыкма менен өтсө да үстүртөн "формалдуу" сахна сабак, сынак көргөзмө сабак, практикалык сабак деп эле жасалгалуу сабактарды өтүү балдардын илимий, өнүктүрүүчүлүк, өз алдынча ишмердүүлүк жөндөмдүүлүгүн көтөрүүгө начар негиз түзөт. Адеп сабагы боюнча бир мисал: кыргыздын эн тамгасы, кыргызды Илимий философиялык жолдо боз үйдүн:
Түндүгү - эне тилибиз.
Ууктары - билимибиз, өнөрүбүз.
Керегеси - каада-салтыбыз.
Боз үйдүн түндүгү төмөн түшсө - эне тилибиз жоголуп, улут болуудан калабыз. Ошондуктан:
- Түндүгүбүз бийик болсун десек - эне тилибизди билели.
- Ууктарыбыз узарсын десек - илимибизди, өнөрүбүздү өркүндөтөлү.
- Керегебиз кеңейсин десек - каада-салтыбызды сактайлы.
Же болбосо адамдын дээри жөнүндөгү теманы өтүүдө мугалим ата-теги, тектин мааниси, жети ата жөнүндө гана түшүнүк бербестен, медицина жагынан ДНК - кан, б.а. этногенология жана биологиядан тукум куучулук жөнүндө да терең түшүнүк берүү зарыл.
Демек кандай сабакты окутсак дагы, "Адам көркү - адеп" деп кесиптик гана билим бербестен, эң биринчи: жоопкерчиликтүү, эмгекчил, намыскөй, адилеттүү, чынчыл, айкөл, патриот жана башка адамдык асыл сапаттарды калыптандыруу керек.
Мен өзүм 2003-жылдан бери адеп сабагынан окутсам да, кесибим физик болгондуктан, мектептерде табигый илимий (физика, химия) сабактардын абалына көңүл буруунун зарылчылыгына токтолгум келет. Алыскы райондун мектептеринде эле эмес, борбор шаардын гимназия мектептеринде деле физика, химия сабактары оозеки, "ыр" сабакка айланып калганы эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан, бул сабактарда демонстрацияларды, лабораториялык иштерди, практикумдарды бүгүнкү күндүн талабына жооп бергендей жүргүзүүнү калыбына келтирүү зарыл.
Балдардын жалпы билим деңгээлин, мектептердин ишмердүүлүк бийиктигин олимпиаданын жана балдардын жогорку окуу жайларга өтүшүнүн жыйынтыгы менен баалоо жетиштүү тактык эмес:

дүйнөгө тааныткан боз үй жөнүндө сабак өтүүдө, боз үйдүн кандай бөлүктөрдөн турганын, жабдылышын, жасалгаларын айтып көрсөтүү жетишсиз. Эң негизги максат - боз үйдүн элдик идеалда, илимий философиялык жактан маани мазмуну жөнүндө терең түшүнүк берүү зарыл.
Элдик идеалда боз үйдүн түндүгү - ата.
Коломто ээси - эне.
Ууктары - балдары, бир туугандар.
Керегеси - неберелер.
Үй-бүлөдө канчалык ынтымак болсо, ошончо боз үй бекем болот. Боз үй канчалык бекем болсо - мамлекетибиз ошончо бекем болот.




  Сунуш

I. Мектептин материалдык-техникалык базасын жаңылоо, камсыздоо, чыңдоо.
II. Жаңы муундагы окуу китептердин талабына жооп берген адабияттар, кошумча окуу куралдары, көргөзмө куралдар менен камсыздоо.
III. Мугалимдердин билимин, чеберчилигин бүгүнкү глобалдашуу шартындагы билим берүү системасында өркүндөтүү жана кайра даярдоо.
IV. Адеп сабагы боюнча окуучулардын алган билим баасы, орто билим берүүчү аттестатка түшүрүлүшү зарыл (2003-2004-окуу жылынан бери окулуп келе жатканына карабай, класстык журналдын бетине, аттестатка түшүрүлбөй келет).
V. Окуучулардын билим деңгээли эмне үчүн төмөн? Жогорулатуу жолдору:
1. Мугалимдердин нагрузкасын чектөө керек (1-1,5 ставкага чейин), себеби 36, 40, 50 сааттан сабак берүү, ага даярдануу, аны өткөрүү, 150-200 окуучунун дептерлерин текшерүүгө милдеттүү. Демек, сапаттуу сабак өтүүнүн мүмкүнчүлүгү жок.
2. Мугалимдер сөзсүз класс жетекчи болуп таалим-тарбия ишин алып барышат. Бирок, көпчүлүгү экиден класс жетекчилик алышат, тарбиялык, класстык сааттарды өткөрүү, күндөлүктөрдү текшерүү, ата-энелер менен иш жүргүзүү ж.б. иши көп.
3. Класс жетекчилерден министрлик тарабынан окуучуларга мүнөздөмө жазуу туура эмес алынып коюлган. Ошондуктан, окуучуларга мүнөздөмө жазуу милдетин калыбына келтирүү зарыл.
VI. Мектептин завучу менен директору мугалимдердин мугалими. Алардын нагрузкаларын 12 сааттан ашырбай чектөө керек, аларга класс жетекчилик алып жүрүүгө уруксат болбошу оң. Мектептеги окуу тарбия ишин толук окуп үйрөнүү, анализдөө, уюштуруу менен балдардын билим деңгээлинин төмөн, орто, жогору экенин класс жетекчилердин сандык отчетунан анализдебей, ар бир мугалимдин сабактарына тарбиялык сааттарына катышуу, алардын иш жөндөмдүүлүгүн аныктоо, жакындан методикалык жардамдарды көрсөтүү менен жетишүү-катышуунун абалын аныктоо үчүн чектелбеген убакыт керек эмеспи.
VII. Мугалимдердин эмгек акысын дагы көтөрүү зарыл.
VIII. Мектепте I-II класстын окуучуларын акысыз окутуу зарыл. Бул:
1. Окуучулардын мектептен тышта калуусун азайтат.
2. Мектептерде мугалимдерди, класс жетекчилерди ата-энелерден, балдардан көз карандылыгын, акча жыйноо милдетинен бошотот (кирүү взносу, гимназиялык, кошумча сабакка, класстын жасалгасына, класска "чака-тряпка", ар кандай иш чаралар өткөргөнгө, даталуу күндөргө ж.б. көп).
IХ. Каражат булактарын анча-мынча билим берүү системасынан тапса болот.
1. Ош областынын КараСуу районунда мектептердин саны, аймагы чоң экенине карабай бир эле райондук билим берүү тейлейт. Ал эми Бишкек шаарында департамент анын алдында бирин-бири кайталаган төрт райБББнүн зарылчылыгы жок, бир эле шаардык департамент тейлесе жетишет.
2. Токмок шаары менен Чүй райБББ бир эле болуп бардык иш өз орду менен аткарылып жаткан, ошондуктан райБББ, шаарБББ деп штатты чоңойтуунун кажети жок ж.б. мүмкүнчүлүктөрдү караштарып терең изилдеп, пайдалуу жактарды тапса болот.
X. Кесиптик окуу жагына көңүл бөлүп, калыбына келтирип өркүндөтүү зарыл. "Эмгек эрезеге жеткирет" - дегендей эмгекке бышкан мээнеткеч, эрки күчтүү балдар гана келечекте билим менен дөөлөткө, максатына жетээрин эске алалы.
Ш.Назаралиева,
Эл агартуунун отличниги.