№05, 08.02.08-ж. Кыргыз гезиттер
 "Айылдык билим берүү" долбоору аракетте

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Айылдык билим берүү" долбоорунун алкагында "Айылдык билим берүү" форуму Ысыккөл жана Талас облустарында өттү. Ушул эки пилоттук облустун мектеп директорлору, райондорунун билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү элет жериндеги окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган "Айылдык билим берүү" долбоорунун иши менен таанышты. Окуу процессин жакшыртуу, мектептерди китеп, окуу-методикалык материалдар менен камсыздоо, мугалимдерге жаңы билимди баалоонун жаңы ыкмаларын үйрөтүү, кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү - мына ушул багыттардагы иш-чаралар бул эки облустун бардык мектептеринде жүргүзүлүүдө.
Мында өткөн жылы PISA эларалык уюму жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыктары тууралуу да сөз болду. Ошол тестирлөө 15 жаштагы биздин өспүрүмдөрдүн билим деңгээли абдан төмөн экендигин, балдар билгендерин турмушта колдоно албастыгын көрсөткөн. Бул иликтөөнүн тыянактарынын тууралыгын эле эмес, окуучуларыбыздын билиминин улуттук стандарттарга шайкештигин да текшерүү максатында өзүнчө изилдөө жүргүзүлгөн болчу. Мына ушул иликтөөлөрдүн натыйжаларын эске алуу менен долбоордун мындан аркы иш багыттарын, дегеле жалпы билим берүү саясатын аныктоо үчүн талкуу жүргүзүлдү.
Мектеп директорлору менен райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү билдиргендей, форумда абдан пайдалуу, мазмундуу пикир алышуу болду. Мындай жолугушууларды дагы улантуу керек деген сунуштар айтылды.

Элеттик балдардын билимин кантип жакшыртабыз?
Өмүрбек Тониев,
Түп райондук билим берүү башкармасынын башчысы:
- Бул Форумдан көп пайдалуу нерселерди алдык. Ачык айтыш керек, биздин кээ бир билбеген жерлерибиз бар экен. "Айылдык билим берүү" долбоорун колдоп жакшылап иштейбиз деген тилектемин. Биздин Түп районуна ушул долбоор чоң жардам берүүдө, өтө пайдалуу иштер жүрүп жатат. Айрыкча техникалык каражаттар, окуу куралдары жагынан жардам келүүдө. Ачык айтканда, ушул мезгилге чейин мектептерде глобус, скелет дегендер жоголгон. Мунун баарын "Айылдык билим берүү" долбоорунун негизинде алып жатабыз. Андан тышкары, компьютердик класстары ачылып, спортинвентарды алып жатабыз. Буга чейин кошумча төлөмдөн кыйналып келдик эле, эми бул маселеде чечилди. Бул чоң жетишкендик болду, жакында 1 млн. сом мамлекеттик администрациядан алдык. Бардык мектептер долбоорлорун жазып, 70%ы өттү, акчалары которулуп, жакында калгандары боюнча тиешелүү каражаттарды алганы турабыз. Эң жакшы нерсе - азыр мугалимдердин эмгегин стимулдоо боюнча сырттан баалоочулар иштеп жатат. Алар окуучулардын билим сапатын жогорулатууга көмөктөшүүдө. Эмки окуу жылынан баштап мугалимдер өз окуучуларынын билим сапатына жараша кошумча акча каражаттарын алат. Бул абдан жакшы нерсе, ушул долбоор аркылуу "Депозит" программасы боюнча жаш мугалимдерибиз иштеп жатат. Акыркы жылдары депозитке катышкан мугалимдердин саны көбөйүп жатат. Мурдагы долбоору боюнча, "Айылдык билим берүү" долбоору боюнча, 22 мугалим өткөн. Быйылкы жылы 10 эле мугалим болуп калды. Санын көбөйтсө абдан жакшы болот эле, анткени каалоочулар көп.

Малик Темиралиев, Аксуу райондук билим берүү башкармасы:
- Акыркы жылдарда "Айылдык билим берүү" проект аркылуу иштеген биздин райондун мектептери көп жардам алды: компьютердик класстар, кол эмгек сабактары боюнча, жабдуулар спорт инвентарларды алышты. Жакын арада дагы бир катар долбоорлорду өткөрүп, чогуу каржылоо маселесин да жергиликтүү мамлекеттик администрация менен бирге чече баштадык. Буюрса, мектептердин абалы абдан жакшы болот.: Азыр болсо формативдик баалоо, билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Окуучулардын билим деңгээлин баалоо бир канча критерийлер менен жаңыланды. Райондо 35 мектеп бар, анын 33 мектеби өз долбоорлорун өткөрүштү. Бүгүнкү күндө эң негизги проблема - билим сапаты, окутуу деңгээли.

Гүлмира Бектурганова, Шамей о.м. директору, формативдик баалоо боюнча тренер:
- Бул Форум мага багыт берди, ушундай Форумдар бат өткөрүлүп турса, эң жакшы болот эле. Себеби бул жерде директорлор көп маселени ортого коюп чечип алышты. Чечилбеген проблемалар өтө көп. Мектептин ишин ким баалаш керек дегенде, көпчүлүгү районо баалайт деп айтып жатышты, бул туура эмес экен. Бул ишке мугалимдер, окуучулар, ата-энелер, коомчулук катышат экен. Бирок бул жерде каршы пикирлер да айтылды, аябай кызык талкуулар болду, ушунусу жакты. Формативдик баалоону жүргүзүүдө мугалимдер окуучулардын санынан кыйналып жатышат. Мисалы, бир класста 35-37 балдарга чейин барат, алардын баарына кагаз толтуруу кыйын болуп жатат.

Тынара Назаралиева, Талас райондук билим берүү башкармасынын башчысы:
- Бул долбоордун алкагында Талас районунун мектептери материалдык базаларын чыңдап алды. Азыр 2,5 млн. сомго мектептер грант аркылуу жардам алышты. Проблема деген аябай көп, анын баарын бир заматта чечүү мүмкүн эмес. "Айылдык билим берүү" долбоорунун алкагында бардык мектептер компьютер класстары боюнча долбоорлорду жазып, керектүү эмерек, музыкалык аппаратура, аудио-видео техникаларды алды. Ушунун баарына мамлекет жетишмек эмес. "Айылдык билим берүү" долбоору ишти тездетти.

Асылжан
ДҮйшӨналиева,
Сулайманов атындагы орто мектебинин директору, Карабуура району:
- Бул Форумда кошумча консультация алдык, китеп колдонмо жагынан колдоого ээ болду. Мектептердин жетекчилери долбоор аркылуу сунушталып жаткан инновацияларды эми туура түшүнүштү деп ойлойм. Формативдик баалоо боюнча биз азыр сабактарды башкача өтө баштабадыкпы. Сабактын өтүлүшүн баалоо өзгөрүп, балдардын сабактарга кызыгуусу арта баштады. Себеби, сабак башкача өтүлөт. Интерактивдүү методдор колдонулат. Мурда мугалимдерге оку десең, курстарга араң барчу, азыр болсо акча төлөп өздөрү окуп жатат.
Биздин мектеп бул долбоор аркылуу көп жардам алды.15-20 жылдан бери мектептердин материалдык-техникалык базасы түзүлүп калган эле. Азыр болсо 70-80 миң сомдук окуу куралдары менен камсыз болдук. Окуу сапатын көтөрүүгө мугалимдердин кызыгуусу пайда болуп атат.

Даярдагандар: Ж.ТУРДУБАЕВ, А.ЭШТАЕВА.