№06, 20.02.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Интеграция

БИЛИМДҮҮ КАДРЛАР -
БИЗДИН БАШКЫ КАПИТАЛ
Ы.Ташполотов,
Бишкек финансы-экономикалык академиясынын илимий иштер боюнча проректору, ф.-м.и.д.

Дүйнөдө билим берүү тармагы ыкчам өнүгүп, маалымат доору атаандаштыктын жаңы шарттарын коюуда. Кыргыз Республикасында бул тармакты реформалоо, дүйнөлүк билим мейкиндигине аралашуу зарылдыгы күндөн-күнгө курчуп баратат. Өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн бир гана материалдык-техникалык ресурстарды, өндүрүштү өркүндөтүү жетишсиздик кылат, мында биз эң зор инвестицияны адам капиталына (билим берүүгө) жумшообуз керек. Анткени жакында эле эларалык PIZA уюму 15 жаштагы окуучулардын билимине жүргүзгөн салыштырма иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, биздин балдар акыркы орунга калып отурат.
Билим берүү системасында ар бир жарандын, деги эле коомдун келечектеги турпатын, өлкөнүн эртеңки өнүгүү мүмкүнчүлүк коридорун аныктоо маселеси турат. Бул процесс жогорку деңгээлдеги квалификациялуу кадрларды ЖОЖдордо даярдоо жана аларды адистиги боюнча жумуш менен камсыздоо, жаңы илимий технологияларды жаратуу, аларды өндүрүшкө кийирүү, инновациялык экономиканы шарттоо аркылуу ишке ашырылат.
Жогорку билим берүүнүн максаты - эмгек базарынын шартына ыңгайлашкан, атаандаштыкка жөндөмдүү, компетенттүү, жоопкерчиликтүү, өз кесибин терең сүйгөн жана өздөштүргөн, дайым кесиптик өсүүсүн токтотпогон дүйнөлүк ченемдерге туура келгидей мыкты адистерди даярдоо. Ушул ыңгайдан алганда, азыр биз өтмөкчү болуп жаткан Болон системасы ар бир окуу жайдын учурдагы өнүгүү деңгээлине жараша "өнүгүүнүн стратегиясын" иштеп чыгуусун талап кылат. Мындай стратегиялык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын белгилей кетели:
o ЖОЖдордун илим, билим, маданият жана жаштардын руханий өнүгүүсүнүн алдыңкы борбору катары калыптануусуна жана тез темпте өнүгүүсүнө шарттарды түзүү;
o Окуу жайдын инфраструктуралык өзгөрүүлөрүн иштеп чыгуу жана тез арада турмушка ашыруу (М: Болон системасынын талаптарына ылайык окуу, экономикалык, студенттик ж.б. комитеттерди түзүү);
o Билимдин сапатын көтөрүүнүн кардиналдык чараларын иштеп чыгуу, бул максатта көп баскычтуу окуу системасын кийирүү, мезгилдин талабына жооп берген материалдык-техникалык базаны түзүү, китеп, мезгилдик басылмалар менен камсыздоону жакшыртуу ж.б.;
o ЖОЖдун составына кирген мектеп, орто окуу жайлары жана колледждеринин ортосунда макулдашылган жана үзгүлтүксүз өтүүнү шарттаган түрдүү баскычтагы окуу пландарын, программаларын кредиттик технологиянын алкагында түзүү;
o ЖОЖдордун өзүн-өзү жана сырткы баалоосун, ошондой эле коомдук-профессионалдык институциалдык аккредитациялык процедурадан өтүүсүн калыптандыруу;
o Кадр саясатын активдештирүү, айкындаштыруу;
o ЖОЖдун каржы ишмердигин ачык-айкын жүргүзүү (м:, бюджеттик угууларды жүргүзүү);
o ЖОЖдун жалпы жамаатын окуу жайды башкарууга катыштыруу принциптерин иштеп чыгуу;
o Студенттерди, кызматкерлерди, окутуучуларды социалдык жактан коргоо системасын иштеп чыгуу жана анда адрестүүлүк принцибин ишке ашыруу;
o Жогорку билимдүү адистерди даярдоонун такталган социалдык буйрутмасын калыптандыруу, б.а. үй-шарты начар, финансылык мүмкүнчүлүгү жетишээрлик болбогон студенттерге жогорку билим алуусу үчүн ЖОЖдун деңгээлинде алардын окуусун кредиттөө (адрестүү грант) системасынын жоболорун иштеп чыгуу: стипендияларды ыйгаруунун системасын иштөө, окууга кредиттерди (грант) алуунун жоболорун түзүү ж.б.;
o Адистиктер боюнча кадрларды даярдоодо эмгек базарындагы жагдайды эске алуу;
o Дүйнөлүк билим берүү системасына толук кандуу интеграциялануу үчүн ЖОЖдорду башкаруунун жаңы структурасын түзүү;
o Адамдык капиталга (билим берүүгө, илимге, маданиятка ж.б.) инвестиция жасоонун ыңгайлуулук жана кызыкдардык принцибин иштеп чыгуу;
o Таланттуу студенттерди, окутуучу жана кызматкерлерди колдоочу фонддорду түзүү;
o Турак жайга муктаж кызматкерлерди жана окутуучуларды "ипотека" жолу менен камсыздоо;
o кредиттик технология системасына өтүү, окутуунун жаңы технологияларын окуу процессине кийирүү жана алар аркылуу билим берүүнүн сапатын гарантиялоо;
o окуу жайда жакынкы жана алыскы ЖОЖдордун, өндүрүш, ассоциациялардын, компаниялардын, финансы, укук ж.б. тармактардын ортосундагы кызматташтыктын тереңдешине шарт түзүү жана академиялык эркиндикти жаратуу;
o Студент жаштардын илим-билимге кызыгуусун, умтулуусун жана алардын мобилдүүлүгүн арттыруу;
Окуу жайлардын өнүгүүнүн стратегияларын аныктоодо төмөнкү болжолдуу багыттардын жоболорун иштеп чыгып, жалпы жамаат менен талкуулоо керек:
- ЖОЖдун ички баалоосун сапаттын EFQM критерийлеринин негизинде өткөрүүгө практикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана документтердин маалымат пакетин түзүү;
- окуу жайдагы илимий изилдөөнүн инновациялык өнүгүүсүнүн стратегиясын даярдоо;
- билим берүүнү информациялоонун, электрондук каражаттарга өтүүсүнүн концепциясын жаратуу;
- студент жаштарды тарбиялоонун, руханий өнүгүүсүнүн комплекстүү иш чараларынын негиздерин түзүү;
- чет мамлекеттик окуу жайлар, уюмдар жана башкалар менен тыгыз байланышты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын айкындоо жана конкреттүү иш алып баруу;
- окуу жайдын астындагы илимий-технологиялык багыттагы өндүрүштүк борборлорду, бизнес структураларды өнүктүрүүнүн жоболорун түзүү ж.б.




ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ДҮЙНӨЛҮК ӨНҮГҮҮ МОДЕЛДЕРИ:
o Билим, илим жана айрыкча өндүрүш функцияларын камтыган университет;
o Окуу-илимий функцияларын гана аткаруучу окуу жай;
o Жогорку билим берүү менен чектелген ЖОЖ.
Биринчи моделдеги окуу жай бюджеттик, контракттык каражаттардан сырткары заемдук, акциялык, гранттык, кредиттик ж.б. финансылоо булактарынын негизинде жаңы жана жогорку илимий технологияларды түзүүгө умтулган ЖОЖ болуусу керек. ЖОЖдун бул моделинде окуу процесси алдыңкы студенттер, кызматкерлер жана окутуучулар түзүшкөн болуп, жогорку технологиялык табылгаларга, ойлоп чыгарууларга негизделген ишканалардын, фирмалардын интенсивдүү өнүгүүсү менен коштолот.
Ал эми жогорку курстарда окуган студенттердин арасынан атайын технологиялык, педагогикалык, экономикалык ж.б. жетишкендиктерди окуткан топтор түзүлүп, илимий борборлордун, технологиялык ишканалардын өзөгүн түзөт жана алардын окутуучулар, илимий кызматкерлер менен биргеликте окуусу жана иштөөсү зарыл.
Мындай окуу жайда башкаруунун жаңы структурасы түзүлүп анда биринчи иретте багытталып иштөөчү маркетинг борбору; инвестиция, кредит, грант менен иштөөчү технологиялык-инновациялык парк; ЖОЖдун кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн эксперттөөчү топ; бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруучу жана алардын кызмат боюнча жылуусун анализдөөчү жана көмөктөшүүчү борбор; окуу жайдын имиджин жаратуучу, рекламалоочу окуу-консальтинг борбору ж.б. иштейт.
Экинчи жана үчүнчү моделдеги окуу жайлар өзү жайгашкан региондо окуу жайга шартталган функцияларды аткаруу менен чектелет. Мындай моделдин алкагында жашаган окуу жайлардын өсүп өнүгүүсүн эл, мезгил өз элегинен өткөрөт.




  Резолюция

Межвузовской конференции "Реализация принципов Болонского процесса в Кыргызской Республике", город Бишкек 19.01.2008 года

19 января 2008 года в городе Бишкек состоялась Межвузовская конференция "Реализация принципов Болонского процесса в Кыргызской Республике", в работе которой приняли участие руководители и представители 31 высшего учебного заведения всех регионов Кыргызстана, Министерства образования и науки Кыргызской Республики, международных организаций и общественных объединений.
Участники конференции, заслушав и обсудив доклады, посвященные внедрению принципов Болонской декларации в систему высшего профессионального образования Кыргызской Республики, приняли следующие рекомендации:
1. Министерству образования и науки Кыргызской Республики:
- внести в Правительство Кыргызской Республики проекты Законов Кыргызской Республики
a) "О высшем и послевузовском профессиональном образовании";
b) "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об образовании";
c) "О науке и инновационной деятельности";
d) Закон "О среднем общем образовании";
e) "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики";
f) "О внесении изменений и дополнений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики";
g) "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Образовании";
h) "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об ограничении монополистической деятельности, развитии и защите конкуренции".
- разработать и утвердить в установленном порядке Перечень (Классификатор) направлений и специальностей высшего профессионального образования Кыргызской Республики;
- разработать и утвердить в установленном порядке макет Государственного образовательного стандарта высшего образования третьего поколения на основе компетентностного подхода;
- разработать механизмы создания, утверждения и постоянного обновления Государственных образовательных стандартов высшего профессионального образования Кыргызской Республики с участием работодателей, экспертного сообщества;
- внести в установленном порядке на рассмотрение Правительства КР проекты нормативно-правовых актов, регулирующих реализацию принципов Болонской декларации в системе образования КР, а также совместно с заинтересованными донорскими организациями определить пилотные вузы и организации по реализации основных задач развития системы высшего профессионального образования в соответствии с Болонской декларацией (реализация ГОС ВПО третьего поколения, создание систем внутренней гарантии качества, внешней оценки качества, Европейского Приложения к диплому и т.д.);
- определить и внести на рассмотрение в Жогорку Кенеш Кыргызской Республики перечень государственных вузов республиканского и регионального значения и вузов, подлежащих акционированию;
- разработать и утвердить в установленном порядке нормативно-правовые документы, регулирующие механизм акционирования высших учебных заведений Кыргызской Республики;
- усовершенствовать систему общереспубликанского тестирования и провести исследования по введению единого государственного экзамена;
- усовершенствовать процедуры и механизмы приема, обучения и трудоустройства выпускников, обучающихся на основе государственных образовательных грантов;
- разработать и внести в установленном порядке проекты нормативно-правовых актов, регулирующих процесс проведения аккредитации на основе Стандартов и процедур Европейской сети гарантии качества (ENQA);
- рассмотреть возможность создания независимых аккредитационных агентств, а также независимых организаций по оценке качества образования и образовательных услуг;
- создать систему повышения квалификации и переподготовки административного персонала и профессорско-преподавательского состава высших учебных заведений.
2. Высшим учебным заведениям:
- принять активное участие в разработке вышеуказанных нормативно-правовых актов, регулирующих развитие системы высшего профессионального образования Кыргызской Республики;
- совершенствовать содержание и организацию учебного процесса на основе принципов, заложенных в Болонских документах;
- активно создавать и развивать внутренние системы гарантии качества на основе Стандартов и процедур Европейской сети гарантии качества (модель Европейского фонда менеджмента качества, принятая за основу в Европейском пространстве высшего образования);
- создать условия для внедрения и в высших учебных заведениях принципов Болонского процесса.
Участники конференции обращаются к международным организациям и общественным объединениям с просьбой поддержать проекты в области внедрения кредитной системы обучения, повышения качества образования, внедрения системы независимой оценки качества и аккредитации, развития двухуровневой системы образования, введения программ РhD.
Участники выражают благодарность Фонду Сорос-Кыргызстан и Ассоциации образовательных учреждений EdNet за помощь в организации и проведении конференции.