№06, 20.02.08-ж. Кыргыз гезиттер
  Билим берүүдө илимий ишмердик кандай?

Абакир МАМЫТОВ, Кыргыз билим берүү академиясынын президенти, педагогика илимдеринин доктору, профессор
мугалимдердин мектеби: мээнети жана акыбети Кыргыз билим берүү академиясында структуралык өзгөртүүлөр башталды

Кыргыз билим берүү академиясынын жетекчилигине жакында эле агартуу тармагын жакшы билген ишмер Мамытов Абакир дайындалган. Ал көп жылдар бою Кыргыз дене тарбия институтун жетектеп, соңку мезгилде министрликтин жогорку окуу жайлар боюнча башкармасынын башчысы болуп иштеди. Абакир Мамытов Кыргыз билим берүү академиясына келген күндөн тартып жаңыча көз караш менен бир топ өзгөрүүлөрдү киргизүү боюнча министрликке сунуштарын берүүдө.
- Абакир Мамытович, Сиз Кыргыз билим берүү академиясына жетекчи болуп дайындалганыңызга аз эле убакыт болду. Ушул мезгил ичинде буга чейин жасалган иштерге анализ жүргүздүңүз болуш керек. Эми жаңыча иштөөнүн натыйжалуулугун эмнеден көрүп турасыз?
- Билим берүү академиясынын миссиясы - билим берүүнүн бардык баскычтарына, деңгээлдерине илимий-методикалык, программалык маселелерин чечип, алардын негизги көрсөткүчтөрүн талдап турушу керек. Ушул багыттан алганда академия буга чейин кандай ийгиликтерди, көрсөткүчтөрдү жаратып, эмне иштер менен алек болгон деген маселелерди анализдеп чыктык. Негизинен академия ушул күнгө чейин жалпы орто билим берүү мектептеринде билим берүүнүн илимий-методикалык маселелери менен алек болуп келген экен. Бул мезгил шартына төп келбей турган көрүнүш. Анткени, илгери педагогикалык илимий-изилдөө институту мектептин ушул маселелери менен алектенген. Ушул институт 2003-жылы биздин академиянын курамына трансформация болуп кирген. Кийинчерээк суверендүү өлкө болгонубуздан кийин жогорку адистик билим берүүнүн маселелерин чечүү максатында дагы бир атайын илимий-изилдөө институту түзүлүп, ал дагы 2003-жылы биздин академиянын курамына кирген болчу.
Бул сөздү айтканымдын себеби, академия мектептеги жана жогорку билим берүү маселелеринин тегерегинде гана жумуштарын аткарып келген экен. Эгерде билим берүү системасын толук карай турган болсок, анда атайын орто адистик билим берүү, баштапкы адистик билим берүү, жогорку билимден кийинки (постдипломное образование) билим берүү, мектепке чейинки билим-тарбия берүү маселелерине академиянын колу жеткен эмес. Бул боюнча бөлүмдөр болгон эмес, тийиштүү адистер иштеген жок.
Азыр биз структуралык кайра өзгөрүүлөрдү жасап, билим берүүнүн бардык баскычтарын толук камтый турган илимий мекемени түзүү түйшүгүн тартып жатабыз. Бул, биринчиден. Экинчи бир чоң маселе, илимий кызматкерлердин абалы республикада кандай экенин билесиздер, ошол оор түйшүктү, кыйын учурду биздин жамаат башынан өткөрүп жатыптыр. Т.а. айлыктын төмөндүгү, илимий изилдөөгө жетиштүү каражаттын бөлүнбөгөндүгү, илим изилдөөгө керек прибор, жабдыктар, аппараттардын жоктугу ж.б. толгон-токой маселелер бар. Ушул жагынан алганда 2003-жылы илимди каржылоо принциптери биздин республикада түп-тамырынан өзгөргөн. Ошол жылдардан баштап илимди гранттык негизде каржылай башташкан. Грант деген эмне? Ар бир илимий кызматкер же алардын тобу илимий проблема тууралуу заявка жазып, конкурска катышып, утуп алып, ошонун тегерегинде техникалык тапшырма алып аткарып келген. Биздин илим изилдөө багытыбыздын бардыгы грант механизмине өтүп кеткен экен. Бул деген кандайдыр бир деңгээлде академиянын уставдык милдеттерин, тапшырмаларын толук аткарууга өзүнүн терс таасирин тийгизген. Себеби бизде иштеген 47 кызматкер гранттык конкурска катышып, тема алып, техникалык тапшырма аткарып калган.
Ал эми биздин Уставда академия республикада жүргүзүлүп жаткан фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөрдү, окуу куралдарын, окуу программаларын анализдеп, баа бериш керек деп жазылган. Ошондой эле республикада өтө турган мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадаларына методикалык жактан башында туруу милдети да Уставда көрсөтүлгөн. Мына ушул тапшырмаларды аткарган кызматкерлердин укуктук каржылык негиздери башка болуп калган. Аларды каржылаган тапшырма илим жагынан - бир багытта, күнүмдүк турмуштагы алган тапшырма - экинчи багытта болуп калган. Мына ушул проблема 4-5 жылдан бери коллективдин алдында талаш-тартышты жаратып келген экен. Анткени бул 1-2 жолку тапшырма болсо макул эле, жетекчилердикин аткарып коелу деп. Бирок системалуу түрдө болуп турганда барып-барып эле суроо туулат экен. Эмне үчүн буга акча төлөнбөсө деле тапшырманы аткара беребиз деген. Мына ушул себептен министрликтин алдына маселе коюп жатабыз бир топ илимий кызматкерлердин штатын илим статьясынан алып билим статьясы аркылуу каржылоого.
Эгерде ушул маселе чечилсе биз сураган штаттык орундардын саны минимум 15, максимум 21 деп жатабыз. Анткени ички ресурстардан жети единица тапсак болот. Мектептеги билим берүүдө 21 предмет бар. Ар бир предметке бирден кызматкер олтургузуп, ошол кызматкер аркылуу предметтин программасынын концепциясын, класстан класска татаалдашкан маселелерин, программалардын, окуу китептердин жазылышын анализдеп, кандай саясат жүрүп жатканы боюнча проблемаларды изилдеп, сунуштарды тапшырат элек.
- Айтмакчы, айрым табигый-математикалык окуу китептерди Россия Федерациясынан алып, аны өзүбүздүн шартка ылайыктап которуп коюу сунуштары айтылып жүрөт. Буга Сиздин көз карашыңыз кандай? Бизде эмне китеп жазчу адистер, авторлор жокпу?
- Бул сунуш бар. Биринчиден, аны колдосо болот. Бирок, анын баасын ойлоп көрөлү. Автордук укуктук маселени чечүү үчүн акча төлөш керек экен. Ага кеткен каражат өзүбүздүн жазган китептердин баасынан кымбатыраак болуп калат деген алдын ала эсептөөлөр бар. Орустар айткандай "дорогое удовольствие" болуп кетет. Бул бир маселе. Экинчи маселе, ошол окуу куралдарын колдонгон учурда келтирилген мисалдар. Маселен, Россияда паровозду айтышы мүмкүн, биздин айылда аны көрбөгөндөр бар. Адаптация кылганда деле автордун укугун карашыбыз керек. Мен ушул сунуштун өтө эле чоң келечеги бар деп ойлобойм.
Эгерде бизде табигый-математикалык адистер жок болсо бир жөн. Биздин Кыргызстанда ушул предмет боюнча жакшылап жазган мыкты адистер бар.
Маселен, бүгүнкү күндө казактар алгебра окуу китебин беш класс үчүн биздин адистердин катышуусунда чыгарып, колдонуп келатышат. Мына жакында Астанада болгон семинарга катышып келдим. Казак туугандар бул окуу китебине жогору баа беришти. Андан да жакшысы келээрки жылга физика, геометрия окуу китептерин жазып бергенге бизге заказ берип жатат. Ырас андай болгондон кийин өзүбүздөгү адистерди туура колдонуп, азыраак акча сарп кылып өзүбүз чыгарсак деле болчудай.
- "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей да.
- Ооба, туура. Ушул тыянакка мен келип калдым, коллегаларды угуп көрсөк казакстандык мугалимдердин берген баасы абдан жогору. Эми аларды эч ким суранган жок кыргыздарды мактагыла деп. Казактардын айтымында биздин жаңы муундагы окуу куралдардын айырмачылыгы жазылган тапшырмалардын ар бири үч деңгээлде өтөт. Биринчи деңгээли жөнөкөй - катардагы окуучуга багытталса, экинчи деңгээли татаалдаштырылган - өз жанын үрөп, умтулуп окуюн деген окуучуга арналган, үчүнчү деңгээл абдан тереңирээк үйрөнөйүн дегендерге жазылган. Ар бир проблемага кыргыздар үч варианттагы чечүү жолдорун көрсөткөн жаңы муундагы китептерди жазышты деп казакстандык коллегалар жар салып, семинарда сүйлөп беришти.
- "Билим берүү жөнүн-дөгү" мыйзамда ар бир 5 жылда мугалим билимин жогорулатууга милдеттүү деп жазылган. Албетте, бул да Академиянын миссиясына кирет эмеспи. Бүгүнкү күндө мугалимдерди кайра даярдоо боюнча эмне иштер аткарылып, кандай проблемалар болуп жатат?
- Биздин структурада атайын борбор бар. Мугалимдердин, педагогикалык адистердин билимин жогорулатуу боюнча 55 киши иштейт. Министрликтин графиги боюнча негизинен түндүк регионунун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатып турабыз. Ал эми түштүк региону боюнча проблема татаалыраак. Алар өздөрүнүн жолу менен бул маселени чечишүүдө. Учурдагы бардык ресурстарды чогултуп, квалификацияны жогорулатуу боюнча кандай чечилип жатат дегенде бүгүнкү ресурс бир мугалимди 10 жылда бир жолу квалификациясын жогорулатып, кайра даярдоого мүмкүнчүлүк бар деген тыянакка алып келди.
Ал эми 5 жылда бир кайра даярдоодон өтүү проблемасын чечүүгө, же бурулуш жасоого мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анткени буга кошумча штат, каржы сурашыбыз керек. Бирок азыркы учурда мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу борборунун материалдык-техникалык базасы кейиштүү эле. Ошол жерде колдонулган компьютерлердин 70% 486 IBMN компьютерлер экен, техникалык, моралдык жактан эскирип калган десек болот. Аларды колдонуп мугалимдердин квалификациясын жогорулатабыз деген аракетибиз акылга сыйбайт болуп жатат. Анткени мектептерде Pentium 2, 3 компьютер менен иштеп жатышканда биздин борбордо эски муундагы компьютерлер.
Акыркы 2-3 жыл ичинде министрликте чоң программалар, проектилер иштеп келатат. Өткөн жылы, менин билишимче, министрлик өлкө мектептерине 90 млн. сомдук компьютерлерди жөнөттү.
Биз министрликтин алдына маселе коюп жатабыз. Ошол жаңы муундагы компьютерлерден 2-3 класс комплектти борборго берүүнү. Ал эми биздин эски компьютерлерди бала бакчаларга берип, анткени ал жерде ойногонго, үйрөнгөнгө жарай берет.
Ошентип жаңы муундагы компьютер менен мугалимдердин квалификациясын жогорулаталы, алдыга жылыш жасайлы деп иштеп жатабыз. Министрлик биздин сунуштарыбызды колдоп жатат. Буюрса май айларында 1 комплект компьютер алганы турабыз, жылдын аягына чейин дагы 2 комплект беребиз деп убада кылышууда.
- Абакир Мамытович, жылда предметтик олимпиадалар өтөт. Эң мыкты деп тандалып алынган балдар жалаң түрк лицейлеринин окуучулары. Эларалык олимпиадаларга да ошолор барып Кыргызстандын желегин желбиретип, өлкө намысын коргоп келишет. Ал жерде деле биздин кыргыз мугалимдер иштешет. Сиздин оюңузча эмне үчүн ал мектептердин балдары билим жагынан күчтүү болуп жатышат?
- Өтө чоң ачылыш жасабайм. Бир нече багыттагы иштерди жакшы чечүү керек. Түрк лицейлери келген жылдарды мен жакшы билем. 1992-95-жылдары активдүү келишти. Учурунда кучагыбызды жайып тосуп алдык, имараттарды берип, коммуналдык жана башка төлөмдөрдү мамлекет мойнуна алды. Ошентип Түркиядан келген коллегалар каражаттарын үнөмдүү пайдаланды. Болгон ресурстун бардыгын шартты жакшылап түзүүгө, мугалимге чоң айлык коюуга жумшап келишти. Мен көп жылы жогорку окуу жайда жетекчи болгомун, ошондуктан коммуналдык кызматка көп каражат кетээрин жакшы билем. Маселен, жылуулукка, сууга кетчү каражат жалпы чыгымдын 40% түзөт. Мына ушуну биздин мамлекет түрк туугандарга төлөтпөй өзү көтөрүп койду.
Эгерде ошол эле шарттарды тандап туруп өзүбүздүн мыкты деген 5 кыргыз мектебине түзүп койгондо биз кем калбайт элек. Ошол эле түрк мектептеринде жетекчилери, анан айрым мугалимдери гана түрктөр болгону менен, көбүнчө иштеген мугалимдер биздикилер эле. Ошол үчүн иштегенге шарт түзүү, экинчиден, мугалимдин айлыгын жакшылап коюу, үчүнчүдөн, биздин милдет жакшы программаларды, китептерди сунуш кылуу. Мына ушулар аткарылганда биз да алардан кем калбайт болчубуз. Түпкүлүгү эле каржынын жетишпегендигине байланыштуу. Кандайдыр бир деңгээлде учурунда туура эмес саясат жүрүп калган.
- 6-7 жылдан бери эле мектептеги билим берүү 12 жылдыкка өтүү боюнча кызуу талкуу жүрүп келатат. Дегеле бизге 12 жылдыкка өтүүнүн зарылчылыгы барбы? "Казды туурайбыз деп, карганын буту сынгандай" болбойбузбу?
- Түпкүлүгү биздин өлкөнүн алдында дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоодо глобализация маселеси турат да. Ага келүү үчүн биздин билим берүү системанын баскычтары бардыгы дүйнөлүк стандартка туура келүү керек. Бул жагынан келгенде 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан атайын эларалык стандарттык билим берүүнүн классификациясы деген атайын классификатор берилген. Мына ошол жерге келгенде мектептеги билим берүү 12 жылдык болуп олтурат. Жогорку билим берүү 4 жыл бакалавриатка, 6 жыл магистратурада ж.б. деп кеткен.
Эгерде дүйнө жүзүнө кыргыздын диплому менен кадимкидей аралашып, бизди таанысын деген тилекке жетебиз десек 12 жылдыкка өтүшүбүз керек. Буга өткөн өлкөлөр, өтпөгөн өлкөлөр да бар. Мисалы, Түркменияда 9 класс менен окууну бүтүшөт. Буларды дүйнө жүзү эмес, биз тааныбай жатабыз. Мектептин аттестаты менен бизге келген түркмөн балдарды жогорку окуу жайга албай жатабыз. Ошол эле учурда биздин аттестаттарыбыз 11 жылдык болуп жатат. КМШ аймагында проблема болбогону менен, андан ары барганда проблемалар кездешет. Түпкүлүгүндө 12 жылдыкка өтүшүбүз зарыл. Мунун айтылганына 6-7 жылдан ашып калды. Менимче, саясий эрк керек. Биздин академияда мектептин 12 жылдыкка өтүү боюнча концепциясы иштелип, даярдалып эле калган. Саясий чечим болсо, калган маселелери бизге тийиштүү илимий-методикалык, программалык жактарын чечип берсек болот.
Мектептеги билим берүүнүн талуу жеринин бири - профилдик билим берүү. Дүйнө жүзүндөгү тажрыйбада жогорку класстагы профилдик билим алуу маселелери жакшы жолго коюлган.
Биз учурда концептуалдык көз караштарыбызды дайындап, тактап атабыз. Кыргызстандагы тажрыйба ар түркүн болуп атат. Алсак, Бишкекте профилдик билим берүүнү кээ бир мектептер 7-класстан баштаса, кээ бири 8ден, кээ бири 9дан.
Биздин алдыбызда ушуну бир тартипке келтирүү маселеси турат.
Март айында өкмөттүн заседаниеси болуп, билим берүү маселесин карайт экен, мүмкүн ошол жерде кандайдыр бир саясий чечим кабыл алынса калгандарын адистик жолго коюп кетүү биздин милдет болмок.

Маектешкен
Гүлнара Алыбаева, "Кутбилим".