![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 27.06.08-ж. |
Мезгил талабы Мектепти турмуштан алыстатпайлы Мектептин окутуу жана тарбия берүү системасын реформалоо жөнүндө ойлор жана сунуштар Абдималик Тажибаев, Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу ардагери (Башталышы өткөн санда) Азыркы мектепти төмөнкүдөй тартипте реформалоо сунушталат. 1. "Ар тараптан өнүккөн" орто билимге ээ болгон жалпыга милдеттүү орто мектеп жөнүндөгү мыйзамдын ишин токтотуу. 2. Орто мектепти эки баскыч менен окутуу тартибин кабыл алуу. а) Биринчи баскыч - 1-5-класстар. б) Экинчи баскыч - 6-11-класстар. Биринчи баскыч мектепти окуп бүтүрүү милдеттүү болуп аны ийгиликтүү бүтүргөн бала мектептин экинчи баскычына баланын жана ата-эненин тандоосу боюнча беш багыттын бир багыты боюнча тандап алып окуу эркиндиги берилет жана окуп бүтүрүү ыктыярдуу болот. Ал багыттар: 1. Математика, физика, черчение. 2. Химия, биология, зоология. 3. Кыргыз тили жана адабияты, география, тарых. 4. Искусство, көркөм өнөр. 5. Кол өнөрчүлүк. 3. Багыттардын бешөөнө тең бирдей статуска ээ болгон орто маалыматтуулугун күбөлөндүргөн аттестат күбөлүгүн берүү. 4. Бала кайсы багытты окуп бүтүрсө ошол гана багыттагы жогорку окуу жайына кирип окуу укугун алат. Эгерде бала мектепте окуган багытын өзгөртүүнү же дагы бир багытты окуп бүтүрүүнү кааласа, тандаган багытына кирип, кайрадан баштап окуп бүтүрөт же багыттардын ортосундагы предметтер боюнча айырманы ийгиликтүү сыноо-сынагын тапшыруу менен улантып окуйт. 5. Беш багыттын бир багытын тандап алган окуучу багыт боюнча окуган предметтерден тышкары (бардык багыттар) милдеттүү түрдө кыргыз тилин жана адабиятын, тарых, география предметтерин жана орус, англис тилдерин окушат. Бардык багыттар ар бир багыттар боюнча окулуучу предметтер жана милдеттүү окуу керек болгон предметтерден тышкары кошумча математика, физика, химия, биология, зоология, ботаника предметтери да сөзсүз окулушу керек. Ал эми адеп-ахлак боюнча өзүнчө предмет катары киргизип биринчи класстан баштап 11-класска чейин окутулушу керек. Дене тарбия сабагы баштагыдай предмет катары саат болуп окутулбастан ар бир бала спорт оюндарынын тандаган бир же эки түрү боюнча секциялык машыгууга сабактан тышкаркы убакта милдеттүү катышат. Тарбиялык саат баштагыдай бир жумада бир жолу бир саат өтүлбөстөн, кеминде үч жолу үч саат өтүлүүгө тийиш. Тарбиялык саат сабактан тышкаркы убакта өтүлүүсү керек. 6. Багыттар боюнча берилген предметтердин окутулушу орто маалыматка толук ээ болгондой тереңдетилген кененирээк программа түзүлүп, окуу китеби жазылышы зарыл. Милдеттүү окутулуучу предметтер боюнча программа жеңилдетилген, жалпылаштырылган билим алгыдай түзүлүүгө тийиш. Ал эми тилдерди окутуп үйрөтүү боюнча программа орто мектепти бүтүрүп чыкканда тилди эркин сүйлөй жана өзүнүн оюн жаза алгандай деңгээлде түзүлүүсү керек. Кошумча окулуучу предметтер боюнча программаны жеңил, жөнөкөй, жалпылаштырылган, популярдуу мүнөздө маалымат алгандай түзүү жана окуу китеби жазылат. 7. Багыт боюнча орто мектепти бүтүргөн окуучу ошол багыт боюнча жогорку окуу жайына экзаменсиз кирүү укугу берилиши керек. Эгерде жогорку окуу жайына кирип окуган убагында студенттин билими тайкы экендиги байкалса, жогорку окуу жайы комиссия түзүп, орто мектептин программасы боюнча сынак өткөрүлүп, талапкердин билими орто мектептин программасына жооп бербегендиги аныкталса министрликке билдирип, министрлик мамлекеттик комиссия түзүп текшерүүдөн өткөрөт. Сынактан өткөрүп текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча студенттин билими багыт боюнча орто мектептин программасына жооп бербегендиги далилденсе, баланын окуп чыккан мектебинин, айыл өкмөтүнүн, биринчи кезекте мугалимдин жоопкерчилиги суралып тиешелүү күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек. Ошондуктан жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам кабыл алуу керек. 8. Экинчи баскычты окуу ыктыярдуу болгондугуна байланыштуу ортолукта окууну бир эле жолу эмес, бир канча жолу болсо да токтотуп кайра улантып окуп бүтүү укугу берилиши шарт. Ошондой эле тандап алган багытын өзгөртүү да укугу берилет. 9. Мектепте класстар боюнча бир жылдык мамлекеттик бирдиктүү программа түзүлүп, сааттарга бөлүнүшү керек. Бирок календардык мөөнөт коюлбайт жана теңдештирүү принциби колдонулбайт. 10. Класстан-класска көчүрүү бир жылда жыл аягында бир жолу чогуу көчүрбөстөн, окуучунун программаны өздөштүргөн убактысына карап көчүрүү тартибин киргизүү. Окуучу окуп жаткан классынын программасын 5, 7, 8 айга, же окуу жылынын аякташына 5 күн калганда өздөштүрүп бүтсө, ошол өздөштүргөн айда же 5 күн мурда көчүрөт. 11. Биринчи баскычтагы класстарды бир мугалим окутпастан мугалимдердин тобу окутат. Мугалимдердин тобу окуучунун программаны өздөштүрөрүнө карап, ылгап, өздөштүрүү жөндөмдүүлүгү боюнча бир канча топторго бөлүп топ-тобу менен окутат. 12. Экинчи баскычта багыттар боюнча окутуу адистештирүүгө негизделген. Бир классты багыттар боюнча бөлүштүрүп окутууга караганда эки, үч же төрт андан да көбүрөөк класстарды чогултуп багыттарга бөлүп алуу жеңил. Ал эми айыл өкмөтүнүн аймагында эки, үч же андан көп мектептер болуп аралыгы 4-5 километр болсо, аларды чогултуп багыттарга бөлүштүрүп алуу андан да жеңил жана натыйжалуу болот. Ошондуктан айыл өкмөттүн, шаардын аймагы канчалык чоңураак, жакыныраак жайгашса, багыттар боюнча класстарды көбүрөөк мектептерден топтоштуруп бөлүп алып ачуу маселеси ошончолук жеңилирээк чечилет. Себеби, бир мектепке чогултулган багыттык класс үчүн квалификациялуу адис мугалимдерди тандап алууга, класстарда көрсөтмө куралдарды, жабдууларды топтоштуруп натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүлөт. Эгерде шаар канчалык чоң болсо, багыттар боюнча класстарды түзүүгө ошончолук ыңгайлуу шарт пайда болот. Өзгөчө кол өнөрчүлүк багыты боюнча уюштурулган класстар үчүн чоң-чоң борборду түзүп, тиешелүү көрсөтмө курал, жабдуулар, цехтер, устаканалар, ишканалар менен камсыз кылуу жеңил, арзанга турат. 13. Ушул убакка чейин окуучунун билимин баалоонун 5 баллдык баалоо системасы колдонулуп келет. Беш баллдык баалоо системасы окуучунун чыныгы өздөштүргөн билимин баалоонун чени же өлчөмү боло албайт. Себеби беш баллдык баа окуучунун билимин жалпылаштырып дүңүнөн гана баалай алат. Аныгыраак кылып айтканда өтүлгөн теманын өзгөчө бир главанын же бөлүмдүн закондор, эрежелеринен, теориясынан, көз караштарынан келип чыккан мазмуну, маңызы (суть) менен тыянактарын баалоого кудурети жетпейт. Ошондуктан беш баллдык баа окуучунун тайкы жана жетишерлик өздөштүрө албаган билиминин сапатын жакшыртып тереңдетип окууга өбөлгө (стимул) боло албайт. Ошондуктан окуучунун чыныгы билимин, мүмкүнчүлүгүн баалоого жетишүү үчүн он баллдык баа менен баалоого өтүү. Беш баллдык баа менен баалоо системасын биринчи баскычтын класстарында окуган окуучулар үчүн колдоно берсе болот. Он баллдык баалоо системасын төмөнкү тартипте колдонуу: 1) Мугалимдин сабакта үйрөткөндөрүн жана окуу китеби боюнча теманын мазмунун толук айтып, теманын маңызы (суть) боюнча өзүнүн оюн эркин айта билген окуучунун билимин алты балл менен баалайт. 2) Өтүлгөн сабактын же окуу китебинен өз алдынча окуп билип келүү үчүн берилген теманын жана окуу китебинин бир главасынын же бир бөлүмдүн мазмунуна же маңызына (суть) анализ жүргүзүп талдап бере алган окуучунун билимин жети балл менен баалайт. 3) Өтүлгөн сабактын, окуу китебинен өз алдынча окуп үйрөнүп келүү үчүн берилген теманын жана бир главанын же бир бөлүмдүн мазмунуна, анын маңызына (суть) анализ жүргүзүп талдап бере алган окуучунун билимин сегиз балл менен баалайт. 4) Өтүлгөн сабактын же өз алдынча окуп келүү үчүн берилген теманын жана бир глава же бир бөлүм боюнча окуу китебинде берилген мазмунга кошумча адабияттардан жана башка булактардан изденип окуп, мазмунуна, маңызына анализ жүргүзүп, талдоо менен өзүнүн жыйынтык корутундусун чыгара билген окуучунун билимин тогуз балл баа менен баалайт. 5) Өтүлгөн сабактын же өз алдынча окуп келүү үчүн берилген теманын жана бир глава же бир бөлүм боюнча окуу китебинде берилген мазмунга кошумча адабияттардан жана башка булактардан изденип окуп, үйрөнүп мазмунуна, маңызына анализ жүргүзүп, талдоо менен өзүнүн корутунду чыгара билишине жана аны кантип, кайсы убакта, кандай жайда иш жүзүндө же турмушубузда, саясатыбызда пайдаланышыбыз же колдонушубуз жөнүндө даана, ачык түшүнө билсе ошондой эле аксиома, теорема, эрежелерге, теория, көз караш идеяларга анализ берип корутундулоо менен өзүнүн көз карашын, түшүндүрмөсүн берген окуучунун билимин он балл менен баалайт. Багытты тандап алууда мүмкүн болушунча баланын мүмкүнчүлүгүнө жараша бала да, мугалим да, ата-энелер да туура тандап алууга жетишүүгө аракет жасап, аны кийин өзгөрттүрбөөсүнө жетишүү керек. Бирок иш жүзүндө жүз пайыз туура тандоого жетишүүгө болбойт. Ал учурда 6-класста, айрым окуучулар жетинчи класста тандап алган багытын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берилүүсү зарыл. Он баллдык баа системасы менен бааланып орто мектепти бүтүргөн баланы окуган багыты боюнча жогорку окуу жайына кабыл алуу төмөнкүдөй тартипте болуусу зарыл. 3-4 балл менен орто мектепти бүтүргөн баланы багыты боюнча жогорку окуу жайына кирүү сынагын ийгиликтүү тапшырган талапкерди кабыл алуу. Ал эми эң төмөнкү баасы беш балл болуп, 5-6-7-8 балл менен орто мектепти бүтүргөн талапкерди багыты боюнча жогорку окуу жайына сынаксыз кабыл алуу. 9-10 балл менен орто мектепти бүтүргөн талапкерди багыты боюнча жогорку окуу жайына сынаксыз кабыл алып, илимий изилдөө багыты боюнча окутуу программасы менен окутуу. Мектептин экинчи баскычына өтүп окуган окуучулар үчүн бешинчи багыт болгон кол өнөрчүлүктүн көптөгөн түрлөрүн ачуу керек. Тактап айтканда, металлды иштетүүдө ширетүүнүн бардык түрлөрүн жана зергерликти, жыгач иштетүү боюнча кол өнөрчүлүктүн бардык түрлөрүн жана устачылыкка тиешелүү өнөрдү, айнекти иштетүү жана хрусталды жасап чыгуунун сырларын, тери, кайыш, булгаарыны иштетүүнүн түрлөрүн, кездеме, кийиз менен иштөөдөгү чеберчиликтин түрлөрү, чопо менен иштөө өнөрчүлүктү, техникалар, станоктор менен иштеген токарлар, слесарь жана айыл чарба техникалары, шаймандары менен иштөө, мөмө жемиш, жашылчаларды кайра иштетүү, медсестра, тарбиячы, статист, бухгалтер, ашпоз, кышкыноочу, бетон шыбакчылык, сырдоо жана башка ондогон, жүздөгөн өнөрчүлүктүн көптөгөн түрлөрү бар. Эгерде айылдарда, райондордо мектептердин аралыгы жакын болсо ортолукта жайгашкан мектептин же СПТУнун базасында топтоштуруп ачуу. Шаарларда, өзгөчө чоң шаарларда ондогон мектептердин окуучуларын топтоп үйрөтүүчү устакана, өнөркананын борборун ачуу өтө пайдалуу. Мүмкүн 6-7-8-класстарды бүтүргөндөн кийин 9-10-11-класстын окуучулары үчүн чоң шаарларда ортолукка бир жерге өнөркана борборун ачуу пайдалуураак болоор. Өнөркана борборун азыркы иштеп жаткан ишканалардын, ПТУлардын базасында уюштуруу максатка ылайыктуу келет. Эгерде өнөркананы жаңыдан уюштуруу керек болуп калса, анда жүздөгөн профессионал жумушчу иштеген ишкананы уюштуруп, анын базасында окуучуларды өнөргө үйрөтүүгө туура келет. Анткени окуучуларды профессионал жумушчуларга шакирттик усул менен үйрөтүү үчүн жумушчуга окуучулардын тобун бекитип берүү керек. Окуучуну өнөргө үйрөтүү убагында жакшы өздөштүргөн 8-класстын айрым окуучуларын, ал эми 9-класстан баштап бардык окуучуларды кадимкидей жумушчулар иштеп буюм даярдатып сатууга коюлушу керек. Окуучунун иштеп, жасаган буюмун сатуудан түшкөн кирешенин 50% окуучуга эмгек акы катары айлык берип, 25-30% уста жумушчуга эмгек акы катары берип, 20-25% ишкананын базасын кеңейтүү үчүн пайдаланса болот. Бала эс тарткандан баштап эле өзүнүн курчап турган айлана-чөйрөсүндөгү табигаттын көрүнүшүнө, кубулуштарына, ата-эне, туугандардын, адамдардын өз-ара мамилелерине, жүрүш-турушуна, карым-катнаштарына таасирленип, өзүнө-өзү көп суроолорду берип, аны билгиси, көргүсү, аткаргысы келет да, түштөрүндө көп нерселерди көрүп сүйүнөт, кубанат, шерденет, коркот, ыйлайт, өкүнөт. Бала кезде таасирленүү чоң, кыялкеч болот эмеспи. Кыялдары аны алып учуп, тез эле чоңойсо, чоңдордой көп-көп иштерди аткарууга урунуп, ар иштин башын бир кармап, баштан аягына чыгарууга же бүтүрүүгө аракет жасабай таштап коет. Чоңдор да баланын мындай жүрүм-турумуна, аракетине, мамилесине "бала" деген көнүмүш түшүнүктөрү боюнча кайдигер болуп, көңүл койбой көз жаздымында калтырып жүрө беришет. Натыйжада балдар көпчүлүк учурда иштеймин деген жумушун баштап кайра аягына чыкпай кете берет жана ага үйрөнүп калат да анысы адат болуп калат. Бул баланын колунан келсе да, келбесе да сөзсүз аткаруу керек деп мажбурлап жасаттырганга же аткарттырганга дуушар болбой чоңоюсуна алып келет. Балага берилген мындай эркиндик, албетте, баланын бир калыпта, үзгүлтүксүз өнүгүүсүнө өбөлгө (стимул) бербейт. Ал үчүн баланын акылы, күчү жеткидей жумуш тапшырма берүү менен ал жумуш же тапшырманы сөзсүз аткаруу керек экендигине баланы үйрөтүп, калыптанууга адаттандыруу керек. Бала мектепке келгенге чейин негизинен басымдуу көпчүлүгү же бардыгы мектеп жөнүндө тиешелүү психологиялык даярдыгы жок келет. Бала биринчи жолу мектептин босогосун аттап, ичине таза сезим, чоң үмүт менен көп нерсени тез эле үйрөнүп алууну эңсеп, ошондой эле көп нерсени окуп үйрөнүп алгыдай толук ишеним менен кирет. Бала мектепке негизинен сабакта өтүлгөн теманын кайсыл бир жерине түшүнбөй же эсепти чыгара албай калууну ойлобой же оюна да албай келген. Себеби бала мугалим тарабынан окутуп жаткан билимди оңой эле кабыл алып, билип ала тургандай же мугалимдин айткандарын жөнөкөй эле өздөштүрүп ала тургандай ишеним менен келген болчу. Анткени балага мектеп да, мугалим да касиеттүү, сыйкырдуу сезилчү да, мугалимдин окуп жаткан сабагы өзүнөн-өзү эле балага жугуп же кабыл алып эле өздөштүрүп кете бере тургандай сезим жана ишенич бар эле. Ошондуктан мугалимдин берген сабагынын кайсыл бир жерин түшүнбөй калса, же түшүнүшкө кыйын болсо, эсепти чыгара албай калса, бала өзүнө болгон ишеничин жоготот. Бала өзүнө болгон ишеничин жоготуу менен тормоздолууга дуушар болот. Чындыгында азыркы башталгыч класстардын окутуу программасы өтө эле оор түзүлгөн. Ошондуктан биринчи баскычта окуган балдар, өзгөчө 1-2-класстардын балдары үчүн ар түрдүү өзгөчөлүктөгү жана бири-биринен айырмаланган балдардын ортозаарына туура келгендей жана акырындык менен болсо да бардык окуучулар өздөштүрүп кеткендей жеңилирээк программа түзүлүп, окуу китеби жазылышы керек. Ошондуктан 1-2-класстарда машыгуу иретинде арифметиканын жөнөкөй элементтерин аткарган мисалдарды үйрөтүп, 3-класста гана маселелерди чыгарууга өтүп, ал эми 4-5-класстарда математиканын элементтерин камтыган мисал, маселелерди жөнөкөйдөн татаалга карай окутуу программасын түзүү керек. Биринчи багыттын класстарында окуган класстарда балдарды баштагыдай 1-классты бир мугалим окутпастан, мугалимдердин тобу окутат. Албетте, бир класста канча болсо, ошончо өзгөчөлүктөргө жана айырмаларга бөлүшкөндүктөн, балдардын өздөштүрүүсү да ошончо бөлүккө бөлүнөөрү табигый көрүнүш. Класста канча бала болсо ошончо түрдүү өздөштүрүү келип чыгат. Ар бир баланын өздөштүргөнүнө жараша сабак өтүүгө мугалимдердин тобу да жетишпейт. Ошондуктан балдардын өздөштүрүүсүнө карап бири-бирине жакыныраак деңгээлде өздөштүргөндө башка-башка топторго бөлүштүрүп окутууга туура келет. Сабак өтүүдө бир мугалим сабак өтүүнү баштайт да, калган экинчи же үчүнчү мугалим ар бир баланын экинчи, үчүнчү жана андан кийинки күндөрдөгү сабактын жүрүшүндө окуучунун берген суроолору, жооптору, умтулуусу, кызыгуусу, аракетчилдиги, активдүүлүгү жана башка сапаттарына көзөмөл жүргүзүлүп, 1-2 айдын ичинде окуучунун өздөштүрүүсүнө карап бирдей деңгээлдеги балдарды бир канча топторго бөлүштүрүп чыгышат. Сабакты жогорку деңгээлде өздөштүргөн 2-3-4-топту бир мугалим болуп алып окутат. Болуп алган топтордун ар бир тобуна азыркы иштеп жаткан карлик мектептин окутуусуна окшош усул менен мугалим башка-башка сабак берип окутат. Эгерде бир мектепке 2-3 же андан көбүрөөк биринчи класстар болсо, анда саны көп болот да, бир топту же ашып барса эки топту бир мугалим окутушу мүмкүн.
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|