![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 27.06.08-ж. |
Мезгил талабы Уңгу тил Системалуу илим-билимдин жана ага негизделген ыймандуу маданияттын тили (Башталышы өткөн санда) "Өнөр алды - кызыл тил " жана кыргыз тили системалуу мамиленин тили экендиги дайыма эске алынып, үй-бүлөдө, бакчада, мектепте, анан жогорку окуу жайында адистен мурда адамды жөндөө, түзүү улуу кыргыз сөз казынасына (Санжыра санатына) айланган системалуу дүйнөтааным боюнча жүргүзүлүшү керек. Ошондо кыргыз тили күнүмдүк колдонууда болуп баркы да көтөрүлөт. Системалуу эмес илим-билимдүү кишичилик тиричилик акыр заманга алып келээрин "сабатсыз караңгы" делген, бирок олуя болгон ( алгачкы деңгээлдеги системалуу билимге ээ болгон ) Калыгул эки жүз жыл мурда эле көзү менен көрүп тургандай, ал заманды минтип баяндап кеткен эмеспи (Акылман Калыгул. Бишкек, 2000): "Заман өзгөрөт, пейил жоголот. Адам пендеси бирин бири сүйбөй калат. Акыл айтсаң, чатак салат. Жоготуп дилин, унутат тилин. Кары - жаштан уялбайт. Дүнүйөгө көзү тойбой, алдым-жуттум көбөйөт. Оокат-байлык ушунчалык көбөйөт, ошону топук кылбай, Киши өлтүргөн көбөйөт. Эгин нурку (сапаты) азайып, Ачка болор күн болот. Акыр заман адамы Бакыл (расчетливый) болот. Адеби жок сүйлөгөн Кашка болот. Илгерки өткөн адамдан Башка болот. Акыр заман адамы Алым (взяточник) болот. Аяттын сөзүн бек тутпай Залым (жестокий) болот. Аганын тилин ини албай Чагым (приносящий разлад) болот. Биринин тилин бири албай Жайыл (злой) болот. Каапыр менен аралаш Айыл конот. Заманынын адамы Молдо ("сабаттуу") болот. Жөн адамдар молдого Олжо болот". Акыр заман адамы "молдо" болгону менен, анын билимдиги, дагы кайталайбыз, системалуу эмес, чала илим-билимдиктеги сабаттуулук. Окурман, ойлонуп көрчү, айтылгандар аткарылып жатабы? Жатса, анда "жөн адамдар мындай жетекчи молдого олжо болбой" кантип жаңы сабаттуулукка келиши керек? Баардыгыбыз кантип оңолушубуз керек? Азыркы кишичилик тиричилик менен жаралган глобалдуу проблемаларды чечүү үчүн дүйнөнүн жаңы такталган илимий таанымы керек экендиги түшүнүктүү болду (Аблеев С.Р.). Ошондо азыркы илимдин жетишкендиктери менен такталган Теңирчиликтин философиясы жаңы илимий дүйнөтаанымды түзүүдө пайдаланышы шексиз. Себеби, алгачкы системалуу дүйнөтааным болгон Теңирчиликтин негизинде азыркы илимдин жетишкендиктердин негизинде жаңы деңгээлдеги системалуу дүйнөтаанымдын жаралышы мындай дүйнөтаанымдын өнүгүшүнүн мыйзамченеми. Мындай жаңы деңгээлдеги системалуу дүйнөтаанымда азыркы илимдик жана диндик түшүнүктөрдүн ордуна туура жаңы жалпы түшүнүктөр жаратылышы тийиш. Бир убакытта алгачкы системалуу дүйнөтаанымдан ажырап чыккан илимдик менен диндик түшүнүктөр бир жалпы туурараак түшүнүктөргө келиши керек эмеспи. Ошондуктан, Теңирчиликтин философиясын бөлөк элдерге азыркы кишичилик тиричиликтин жаман кесепеттерин жою үчүн үлгү катары кайра таратыла турган кезге келдик. Акыр замандан чыгыш үчүн жаңы дүйнөтааным керек. Ошондо, жаңы дүйнөтаанымда да, кыргыздын алгачкы системалуу дүйнөтаанымынан жаралган бүтүм: " адам болуу менен Теңирчиликтин мыйзамченеминде адамгерчиликтүү тиричиликтенүү " туура эле болуп кала бермек! Онунчудан, баардык проблемалардын түйүнчөгү болгон азыркы акыр замандан чыгыш үчүн азыркы илимий дүйнөтааным менен маданияттыктын ордуна жаңы илимий дүйнөтааным жана анын негизиндеги жаңы маданияттык жаратылышы керек. Ошондуктан, эми эгемендүүлүк менен өзүбүздүн аң-сезимибизди кайра жандантып, өзүбүздү туура түшүнүп , XXI кылымдагы жаңы турмушта колдогу бийликти туура колдонуп, Урук дүйнөсү жагынан жаңыча адамгерчиликтүү коомду куруп, башкаларга үлгү болууга, бизде кыргызда, тарыхый маданияттык негиз бар экенин түшүнөлү да, акырындык менен аны калыптандырууга аракет жасап, ата-бабалардын мурасын актайлы , башкаларга үлгү көрсөтөлү . Бул кыргыздын тарыхый милдети десе да болот.. Буга кыргыз эми түшүнүп, ар бирибиз адам болуу менен баардыгыбыз адамгерчиликтүү тиричиликти такталган Теңирчиликтин мыйзамченеминде ишке ашыруу менен бөлөк элдерге үлгү көрсөтүп тиричиликтенип даңазаланбайбызбы? Баардык улуттагы элдер үчүн дагы аларды курчаган чөйрөнүн эрежеси боюнча жашоо ыңгайлуу жана негизи келечектүү экенин алар түшүнүшөт да. " Адам болуу " дегендик " жаранды курчаган системанын эрежелерине дал келген жүрүм-турумда болуу " дегендик. " Теңирчилик мыйзамченеминде " дегендик " тиричиликтин баардык жагдайында эки карама-каршылыктардын теңдигин камсыздоо " дегендик. Мунун баардыгы экологиялуу, кыргызча адамгерчиликтүү тиричиликке алып келет. Кеп бир жагдайлуу рыноктук жол менен эле байышта эмес, кеп системалуу Теңирчилик мыйзамченеминде адамгерчиликтүү тиричиликтенүү менен баюуда. Теңирчиликтин философиясы менен тааныш болуп аны жакшы өздөштүрүп алган кытайлыктар азыр ушуга окшош болгон жол менен өнүгүп-өсүп жатышкан жокпу, окурман? Ушундай гана дүйнөтааным туура экендигин, ушундай гана тиричилик келечектүү экендигин ким танат? Кайталайбыз, мындайча жол менен гана баюу, тиричиликтенүү келечектүү. Ошондуктан, адам болуу менен адамгерчиликтүү тиричиликтенүү чыныгы глобалдуу стратегия эмеспи, окурман. Бул Кыргызстандын изделип, табылбай жаткан идеологиясы эмеспи, окурман? Мындай терең ой кыскача кыргыз тилинин терминдери менен гана так айтылышы мүмкүн. Бул дагы ал тилдин системалуу билим-илимдин тили экендигинин дагы бир белгиси. Мына ушундай улуу ойго кыргыз тили, анын казынасы - Санжыра санаты - үгүттөйт. Эгерде биринчи үгүттөө жоокерчилик ыкма менен кыргыз-түрк тилинде болсо (М. Аджи), экинчи жолку үгүттөө компьютердик тармактык системалар менен чырмалган дүйнөдө тынчтык ыкмада кыргыздын өзүнүн тилинде жаңырмак. Тилде эле жаңырбай, ишке ашырылса гана. Бирок, азыркы дүйнөнүн жана Кыргызстандын өзүнө да ушундай идеологияны түшүнүп, ишке ашыра турган жетекчи жетпей жатат. Коомдун өзгөрүшү баардык ар бирибиздин ойлорубузду жалпы өзгөртүүбүздөн баштала тургандыгы талашсыз чындык эмеспи, окурман. Ошондуктан, бул иш жаңы дүйнөтаанымды жаратуу менен башталып, баардыгыбыз менен талыкпай жүргүзүлүшү керек. Азыр баардык диндердин өкүлдөрү өздөрүнүн диндерине эле үгүттөшүп, элдерди бириктиришпей адаштырышат. Бул дагы азыркы адамдардын системалуу эмес илим-билимдикте экендигинин бир белгиси. Убагында баардык диндер болгон жергиликтүү илим-билимдин жагдайына жараша Теңирчиликтин негизинде ар кандайча салттуу болуп калыптанган эмеспи (М. Аджи). Азыр болсо илим аябай өсүп бир эле чыныгы дүйнөтаанымды жаратуу абалына жеткен кези. Такталган деңгээлдеги системалуу илим-билим жаралса, аны менен ар кандай маданияттарды бириктирсе болот. Чындыгында, үгүттөө динде эмес, баардыгын бириктирген бир эле системалуу илим-билимде болушу керек! Үгүттөө илимий жактан такталып жаңыртылган Теңирчилик системалуу дүйнөтаанымында болушу керек! Сатылган Жорупбеков, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Информациялык жана коммуникациялык технологиялар институтунун доценти.
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|