![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 27.06.08-ж. |
Мугалимдин өнөрканасынан "Алтын чөйчөктүн" уучу кур эмес Таластан чыккан айтылуу Жанкороз олуя тээ илгери эле Талас жергесин "Алтын чөйчөк" деп койчу экен. Олуя дагы мындай сөздү жөн жерден айтпаса керек. Ушул "Алтын чөйчөктөн" не деген акылман, баатыр, акын, жазуучу, илимпоздор чыкты. Ошолордун бири - Таластан чыккан Жеңижок, талантынын чеги жок, айтышаарга теңи жок болгон экен. Жеңижоктун философиялык көз караштагы шедевр ырларын билбеген, окуп, шыктанып, сыймыктанбаган кыргызды табуу кыйын. Жаттап алып, жан дүйнөсүнүн тереңинде кастарлагандар толтура. Ошондой болсо да, Жеңижоктун ырларынын жаш-карыга таасир берген тарбиялык мааниси, руханий күчү жөнүндө ушул күнгө чейин жазылган урунттуу эмгектер жок, бар болсо да аз. Ал эми Талас мамлекеттик университетинин коомдук-гуманитардык, социалдык илимдер кафедрасынын ага окутуучусу Конгайтиева Зууракан жогоруда белгилегендей акындардын пири, акыл-насааттын гүлү, ойчул Жеңижоктун (Өтөнүн) канаттуу ырларынын жаш-карыга дем күч тартуулаган таасири, тарбиялык мааниси жөнүндө жөн гана эмес, илимий көз караш, татыктуу баа берүү дараметин аянбай келет. Зууракан КОНГАЙТИЕВА, Талас мамлекеттик университетинин ага окутуучусу Тактап айтканда, илимпоз эже Жеңижоктун чыгармаларына, анын айткан сөздөрүнө баа берип, изилдеп атайын чакан эмгек жараткан. Автордун эмгеги "Жеңижоктун ырларынын тарбиялык мааниси" деп аталып, 2001-жылы жарык көргөн. Ал китеп педагогдорго, студент, окуучуларга, жалпы эле окурмандарга ылайыкташтырылган жана сунушталган. Чынын айтканда, бул китеп жогорку деңгээлде изилденип жазылган. Эгерде бул эмгекти автор кайрадан тереңдете изилдеп, толуктап, илимпоздордун талкуусунан дагы бир жолу өткөрүп, саманын сапырып, данын калтырса көптөгөн ар кандай методикалык колдонмолордун алдыңкы сабында турмак. Кыргыз тили, кыргыздын ой-жүгүртүүсү - Жеңижоктун тилиндей, ой-жүгүртүүсүндөй. Талас жергесинин карыя журналисттери Аман Көчөрбай уулу жана Батыркул Боромбаевдер Конгайтиева Зууракандын бул эмгегине төмөндөгүдөй баа беришет: - Бул китептин жана Жеңижоктун ырларынын тарбиялык мааниси канчалык жогору экендигин ар бир окурман баамдай алат. Атаганат, акылга, сезимге канат бергеничи! Сөз байлыгыңа байлык кошот, ойлоруңа ой кошот. Элди, жерди, жаратылышты сүйгөнүң, ага суктанганың бир эсе болсо, салт-санаасын, бөксөрбөгөн пейилин, ыйык ыйманын эстей бересиң. Дал ушул идеясын биздин аркабыздан дүркүрөп өсүп келе жаткан жаш муундар, улуттук улуу намысы менен сезимдерине чөгөрө алышаар бекен? Изденүүчү-педагог, ары такшалып калган акындын ынтызарлыгы дал ушул жакта. Ал методикалык колдонмо гана эмес, методикалык курал болуп, элиме пайдам тийсе деп эңсегени китептин ар бир барагынан байкалат. Автор Жеңижоктун көптөгөн ырларын мисалга тартып, анын жаркын идеясына жана түшүнүү ыкмаларына ачык айкын кеңеш багыт берет. Жеңижоктун насааты жаштарга кандай ыкма, кандай жол менен түшүндүрүп, кандайча окутуу методикасын далилдүү маалыматтар менен, болгондо да жөп-жөнөкөй тилде, ыкмада сезимдерге жеткире алган. Албетте, чыгарманын маанисин чечмелеп түшүндүрүү ар бир педагогдун жөндөмүнө, билиминин тереңдигине жараша эмеспи. "Мыкты тарбиячы", "Жылдын мыкты мугалими" деген ардактуу наамдарга татыктуу болгон ага окутуучу Зууракан Амановнанын билимин эмгеги айкындап турат. Бул эмгекти ой чөгөрө окуп чыккандар өзү гана эмес башкаларга да айтып тамшандыра турган иш. Педагог, тилчи, адабиятчылар гана эмес башка адистиктеги илимпоздор дагы бул колдонмону керектүү, ыктуу жерде колдонсо уттурбайт, утат. Бул чындык. Чындык менен кызматташуу билим менен илимдин жарык жолу, руханий дүйнөсү. Зууракан Амановна акын, поэзияны жүрөгүнө түнөткөн инсан. Анын 2003-жылы жарык көргөн "Менин сүйкүм күн-айым" алгачкы ырлар жыйнагы окурмандардын колуна тийип, жылуу пикир каалоолор айтылган. Жакында бөбөктөргө жана тестиер балдарга арналган "Тилегим" аттуу ыр топтому жарык көргөнү турат. "Улут болсоң тилиң менен улутсуң" дегендей, автор "Жеңижок жана кыргыз руху" деген студенттер, аспиранттар жана жалпы педагогдор үчүн окуу куралы аяктап, Талас мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин негизинде басмага берилди. - Зууракан эженин илимий көз караштагы эмгектерин санасак, кудайга шүгүр, биринин артынан бири жарык көрүп, сандан сапатты көздөй, адырдан тоону-өрдү көздөй кадам таштап баратканын баамдадык. Элдик педагогиканын шарапатында, анын берген дем шыгында үчүнчү методикалык куралын барактадык. Ал "Үй-бүлө - тарбиянын башаты" (2005-жылы жарык көргөн) деп аталып педагогдорго, ата-энелерге, жаш-жубайларга жана студенттерге сунушталыптыр. Автор мурдагы эмгектерине караганда бул саам турмушка сүңгүп кирип, жазуучу Мукай Элебаев айткандай: "Сөз тамырын казып сүйлөп" тургандыгы менен өзгөчөлөнүп турат, - дешет карыялар. Тарбия - үйрөтүү, таалим-таасир берүү жана окутуу дегенди түшүндүрөт. Булар жөнүндө автор мурдагы китептеринде жеткиликтүү, түшүнүктүү чагылдырган эле. Ал эми бул китепте ошолорго кошумчалап тарбиянын чыныгы өңүн, жүзүн окурмандарга көрсөтө алган. Тагыраак айтсак, адамдардын жүрүм-туруму, кулк-мүнөзү, жорук-жосуну усулдук ыкма менен ачык айкындуулукта, далилдүү аргументтер менен шөкөттөлө берет. Бул эмгек эки бөлүктөн турат: биринчиси, үй-бүлө куруу түйшүгү, ырахаты жана милдеттери. Экинчиси, мектеп жана коомчулуктун биргелешип иштөөсү. Чыгарманын эки бөлүгү тең терең мазмунда, турмуштун чыныгы толкунунда, практикалык фактылар менен өтө жупуну жана окумдуу тилде жазылган. Көп жылдык мектеп тажрыйбасынан алган жемиши табият берген таланты менен жуурулуп математикалык ырларды сандарга карата, табышмак, бат айтмаларды түзгөн. Акырында айтаарыбыз 35 жылдан бери окуучуларды, студенттерди окутуп, тарбиялап, көп түйшүктүү эмгекти аркалоо менен бирге илимий иштерге өзүнүн таасирдүү салымын кошуп жаткандыгы теңдешсиз эмгек. Таман-акы, маңдай-тер, билимдүүлөрдүн сөзү менен айтканда, акыл эмгегинин мөмөсү. "Эсирген байдын тоюнда болгончо, эл-журтуңдун оюнда бол" дегендей эл ичинде өз эмгегиңизди аркалап жүрө бериңиз. Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим". "Окуучуларымдын балдарын окутуп жатам" Матен Сыдыков атындагы мектепке барбаганыма көп болгон. Журналисттик иш менен мектепке кирип калсам директор жок экен, мугалимдер менен баарлашып олтуруп калдым. Биздин эжени газетага жазыңыз дешип бир ооздон Сейил Берикбаева эжени көрсөтүп жатышты. Алгач алар тамаша кылып жатса керек дегем, бирок агай-эжелердин чын дилдеринен эле айтып жатканын байкап: "Макул, мугалимдер сунуш кылып жаткандан кийин жазса жаза кетейин",- деп эже менен таанышып, ал кишинин иши тууралуу маектешүүгө өттүм. Мугалимдер бөлмөсүндө эже менен көпкө баарлашып отурдук. Илбериңки, сылык, кичи пейил, мээримдүү эже негедир өзү жөнүндө айтпай эле кесиптештери, окуткан окуучулары, иши тууралуу эле айтып жатты. Сейилдин кичинесинде эле максаты мугалим болуу болчу экен. Айылдагы кошуналардын кыздары, балдары менен ойногондо эле эжеке болуп алып, баарын шырдактын үстүнө отургузуп алып окута берчү. Жаштын тилегин берет деген ушул. Тоң районундагы Коммунизм орто мектебинде ал кезде Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендеринин кавалери Айкан Мамбетакунова директор болуп иштечү, ал эми СССРдин Эл мугалими ардактуу наамынын ээси Жамангул Үтүров агайдын колунан таалим-тарбия алып калышы да өзгөчө мааниге ээ болуп, мына ушул кадыр-баркка жетишине негиз болду деп айтууга болот. Мектепти ийгиликтүү бүткөндөн кийин Пржевальский шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтунун математика факультетине тапшырып, эң мыкты баалар менен өтүп, студент болуп калган. Тагдыр экен, өмүрлүк жолдошу Садырбек менен таанышып Аксынын Акжол айылына келин болуп келип калды. Ошол Акжолго келин болуп келгени 1979-жыл эле. Келин болуп келери менен эле Кичи-Акжол орто мектебине, ал кезде мектеп ушундай аталчу, азыр бул мектеп Матен Сыдыков атындагы орто мектеп, математикадан мугалим болуп кирди. Ал кезде бул мектеп райондогу эң чоң мектептердин бири эле, мектептин алдында интернаты да бар болчу, койчу-малчылардын балдары мына ушул интернатта тарбияланышып, аталган мектепте окуша турган. Мугалим болуп келген жылы эле мыкты тажрыйбасы, жаңыча сабак берүү ыкмасы менен мектепке Сейил Саламатовна тез эле таанылып, коллективдин арасында урмат-сыйдын ээси болуп кетти. Эже менен мектепте маектешип отуруп Эл агартуунун отличниги экендигин байкап отурдум. Анткени жөнөкөй, боюна жарашыктуу кийинген кийимине отличник деген төш белгиси көрк берип, жарашып турду. Эже тууралуу мектептин окуучусу Самарбек кызы Айтургандын жазган пикири эске түштү. "Мен эжемдей сулуу, сымбаттуу, кичи пейил мугалим болсом дейм, мен сизди жакшы көрөм, эжеке" деп жазыптыр. Ошондон улам Сейил эже чыныгы педагог экен деп калдым. Окуучунун жүрөгүнөн орун тапкан ал чыныгы педагог деп ойлоймун. Эже сабак берген математика кабинетине кирип, балалык кезим көз алдыма тартылды. Геометриядан, математикадан окуган формулалар, фигуралар, сызгыч жана улуу математик окумуштуулардын сүрөттөрүн көрүп, бул класста жөнөкөй сабак өтүлбөшүнө ынанып калдым. Жыргал Абдылдабекова деген чет тили сабагынын мугалими минтип айтат. "Менин кызым эжекенин колунда окуп жатканына сыймыктанамын, анткени эже убагында мага да сабак берген" десе Сейил эже күлөт: Эжеке бул окуучулары менен ар дайым сыймыктанат. Эжеке билим берүүдө көбүнчө өз окуучулары менен бирдикте көргөзмө куралдарды даярдап, аны сабактарында колдонуп келет. Өтүлө турган сабакка даярдыкты бир ай мурда эле баштайт. Окуучулары менен бирдикте көргөзмө куралдардын эскиздерин чийип, анан аны плакаттарга даярдап коюп коет. Окуучу качан өз колу менен жасап көрсө, ал сабак окуучуда көпкө чейин унутулбай калат. Даяр нерсе адамга көп жуга бербейт дейт эжеке. Эженин Эшалиева Алтынай деген окуучусу да областтык олимпиадада мыкты ийгиликти жаратып, мөөнөтүнөн мурда студент болууга укук алып калды. Мындай окуучулары арбын. Албетте, бул билимдин сапатына келип такалары бышык нерсе. Математикадан сырткары да өзү жетектеген классында "Арак улутту жок кылат", "Салтыңдан кагылайын кыргыз калкым", "Биз сыймыктанган инсандар" жана башка ондогон темаларда тарбиялык сааттарды таасирдүү да, кызыктуу да кылып өтүп келет. Ал түгүл бөлөк эле класстардын окуучуларынан ушул темаңызды бизге да өтүп берсеңиз деген өтүнүчтөр түшкөн учурлар да болот. Демек сабак таасирдүү болуп окуучулар арасында талкууга айлана алган. Ошондон улам кызыгуу пайда болду деп айтууга болот. Эже классындагы ар бир окуучунун ата-энеси менен да жекеме жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, өзүнүн оюндагы пландарын ата-энелерге да айтып, алардын да пикирлерин угуп, алар менен да сырдашып келет. Анткени ата-эненин оюу мугалим үчүн баалуу деп ойлойт эже. Баланы үйдө тарбиялоо боюнча ата-энелерге өтүлгөн сабак да өзүнүн өзгөчөлүгү менен чоң мааниге ээ. Окуучунун атасы эжекенин сабагына келиши бул жайылта турган практика. Чындыгында ата-энеге баланы кантип тарбиялоо зарылдыгы жөнүндө адабияттар, колдонмо куралдар бар. Ал эми кыргыздарда мындай нерсе жок. Эжеке бир мектепте отуз жылдан ашык эмгектенип келе жаткан эмгек жолунда көп эле сыйлыктарды алыптыр, мисалы, 1994-жылы райондук элге билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасын, 1997-жылы Жалалабат областтык элге билим берүү жана маданият башкармасынын 1-даражадагы диплому жана акчалай сыйлыгын, 2004-жылы Аксы райондук администрациясынын Ардак Грамотасын, ал эми 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамотасын алууга татыктуу болуптур. Ал эми 1997-жылы көп жылдык эмгеги жана мыкты тажрыйбалары, балдарга билим берүүдөгү жетишкендиктери үчүн Эл агартуунун отличниги төш белгисине татыктуу болгон. Демек эмгек кылсаң эл көрөт, эмгек жемишин берет тура. Өмүрлүк жолдошу Тажимырзаев Садырбек менен эки уул, бир кыздын ата-энеси болушуп, балдарга татыктуу тарбия бере алышты. Баса, эже келин да алып, кайнене да болуп калганына сыймыктанат. Албетте, Берикбаева Сейил жөнүндө сөз кылууда директордун пикирин айтпай кетүү кыйын. Кубат Өмүрбековдун берген маалыматында да эженин сабакка дыкаттык менен даярдана тургандыгы жөнүндө көп айтылды. - Мага эженин сабагы бир стандарттуу эмес, турмуш менен байланышы бар. Жаңыча сабак өтүүнүн ыкмасын көрүү дайыма кызык. Математикада мындай сабак өтүү ар бир эле мугалимдин колунан келе бербейт, - дейт директор. Мындай ойго кошулбай коюга болбойт. Абдымомун Калбаев, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|