Коомдук-саясый гезит
№22, 27.06.08-ж.






  Өркөнү өскөн өлкөдө

ФРАНЦИЯДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ КАНЧАЛЫК ЭФФЕКТИВДҮҮ?
Франциядагы билим берүү системасынын негизги принциптери 1880-1890-жылдары түптөлгөн. 6 жаштан 16 жашка чейинкилер сөзсүз акысыз билим алууга милдеттүү. Бардык өлкөлөрдөй эле Францияда да мамлекеттик менен катар жеке билим берүү мекемелери иштейт. Франциядагы бардык окуучулардын 20% жеке окуу жайларда окушат. Ошого карабастан бакалавр даражасын алуучу деңгээлге чейинки дипломдорду мамлекет гана бергенге укуктуу.
Тээ 1959-жылдан бери (Дебре мыйзамынан бери карай) жеке билим берүү мекемелери мамлекетке көз каранды. Маселен, жеке 9 мектептин сегизи мамлекеттен жардам алып турат. Билим берүүгө кетчү чыгымдар, мугалимдердин айлык акысын төлөө ж.б.у.с. нерселер мамлекеттин мойнунда.
Францияда окуу системасынын структурасы боюнча: мектепке чейинки билим берүү 6 жашка чейин, башталгыч билим берүү - 6-11 жаш, орто билим берүү - 11-18 жаш. Бул тепкич бакалавр даражасына экзамен берүү менен бүткөрүлөт.

Реформа кандай жүрөт?

Окутуунун циклинин мазмуну, уюштурулушу 30 жылдан бери келаткан реформа аркылуу аныкталат. Акыркы жылдардагы негизги реформа: 4-5 жаштагы бөбөктөр бала бакча менен камсыз болушу үчүн алардын тармагын өнүктүрүү; башталгыч класстан колледжге өтүүдөгү сынактарды алып салуу. Начар окугандар үчүн адаптациялык класстарды ачууну кароо; билим берүүнү кесипке бөлбөй уюштуруу жана башталгыч класстан колледжге чейин топ-топ кылып бөлүү; окуучуларды керектүү окуу пособиелери менен бекер камсыз кылуу, ошондой эле мектепке чейинки жол киресин төлөп берүү; информатика, физика, жарандык билим берүүнүн негизи деген жаңы предметтерди киргизүү.

Мугалимдердин имиджи жана ролу

Француздардын көз карашында теориялык жактан алганда баары эле жакшы. Бирок, техникалык билим берүү начар өнүккөн.
Биздин өлкөдөгү билим берүү системасында болуп жаткан кемчиликтер аларда деле бар. Маселен, бир класста ашыкча балдардын отурганы, мугалимдердин, окуу куралдардын жетишпегендиги, программалардын жана окутуунун ыкмаларынын тез алмашып турушу, коомдогу мугалимдин имиджинин жана ролунун деградацияланышы.
Мындан сырткары, социалдык теңсиздик да орун алган. Бирок ошол кемчиликтерге карабастан Франция Европадагы мыкты билим берүү системасынын бири катары таанылат.

Билим берүү системасынын башкы утушу - бала бакча

Бала бакчага 2 жаштан баштап алынат. Албетте, башталгыч класска чейин бакчага баруу милдеттүү эмес, бирок 3-6 жашка чыккандардын бары тең бала бакчага барышат.
Бул өлкөдөгү билим берүү системасынын башкы утушу бала бакча деп эсептелинет. Анткени ар бир класс талапка ылайык жасалгаланып, бөбөктөргө бактылуу балалыкты тартуулайт. Балдар оюн ыкмасы аркылуу окуп, көптөгөн пайдалуу иштерге үйрөнүп, бири-бири менен ымала түзгөндү үйрөнүшөт.
Кыргызстандагы бала бакчалардай эле бул жерде деле 3 курактык топко бөлүнүшөт. Биринчиси 2-4 жаштагылар. Булар жалаң гана ойношот. Экинчи топто 4-5 жаштагылар - сүрөт тартканга, пластилинден оюнчук жасаганга (лепка) жана сүйлөө речин өнүктүргөнгө үйрөнсө, үчүнчү топ 5-6 жаштагылар окуганга, жазганга, санаганга үйрөнүшөт.
Бала бакчалар жумасына 5 күн 6 сааттан (3 саат эртең менен 3 саат түштөн кийин) иштешет. Айрым чоң шаарларда каникул учурунда да иштей беришет.

Башталгыч класстын балдарына үй тапшырма берилбейт

Башталгыч билим берүү 14 жашка чейин окутулат жана бул милдеттүү билим берүүнүн акыркы этабы катары саналат. Бул циклди аяктаган окуучулар башталгыч классты бүттү деген сертификатты алуу үчүн экзамен тапшырышат.
Башталгыч билим берүү 5 жыл жүргүзүлөт, т.а. 6 жаштан 11 жашка чейин төмөнкүдөй бөлүнөт:
- даярдоо курсу (СР)
- башталгыч курстун 1-жылы (СЕ1)
- башталгыч курстун 2-жылы (СЕ 2)
- Ортончу курстун биринчи жылы (СМ 1)
- Ортончу курстун экинчи жылы (СМ 2).
Айрым тентек балдар үчүн бала бакчадан башталгыч класска өтүү кыйынчылыкты туудурат. Жумасына балдар 27 саат окушат (саат 9-12 чейин, же 14-17 чейин). Шаршемби жана дүйшөмбү күндөрү балдар эс алышат.
Башталгыч класстын окуучуларына үйгө тапшырма берилбейт.

Окутуу "кыска" жана "узак" циклдерге бөлүнөт
Франциядагы орто билим берүү эки блоктон турат: окутуунун биринчи цикли (колледж) жана окутуунун экинчи цикли.

6- жана 5-класстар - көзөмөлдөө цикли
Бул циклда балдардын баары окутуунун бирдиктүү программасын өтүшөт. Ошондой эле бир чет тилди үйрөнгөнгө милдеттүү.
5-класстын аягында окуудан жетишпеген айрым балдар окутуунун атайын секцияларына жөнөтүлөт.

4- жана 3-класстар - ориентация цикли
Бул циклда окуучулар экинчи чет тилин өздөштүрө башташат. Ошол эле кезде кошумча латын, грек жана башка тилдерди тандап алууга да мүмкүнчүлүктөрү бар.
3-классты аяктаганда колледжди бүткөндүгү тууралуу күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырышат (мурда бул документ ВЕРС деп аталып келген).
Бул циклди бүтүргөндөн кийин окуучулар өз каалоосу боюнча "кыска" же "узак" мөөнөттөгү окутуунун циклин тандап алышат.

Кесиптик билим берүүнүн 2-кыска цикли
LEP профессионалдык лицейлер (биздин ПТУдай) окуучуларды эки жылдын ичинде кесипке үйрөтүшөт. Францияда бул окуу жай барктуу деле эмес. Илгерки совет коому учурунда тартипсиз, окууга жөндөмү жок балдарды ПТУга кубалагандай эле кеп.

Окутуунун экинчи узак цикли: лицей
Лицейде бакалавр даражасын алуу үчүн 3 жыл окушат.
Мында окуучулар француз тили боюнча тест тапшырышат. Анткени тилден алган баа бакалавр даражасын алууда эске алынат.

Кыска мөөнөттө билим берүүчү мекемелер
Жогорку окуу жайларда деле окутуунун "кыска" жана "узак" цикли бар. Маселен, жогорку окуу жайдын кыска цикли 2 жыл окутат. Бул цикл ыңгайлуу, анткени жумуш орду менен тез камсыз болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Кыска мөөнөттө билим берүүчү мекемелер да жок эмес. Алар:
- Лицейлерде жогорку техникалык билим алуу бөлүмдөрү бар. Алар BTS -(жогорку техникалык билим алуу) дипломун алганга окутушат;
- Университеттердеги технологиялык институттар DUT (университеттин технологиялык дипломун) алганга билим беришет;
- Эки же үч жылда социалдык кызматтарга жана саламаттыкты сактоо мекемелерине: акушерка, массажист, медсестра ж.б.у.с. кесиптерге даярдашат.
Университеттер сынаксыз кабыл алышат

Университеттерге эч кандай сыноосуз эле кабыл алынат. Башка жогорку мектептерге өтпөй калгандардын баары барышат. Ошондуктан биринчи эле жарым жылдыкта студентердин 40% окууну таштап кетишет.

Университеттик билим берүү 3 циклга бөлүнөт:

Биринчи циклда 2 жылдын ичинде DEUG дипломун (жалпы университеттик билим берүү жөнүндөгү) алганга даярдашат. Бирок бул диплом эмгек рыногунда практикалык жактан баалуу эмес.
Экинчи циклда DEUG дипломун алгандан кийин бир жылдын ичинде лицензия алганга даярдалат.
Үчүнчү цикл эки филиалга бөлүнөт:
- DESS (жогорку атайын билим берүү) профессионалдуу диплом катары эсептелет;
- DEA (тереңдетилген окутуу) изилдөө иштерине окутат.
DEA дипломун алгандан кийин 1 жылдын ичинде илимий иш даярдап чыкса болот.

Даярдаган
Гүлнара АЛыбаева, "Кутбилим".















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan