Коомдук-саясый гезит
№22, 27.06.08-ж.






  Окуялар, фактылар

Качество, еще раз качество
Недавно в Московском государственном университете им. М.В.Ломоносова прошел Международный форум "Университеты на пути к новому качеству образования", с участием более 300 ректоров и президентов российских вузов, члены Президиума РАН и Комиссии РАН по образованию. Нашу страну представлял глава Кыргызского национального университета им. Ж. Баласагына, профессор Ы.Омурканов.
По информации пресс-службы КНУ им. Ж.Баласагына, этот Форум проходил по нескольким секциям и обсуждались такие вопросы как фундаментальность и качество образования, знание и компетентность, востребованность выпускников на рынке труда, доступность образования и т.д.
Э. Какиева, "Кутбилим".




Оксфорд университетинен белек
Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияга Англиядагы Оксфорд университетинин маалымат ресурстук борбору англис тилин окутуу боюнча окуу китептерин белек кылды. Бул китеп тапшыруу расмисине аталган англиялык ЖОЖдун Кыргызстандагы атайын расмий өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү катышып, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар менен мектептерге мындай жардамдар өткөн жылдан тартып берилип келе жатканын билдиришти.
Оксфорд университетинин маалымат ресурстук борборунун Кыргызстандагы атайын өкүлчүлүгүнүн консультанты Аида Ишенбаеванын айтымында, Улуттук гимназияга берилип жаткан китептердин баасы 50 миң сомду түзөт жана англис тили боюнча 62 түрдүү окуу куралдары болуп эсептелет.
- Англиянын эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Оксфорд университетинин маалымат ресурстук борбору Азия боюнча эки гана мамлекетте, т.а. Казакстанда жана Кыргызстанда бар. Аталган борбор 2007-жылдын күзүнөн тартып иш жүргүзүп, билим берүү тармагына көмөкчү болуп келет. Биздин борбор буга чейин И.Арабаев атындагы педагогикалык окуу жайга, №6 гимназияга да бүгүнкүдөй окуу китептерин жана окуу куралдарын берип, окуучулар менен студенттердин англис тилин тез жана сапаттуу өздөштүрүшүнө жардам бергенбиз. Бүгүн болсо борборубуздагы өз жүзү, кадыр-баркы бар, окутуу усулдары жагынан ар түрдүү атайын багыттагы алдыңкы гимназия болгон Улуттук компьтердик гимназияга 62 түрдүү китептерди, аудио-видео кассеталарды, атайын олимпиадаларга даярдык көрүүчү тесттерди жардам катары берип жатабыз. Муну менен биз гимназияда окуп жаткан жаштардын англис тили боюнча билимдеринин тереңдешин, алардын республикалык, ал тургай эларалык кароо сынактарда, олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болушун, келечекте ушул жетишкендиктери менен заманбап кадрлардан болушуна тилектеш экендигибизди билдиребиз, - деди Оксфорд университетинин Кыргызстандагы маалымат ресурстук бөлүмүнүн деректири Рыскүл Ашымканова.
Өз кезегинде аталган борбордун кызматкерлерине жалпы гимназиянын жамаатынын атынан ыраазычылык билдирген гимназиянын директору Музаева Эльнура мындай жардам окуучулардын билим алышына зор өбөлгө болоорун баса белгиледи.
- Биздин гимназия компьтердик багытта болгону менен чындыгында азыр компьютерди толук өздөштүрүү үчүн, албетте, англис тилин билүү талабы бар эмеспи. Ошондуктан гимназияда англис тили биринчи чет тил катары атайын окутулуп келе жатат. Ушул багытты мындан ары да жогорулатуу үчүн биз ар кандай эл аралык уюмдар, борборлор менен жакындан иштешип келе жатабыз. Мунун жыйынтыгы бүгүнкү Оксфорд университетинин маалымат ресурстук борборунун бизге белекке берген баасы 50 миң сомдук окуу китептерин айтсак болот. Албетте, бул биздин окуучулар үчүн гана эмес мугалимдер үчүн чоң кубаныч болууда. Себеби, биздин мугалимдер учурда англис тилдерин ийкем окутуу боюнча окуу китептери менен камсыз болууда көп кыйналып келишүүдө. Ал эми окуучулар болсо мындай китептерди атайын курстарда атайын акча төлөп окуп келишкен. Буга болсо ар бир эле окуучунун мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Кыскасын айтканда, биздин гимназия бул белектердин жообу катары келерки окуу жылынан баштап англис тилинен жетишкендиктерди көрсөтүүгө аракет кылмакчыбыз, - деди ал.
Китептерди тапшыруу аземинде маалым болгондой, Оксфорд университетинин маалымат ресурстук борборунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү белекке берилген окуу китептерин окутуу боюнча аталган гимназиянын мугалимдерине атайын семинар, тренингдерди өткөрүп, окутуу усулдары боюнча сабак өтүшмөкчү.

Тынчтык Алтымышев




Жаңырган эски эрежеге кайтып келдик
Эчактан бери талаш туудуруп келген жазуу эрежелеринин тагдыры кечээ Жогорку Кеңеште чечилгенсиди.
Ардагер тилчи мугалимдер Салима Жороева, Нуркалый Абдесов сыяктуу адамдар бир нече жылдан бери буга байланышкан маселени козгоп, Жогорку Кеңешке чейинки бардык деңгээлдеги мамлекеттик мекемелерге кайрылып келишкени коомчулукка белгилүү. Балдар кайсы сөздөрдү кандай жазса эмне үчүн туура же ката болорун билбей кыйналып, алардын жазуу иштерине баа коюуда мугалимдердин башы катып жүрүштү эле. Улуттук тил комиссиясынын жооптуу катчысы А.Ибраимовдон сураганыбызда, негизги жаңылык жер-суу аттарын 1953-жылы кабыл алынган эрежелер боюнча жазууга кайткандыгыбыз болуптур.
"Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомуна анын төрагасы кол койгондон кийин Өкмөттүн аткаруусуна жиберилет", - деди ал. Эми жеке өзүнүкүн гана туура көргөн ашкере дымактуу тилчилердин түгөнбөгөн талашы ушуну менен токтоор бекен?..
Жеңишин сүйүнчүлөгөн С.Жороева бул ирет депутат, ЖКнын билим, илим жана маданият комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов зор эрдик жасагандыгын, маселенин чечилиши үчүн туруктуулук менен күрөшкөнүн баса белгиледи.

Ж. Турдубаев.




Жаңы окуу жылына карата даярдыктар башталды
Жалпы билим берүүчү мекемелердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен таанышуу, окуу пландарын жергиликтүү уюмдардын жетекчилерине жеткирүү, КР Өкмөтүнүн билим берүү тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча жаңы токтомун ишке ашыруу максатында билим берүү жана илим министри И.Болжурованын буйругу менен министрликтин өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетинде болушту.
Аталган окуу жайда өткөн жыйында министрдин кеңешчиси Эдил Молдоев баш болгон министрликтин өкүлдөрү, Ош облусундагы жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын ректорлору, шаардык райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектептердин директорлору катышты. Министрдин кеңешчиси Эдил Молдоев негизги доклад менен чыгып сүйлөп, жүргүзүлүп жаткан уюштуруу иштери, проблемалар жана келечектеги пландар тууралуу кеңири баяндап, суроолорго жооп берди.
ОшМУнун басма сөз кызматынын билдирген маалыматына караганда окуу жайдын ректору Мухтар Орозбеков өз сөзүндө Президент Курманбек Бакиевдин мектеп окуучуларына шашке тамак берүү жөнүндөгү демилгеси бардык жерде колдоого алынып, бул ишти улантуу үчүн бардык аракеттерди жасоо зарылдыгын белгилеп, жаңы окуу жылына карата өзү жетектеген ЖОЖдо жүргүзүлүп жаткан уюштуруу иштери жөнүндө кеңири айтып берди.
Кеңешменин катышуучулары залга коюлган эркин микрофондор аркылуу мектептердин материалдык-техникалык базасы, окуу китептеринин жетишсиздиги, мугалимдердин маянасы жана башка көйгөйлүү маселелер боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Чолпон Кийизбаева,
"Кутбилим".




Горные государства помогут друг другу
ОТЗЫВ
на цикл исследований "Обоснование обмена внешнего долга горных государств на устойчивое развитие: Экономика, геополитика, экология" ("Горная инициатива") представленный на соискание Государственной премии Кыргызской Республики в области науки и техники
Выдвинутый на соискание Государственной премии в области науки и техники вышеназванный цикл научных работ - крупное достижение коллектива ученых и практиков из Национального центра развития горных районов Кыргызской Республики, Международного университета Кыргызстана и Министерства финансов страны. Для нашей горной Республики, осуществляющей новую экономическую политику, научные разработки авторов представленного цикла, безусловно, имеют важное социально-экономическое значение.

Теоретическая и практическая направленность цикла исследований очевидна, поскольку представленные материалы, посвящены анализу состояния экономики, экологии и человеческого развития в бедных горных странах и, особенно, в Кыргызстане, решению задач по преодолению сложившейся ситуации, включая проблемы управления внешней задолженностью, стратегии действий на пути устойчивого развития.
Авторы цикла исследования "Обоснование обмена внешнего долга горных государств на устойчивое развитие: экономика, геополитика, экология" ("Горная инициатива") проделали огромную работу, дав научный анализ географических, климатических, экономических и социально-политических особенностей бедных горных государств, что позволило выявить причины, препятствующие их устойчивому развитию. Угрожающие масштабы бедности и нищеты горных сообществ, вызванные десятилетиями целенаправленной эксплуатации горных ресурсов в интересах равнинных государств, перманентная борьба горцев с суровыми климатическими условиями, с уязвимостью горных экосистем, информационная изолированность, отдаленность и труднодоступность вот далеко неполный перечень рисков жизнедеятельности человека в горах, который анализируется авторами в данной работе.
Особое внимание, детальное и взвешенное, уделяется вопросам структуры и обмена внешнего долга бедных горных государств, демонстрируются их долевые индикаторы и прогностические оценки роста внешнего долга, рассматриваются механизмы, которые могут быть использованы заинтересованными донорами для обмена долга на устойчивое развитие.
Более того, авторы цикла, не без оснований, считают, что мировое сообщество не может быть в стороне от конструктивного решения проблем развития горных бедных государств, поскольку они со своим значительным внешним долгом поставлены под угрозу самого существования. Мировое сообщество просто обязано направить свои материальные, интеллектуальные и финансовые ресурсы на обеспечение благоприятного развития горных стран, сохранения их природной среды, самобытной культуры и традиций.
Не менее важными являются разделы, посвященные механизмам обмена внешнего долга, которые включают такие конверсионные схемы как обмен долговых обязательств на экологию и природоохранную деятельность, варианты обмена на образование, здравоохранение и на осуществление экономических программ. Следует отметить, что материалы данного цикла исследования стали основой для списания внешнего долга Кыргызской Республики (17,3 млн. долларов США и 771,4 тыс. евро) и проведения конверсионных операций в обмен на устойчивое развитие.
Авторами цикла представлены серьезные основания и для реализации специальной программы - "Горная инициатива", которая включает в себя широкомасштабные практические действия по продвижению инициативы обмена внешнего долга бедных горных государств на устойчивое развитие.
Таким образом, на основании вышеизложенного, считаю, что представленный труд вносит большой вклад в решение проблем социально-технического развития страны, а авторы заслуживают присвоения Государственной премии Кыргызской Республики в области науки и техники.

О.Т.Касымов, директор НПО "Профилактическая медицина" МЗ КР, Лауреат Государственной премии в области науки и техники КР, член Всемирной Ассоциации глобального здоровья, д.м.н., профессор.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan