![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 27.06.08-ж. |
Абитуриенттин эсине! ТЕСТТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА ОКУУГА ТАПШЫРУУНУН ЖОЛДОРУ Быйылкы жогорку окуу жайларга кабыл алууда бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө бир өзгөчөлүк бар. Анда педагогикалык адистиктерге тапшырып жаткан абитуриенттер менен окууну аяктагандан кийин сөзсүз түрдө адистиги боюнча мамлекетке иштеп берүү тууралуу алдын ала келишимге кол коюлат. Себеби буга чейин мамлекеттик гранттын эсебинен педагогикалык адистиктерде окуган студенттер кайра мектепке барбай жатышат. Топтогон упайыңды жарышка сал Тестирлөөнүн жыйынтыгын алган ар бир абитуриенттин колунда канча упай топтогон суммасы көрсөтүлгөн сертификаты боюнча үч талону болот. Абитуриенттин ал үч талонду эки турда колдонгонго мүмкүнчүлүгү бар. Биринчи турда эки талонду абитуриент тандап алган каалаган окуу жайынын, каалаган адистигине кыркып таштай алат. Аны менен бир эле учурда эки багыттагы конкурска катышууга укуктуу болот. Эгерде жогорку окуу жайда орун калып калса, анын негизинде экинчи тур жарыяланып, экинчи турга катыша алат да, талондун үчүнчүсүн таштоого мүмкүнчүлүк алат. Бирок эскертип кетүү керек, биринчи турдун талону экинчи турга жарабайт, экинчи турдун талону биринчи турга жарабайт. Ошондуктан абитуриент ушул жагына так болушу керек. Кээ бир адистиктер боюнча кабыл алуу биринчи тур менен эле бүтүп калат. Себеби каалоочулар көп болушу мүмкүн, ошол эле учурда бир топ адистиктер боюнча экинчи тур да болот. Кээ бир адистиктер боюнча эгер кабыл алуу планы толбой калса, министрликтин макулдугу менен үчүнчү тур уюштурулат. Талондорду чогултууга, анын жыйынтыгын чыгарууга жалпысынан бир жума убакыт чектелет. Ал убакыттын эки жарым күнү талондорду чогултууга, бир күнү аларды иштеп чыгууга жана жыйынтыгын чыгарууга кетет. Эгерде кимде ким талон таштаган адистигине өтүп кетсе ал эки күндүн ичинде кечикпей, ошол окуу жайга окуйм деген өзүнүн каалоосун тастыкташы керек. Кечигип калса ордун алдырып жибериши мүмкүн. Себеби алардын ордуна азыраак упай топтогондор келишет. Мыктыларга жол ачык Эгерде сиз эң көп упай топтоп, Алтын сертификаттын ээси болсоңуз, анда өзүңүз каалаган мамлекеттик жогорку окуу жайдын каалаган адистигине сынаксыз тапшыра аласыз. Мындай абитуриенттерди кабыл алуу биринчи турга чейин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен жүргүзүлөт. Ал эми тиешелүү упай топтогон абитуриенттер конкурска катышуусу керек. Ал үчүн ар бир окуу жайда гранттык комиссия түзүлгөн. Кошумча предметтик тестти талап кылган адистиктердин конкурсуна (химия, биология, чет тили) негизги жана предметтик тесттен талап кылынган упайды топтой алгандар гана катышууга укуктуу. Чыгармачыл балдарга талап башкача Кыргыз улуттук концерваторияга, Улуттук көркөм сүрөт академиясына, Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин айрым адистиктерине (живопись, дизайн, декоративдик-прикладдык искусство), дене тарбия жана спорт адистиктерине тапшыруучулар үчүн тесттин жыйынтыгы зарыл эмес. Бул окуу жайларда өз алдынча ички сынактар жүргүзүлөт. Ал эми Ички иштер министрлигинин Академиясына жана Бишкек жогорку аскер окуу жайына жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтогон жана аталган окуу жайлардын ички сынагынан өткөндөр гана кабыл алынат. Конкурс беш категорияда өтөт Окуу жайга кабыл алуу эки турда жүргүзүлөт. Бул абитуриентке бир эле учурда эки окуу жайдан эки башка адистикке тапшыруусуна өбөлгө түзөт. Бардык турда тең кабыл алуу бирдей жүргүзүлөт. Окууга кабыл алууда абитуриенттердин социалдык абалын эске алуу менен беш категорияда кабыл алынат: - Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү; - облустук борборлор, чакан шаарлардын бүтүрүүчүлөрү; - айылдык бүтүрүүчүлөр; - жеңилдиги барлар (майыптар, аскердик кызматын өтөп келгендер, тоголок жетимдер ж.б.) - тоолуу региондордон келген балдар. Ар бир категориянын алкагында өз алдынча конкурс болот. Эгерде сиз жеңилдикке ээ болсоңуз, каттоодон өтүп жатканда сөзсүз түрдө жеңилдигиңизди тастыктаган документтериңизди көрсөтүшүңүз зарыл. Биринчи тур качан башталат? Кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 10-июлунан башталып 23-июлга чейин болот. Биринчи тур 10-июлдан 14-июлга чейин жүргүзүлөт. Талондорду кыркуу 12-июлда 14.00дө токтотулат. Талонду кыркууда биринчи каттоодон өтүшүңүз керек. Анда кабыл алуу комиссиясы алгач каттоо журналына сиздин идентификациялык номериңизди, топтогон упайыңызды, билим алууну каалаган факультетиңизди, адистигиңизди жазып алышат. 14-июлда эртең мененки 10.00дө окууга өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет. Эгерде Сиз ал тизмеден өзүңүздүн фамилияңызды тапсаңыз, анда эки күндүн ичинде, тактап айтканда 16-июлга чейин өткөн адистигиңизде окуй тургандыгыңызды тастыктап, тиешелүү документтериңизди тапшырууңуз керек. Зарыл документтер: - Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк; - Аттестаттын оригиналы жана жалпы республикалык тесттин сертификаты; - №086-У медициналык справка; - 3х4 формасындагы 6 сүрөт. Экинчи тур 17-июлда экинчи тур башталып, 23-июлда бүтөт. Анын тартиби, узактык мөөнөтү биринчи турдай эле болот. Талон кыркуу 19-июлда токтотулат. Ал эми үчүнчү тур эки турдун жыйынтыгына жараша, атайын макулдашуу менен жүрөт. Ар бир окуу жайда талондор алынып жаткан күндөрү жумушчу убакыт бүткөндөн кийин гранттык комиссия жыйынтыгын чыгарып, эртеси саат 10дон калбай ар бир адистик боюнча канча бала тапшырганын, анын фамилиясын, баллын, идентификациялык номерин көрсөтүп илип турат. Мына ушул маалыматты көрүп, ар бир абитуриент өзү эле канча орун бар экенин, кандай конкурс жүрүп жатканын билип, алдын ала окууга өтүү үчүн канчалык мүмкүнчүлүгү бар экенин билип алса болот. Бюджетке өтпөй калсаңыз капа болбоңуз Бюджеттик орундарга илинбей калган абитуриенттер үчүн контракттык орундар да бар. Ага өтүү бир аз башкачараак жол менен жүргүзүлөт. Эгерде конкурстан бюджетке өтпөй калса, жалпы республикалык тесттин негизинде контрактка өтсө да болот. Эгерде кандайдыр бир себептер менен тестке катышпай калган балдар болсо алар жогорку окуу жайлардын өздөрүндө уюштурулган кирүү экзамендерине катыша алышат. Абитуриенттин эсине! Сиз окууга тапшырып жатканда контракттык же бюджеттик орундарга тапшырып жаткандыгыңызды айырмалап, тактап алыңыз. Себеби контракт боюнча окууга өткөн кээ бир балдар контракт экенин билбей калыптырмын деп арызданган учурлар да кездешип келет. Контракттык негизде даярдай турган бөлүмдөр да абитуриент, студент менен түзүлө турган келишимдин көчүрмөсүн көрсөтүшү талапка ылайык. Алар биринчи кезекте кайсы адистиктер боюнча, контрактка канча акча төлөйт, кандай шартта окуйт, студенттин укугу, милдети ж.б. маселелерге алдын ала так болушу керек. Сиз тапшырып жатканда тартип бузуулар болсо, министрликке же тестирлөөнүн жоопкерлерине кайрылууга укуктуусуз. Даярдаган Чолпон Кийизбаева, "Кутбилим".
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|