![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 27.06.08-ж. |
Камкордук Эмеректер жеткирилип, имараттар оңдолууда Өткөн жума күнү Москва районунун Садовое айылындагы "Солнышко" бала бакчасына жумшак эмеректер менен шкафтар жеткирилди. Билим берүү жана илим министрлигинин стратегиялык жана талдоо иштери бөлүмүнүн башкы адиси Александра Исаева, "Билим берүү жалпыга" долбоорунун кызматкерлери Клара Ниязалиева, Ольга Брызгалова, бул райондун акиминин орун басары Елена Бирюльцева, билим берүү башкармалыгынын башчысы Жайыл Иманалиевдин катышуусунда өткөн бул иш-чарадан кийин ушул райондун Петровка айылында жайгашкан Черняховский атындагы жана Кепер-Арык айлында жайгашкан Буденный атындагы орто мектептердин имараттары кандай оңдолуп жатканын барып көрдүк. Баткен, Нарын жана Чүй облустарынын 99 бала бакчасына балдар жатып уктоочу эмеректер жеткирилүүдө. Буларды сатып алуу үчүн "Билим берүү жалпыга" программасын тездетип жүзөгө ашырууга Каталитикалык фонд ажыраткан грант жумшалууда. Грантты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Айылдык билим берүү" долбоору иштетип жатат. Уктоочу эмерек эң оболу алыскы Баткенге жеткирилди. Жалпы баасы 5 миллион сомду түзгөн баалуу белек бул облустун 28 бакчасына таратылды. Ал эми жалпы баасы 3,5 миллион сомдук керебет жана шкафтар Нарындын 24 бакчасына жеткирилген. Чүйдөгү 47 бала бакчага жалпы баасы 11,5 миллион сомдук жумшак эмерек таратылып берилди. Жаңы окуу жылына карата бул үч облустун бала бакчаларына окуу эмереги (парталар, китеп шкафтар, класстык такталар), тарбиячылардын стол, стулдары берилет. Ошондой эле башталгыч мектептерге (башталгыч класстарга) окуу жана ашкана эмереги жеткирилет. Айтмакчы, Каталитикалык фонддун грантынын алкагында апрель айында Баткендеги, Нарындагы жана Чүйдөгү бала бакчалар менен башталгыч мектептерге жалпы баасы 217 миң АКШ долларын түзгөн карапа жана болот идиш-аяк, башка зарыл буюмдар сатып берилген эле. Дагы 98,5 миң доллар өлчөмүндө спорттук буюмдар, жалпы баасы 43,8 миң доллар болгон муздаткыч, 74,3 миң долларлык балдарды жетилтүүчү комплекттер менен оюнчуктар сатып алынган. Ал эми өткөн жылдын ноябрында 65 миң долларлык шейшеп таратылган. Бул гранттын алкагында аталган үч облустун 49 мектебинин имараттары оңдолуп, калыбына келтирилүүдө. Мунун ичинен 17си Нарында, 11и Чүйдө жана 21и Баткенде. Оңдолушу зарыл деп буларды Билим берүү жана илим министрлиги айыл өкмөт башчыларынын, райондук билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрүнүн жана мектеп деректирлеринин түздөн-түз катышуусунда тандаган. Биринчи кезекте кайсы түрдөгү оңдоо иштери жүргүзүлүшү зарыл экендиги инспекторлук кароо учурунда аныкталган. Алсак, көпчүлүк мектептердин чатырларын жаңыртуу же бүтөө, эшик-терезелерин жакшылап орнотуу, полдорун жаңыртуу, электр өткөргүчтөрүн, суу түтүктөрүн, канализациясын, желдеткичтерин, жылытуу системасын, дааратканаларын оңдоо же жаңыдан куруу керек. Үч облустун мектептерин оңдоп, калыбына келтирүүгө 133,5 миллион сом бөлүнгөн. "Солнышко" бала бакчасына эмеректерди тапшыруу аземинде Александра Исаева мындай деди: - Азыр мектепке чейинки билим берүүгө өзгөчө көңүл бурула баштады. Конституциябыздын 32-беренесинде мектепке чейинки жана мектептеги билимди алууга атайын шарт түзүү керек деген жаңы жобо киргизилген. "Өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясына" бул боюнча өзүнчө блок киргизилгени бекеринен эмес. Президент Курманбек Бакиев өзү да буга зор маани берип жатат. Мисалы, жыл башындагы Кыргызстандын жана парламентке кайрылуусунда билим берүү тармагынан бул баскычтары артыкчылыктуу багыттардан экендигин баса белгилеген. Ырас, өткөөл мезгилдин оор жылдарында бала бакчалар төрт эсеге азайып кеткен эле. 2003-жылы балдарыбыздын 6,2 пайызы гана бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Мына эми Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп мамлекеттик стандарт иштеп чыктык, аны өкмөт бекиткен. Кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрдү, мына бул нускасын сиздерге тапшырып коейун. - Рахмат! - Мындан тышкары мектепке чейинки билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорун да иштеп чыктык. Мында бул баскычтагы билим берүүнүн вариативдик формаларын өнүктүрүү да каралган. Эларалык уюмдардын колдоосу менен азыр түштүктө 200дөн ашуун ар түрдүү бала бакчалар өнүктүрүлүүдө. Чүйдө балдар бакчаларга абдан начар тартылган - азыр 7 %га жакын. Ошондуктан бул облусту долбоорго киргизгенбиз. Балким, гранттын экинчи траншында мектепке чейинки мекемелердин вариативдик формаларын (мисалы, мектептерге караштуу кыска мөөнөттө окууга даярдоочу бакчаларды) биерде да өнүктүрүүгө жетишербиз. Валентина Александровна, эне: - Ушундай сонун буюмдарды биздин балдарыбыз тарбияланып жаткан бакчага бергениңиздер үчүн чоң рахмат! Бөбөктөрдүн акыл-эс, көркөм табит жана дене бой жагынан жетилүүсүнө, мектепке даярдануусуна жакшы шарт түзүлүүдө. Ольга Брызгалова, "Билим берүү жалпыга" долбоорунун адиси: - Мына бул китептерди, усулдук колдонмолорду бакчалар үчүн даярдап чыгардык. Июль-август айларында ата-энелер үчүн айыл өкмөттөрүнүн базасында семинарлар өткөрүлөт. Мындан ары да кызматташып иш жүргүзөлү. "Солнышко" бала бакчасынын башчысы Людмила Полтавцева: - Биз Кыргызстандын келечеги деп көп айтабыз, кооз сөздөрдү сүйлөйбүз. Бирок дал мына ушул тарбиячылар бул келечекке кам көрүп, күн сайын бул түйшүктү аркалап келет. Балдарыбыз дени сак, акыл-эстүү, ыймандуу болуп өсүшү керек. Материалдык жактан зор жардам көрсөтүп жаткан Каталитикалык фондго чоң алкыш айтабыз. Ушундай колдоого жетишкенде күнүмдүк кыйынчылыктар да унутулат, көңүлүбүз көтөрүлүп, мурдагыдан да жакшы иштегибиз келет. Мамлекет бизге кам көрүп жатат, буга абдан ыраазыбыз. Бизге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы да жакшы көңүл бурат. Энгельс атындагы дыйкан чарба (жетекчиси - Борис Григорьевич Бажан) колунан келген жардамын аябайт. Бакчабыздын сакталып калуусунда, жакшы иштеп жатышында биздин тарбиячыларыбыздын эмгеги зор. Бакчадан чыгып, Петровкадагы жана Кепер-Арыктагы эки мектептеги оңдоо иштерин барып көрдүк. Бул мектептердин имараттарынын шыбактары толугу менен жаңыдан шыбалып, эшик-терезелери, полдору жаңыртылып жатыптыр. Роза Раимбекова, Черняховский атындагы орто мектебинин деректири: - Биздин мектеп 1952-жылы курулган. Биринчи жолу капиталдык оңдоо жүргүзүлүп жатат. 16 классттык бөлмөсү бар, 300 орунга эсептелген. Азыр 691 окуучу окуйт, андыктан мугалимдер бөлмөсү жана музей да окуу класстары катары пайдаланылат. Спорт залдагы пол чирип, шыбы түшө баштаган эле. Мына быйыл Каталитикалык фонддун грантын алууга жетишкенибиз жакшы болду. Буга чейин бул фонддун каражатынан биздин башталгыч класстарыбыздын балдары үчүн жетилтүүчү оюн комплектилери, ашканага идиш-аяк сатып беришти. Бекболот Борбушев, Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы: - Өзүңөр көрүп тургандай, дубалдардын эски шыбагын бүт бойдон түшүрүп, тазалап, жаңыдан шыбап, полдорун, терезелерин алмаштырып жатабыз. Контрамарка мештерин өз күчүбүз менен (айыл өкмөтү 286 миң сом бөлгөн) жаңыртып, кайрадан орнотуп жатабыз. Азыркы электр кубатынын тартыштыгын эске алып, альтернативдүү жылытуу каражаты катары контрамарка мештерин да иштетели дедик. Айгүл ЭШТАЕВА, "Айылдык билим берүү" долбоорунун коомчулук менен байланыш түзүүчү кызматкери; Жолдош ТУРДУБАЕВ, "Кутбилим".
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|