![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 27.06.08-ж. |
Мектебим - учкан уям АЛМАЛУУЛУК АГАРТУУЧУЛАРДЫН АЛГЫЛЫКТУУ АРАКЕТТЕРИ Мектеп таржымалынан Алмалуу айылындагы мектептин түптөлүшү 1924-1933-жылдарга туш келет. Аны уюштуруучуларынын бири, айылдын алгачкы агартуучусу Жалилов Жумабай деген аксакал болгон дешет. Алгач төрт жылдык башталгыч, андан соң толук эмес 8 класстык базасы бар эски мектептин ордуна эки кабаттуу жаңы мектепте 1991-жылдан баштап окуучулардын кубанычтуу үндөрү жаңыра баштаган. Анын директору Тентике Өмүралиев 362 орундуу эки кабат мектептин имаратын совет доорунда акыркылардан болуп курдурууга жетишип калганын айтышат. Ошондуктан болсо керек, Тентике агайдын көзү тирүү кезинде эле, 1996-жылы бул мектепке анын ысымын ыйгарып алышкан. Агайдын өлбөс-өчпөс баалуу эмгектеринин дагы бири - 4-класстын окуучулары үчүн эне тили китебин З.Бектенов менен авторлош жазган эмгеги. Бул китеп кийинчерээк жаңыланып басылып чыкканга чейин, аны окуган бир нече муун эне тилин тааныды. Кыргыз эл агартуусунун отличниги, союздун бир катар баалуу сыйлыктарынын ээси, КРнын эмгек сиңирген мугалими Т.Өмүралиев өзү ушул Алмалуу айылынын кулуну. Мугалимдик иш сапарын 1941-жылы Ош облусунун Кадамжай районундагы Бирлик орто мектебинен баштаган. Т.Өмүралиев 1978-жылы мектеп директорлугуна шайлангандан өмүрүнүн аягына чейин мектеп турмушунда кошо кайнап, анын жашоосу менен эриш-аркак жашап өттү десек болот. Аралыгын 2-3 км. бөлгөн Борду, Алмалуу, Кызыл-Суу айылдарынын балдары улам кийинки айылга барып окушуп "классташ" деген ат менен түбөлүктүү байланышта калышты. Автобуска караганда көбүрөөк жөө каттап окуп жатышкан балдардын жол азабын жакшы түшүнгөн Тентике агай үчүн он жылдык мектеп курууга жетишүү оңойго турган эмес. Бюрократиялык узун тизмедеги эшиктердин улам бирин кагып жүрүп, акыры оңдой берди болуп мектеп курулуп, буга балдар эле эмес, балдарынын азабын кошо тартып келишкен ата-энелер да кубанычка бөлөнүшкөн эле. Жаңы мектептин курулушуна салым кошкон адамдардын бири Кемин районундагы белгилүү агартуучулардын катарындагы Кеңеш Султановго айылдагылар зор алкоо сөздөрүн арнашат. Ал кишинин түздөн-түз жардамы болбосо, балдар азыр да үч айылды кыдырып окуп жүрүшмөк беле, ким билет. Мектепти түптөгөн агартуучу ардагерлеринин көч башында тургандардын дагы бири - Садыралиев Абакир агай. Ал киши Алмалуу сегиз жылдык мектебинде 20 жыл мектеп директору болуп иштеген. Андан кийин Өмүралиев Тентике агай 10 жыл мектеп директору болгон. Азыркы директор Керималиев Кубат агайдын мектептин директорлук кызматында иштегендигине да он жылдан ашты. Убагында 350дөн ашык баланы батырган беш классы бар эски имараттын ордуна учурда эки кабаттуу заңгыраган мектепте 144 бала окуйт. Турмуштун мыйзам ченемдүү көрүнүшү болсо керек, 90-жылдардагы өлкөдөгү кризис бала төрөлүү процессине да залакасын тийгизгендей. Азыр Алмалуу мектебинин 7-классында гана эң көп делген 20 бала бар, калган класстарда 10-15тен гана бала окуйт. Ал эми 6-класста болгону 7 бала бар. Класстагы алты баланын арасында жалгыз кыздын окушу мектептегилер эле үчүн эмес, башкалар үчүн да өзгөчө көрүнүш экендиги талашсыз. Замандын оңолуп келатышынын кабарыбы, айтор кийинки учурда балдардын саны өсүп келатат. "Быйыл мектептин босогосун аттаганы турган баланын саны -14", - дейт башталгыч класстын мугалими Алтын Табалдиева. Мектеп жашына туура келген балдарды акыркы үч жылдан бери мектепке даярдоонун бир айлык курсунан өткөрүшөт. Быйыл да мектепке жаңы кире турган 14 бала 100 сааттык программанын алкагында даярдыктан өтүп жатат. Ал өзү иштеген 23 жыл аралыгында нечендеген балдардын эсинде биринчи мугалим катары сакталып калган Алтын Кубатовнанын айтымында, көбү калем сап кармаганды билбеген бөбөктөрдү кичине болсо да даярдыктан өткөргөн аябай пайдалуу болууда. Жаңы окуу жылында балдарды жагымдуу жаңылык күтөт Быйыл 10-класста окуусун улантууну каалаган балдарды жаңы окуу жылында жагымдуу жаңылык күтүүдө. Мектеп директору Кубат Керималиевдин демилгеси жана чоң аракети менен "Арис" программасына долбоор жазышып,11 даана комплект компьютер алышты. Мында ата-энелердин да салымы болду. Алар 283 миң сомдун 4 пайызын, тагыраак айтканда 11 миң 800 сомун чогултуп беришти. Эми алмалуулук окуучулар компьютерде иштөөгө үйрөнүшүп, башка мектептин окуучулары менен теңтайлаша алышат. Быйыл мектеп босогосун аттай турган 1-класстын окуучулары үчүн да кубана турган жагдай бар. Ошол эле Аристин жардамы менен бир маал шашке тамак иче турган башталгыч класстын 60 окуучусу үчүн өздөрүнө ыңгайлуу отургучтар, столдор алынып келинмекчи. Мындан тышкары мектептин ашканасы кол жуугуч, идиш аяктарды кургаткыч, муздаткыч сыяктуу керектүү жабдыктар менен камсыздалат. Бул да жаңы окуу жылына карата чечиле турган маселелерден. - Мектеп курулгандан 18 жылдан бери жеңил-желпи ремонт иштери гана жүргүзүлүп, имараттын чатыры, спорт залы капиталдык ремонтко муктаж эле. Былтыр мектептин чатырын жаптык. Ушул жылы "Айыл мектептерин өнүктүрүү" долбоору аркылуу каражат бөлүштүрүп, спорт залдын полун жаңырталы деп жатабыз. Кийинки кезекте жылытуу системасы турат. Долбоор адегенде электрдик жылытуу системасына ылайыкталып жазылган эле. Учурдагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учуроо менен берилип жаткандыгынан улам, кайра эми көмүр менен жылытууга ылайыктап долбоор чийдирип жатабыз. Бул анча-мынча убакытты алат, - дейт мектеп директору. Анын алдыда аткаруу кезегин күтүп турган максаттарынын бири - мектеп короосунда балдарга турмуш-тиричилик жагынан пайдасы тийүүчү кийим тигүү, чач-тарач, өтүк оңдоо сыяктуу өндүрүш жагын окуу менен айкалыштыра алып баруу тилеги. Мунун баары мурда бар болгондуктан, азыр жөн гана жандандырып же болбос, калыбына кайра келтирүү керек деп эсептейт. Мугалимдер династиясын татыктуу улантуучулар Уюткулуу билим ордосунда азыр 15 мугалим эмгектенет. Анын ичинен төрт мугалим - жогорку категориялуу, дагы төртөө - биринчи категориядагы мугалим. Мурда 24 мугалим бар болчу. Мугалимдик кесиптин оор түйшүгүнө шайкеш келбеген жарыбаган эмгек акысынан улам кийинки жаштар арасынан мугалимдик кесипти каалагандар аз болуп жаткандыгы чын. Азыр мектепте анын ысык-суугун көтөрүүгө бел байлашкан чыныгы патриоттор гана иштешет. Ал катарды ата-энесинин жолун жолдоп, ардактуу агартуучулук кесипти династия катары улантып келаткан мугалимдер толукташат. Алардын башында жубайлар Керималиев Кубат агай жана Ташиева Венера эжейлер турушат. Эжей-агайдин кызы Айсулуу да ата-энесинин жолун жолдоп, мугалимдик кесипти тандап алган. Азыр Токмок шаарындагы №5 орто мектебинде "Жаш мугалимдин депозити" программасынын алкагында иштейт. Кубат агай менен Венера эжей кесиби боюнча химик-биологдор. Экөө 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган соң алгачкы эмгек жолун ал кезде Ош облусуна караган Аксы районунун Боспек айылындагы мектепке мугалим болуп иштөөдөн башташкан. Экөө ээрчишип кайра келишип, туулуп-өскөн айлындагы мектептин босогосун атташкандан бери 29 жыл өтүптүр. Тууруна кайтып келген Кубат агайдын мектепте байыр алып калуусунун да себеби бар эле. Анын апасы, балдарга билим берүүгө өмүрүнүн 40 жылын арнаган эл агартуунун отличниги, маркум Деркембаева Сагын эжей уул-келинин өзү иштеген мектепке келип иштешин каалаган. Сагын эжей сыяктуу уул-кыздарын мугалимдик кесипти ардактап сүйүүгө үйрөткөн мугалимдердин катарында Кулбаева Бурулкан эжей, Оморов Шакир агай, Эсеналиева Гүлбайра эжей ж.б. бар. Тентике Өмүралиевдин кызы Өмүралиева Гүлбар, Оморов Шакир агайдын келини Суракманова Жибектер да ата-энелеринин жолун улашып, мугалимдик кесипти туу тутуп келишет. Ал эми Эсеналиева Гүлбайра эжей өзүнүн келини Айзаданы өзү менен бирге алып жүрүп окутуп, үйрөтүп, ардактуу эс алууга кетээр алдында ордуна кыргыз тилчи мугалимдикке даярдап кеткен. Айзада Кебекчиева азыр катардагы мугалим гана эмес, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы. Аны келечек муундарга билим-тарбия берүүгө аттанган мугалимдердин жаңы муунунун көч башы десек да болот. Кайсы жерде болбосун, таалим-тарбия, билим берген мектептеги мугалимдин ары ардактуу, ары түйшүктүү жүгүн артынышкандардын арбыны аялзаты эмеспи. Кошумча саат алып, коңшу мектептерден келип-кетип иштеген эки-үч агай мугалимдерди кошпогондо Кубат Керималиевдин мугалимдер жамаатын дээрлик аялзаты түзөт. Убагында өздөрү окуткан окуучуларынын балдарын окутуп жатышкан алмалуулук ардактуу агартуучулардын катарында Асанбекова Айсалкын, Бектурова Бурул, Мамырбаева Гүльфия сыяктуу мугалимдер да бар. Алардын бири, 35 жылдан бери үч км. аралыктагы коңшу айылдан келип-кетип иштеп жүргөн билим берүүнүн отличниги Асанбекова Айсалкын эжейдин эмгегин өзүнчө белгилеп кетүү парз. Балдарды немис тилине үйрөтүү менен мугалимдик кесиптин туу белине келип калган Айсалкын эжейдин эмгегинин акыбети ал окуткан балдардын жетишкендиктери аркылуу даана көрүнөт. Эжейдин жардамы менен чет тилин багындырган окуучулары эжейди эле эмес, мектепти да сыймык, даңкка бөлөп, олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарды ээлеп жүрүшөт. 10-класстын окуучусу Нургазы кызы Айым немис тили боюнча райондук олимпиададан экинчи орунду ээлеп, облустук олимпиадага катышып, ал жерден да байгелүү орунга жетишти. Окуткан балдарынын жетишкен ийгиликтери мугалим үчүн кагаз бетине сыйбаган, акча менен сатып алууга болбогон кадыр-барк, баалуу сыйлык экени талашсыз. Мектептин жетишпеген материалдык жактарын жетекчиликтин иш билги аракеттери аркылуу чечип алууга мүмкүн болсо, жетишпеген кадрларды табуу алардын азырынча колдорунан келчүдөй эмес. Буга чындап келсе бир катар мамлекеттик программаларды ишке ашырып жаткан Өкмөт да алсыздык кылууда. Мугалимдин тартыштыгы бул мектепте да орун алып, балдар окуу программасында белгиленген сабактарды толук өздөштүрбөй жаткандыгы өкүндүрбөй койбойт. Мектеп директору тамашалагандай, балким мугалим кыздарга үйлөнгөн балдар айылда көбүрөөк болсо, бул маселе аз-аздап болсо да чечилмек беле... Айнагүл Кашыбаева, "Кутбилим"
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|