![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №22, 27.06.08-ж. |
Эр эмгегин жер жебейт Келечекте бар болууга тийишпиз!" Чыныгы ачылыш болду Академик Аскар Какеев , КРСУнун Илимдин философиясы кафедрасынын профессору: - Бүгүн ушул залда Сулайман Кайыповдун чыгармачылыгына арналган форумдун ишине катышып жатканыма өзгөчө кубанып, ал гана түгүл сыймыктанып да турам. Неге десеңиз, мунун беш себеби бар. Алар төмөнкүлөр: биринчиден, илгери мен министр кезде жаңы жогорку окуу жайларын ачуу үчүн, алиги, келишимге расмий кол коюудан мурда биринчи болуп кол тамга койгон, орусча айтканда "парафировать" эткен адам мен болгом жана кийин расмий түрдө келишим бекилгенден кийин да буйрукка кол койгон мен болчумун. Буйруктун негизинде Кыргыз-Түрк "Манас" университети, Кыргыз-Орус (Славян) университети, Борбордук Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Өзбек университети, Чүй университети ачылган. Бул долбоорлордун бардыгы үзүрлүү иштеп жатат. Буга бир эле мисал, кыргыз тили, адабияты үчүн башын сайган Касыкемдин, улуу Касым Тыныстановдун небереси КРСУну бүтүп, андан кийин Америкадан окуп келип, Темпус-Тасис программасын иштетип, бүгүнкү күндө окуусун дагы улантып, батышта практикасын өтүп жатат. Буюрса жакында анын ысымы дүң этет. Мен буга, албетте, кубанам, сыймыктанам. Чынын айтайын, жогорку окуу жайлары жөнүндө жакшы, оң баалар болсо, мени унутуп калышат. Ал эми терс баалар болсо, эч качан унутушпайт. Орустар айткандай, жеңиштин ата-энеси болот, ал эми жеңилгендер ата-энесиз жетим болот турбайбы. Бүгүн Сулайман Кайыповго, Султан Мамбеткалиевге унутпай чакыргандыктары үчүн чын жүрөктөн ырахматымды айтам. Экинчиден , Сулайман Кайыповдун "Жылга бергис жарым күн" аттуу китебинин 97-бетинде Орхон-Енисей жазма эстеликтери, Жусуп Баласагындын "Кутадгу билик" поэмасы жөнүндө: "Кыргыздын жүлүнүнөн сымаптай сызып чыккан керемет нурлар" деп айтылган алтын саптар бар. Ушул жерде бир ой кылт эте түштү. Илгери Ашым Жакыпбековду бир чет элдик мейманга чакырып: "Бул киши Айтматовдун жердеши" деп тааныштырып жатса, Ашыкем айткан экен: "Жок, Айтматов менин жердешим" деп. Ошо сымал Жусуп Баласагын менин жердешим, ал Чүйдөн Буранадан болот, а мен болсом Бурананын үстүндөгү Кегетиден болом. Сыягы Жусуп Баласагын туугандарын жакшы билсе керек го, себеби "Кут Билимде", Төлөгөн Козубековдун кыргызчалашында, мындай саптар бар: "Эр кыпчак, көңүл-тилди жөнөкөй тут" (2477-бейт) "Ичкенди тентек дешээр мундуз атың" (2655-бейт) "А коондун даамы болсо - оозго алгыс, Эй бугу, ыргыт аны жандан алыс" (5111-бейт) (Караңыз: Төлөгөн Таластан. Жусуп Баласагын (Бейне сүртүмдөрү). Бишкек, 2003, 25-бет). Кызык, азыркы Кегети мурда совхоз болгон. Ага Биринчи Кегети, Экинчи Кегети, Карл Маркс, Кыпчак, Чапай айылдары кирген. Кыпчактан профессор Акматбек Жаманбаев чыккан, а мен болсом Карл Маркстын Жаңы-Алышынан, мундуздардан болом. Сыягы, Баласагын "мундуз", "арак" сөздөрүн бекеринен сөздүгүнө киргизбесе керек. Мундузбуз, аракты көп ичебиз. Бул суроолорду тактап берет деп Сулайман Кайыповго кайрылам. Жети атаны билүү салты, жакын туугандардын атын тергөө - табу. Жакын туугандардын кудалашуусуна чек коюунун себеби, кем акыл, мунжу балдар төрөлүп калышы ыктымал болгон. Байыркы адамдардын турмушунда тотемизм да кеңири колдонулган (Караңыз: З. Фрейд. Остроумие и его отношение к бессознанному: страх, тотем и табу. Сборник. М., 1998. С. 323). Үчүнчүдөн , быйыл Улуттук илимдер академиясынын жалпы чогулушунда кыргыз окумуштууларынын, анын ичинде коомдук-гуманитардык илимдин өкүлдөрүнүн жетишкен ийгиликтерин айтып келип, эки аалымдын атын атаган элем. Алар: Түркиядагы кыргыздардын руханий байлыктарынын үлгүлөрүн жыйнап келген Сулайман Кайыпов менен Кытайдагы кыргыздардын маданияты, жашоосу жөнүндөгү телетасмаларды тартып келген Аблабек Асанканов. Убакыт тар болгондуктан айтайын деген ойлорум толук айтылбай, өкүнүп калган элем. С. Кайыповдун "Жылга бергис жарым күн" аттуу китеби жөнүндө айтсак, кеп мындай. Кыпчак уруусунан чыккан Мамазия Эртүрк аттуу карыядан жазып алынган метел (макал, лакап), табышмак, тил сындырмак, кошок, санат ырлардын үлгүлөрү менимче, чыныгы ачылыш болду деп ойлойм. Китептин автору Сулайман Кайыпов: "күтүлбөгөн жерден бир санат ырдын, болгондо да памирлик кыргыздардын элдик ырларынын эң мыкты үлгүлөрүнүн бирин толук, так кагазга түшүрүп алуу бактысына ээ болдум" деп жазат. Текст 189 (жүз сексен тогуз) саптан турат, болгондо да "энеден туума" бойдон, өз калыбында берилген, себеби автордун тилеги - "элдин философиялык ойломун казып изилдеген чыныгы ойчул окумуштууларга бир күнү бир пайдасы тийип калар" деген улуу үмүт болгону көрүнүп турат. Анда эмесе, бул санаттан төрт сап келтирейин, калганын кызыккандар өздөрү окуп алар: Жардын баары дей түз болот а, Түздүн баары дей жар болот а, Бар чачылып эй жок болот а, Жок оожалып эй бар болот а (103-бет). Төртүнчүдөн, менин көңүлүмдү муюткан нерсе автордун көркөм философиялык мурас жөнүндөгү ойлору болду. Чындыгында, Сулайман Кайыпов туура белгилегендей, бир кезде "жападан жалгыз туура пикир катары кабылдатылган көз караштарга түк коошпогон" көчмөн турмуш жана ойчулдук, философиялык ойдун чыгышы, өнүгүшү жөнүндөгү жаңы ойлору ушул сөздөрдү айтуума түрткү болду. Себеби, автор баамдаган мына бул ойдун мааниси чоң. Ал: "Көркөм чыгарма катары окуганда философия булагы экенин, философиялык булак катары колдонгондо поэтикалык мурас экенин көңүлдүн борборунда тутуу эң туурасы болсо керек" (95-бет) дейт. Автордун бул пикирине эч бир күнөм саноого болбойт. Орус окумуштуусу Павел Васильевич Конкин белгилегендей: "Ар бир эл илимий методологиянын негизинде өзүнүн рухий дүйнөсүнүн тарыхын изилдөө менен бүткүл дүйнөлүк чыныгы философияны түзүү үчүн өз салымын кошуусу керек (Караңыз: З. А. Каменский. Методология историко-философского исследования. М., 2002. С. 9)". Бул асыл максатты жүзөгө ашырыш үчүн, албетте, текст керек. Текст - биринчи кезекте, эстутум, экинчиден, эстутумдагы маалыматты кийинки муундарга өткөрүп берүү, үчүнчүдөн, салт түрүндө Сулайман Кайыпов туура белгилегендей ыр - көркөм, жандуу формула, ой-маалымат "кутусу". Ой корутундулар, тажрыйбалар "адегенде сезимдерге, сезимдерден акылга, акылдан эске жетип унутулбай калган" (97-бет). Соңку адабияттарда, биринчи кезекте, орус илимий адабияттарында күнүмдүк-урунма тааным (обыденно-практическое познание), көркөм-образдык тааным жана таанымдын тарыхый биринчи түрү - оюн таанымы жөнүндө кеңири жазыла баштады. Мисалы, мен ордо оюнунун тааным маанисин ачуу үчүн атайын макала да жаздым. Анда Белек Солтоноевдин жазгандары менен "Манастагы" ордо оюнун салыштырдым. Бешинчиден, Сулайман Кайыповдун бул сөздөрү: "Эми ойлоп көрүңүзчү окурманым! Кыргыз болуп туулуп, кыргыз болуп жетилип, кыргыз бойдон жашаган, аркасына кыргыз балдар мурастаар мен күйбөсөм, колумдан келишинче, кубатым жетишинче, бул кыргызга ким күйөт?" (137-бет). Дал ушул саптар байыркы "Сужи" эстелигиндеги сөздөрдү эске салат: "Мен кыргыздын уулумун. Мен - Бойла Кутлуг-Йарганмын... Менин уулдарым! Эл ичинде менин устатымдай болгула! Ханга кызмат өтөгүлө! Эр жүрөк болгула!" Бул саптарды салыштырып көргүлөчү, бир гана улуу ой жатат. Ал ой С. Кайыпов таамай жазгандай, мындайча жаңырат: "Түпкүрдөн чыккан нур, тереңден чыккан добуш, көктөн түшкөн шоола жана булардын баарын тулку боюна сиңирип алган санат, терме ырлар, макал, лакаптар, эпостор ал кыргыздардын кабак-кашы, келбети, кайраты, айбаты башка экенин, мына азыркы биздерден куру дегенде күнчүлүк өйдө экенин апанык айтып туру" (139-бет). Бул ойлорун автордун сөзү менен аяктагым келет: "Өтмүштө биз бар болгонбуз, келечекте бар болууга тийишпиз!" Мамазия ава айткандай: "Эр ватаны - туулуп түшкөн жери, Ит ватаны - жувунду ичкен жери". Анан да: "Жерден айрылган - жетим, Элден айрылган - кор". Теңдик Аскаров, философия илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти: Философиялык көркөм мурас жөнүндө омоктуу ойлор - Азыркы учурда массалык маалымат каражаттарында, коомдук-саясий уюмдарда, илимий-өндүрүштүк мекемелерде, тигил же бул маанилүү маселелерди козгогон жыйындарда, жогорку окуу жайлардын аудиторияларында мамлекеттик тилдин бүгүнкү абалы, эртеңки тагдыры тууралуу кызуу талаштар, пикир алышуулар жүрүп жаткандыгы бардыгыбызга маалым. Мындай талкуулардын өз максатына, предметине ылайык жүргүзүлүшү, уюштурулушу кээ бир маанилүү факторлорго, жагдайларга багыныштуу экени түшүнүктүү. Биз бул жерде биринчи кезекте дискуссияга катышкан, проблема боюнча пикир айткан окумуштуулардын илимпоздук потенциалы, изилдөөчүлүк күжүрмөн позициясы жөнүндөгү ойлорду көңүлдө кармап жатабыз. Мына ушул пикирибизди далилдеш үчүн биз иллюстрациялык мисалга фольклорчу, диалектолог Сулайман Кайыповдун "Жылга бергис жарым күн" аттуу илимий-популярдуу эмгегин тарткыбыз келет. Бул китепти окуганда анын биринчи эле көзгө урунган өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы - актуалдуу лингвистикалык проблемаларды автордун жалпы элдик, улуттук кызыкчылыктын, ал гана эмес эл аралык карым-катнаштын контекстинде талдоого алгандыгында жатат. Сулайман Кайыповдун тилинин, лексикасынын байлыгы, атуулдук, инсандык позициясынын, көз караштарынын бекемдиги, туруктуулугу, социалдык маселелерге болгон көз караштарынын курчтугу, тереңдиги, ошол талкууга салынган фактылардын, турмуш көрүнүштөрүнүн жогорку илимий-теориялык деңгээлде бааланышына, талдоого алынышына ыңгайлуу шарт түзүп берген. Китептин аннотациясында белгиленгендей, улуттук сезим, атуулдук милдет, тууган жер, бөтөн аймакта жашоо сыяктуу замандаштарыбыздын көкүрөгүндө уялаган асыл ниеттер, ыйык түшүнүктөр, мүдөөнү өргө жетелеген көңүл (жүрөк) импульстары так аныкталган жана алар автордун ой жүгүртүү процессине тиешелүү күч, азык кошуп турат. Айталы, Кыргызстандагы демократия түшүнүгү мурдагы бийликтин тушунда "кудайдын атынан да улук болуп" кеткенин, ошентип отуруп, чынында эле "термин болуудан чыккан" абалга жеткенин, "сыйкыр-сандык" сыяктанып көрүнгөн жалган, "азгырма түргө" өткөнүн автор жерине жеткире жана келиштире сүрөттөйт, баян кылат. Илимпоздун бул аракеттеринин текке кетпегенин урматтуу окурманыбыз өзү таанып, өзү окуп-билсе абдан жарашкыдай. Ошондой эле "көркөм философиялуу мурастын" табияты тууралуу ой жүгүрткөндө автор бул татаал руханий кубулуштун "өң-түсүн", "илимий-образдык" өзгөчөлүктөрүн толук кандуу көрүнүшүндө, турумунда жана формасында чагылтат. Бул баягы бизге жакшы белгилүү философиялык жол-жоболордун, принциптердин, түшүнүктөрдүн ишке ашырылган түрү эмеспи. Эмгектин "Жылга бергис жарым күн" аталышына себепкер болгон окуяга көңүл бурсак. Ал окуя Сулайман Кайыповдун Түркияда жүргөндө Ван кыргыздарынан чыккан "куйма кулак", "оозеки сөздүн устасы Мамазия карыя менен жарым күндөй өмүрдү жашабасам... жазбас элем" деген сөзү менен байланышкан. Мамазия аксакалдын элестүү тартылган образы, портрети китептин илимий-композициялык жактан кынапталышына, өзөктүк ойлордун, тыянактардын жасалышына өбөлгөлөрдү түзүп бериши менен өзгөчө кызыгууну туудурат. Эмгектин илимий мазмуну, андагы проблемалардын концептуалдык жактан түптөлүшү жана өнүктүрүлүшү так ошол өзгөчөлүү окуядан келип чыккан. Автор үчүн Мамазия карыя менен жолугушуу иш жүзүндө чыгармачылык шыктануунун булагы, руханий ачылыш жасоонун ачкычы болуп кызмат кылгансыйт. Мамазия менен беттешип, пикирлешкен соң, ал карыянын санат ырларын, сабактарын кабылдабаса, тагдырына тан бербесе, китептеги кабатталган ой түркүмдөрү философиялык тил менен айтканда "вещь в себе" бойдон кала бермек да. Карынын кебин капка салуу менен автор керектүү ой түйүндөрүнүн учугун сууруп (таап) чыккан. Образдуу ой жүгүртүү менен илимий ой жүгүртүүнүн ортосундагы биримдик жана айырмачылык жөнүндөгү далайдан бери келе жаткан талаштардын бир кыры так ушул фактыдан өз чындыгын таап жаткан жокпу? Автордун ой жүгүртүү манерасы ишенимдүү да, салмактуу да, эң негизгиси - окурмандар үчүн жагымдуу, жүрөктө жылуу сезимдерди жаратат. Ал манера курулай экиленүүгө жол бербейт, бөйрөктөн шыйрак чыгарууга ыкластуу айрым жазмакерлер менен оту күйүшпөстүгүн, санаалаш болуу мүмкүн эместигин сөз, текст, подтекст аркылуу туюнтуп берет. Речь, сөз маданияты деген түшүнүк абстрактуу эмес, конкреттүү максаттарды ишке ашыруунун жолу экендигин да так ушул эмгек ырастай алат, далилдей алат. Атайын белгилей кетчү нерсе - эмгекте азыркы филология илиминдеги кээ бир проблемалуу маселелердин бар экендигине акцент жасалгандыгы көңүлгө аларлык факт. Ошондой эле мурдагы бийлик чөйрөлөрүндөгү айрым саясатчылардын банкрот болушуна түрткү берген объективдүү жана субъективдүү факторлор туура анализге салынат. Чынын айтуу керек, көптөн бери улуттук сезим, атуулдук милдет, фольклор, диалектология, философия ж.б. багыттарды ичине камтыган мындай илимий эмгекти жолуктура элек болчубуз. Руханий, илимий танаптагы мындай өксүктү колубуздагы ушул эмгек белгилүү даражада толтура алат деп ойлойбуз жана авторго мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу туура чечим болмокчу деп эсептейбиз. Эмгектин автору Сулайман Кайыпов илимий иштерди ийгиликтүү жүргүзүү менен бирге Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректорлук кызматын аркалап келе жаткандыгы көңүлдө туруш керек деп эсептейбиз.
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|