БИРДИКТҮҮ ФОРМА - ЗАМАН ТАЛАБЫМектеп окуучуларына бирдиктүү форма киргизүү боюнча кайчы пикир жаратып келген сунушка чекит коюлду. Ушул окуяга байланыштуу жана билим берүүнүн кечиктирилгис чечиле турган маселелери туурасында билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова журналисттерге кеңири маалымат берди. Эми 1-4-класстын окуучулары санитардык нормага жана замандын талабына жооп бере турган форма киймек болушту. Кыздар үчүн жайында кийүүчү жеңил форма менен катар кышкы костюм (төш чөнтөгүндө өлкөнүн желегинин сүрөтү түшүрүлгөн), шым, ал эми балдар үчүн деле ушул түстөгү костюм, шым, жилеткасы менен даярдалган. - Көптөн күткөн форманы чыгарып, элге көргөзүп жатабыз. 1-сентябрдан баштап 1-4-класстын окуучулары бирдиктүү формага өтүшөт. Тигүүчүлөр тарабынан даярдалган форманын баасы 1200 сом. Башталгыч класстар кийген бул кийимди эмдиги жылдан баштап жогорку класстын окуучулары да кийишет. Азырынча мамлекеттен тийиштүү каражат бөлүнгүчө, бул форманы жеке тигүү цехтери даярдашса болот, - деди министр Ишенгүл Болжурова. Ошондой эле министр айымдын айтымында Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн атайын иш-чаралар көрүлө баштады. Эми совет доорунан бери жаңыртылбаган окутуунун стандарты, иш пландары, окуу китептери заман талабына жооп бергендей жаңыртылат. Айтмакчы, PISA эл аралык уюму өткөргөн иликтөө-лөрдүн натыйжасында кыргызстандык окуучулардын билим деңгээлдери эң төмөн болуп чыккан. Ушуга байланыштуу өкмөт өкүлдөрү өлкө жарандарынын билим деңгээлин көтөрүү максатында билим берүү тармагына бир нече өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Бул жаатында эми өлкөдөгү эки жогорку окуу жай, т.а. Бишкек шаарындагы жана региондогу бир ЖОЖ акционерлештирилет. Министрдин айтымында бул маселе бир айдын ичинде такталат. Акционерлештирүүнүн механизмин иштеп чыгуу боюнча эл аралык эксперттер, юристтер иштеп жатышат. Эгерде апробация өз деңгээлинде өтсө, анда 2010-жылы жогорку окуу жайлар акционерлештирүүгө жалпы өтүшмөкчү. Анткени, жождорду мамлекет жыргатып деле колдобойт. Ал эми быйыл билим алуу үчүн контракттык негизде окуган студенттер 15 миңден кем эмес каражат төлөйт. Билим берүү жана илим министри И.Болжурованын айтымында билим берүү тармагында сандык эмес сапаттык өзгөчөлүк байкалат. (Уландысы 2-бетте) Компьютер текст терүүчү машинка эмес Республикадагы мектептерди компьютерлештирүү менен бирге аларды ар кыл багыттагы электрондук окуу куралдар менен жабдуубуз зарыл. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова билдирди. Анын сөзү боюнча бүгүнкү күндө мектептер компьютер менен камсыздалганы жакшы, бирок аларды көпчүлүк учурда окуучулар үчүн текст терүү жана басуучу машинка катары гана пайдаланууда. - Текст терүүчү машинка катары компьютерди пайдаланбастан жаңы программаларды, электрондук китеп, архив түзүү менен окуучунун билим алуусун кызыктуу кылыш керек. Бүгүнкү күндө канча деген системалар, кызыктуу электрондук китептер бар. Информатика сабагынын мугалимдеринин квалификациясын көтөрүү максатында семинарларды, атайын программаларды иштеп чыгуубуз зарыл, - деди И.Болжурова. Министр электрондук программалар менен гана камсыз болуп тим болбостон, атайын мастерскойлорду ачууну сунуштайт. Анын пикиринде бул бөлүмдүн адистери үч айда бир жолу мектептердин баарын кыдырып, жаңы системаларды, программаларды киргизип, вирусту тазалап туруусу керек. "Таберик" в "Синеокой Анапе" стал призером Детский музыкальный театр "Таберик" стал призером на VI фестивале-конкурсе "Синеокая Анапа". Фестиваль проходил с 23 по 30 июня в российском городе Анапа. На фестиваль были приглашены творческие коллективы из 120 городов. Кыргызстан представлял детский музыкальный театр "Таберик" с танцами "Жыргалан" и "Опера". Своим выступлением на конкурсе ребята сумели покорить сердца не только членов жюри, чему подтверждением стал диплом III степени, но и, прежде всего, сердца тысячей зрителей. Г. Алыбаева, "Кутбилим" |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|