Коомдук-саясый гезит
№24-25,18.07.08-ж.






  Методикалык сунуштар

Мугалимдердин август кеңешмелерине карата
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тилин окутуу
Кыргыз билим берүү академиясынын кыргыз тили, адабияты бөлүмү жана кыргыз тили кафедрасы тарабынан кыргыз тилинен билим берүүнүн мамлекеттик стандарты түзүлүп, 2006-жылы жарыкка чыккан. Анда кыргыз тилин окутуунун жалпы өзөктүү маселелери камтылуу менен кыргыз тилин практикалык-коммуникативдик, функционалдык максаттарда окутуу, кеп ишмердүүлүгү, кеп адеби, кеп маданияты, тилдик- компетенттүүлүк, риторикалык ыкмаларга ээ болуу сыяктуу практикалык багыттар сунуш кылынган.
Аталган стандартка таянуу менен иштелип чыккан программада (түзүүчүлөр: Б.Өмүралиев, С.Үсөналиев, В.Мусаева ж.б, 2ОО6-ж) тилдин ар бир бөлүмүн коммуникативдик кырдаалда окутуу максатында "Кеп маданияты" ("Фонетика, орфография жана кеп маданияты", "Синтаксис, пунктуация жана кеп маданияты") бөлүмү жаңыдан киргизилген. "Үйрөтүүчү жана текшерүүчү жазуу жумуштары" деген бөлүмдө окуучулардын жазуу жүзүндөгү кеп маданиятын калыптандыруучу жатжазуу, баяндама, дилбаян жазуу жумуштары жүргүзүлөт.
Бүгүнкү коомдун өнүгүүсүнө ылайык улуттук тилди окутуунун принциптерин жаңыча көз караштан кароо ылайык. Бул багытта окутуунун алдыңкы методдорун пайдалануу зарыл, мисалы:
- кыргыз тилин этнопедагогика, этнолингвистика, этномаданият багытында элибиздин алдыңкы үрп-адат, каада-салты, маданий мурастары менен тыгыз биримдикте окутуу;
- окутуунун жаңы технологияларын, жаңычыл (инновациялык) билим берүүнүн ыкмаларын практикалоо;
- интерактивдүү методду ыгы менен пайдалануу;
- сынчыл ойломду пайдалануу менен балдардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;
- проблемалуу кырдаал түзүү менен проблемалык окутуу;
- инсанга багыттап окутуу ыкмаларын пайдалануу;
- кептин тазалыгына, тактыгына, тууралыгына, көрктүүлүгүнө, орундуулугуна үйрөтүүчү "Кеп маданияты", "Байланыштуу кеп", "Кептин стилдери", "Стиль жана стилистика", "Лексика жана фразеология" бөлүмдөрүнө жогорку класстарда тилди кесиптик (профилдик) максатта окутуу ишине олуттуу маани берүү;
- аталган бөлүмдөрдү кыргыз тилинин системалык курсу менен ич ара тыгыз биримдикте комплекстүү окутуу;
- грамматика сабагын окуучунун байланыштуу кебин, кеп адебин, кеп маданиятын өнүктүрүү багытында окутуу;
- кыргыз орфографиясынын оңдолгон жаңы редакциясына ылайык окуучулардын сабаттуулугун арттыруунун жолдору.
- жогорку класстарда кептин стилдерин (көркөм, илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) окутууда байланыштуу кепти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу.
2ОО8-2ОО9-окуу жылындагы окутуу иши аталган программаны жетекчиликке алат, ошондой эле төмөнкүдөй окуу китептери пайдаланылат:
5-класс, "Кыргыз тили" (авт: А.Осмонкулов, Б.Өмүралиев) Б:1998-2ОО7;
6-класс, "Кыргыз тили" (авт: С.Үсөналиев) Б: 2ОО7;
7-класс, "Кыргыз тили" (авт: С.Үсөналиев, В.Мусаева), 2ОО7;
7-класс, "Кыргыз тили", (авт. А.Сапарбаев, Н.Абдесов), Б. 2001
8-9-класстар, "Кыргыз тили" (авт: Б.Өмүралиев) Б, 2ОО7;
8-9-класстар, Кыргыз тили" (авт:Б.Усубалиев, А.Кайбылдаев, А.Иманов) Б. 1999;
10-класс, "Кыргыз тили" (авт: А.Сапарбаев, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев, В.Мусаева) Б. 2ОО7;
11-класс, "Кыргыз тили" (авт: А.Сапарбаев, С.Өмүралиева, Р.Эгембердиев, В.Мусаева), Б. 2ОО7.
КРнын Эл мугалими Бектур Исаковдун 5-11-класстар үчүн "Кыргыз тили" окуу китептери альтернативдүү окуу китеби катары окутулат.
Ошондой эле, төмөндөгү окуу-методикалык колдонмолор пайдаланылат:
Азыркы кыргыз тилинин таблицалары (авт-түз:С.Үсөналиев, Б.Өмүралиев,2ОО3);
Кеп маданиятынын маселелери (С.Мусаев, Б:2ОО4);
Баяндама жыйнагы (В.Мусаева, А.Сманбаев, 2ОО5).
Жатжазуулар жыйнагы (А. Сманбаев, В.Мусаева, 2ОО5);
Окуучунун дилбаяны (С.Рысбаев, 2ОО4);
Мектептерде фонетиканы окутуунун методикасы (А.Осмонкулов, 1967);
Синтаксисти окутуунун методикасы (Б.Өмүралиев).




Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз адабияты
Кыргызстан жана кыргыз эли дүйнөгө улам жаңыдан ачылып жаткан сайын жалпы коомчулуктун жана билим берүү тармагынын алдына көйгөйлүү маселелер коюлуп жатат. Алардын башкысы - элдердин, улуттардын, диндердин, цивилизациялардын, маданияттардын укмуштуудай тез темп менен интеграцияланышында алатоолук ак калпак журт эмне болот, улуттук жүзүн, менталитетин, тилин сактай алабы, башка маданияттарга сиңишип, жок болуп кетпейби деген маселе. Бул процесске аз да болсо туруштук берип туруучу күч - мектепте окутулган улуттук-гуманитардык негиздеги предметтер, алардын бири - адабият.
Адабиятты окутууда мугалимдер көркөм тексттин ички маңызын ачып, ошол чыгармадагы сүрөттөлгөн кыргыз элинин башынан өткөн турмушун, бүгүнкү күнүн азыркы балдарга жеткирүү менен эртеңки муунду мекенчил кылып өстүрүүгө милдеттүүбүз. Балдарда жыл сайын патриоттук сезимдер мокоп, Атажурту үчүн күйүп-жанууга даяр турган муун бара-бара азайып бараткансыйт. Мугалимдер салтка айланган Август кеңешмелеринде адабият сабагы аркылуу Атажуртту сүйүүчүлөрдү тарбиялоонун маселелерин көтөрүп чыгышып, канткенде кыргыз патриотторун көбөйтөбүз деген проблема боюнча ой жүгүртүшсө жакшы болор эле.
Экинчи бир нерсе - окуучуларды китепке тартуу. Бул жаатта кыргыз коомчулугу мындан отуз-кырк жыл мурдагы деңгээлден да төмөнгө түшүп, бир жылда бир адабий китеп кармабаган балдар пайда болду? Эмне үчүн ушундайга бардык? Эмне үчүн компакт-дисктерди күндөп-түндөп көрүп отурган балдар адабий китептерге бир сыйра да көз жүгүртпөй калды? Балким алардын колунда кызыктуу китептер жокпу, же азыркы муундун кызыгууларын биз чоңдор түшүнбөй жатабызбы, болбосо өлкөнүн социалдык абалы: китеп дүкөндөрүнүн кыскарып кетиши; китептердин мамлекет эсебинен чыкпай калышы; китепканалардын оор абалы, элдин экономикалык жактан жакырдануусу ж.б. жагдайлар адабий китеп окуу бактысынан азыркы муунду ажыратып салдыбы? Болбосо, учурда окурмандардын кескин азайып кетишине мектепте окутулуп жаткан адабият сабагынын деңгээли төмөн болуп жаткандыгы себепчи болуп жаткандыр?
Буларды да Мугалимдердин Август кеңешмесинин кыргыз тили жана адабияты секцияларында талкууга алуу зарыл болуп турат.
Педагогикалык-усулдук басылмалардын аздыгы, болгондорунун да нускасынын чектелүүлүгү, мугалимдер үчүн колдонмолорду ар бир автор өзү чыгарып, колу жеткен жерге гана алып барып сатып жүрүшү ж.б. проблемалар мектеп мугалимдерин методикалык адабияттар, башка мугалимдердин тажрыйбалары менен таанышып туруу мүмкүнчүлүгүнөн кыйла ажыратты. Көп жерде мугалимдер "өз казанында өздөрү гана кайнап" жаткан кези, андыктан башка бирөөлөрдүн иш тажрыйбалары менен таанышуу, алардын алгылыктуу жактарын алуу жана түшүнүксүз маселелерди биргелешип чечип чыгуу үчүн Август жыйындары эң бир майнаптуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мугалимдерибиз дал ушуну пайдаланышы зарыл.
Жалпы республикалык тестирлөө адабият сабагына кандай таасир этти, азыркы окуу программаларынын жана окуу китептеринин абалы кандай, программалар менен окуу китептери дал келеби деген маселе да олуттуу сөз кылууну күтөт.
Кыргыз адабияты предметин окутууда интерактивдүү усулдарды колдонуу, жаңы жана эффективдүү ыкмаларды иштеп чыгуу жана аларды өздөштүрүү проблемалары да сиздердин талкуулооңуздарды күтөт.
Бүгүнкү кыргыз мектептерин бүтүрүп жаткандардын сүйлөө жана жазуу маданияты талапка жооп бербейт дейбиз, азыркы окуучулардын арасынан эне тилинде так жана таза сүйлөгөн чечендер чыкпай жатат дейбиз, дилбаяндарды балдарыбыздын көбү жаза албай жатат дейбиз, а ошолордун себептерин жалпы өлкөнүн масштабында издеп көрдүкпү? Андай болсо ошол изилдөөгө мугалимдер дал ушул августтагы декадаларда активдүү катышса жакшы болор эле.
Адабиятты окутууда мугалим - окуучу чыгармачылык диалогу, предметтер аралык жана предмет ичинде интеграциялоо, адабият аркылуу окуучуларды эстетикалык тарбиялоо, сабактарда заманбап технологияларды колдонуу, адабиятты турмуш менен байланыштыруу, предметтин таасирдүүлүгүн, илимийлүүлүгүн көтөрүү деген маселелер да бүйүр кызыткан кызыктуу темалардан.
Өткөн жылы мектептерди кыдыруудан белгилүү болгондой бир катар мугалимдер колдонуудан чыгып калган программалар менен иштешет, бул, албетте, мыйзамды бузгандык, бирдиктүү, типтүү тартипти сактабагандык, алардын окуучулары олимпиадаларга катышып калса, жогорку окуу жайларына тапшырган учурда ж.б. жагдайларда проблемалар менен кездешет. Автордук программа болобу, альтернативдүү программа болобу, алар сөзсүз жалпы типтүү программага негизденип, ошону өзөк кылып алышы керек. Ал жалпы негиздеги программанын түзүүчүлөрү С.Байгазиев жана А.Муратов. Соңку эки жылдан бери бир аз өзгөрүү болуп, анда Нурмолдонун санат жана философиялык ырлары 10-класска, Т.Кожомбердиевдин, Ж.Мамытовдун, О.Султановдун чыгармалары 7-класска жаңыдан киргизилди, К.Жусуповдун "Ыр сабындагы өмүр" эссеси 11-класска жылдырылды, "Манастаануу" бөлүмү боюнча да айрым өзгөрүүлөр болду. Тандоо сабактары үчүн "Соңку кыргыз адабияты" жана "Дүйнөлүк адабият" деген курстардын программасы тиркеме катары берилди.
"Кыргыз адабияты" окуу китептеринин 2007-жылы чыккан төмөнкү авторлор түзгөндөрү толук жарактуу деп эсептелет:
5-класстар үчүн, авторлор: Артыкбаев К., Исаков Б.
6-класстар үчүн, авторлор: Сманбаев А., Ишекеев Н.
7-класстар үчүн, авторлор: Алымов Б., Муратов А.
8-класстар үчүн, авторлор: Мусаев С., Турдугулов А.
8-класстар үчүн, авторлор: Исаков Б., Исакова Ч.
9-класстар үчүн, автор: Алымов Б.
10-класстар үчүн, авторлору: Асаналиев К., Байгазиев С., Жигитов С., Иманалиев К.
11-класстар үчүн, авторлор: Артыкбаев К., Асаналиев К., Байгазиев С., Иманалиев К., Ишекеев Н., Муратов А.
Булардын ичинен 8-класстар үчүн эки окуу китебин тең колдоно берүүгө болот.
Хрестоматиялардан 10-класстар үчүн гана жаңы чыккан. Калгандары азырынча жарыялана элек. Андыктан, хрестоматиялык тексттерди табуу маселелери да бирдикте секциялык жыйындарда талкууланганы оң.
Кыргыз билим берүү академиясынын илимпоздору тарабынын соңку жылдары төмөнкүдөй китептер сиздер үчүн жарык көрдү:
С.Байгазиев, "Гумандуу педагогика", "Нурмолдо - XIX кылымдын тунгуч агартуучусу жана даанышман педагогу".
С.Рысбаев, "Окуучунун дилбаяны", "Кыргыз балдар фольклорунун педагогикасы".
А.Муратов, "Дилбаян - дил сыр, тил сыны", "Чыңгыз Айтматов - жазуучу-этнопедагог", "Кыргыз адабияты сабагында көркөм тексттин маңызын ачуу";
Кыргыз тили жана адабиятын мектепте окутуунун технологиялары, илимий-методикалык макалалардын жыйнагы, 1-чыгарылышы, авт. С.Рысбаев, А.Муратов, Б.Абдухамидова, А.Батыркулова, Б 2008. ж.б.
Кыргыз адабиятын окутуунун проблемалары боюнча сиздердин сунуштарыңыздарды күтөбүз.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan